shadow

Кыргызстандын бүгүнкү оор абалы мындан 30 жыл мурдагы окуяларга барып такалат. Ал кезде Кыргыз мамлекетинин башында татыктуу адам болгондо Кыргызстан Россия менен Кытайдын деңгээлинде болуп, кыргыз эли 30 жылдан бери көрүп келаткан азап-тозоктордун бирөөсүн да көрмөк эмес.

Улуу жол башчы В. И. Ленин түзгөн социалисттик система менен өнүккөн Россия менен Кытай улуу державаларга айланганы талашсыз. Өнүгүүнүн эң кыска жолу болгон социалисттик системаны көралбаган АКШ баш болгон капиталисттер а дегенде СССРди таркатып, андан кийин Союздук республикаларды жок кылууну көздөгөн. Бирок Россия, Белорусия, Казахстан, Өзбекстан президенттери тажрыйбалуу саясатчылар болгондуктан өз мамлекеттерин сактап калышкан. Ал эми бизде болсо, Кыргызстанды жок кылуу саясатын жүргүзгөн АКШдан ашып түшкөн ички душмандардын жылдызы жанып, “перестройканын” башында турган М. С. Горбачёвду куулук менен пайдаланышкан. Ички душмандын максаты Советтик системадан өч алуу болгондуктан, М. С. Горбачёвдун жардамы менен Т. Усубалиевди, А. Масалиевди жана башкаларын алып ыргыткан. Кыргыз президенти катары өз адамын дайындап 70 жылдан бери келаткан советтик системаны атайылап жок кылышкан. Кыргыз мамлекетинин кыйрашы, кыргыз элинин азап-тозоктору аны кызыктырган эмес. Анткени, анын атасын “эл душманы” катары жоопко тарткан мамлекет, албетте кыйрашы керек болчу. Атасы “эл душманы” болсо, баласы элдик адам болуп чыгабы? Элдик адам болуш үчүн элин-жерин сүйгөн мекенчил патриот болуп, баардык жагынан такшалган татыктуу адам болушу керек. Андай адамда тарбия-таалим, илим-билим, маданият, спорт, аң-сезим, түшүнүк, улуттук баалуулуктары болуп адамдык сапаты жогору болушу керек. Бул жерде тескерисинче, канга сиңип жүрөктү өйүгөн “өч алуу” өмүр бою коштоп, аягы жакшы болгон жок. Айланасындагы, коомдогу, мамлекеттеги жылыштар жат көрүнүп, эч нерсени жактырбаган кежирликтин айынан адамга керектүү тарбия-таалим, илим-билимди кабыл албай, түшүнүгү тар караңгы бойдон кала берүү кимге керек? Маселен, политэкономия, научный коммунизм сабактарын окумак тургай угуп да койбой, андан көрө өзүнө жаккан карышкырдын образын көркөмдөп жазып отура берген студентте кайдагы билим. Жеткен мээси, карышкыр аябай акылдуу, ушунчалык “добрый”, а адам баласы болсо жеткен тупой жана жырткыч. Ал эми политэкономиядагы экономикалык түшүнүктөр боюнча нөл болсо, научный коммунизмдеги мамлекеттик системалар боюнча андан бетер нөл болуп, андайларга мээ жеткен эмес. Андан мурда атасын эскерген энесинин көз жашын көрүп, Советтик системага карата айтып жүргөн наалатын уга берип антикоммунист болуп чоңойгон. Коммунисттик тарбия алып чоңойгон В. В. Путин Россияны, Си Цзиньпин Кытайды көкөлөтүп турушса, бизде “ичтен чыккан жат жаман” болуп Кыргызстанды көргө сүйрөгөн. Өзүн Кудайдан да жогору сезип алган жазуучу тескери жолго түшсө, анын артынан кете берүү чоң жаңылыштык болгон. Саясаттан, геосаясаттан эч түшүнүгү жок жазуучу максатына жеткени менен кыргыз мамлекети, кыргыз эли баш-аягын таппай калды. Кыргыз элинин патриот инсаны Насирдин Исановдун көзүн тазалаган эл аралык деңгээлдеги аферист Б. Бирштейнге жол ачып берген жазуучу канча тонна алтынга ээ болгон? Эл арасында саясатты ийне- жибине чейин билген, ал тургай караңгы саясатчыларды “жоорун чукуп, көзгө сайып көрсөтүп” дегендей элге жарыялап, алар менен соттошконго чейин жеткен адамдар болгон. Бирок АКШ баш болгон капиталисттердин жетегинде калган кыргыздар “өзүн-өзү жок кылуу системасын” Конституцияга жазып алышып, Кыргызстанды бүгүнкү күнгө чейин талап-тоноп келатышат. Жыйынтыгында, кыргыз мамлекетин жоготуп алуу коркунучу жаралды. Миллион эмес миллиард долларга жетүүнү көздөгөн коррупция менен мафия чексиз байлыкка ээ болсо, жакырчылык каптаган кыргыз эли ачкачылыкка туш болду. Мамлекеттүүлүк-мыйзамдуулук жоголуп “мен президент, сен парламент, өкмөт өз кишибиз” деген өзүм билемдик күчөдү.

Ошол эле убакта, стратегиялык пландарын ишке ашырып келатышкан АКШ баш болгон НАТО өлкөлөрү толугу менен көзөмөлдөп турушса, Кыргызстандын стратегиялык абалы кылдын учунда турат. Жарылуу чегине жеткен кыргыз эли жарылып кетсе АКШга Кудай берип, көктөн тилегени жерден табылат. Жарандык согушка шылтоолоп НАТОнун куралдуу күчтөрүн көчүрүп келишсе, узак жылдарга созулган согуштук регионго айланып калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды пулдап ийип сыртка чыга берүүнү көздөгөн коррупция менен мафия стратегиялык объекттер болгон “Манас”, “Ош” аэропортторун, дагы башкаларын тышкы башкарууга берүү планын ишке ашырууда. Кыргызстанды сактап калыш үчүн президент С. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керек. Эки жылдан берки күрөш ит жыгылыш абалда болгон үчүн кыргыз эли “Чоң Казат” кыймылын колдоого алышууда. Анткени 30 жыл мурда пайда болгон эл душмандары көбөйүп отуруп коронавирустай жайылып кетишти. Бүгүнкү күндө эл душмандары жүздөп саналса, алардын ичинде президент унутуп калган 35 коррупционер да бар.  Биринчиден, кыргыз элинин бир эмес эки революциядан кийин ишке ашпай калган максаты орундалып, үчүнчү революцияга сүйрөсө да чыкмак эмес. Экинчиден, АКШ таңуулап келаткан 30 жылдан берки коррупциялык система кыйроого учураганын капиталисттер кийин түшүнүшөт. Үчүнчүдөн, тазалануу процессинен кийин парламентке чогулган жепжутаттар коррупционердин бараар жери бир гана түрмө экенин беш колундай билишет. Күндө беш маал намаз окуп Куранды бетине кармаган динчилдер АКШнын алдамчы саясатын мыйзамдуу деп, кыргыз элинин мыйзамдуу талаптарын мыйзамсыз деп түшүнүшөт. Кыргыздардын караңгылыгынан пайдаланган капиталисттер каалаган пландарын ишке ашырышып, англисче сүйлөп жагалданып турган М. Абылгазиев аркылуу стратегиялык объекттерди тышкы башкарууга берүү планын түздүрүп, аны өздөрү түзгөн парламенттен өткөртүп, “Манас”, “Ош” аэропортторуна ээн-эркин учуп-конгон самолёттору-вертолёттору менен курал-жарактарын ташып келишип согуштук даярдыктарын башташат. АКШнын курал-жарактары, согуштук техникалары менен камсыз болушкан Тажикстан менен Өзбекстан өздөрүнө жакын аймактарды тартып алганга даяр экени белгилүү. Кыргыз-тажик чек арасын орустарга кайтартуу жөнүндө мындан беш ай мурда айтылган. Бирок эч кандай жылыштар болбогундуктан эми Кытайдан жардам сурайбызбы? “Май кармаган бармагын жалайт” болгон коррупция менен мафия, Кыргызстанга бөлүнгөн миллиондогон доллар акчаларды бөлүштүрүп жатышса кайдагы коопсуздукту айтабыз. Орустар айткандай “когда деньги считаешь змея даже не укусит” дешсе керек. Бирок бир колхоздун элин алдап көнгөн шылуундар жалпы кыргыз элинин ишениминен кетишти. Пулдун артынан түшкөн немелер мамлекетти, элди-жерди сатып ийип кете беришээри анык болду. Кылымдарды карытып келаткан кыргыз эли акылмандуулук менен, кылдаттык менен кыйынчылыктарды жеңип келишкен.

Бул жолкусунда да Чоң Казат кыймылы менен Элдик партияга бириккен кыргыз эли оор абалдан чыгып кетүүнү көздөп турушат. Бул жерде эч кандай революция, жарандык согуш, бийликти алмаштыруу дегендер жок. Болгону кыргыз элинин улуттук салтына ылайык ууру-кескилерди токтотуу, тартипке чакыруу. Ууру-кескилерди, эл душмандарын колдогон АКШда болуп жаткан башаламандыктан пайдаланып бекем тартип орнотуп алсак кыргыз эли Улуу эл экенин көрсөтөбүз.

Зарлык Дыйканбаев

“Жаңы Ордо” гезити, №9 (661),  12-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *