shadow

 

Союз ыдырагандан бери, демократия, адам укуктары деген сыяктуу сөздөр менен ооз көптүргөнүбүз менен, социалдык-экономикалык абал улам кедеринен кетүүдө. Мурдагы күтүрөп, өсө баштаган өнөр-жай, өндүрүш (уникалдуу илимдер, оор индустрия, жабык сырлуу тармактар, тоо-кен сыяктуу багыттарды айтпай эле коёлук!) биротоло талкаланды. Азыр Кыргызстан экономикалык өнүгүү жагынан мурдагы союздук республикалардын ичинен баарынан артта калып, “үчүнчү дүйнө” деп аталган өлкөлөрдүн деңгээлине түшүп калды.

Бул өңүттөн алып караганда, Кыргызстанды Афганистан менен салыштыруу кыйла орундуудай туюлат. Кыргыз эли да, афгандар да социализмге түз эле хандык-феодалдык түзүлүштөн “аттап” өтүшкөн. Түштүктө Кокон хандыгы, түндүктө Ормондун ара төрөлгөн чала хандыгы (айрым тарыхчылар ортосунда бул маселе алиге чейин талаш туудуруп келет) өкүм сүрүп турганда, Россия империясынын камтыгына кирүү космостук ылдамдыктагы өнүгүүгө жеткирген.

Жалпы союзда орун алган айрым терс фактыларды (репрессия, жарандык согуш ж. б.) эске албаганда, кечээги сабатсыз кыргыз эли (революцияга чейин бар болгону 2 пайыз, ал эми кээ бир маалыматтарда — диний мектептерди кошкондо — 8 пайыз делип жүрөт) жалпы орто билимге милдеттүү түрдө ээ болуп, анын арты менен дүйнөгө даңкы чыккан окумуштуулары, жазуучулары, маданияты бар өлкөгө айланган!..

Ал эми “апрель революциясынан” кийин династиялык шахтык бийлиги кулатылып, коммунисттик багытка оогон афган эли социалисттик түзүлүш али толук орной элегинде ажырады. Бар болгону 20 жылга жетип-жетпеген убакытта, али өлкө аймагы толук бир системага келтириле электе саясий бийлик кардиналдуу алмашкан. Ошого карабастан, мурдагы такыр сабатсыз элдин ошол муундагы өкүлдөрү жалпы сабаттуулукка ээ болуп, арасынан космоско чейин жеткендери да чыкты!

…Кыргызстанда азыр парламенттик шайлоо партиялык система менен жүрүшү каралган болсо да, айрым саясий лидерлер, жалпы электоратты уруу-уруктар призмасы аркылуу кароого аракет кылып жүрүшкөнү такай байкалып келет. Ал эми Афганистанда пуштундар, тажиктер, өзбектер өз ара бийлик талашууда негизги рольду ойношот…

Мындан аркы өнүгүү кандай темп менен жана кайсыл багытта жүрөт? Соңку учурларда талибдер менен расмий бийликти бир столго сүйлөшүүгө олтургузуу жараяны болду. А бирок, 40 жылга чукулдап калган жарандык согуштун аяктаар түрү жоктой… Анткени, талибдер Афганистанда светтик эмес, исламдык мамлекет орнотуу ниеттеринен артка кайтпасы маалым.

Арийне, Кыргызстандагы шайлоолорго дыкат анализ жүргүзгөндө, улам кийинки өткөн шайлоолордо диний фактор барган сайын чечүүчү күчкө айланып бара жаткандай сезилет.

Демек, азыркы Конституцияга түздөн-түз карама-каршы келген мындай көрүнүштөр Кыргызстанды эртедир-кечтир кескин тандоого барууга мажбур кылары шексиз: же Баш мыйзамдагы “светтик мамлекет” деген түшүнүк алынып салынышы керек, же кандайдыр бир башка толуктоо-түзөтүүлөр киргизилип, диний негизде түзүлгөн партияларга дагы шайлоодо катышууга мүмкүнчүлүктөр берилиши керек.

Андайга бара албаган соң, уруу-уруктук, же диний көз караштар боюнча бириккен партияларды шайлоого жакын жолотпой, мыйзамды кыйшаюусуз сактоо зарыл.

1964-жылы Єзгөн шаарында туулган Салижан Шарипов Андижандагы кесиптик-техникалык училищени аяктап, «бухгалтер» адистигин алган. Аскердик милдетин авиациялык бөлүктө — Приморский крайда өтөгөн. 1987-жылы Харьковдогу жогорку аскердик авиациялык училищени аяктаган.

1987–1990-жылдарда Салижан Шакирович Орто азиялык аскер округунун аскер-аба күчтөрүндє учкуч-инструктор катары Токмок шаарында кызмат өтөгөн. 1990-жылы космонавттар отрядына кабыл алынган.

Салижан Шарипов 1998-жылы январда эл аралык космостук кораблде АКШлык космонавттар менен чогуу космоско учкан. Анын учуусу 8 сутка 19 саат 46 минута 54 секундага созулган.

Экинчи жолу Салижан Шариповдун “космостук сапары” 2004-жылдын 14- октябрынан 2005-жылдын 25-апрелине чейин уланган. Бул учуу учурунда ал эки ирет ачык космоско чыккан. Учуу мөөнөтү 192 сутка 19 саат 1 минута 59 секундга созулган.

Салижан Шарипов өзүн россиялык космонавтмын деп эсептегени менен, Кыргызстандык жердештери аны менен сыймыктанышып, Кыргызстан деле космоско кыйыр түрдө болсо да тиешеси бар өлкө дегендей мамиле жасашат…

Салижандын афгандык коллегасы Абдул Ахад Моманд Афганистандын Сарда поселогунда 1959-жылы 1-январда туулган. Ал дагы Афганистан тарыхында биринчи космонавт катары жазылып калды. Мындан сырткары, ал Советтер Союзунун баатыры наамына ээ болгон эң акыркы чет өлкєлүк жаран болуп эсептелет.

1976-жылы Моманд Кабулдагы политехникалык институтту бүтүргөн да, армияга кызмат кылууга кеткен. Афганистан өкмөтү аны Советтер Союзуна жөнөтүп, ал аскердик-авиациялык эки училищеде — Краснодарда жана Киевде билим алган. Мекенине кайткан Моманд Афганистандын аскер-аба күчтөрүндө кызмат кылып, капитан наамына чейин жетет.

1987-жылы Абдул Ахад Моманд Ю. А. Гагарин атындагы аскер-аба академиясында окуп, 1988-жылдын апрелинен баштап космоско учууга даярдыктан өтөт. ошол эле жылы 29-августтан 7- сентябрга чейин космоско учуп, биринчи Афганистан космонавты катары бүт дүйнөгө таанылат.

Ал учкан корабль «Союз ТМ‑5» 5-сентябрдан 6-сентябргакарагантүнү кайтып жерге конушу каралган болчу. Бирок, күтүлбөгөн окуя болуп, аппаратты кондуруу коркунучу жаралат. Моманд бир күндө ал проблеманы чечкендиктен, бирге учушкан космонавттар үйлөрүнө тирүү кайтуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул үчүн ал Советтер Союзунун баатыры наамын алат.

Жерге кайтып келген соң, Абдул Ахад Моманд СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Академиясын аяктайт. Кийинчерээк Афганистан Республикасынын Илимдер Академиясынын филиалында кызмат кылат. Афган жарандык авиация министринин орун басары болот.

Моджахеддер бийликке келишкенде Моманд Индияда иш сапары менен жүргөн болчу. Ошондуктан, ал дароо душманга айланып, Афганистанга кайтып келе албай калат. Ал Россияга саясий башпаанек сурап кайрылат. Россия… Советтер Союзунун баатырына башпаанек берүүдөн баш тартат. Анысы аз келгенсип, Моманд өзү СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Академиясын аяктаганы тууралуу документин кайра калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылганда да баш тартып коюшат.

Ошентип, Абдул Ахад Моманд Германияга кетишке мажбур болот. Ал жерде космонавт басмакананын жөнөкөй жумушчусу болуп иштеп жүрөт. Бактысы ачылып, кийинчерээк ал Германия жеринде да ийгиликке жетишет, азыр чакан фирмага ээлик кылат.

…Ал эми өз космонавттарын баалай албаган, артта калган Афганистан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр, азыр кандай абалда жашап жатышканын айтып да кереги жоктур!

Орусчадан которуп, даярдаган: Муратбек Кыдырмышев

“Жаңы Ордо” гезити, №14 (666),  4-сентябрь, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *