shadow

“Чыңгыз Айтматовдун алтын медалы” Түркиянын мамлекеттик телеканалынын жетекчисине “түрк дүйнөсүнүн маданий биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн” ыйгарылды.

TРT телеканалынын башкы директору Ибрагим Эренге Эл аралык түрксой маданиятынын (ТҮРКСОЙ) абройлуу – “Чыңгыз Айтматовдун алтын медалы” сыйлыгына “түрк дүйнөсүнүн маданий биримдигине кошкон салымы үчүн” тапшырылды.

ТҮРКСОЙдун Анкарада жайгашкан борбордук кеңсесинде сыйлык тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзүндө ТРТнын башчысы ал жетектеген телеканалдын негизги максаты — түрк дүйнөсүнө кызмат кылуу болуп саналарын белгиледи.

“Биз түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө, түрк тилдүү өлкөлөрдүн Анатолиянын элдери менен байланышын жандандырууга салым кошууга аракеттенебиз. ТРТ даярдаган программалар, сериалдар менен документалдуу фильмдер дал ушул максатка багытталган”,- деди Эрен.

ТРТнын Башкы директору ал үчүн мындай абройлуу сыйлыкты алуу чоң сыймык болуп саналарын белгиледи.

Эрен Советтер Союзу кыйрагандан кийин түркиялык телеканал жаңы көз карандысыз мамлекеттерде өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачкандыгын эске салды.

“Акыркы жылдары ТРТнын үй-бүлөсүндө телеканалдардын саны 14кө, радиостанциялар 16га жетип, бул өз кезегинде эл аралык маалымат аренасында кубаттуу оюнчуга айланды. TRT Avaz телеканалы өзүнүн негизделген учурунан тартып Түрк дүйнөсүнүн биримдигин  чыңдоого салым кошуп келатат”,- деди ал.

Эрен ТРТ телеканалы мындан ары да түрк дүйнөсүнүн тилектештигин чыңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыра берерин убада кылды.

ТРТнын жетекчиси кан төгүлгөн кармашуулар жүрүп жаткан Сириядагы кырдаалга да көңүл буруп, каза болгондордун жакындары менен үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Телеканалдын башчысы Сириядагы эрки майтарылгыс аскерлерге жеңишти каалады.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *