shadow

Биздин душманыбыз — кайдыгерлигибиз

— Дүйнө бул тумоого каршы ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканы менен коронавирустун азырынча дарысы жана вакцинасы табыла элек. Ошондуктан «андай же мындай дарылануу керек» деп эч ким айта албайт. Ошондой эле бул жаңы вирус, изилдене элек. Ошол себептен анын белгисиз жактары көп. Дал ошол белгисиздиги менен да кооптуу.

Анан сөз чынынан бузулбайт дегендей чынын айтышыбыз керек. Биз, кыргыздар негизи эле саламаттыгыбызга жоопкерчиликсиз мамиле кылган элбиз. Биз, өзүбүз ден соолугубуз үчүн кайдыгербиз. Мына ушул кайдыгерлигибиз бул тумоонун жайылышына жакшы шарт түзүп жатат.

Убакыттан уттурбоо кажет

— Түнү менен өзүм чыйрыгып жатканыма карабай дене табым көтөрүлүп чыкты. Анан эрте менен дароо анализ тапшырдым, ошону менен бирге анализдин жыйынтыгын күтпөй эле вируска каршы дарыгерлер жазып берген антибиотик дарылар менен укол алып дарыланууну баштадым. Эки күн ичинде дене табым түшүп, өзүмдү кадимкидей жеңил сезип калдым. Бул убакта анализдеримдин да жыйынтыгы чыгып менде вирустун белгилери жок экендиги маалым болду. Бирок, мен дарыланууну токтоткон жокмун. Анткени баардык дарылануу дарыгерлер көрсөткөн мөөнөтүнө чейин так, туура жүрүшү кажет. Болбосо дарылануунун натыйжасы болбойт. Ошондой эле ар бирибиз өзүбүздүн, жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн жоопкербиз. Ошон үчүн эрежени так сактап үйдө болуубуз коомго да, өзүбүзгө да пайда алып келет деп ойлойм. Анан мага эч кандай тумоо жуккан жок, тесттин жыйынтыгы жакшы чыкты деген жеке амбицияга берилбей, алдын ала өзүңдү да, үй-бүлөө мүчөлөрүңдү да профилактикадан өткөрүп коюу бул бүгүнкү күндүн талабы.

Анткени, кандай дарт болбосун алдын алуунун жана аны жеңүүнүн эң оңой жолу деп билем. Биринчи кезекте ар бирибиз ден соолугубуз үчүн өзүбүз жоопкербиз. Ошондуктан өтүп кетет же шамалдап калыпмын деген өңдүү шылтоолор менен өз саламаттыгыбызга кенебестик менен кайдыгер мамиле кылбашыбыз керек.

Бул тумоонун алгачкы белгилери: дене табы көтөрүлүп, баш ооруп, адам чыйрыгып баштайт экен. Эгерде мындай белгилер байкалса дароо анализ тапшыруу керек. Бирок анализдин жыйынтыгын күтүп, убакыттан уттурбастан дары-укол алып, иммунитетти көтөрүү зарыл. Эгерде жогорудагы белгилердин бири байкалса анализ тапшырыңыз жана убакытты создуктурбастан дароо дарыланууга жана иммунитетти көтөрүп, күчтүү жана туура тамактанууга аракет кылыңыз. Анткени, дарылануу кечеңдеп, убакыт өткөн сайын бул вирус өпкөгө түшүп анда сезгенүүнү пайда кылып дарыгерлерге да, сизге да оорчулукту алып келет экен. Ошондуктан дары-дармек ичип, укол алууну кечеңдетпөө керек. Азыр дүйнө бул вирус менен күрөшүп жатат, дүйнө элдери бул вирустун дабаасын тапканга далалат жасап жатат.

Бул сыноону татыктуу жеңебиз деп ишенем

— Адамзат алмуздактан бери канчалаган мындан да оор илдеттерди жеңип келген. Азыр технологиянын өнүккөн заманы. Ошондуктан түптүү кыргыз элибиз башына келген кандай сыноо болбосун кабагым-кашым дебестен баардыгын Кудай берген улуу сапаты — сабырдуулугу менен жеңип чыгат деп үмүттөнөлү. Мен дагы жалпы караламан калкыбыздын башына түшкөн азыркыдай сыноону татыктуу жеңип чыгаарыбызга ишенем жана ишенгим келет. Биз мындан ары да тоодой тоскоолдуктарды жиреп чыкканга даяр эл экенибизди дүйнө элине даңктай алабыз деп ойлойм.

Бул вирус адамзат табият менен эриш-аркак жашоосу керектигин эскертти

— Дүйнө ак менен карадан турат дейбиз. Анын сыңарындай бул вирус күн сайын адамдын алсыздыгын далилдеп, өндүрүш, технология, финансы системаларынын ийкемдүү болушун талап кылууда. Ошондой эле бул вирус дүйнөнү өзгөртүүдө десек жаңылышпайбыз. Мисалы, батышта айрым өлкөлөрдө “унутта” калган айыл эске түшүп, цивилизацияны шаардан издегендер айылга “кача” башташты. Айрым өлкөлөр карантин маалында агрардык багытта өнүгүүгө бел байлашты. Бул дагы жакшы көрүнүш деп ойлойм.

Ал эми пандемия талап кылган обочолонуунун айынан бүгүн көп нерсени онлайн, интернет менен бүтүрүүгө үйрөнүүдөбүз. Ошондой эле бул дарт алдуусу алсызын колдоп, адамзат табият менен эриш-аркак жашоосу керектигин эске салууда.

Маектешкен К. Бейшекеев

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *