shadow

КЛДП партиясы жана Абдывахап Нурбаев жөнүндө жер тыңшаар Мамыттан маалымат…

Жогорку Кеңеште Момбековко окшоп макалдатып бакылдап сүйлөбөсө да унчукпай, аста-секин жүрүп, кыргыз саясатында дагы бир кланды пайда кылган Абдывахап Нурбаев деген депутат бар. Парламентке Атамбаевтин КСДП партиясы аркылуу барган. КСДПга Атамбаевтин шопуру Икрамжан Илмияновтун коюн-колтугуна кирип кошоматтанып отуруп мүчө болгон. Өз убагында азаттыкчы Жанар Акаевти Атамбаевке басма сөз катчы кылып ушул Нурбаев шопур Илмиянов аркылуу алып барган. Нурбаев менен Акаевтин жакын мамилеси илгери эле башталган. Нурбаевтин апасы кыргыз, атасын өзбек дешет. (Мен трайбалист же улутчул ЭМЕСМИН. Фактыны жазып жатам.) Андыктан Оштогу өзбектер Абдывахап мырзаны колдошот. Өзбек жарандары менен Жанарды жакындан ушул Нурбаев тааныштырган. Качып кеткен Алишер Сабировтун күйөө баласын жана 2010-жылдагы Ош окуясында өлкөдөн качып кеткен өзбек улутундагы жарандардын Оштогу туугандарын Жанар Акаев карап, крышевать этет дешти. Жанардын жардамчылары менен кеңешчилери өзбек улутундагы жарандар экени буга далил. Мен сага, сен мага деген принцип менен Жанар Акаевтин басып-турганын толугу менен ошол өзбек туугандар каржылайт.

Абдывахап Нурбаев Оштогу Төлөйкөн деген айылда жашайт. Жөнөкөй прорабтан Ош шаардык кеңешке депутат болуп чоңоюшу Нурбаевтин өз эмгегиби же колдоп-коштогондордун жардамыбы бул чоң суроо бойдон калсын. 2012-жылдары Ош шаардык кеңеште депутат болуп иштеп, «Адилеттүү Кыргызстан» деген партия түзүп, 2012-жылы дагы шайлоого катышат. 2 эле мандат алса да Ош шаардык кеңеште фракция жетекчиси болот. Бийликтеги Атамбаевке жол бир гана шопур Илмиянов аркылуу экенин сезген Нурбаев Икрамжан акани акмалап, коюн-колтугуна кирет да, кошоматтанып 2015-жылы Илмиянов аркылуу КСДПга мүчө болуп дароо депутат болуп ЖКга барат. Илмияновтун тассири менен Ошто өткөрүлгөн бардык тендерлерди утуп, Нурбаевтин курулуш фирмалары мектеп менен бала-бакчаларды курат. Анын бирөөсүнө бир тууган эжесин жетекчи кылып койгон. Нурбаев курулган имараттарды тапшыруу аземинде мамлекеттин акчасына курганын жаап-жашырып, өз чөнтөгүмдөн, жеке каражатымдан курдум деп калп айтып элге жакшы көрүнүп очко топтойт
Партиядан партияга секирип, Илмияновко кошоматтанып жандап жүргөн Абдывахап Нурбаевти азыркы бийлик кошпой койгон соң, айла жок өзү аракеттене баштайт.

КЛДП партиясын Нурбаев жалаң Түркияда жана башка чет өлкөдөн окуп келген жаштардан түзөт. Ага акыры Жанар Акаев да кирет. Түркиянын «Себат» окуу жайларынын Кыргызстандагы жетекчилиги менен мыкты алака түзүп алган Нурбаевтин жана анын бир туугандарынын балдары мурдагы «Себат», азыркы «Сапатта» бекер жана 50% жеңилдетүү менен окушат. КЛДП партиясы дүйнө жүзүнүн көп өлкөлөрүндө тыюу салынган Фетхуллах Гүлендин уюмдары аркылуу каржыланат. Бул партияга Жанар Акаев, Сейтек Качкынбай сыяктуу жаштар атайын тартылып жатканы эптеп бийликке жетүү, жылуу тактан түшпөө аракети деп билиш керек. Анткени, Нурбаев партияга акчаны бир эле Гүленден эмес, Фетхуллах Гүленге каршы болгон түркиялыктардан да алганы туурасында маалымат бар. Эскерте кете турган нерсе, Түркиядагы революцияга болгон аракеттерге президент Эрдоган Гүленди күнөөлөп, башка өлкөлөр менен кошо Гүлендин Кыргызстандагы «Себат» окуу жайларын жабуу талабын койгон. Ага карабай Нурбаев мырза Гүлендин тилин таап, партиясын каржылатып жатканы таң калтырат. Гүленден да, Түркия жетекчилигинен да келген каражаттардан сырткары Нурбаев мамлекеттик сырларды эч кимге айтпайт деп ким кепилдик бере алат?

Нурбаевтер үй-бүлөдө 5 уул, 3 кыз. Мамадрасул аксакалдын Адбдывахаптан башка Абдиашим, Абдуманап, Ниязбек жана Таалайбек деген 4 уулу жана Жамийла, Замира жана Үмүтхан аттуу кыздары бар. Бир тууган иниси Таалайбек Нурбаев 2018-жылдын 26-июлунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Дагы бир иниси Ниязбек Нурбаев Абдывахап мырзанын Оштогу фирмаларын жетектейт. «Нурстрой» ЖЧКсын 2014-жылдын 27-мартында кайра каттоодон өткөргөн Ниязбек Нурбаев КЛДП партиясындагы тизмеде экинчи болуп Ош шаардык кеңешке талапкерлигин коюптур. Муну уккан төлөйкөндүктөр нааразы имиш.
«Адеп башаты» коомунун башында Абдывахап Нурбаев турат. Коом Гүлен аркылуу каржыланганы айтылат.

Ар бир шайлоодо партияларды Америка, Россия, коңшу өлкөлөр каржылап атат деген эле каңшаар кептер угулат. Ар бир үлкөн өлкөлөр башы көрүнгөн эле саясатчыны бирден чакырып колуна доллар карматпаса керек. Кошоматтанып коюн-колтугуна кирген тыңчыкмалар өздөрү эптеп жолун таап барып соодалашууга даяр экенин билдирет болуш керек деген «жаман» ойлор тынчтык бербейт.

Абдывахап Нурбаевтин жалаң жаштардан чогулткан жаңы кланы азыр Ош шаардык кеңешин акмалап жаткан чагы. Быйыл күзүндө өтө турган шайлоодо Жогорку Кеңешке КЛДПны шайлайбы же жокпу эл өзү чечсин. Негизгиси, Америка, Фетхуллах Гүлен жана Түркия мамлекети берген долларларды чачкан Абдывахап Нурбаев баш, Жанар Акаев төш болгон КЛДП партиясынын убадаларына ишенбесе эле болгону. Анткени, ким акча төлөсө ошол баарын бийлеп, баарына ээ болот деген түшүнүк ишке ашып калат.

P.S. Ксдпчы Абдывахап Нурбаев баш болгон КЛДПчылар Америка,Түркия жана Гүленден келген долларларды кантип жашырышты билбей, айласы алты жерден кетип, акыры эсептик счет ачышыптыр. Мигранттар чогултуп беришти демиш этип, ошол келген акчаларды 100 адамга жаздыра (которот, оформление кыла) турган болушуптур. Ошо…

Altysha Lv

(Макала автордун Фейсбуктагы барагынан алынды).

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *