shadow

Шайлоолор жакындаган сайын саясий температура көтөрүлө баштады. Абал оңой эмес. Айрым эксперттер өтө эле пессимисттик прогноздорду айтып жатышат. Бири кландар ортосунда кагылыштар күтүлөт дешсе, бири түндүк-түштүк маселеси курчуп, чоң чатакка айланып кетиши мүмкүн деген прогноздор чай ичкен жерде айтыла баштады. Адамдар биздин редакциябызга да келип ой бөлүшүп кетип жатышат. Ошого гезитибиз кайрадан аналитикалык материалдарды, маектерди жарыялап, коомчулуктун калоо-тилектерин канааттандырып турууну чечтик. Бүгүн саясат таануучу, гезитибиздин аналитиги Табылды Акеров менен өлкөдөгү саясий абал, интригалар жөнүндө маек курмакчыбыз.

— Табылды мырза айтсаңыз, кечээ президент С. Жээнбеков парламентке барып, кеңири сөз сүйлөп, ЖК реформаларды жүргүзүүдө бир топ иштерди аткарды деп билдирди. Бирок, коомчулук бул парламентти Атамбаевдин артынан «чимкирик» деп айтып, ишине канааттанбай келатат. Эмне себеп?

— Бул парламент Атамбаев учурунда чакырылган. Атамбаев өзү ыңгайлуу башкаруу үчүн, парламентте бийликтин контролдук пакетине ээ болуш үчүн КСДПга клон партияларды алып келген. Алар “Бир бол”, “Өнүгүү”, “Кыргызстан” партиялары. Булардын добуштарын кошуп, КСДП контролдук пакетке ээ болгон. Атамбаев бул партияларга өтө акчалуу бизнестери бар жаштарды алып келген. Бирок, учуру келгенде булар баары жаңы бийлик менен иштешип кеткенде, Атамбаев айласы кетип, булардын баарын “чимкириктер” деп атап салды. Себеби, булар кнопка басып берип турууга эле келишкен болчу. Ошого парламенттин бул чакырылышы элге жаккан жок. V чакырылыштагы парламентте эл түндө уктабай, сессия көрүп олтурчу эмес беле. Буларды элдин көрөргө көзү жок болуп калды. Ошого Президент С. Жээнбеков өз сөзүндө саясий партиянын лидерлерине кийинки парламенттин сапатын ойлоолорун эскертти.

Бирок, ошондой болсо да, бул парламент сот-укуктук, санариптештирүү ж. б. у. с. бир топ мыйзамдарды кабыл алып, реформаларды жүргүзүүгө өз салымын кошту.

— Парламент эмне иштерди аткара албай калды?

— Президент С. Жээнбековдун алгачкы күндөрүндө парламенттен «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам өтө эскирди, аны жаңылап, идеологиялык партияларга басым жасап, өзгөртүүлөрдү киргизгиле деп суранган. Бирок, парламент бул иштерди аткарган жок. Себеби, бул парламент олигархтардан турат. Ошого олигархтар “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алдырбай койду. Анткени идеологиялык партиялар күчтөнсө, анда олигархтардын саясатта болушу бир аз болсо да татаалдашып калмак. Олигархтар саясий партияларга, процесстерге үстөмдүк кыла албай, шайлоолор үчүн аз акча талап кылынып, орто бизнестеги же интеллигенциянын составындагыларга тизмеге кирүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлмөк. Коомчулук трайбализмден, регионализмден арылмак, стабилдүүлүккө кепилдик жаралмак. Ошого парламент, аларды парламентке келгис кылып, кийинки чакырылышка өзүлөрү эле кайра келүүнү көздөп, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизбей койду. Бүгүн ошол эле партиялар, олигархтар менен кайрадан парламентке келүүгө аракеттенип жатат. Башкача айтканда бул парламент олигархтардын кызыкчылыгын колдоп, “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамга элдин кызыкчылыгындагы өзгөртүүлөрдү киргизбей койду. Ошондуктан, кийинки парламенттик шайлоолордун сапаты азырынча күмөндүү бойдон калууда.

— “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилбей жатышы коомдун өнүгүшүнө кандай терс таасирин тийгизет? Айрымдар, шайлоолор учурунда саясий партиялар атышып кетиши мүмкүн деп жатышат. Биздин редакцияга да келишип, шайлоо тынч өтөбү деп чоочуркоолор болуп жатат. ММКларда “Чоң казатты” өлкөдөгү аты таанымал мыйзамдагы уурунун жардамы менен түзүшкөнүн айтышууда…

— Ооба Атамбаевдин учурунда шайлоолор мезгилинде биринчи атышуу болбоду беле. КСДП партиясы өзүнүн клону “Өнүгүү-Прогресс” менен Кара-Суу районунда атышып кетишкен. Бүгүн шайлоолор баштала элек. Ошондой болсо да саясий партиялар элге таасир берип, шайлоочулардын добушун алуу үчүн ар кандай жолдорго барып жатышат. Эң аты таанымал, олигархтары көп партиялардан баштап, ортозар партияларга чейин кримтөбөлдөр менен иштешип жатышат. Ар бир райондогу кримавторитеттерди өздөрүнө тартып, акча төлөп, шайлоодо өздөрүнө иштетүүгө аракет кылып жатышат. Ошондуктан, региондордон шайлоо тынч өтпөйт деп эл, шайлоочулар тынчсызданууда. Туура айтасыз, “Чоң казат” жөнүндө да ар кандай сөздөр айтылууда. Кыргызстандагы эң атактуу кримтөбөл аркылуу чогултуп, кызматтарына акча төлөп беришкендигин айтып жатышат. Ошондуктан, президент С. Жээнбеков, Өкмөт өлкөдөгү саясий абалды жакшылап контролдош керек. Эң кызыгы саясий партиялардын криминал менен иштешип жатканын коңшу Казакстан, Өзбекстан, Орусиялыктардан угуп жатабыз. Алар бизден абалды алда канча жакшы билишери көрүнүп турат. Демек, шайлоолор учурунда сырткы күчтөр кийлигишип, революция болуп кетиши ыктымал.

Темирлан Токтоболотов

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *