shadow

Атактуу режиссер, Кыргыз эл артисти Бакыт Карагуловду ээсине бердик.

Өлүм алдында, пенде баласы күчсүз экенибизди, алсыздыгыбызды дагы бир ирет сездим. Кечээ эле арабызда күлүп жайнап, чыгармачылык ар кандай ойлору менен бөлүшүп, баарыбызды күлдүрүп коюп үйүнө кетчү агабыздан, чыныгы досубуздан түбөлүк ажырап, алакан жайып отуруп калдык.

Мындан көп жылдар мурун Бакыт Карагулов Москвада өтүп жаткан эл аралык кинофестивалга барып, ал жерден атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго жолугуп калат. Айтматов, “Сен, жигит бул жакта эмне кылып жүрөсүң?” деп сурап калат. Анда Бакыт байке, “Мен стипендиямды чогултуп, жапон кинорежиссеру Куросава менен атайын жолукканы Москвага келдим!” деп жооп берет. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов анын шагын сындырбай, түз эле жапон режиссеру Куросава менен жолуктуруп “Бул кыргыз студенти, сиз менен жолугуш үчүн стипендиясын чогултуп жүрүп, атайын Москвага келиптир!” деп айтат. Котормочу Айтматовдун сөзүн Куросавага которуп берет. Мындай сыйды күтпөгөн жапон кинорежиссеру Куросава кайра-кайра Бакыт байкеге башын ийип, ырахмат айтып ыраазы болот. Ошентип, студент Бакыт Карагулов жапон кинорежиссерунун ак батасын алып кайтып келген жайы бар.

Эми, Бакыт Карагуловдун чыгармачылыгы тууралуу сааты келгенде өз алдынча сөз кылаарбыз. Экөөбүз жолуккан сайын эле, “Алымбек датка”, “Баткен туткуну”, “Туяк” повесттерим туурасында сөз кылуудан тажачу эмес. Өзгөчө, менин тарыхый романым “Алымбек датка” боюнча кеп кылганда “ Мен Алымбек датканы башкача, “Акыркы самурай” кинотасмасындай кылып тартам. Менде, ага кыргыз киносундагы көп жылдык чыгармачыл тажрыйбам жетиштүү. Болгону, мамлекет акча каражатын гана чечип беришсе болду. Кино тартканы колум кычышып араң элем турам…” — деп мага айтып калчу. Эми, “Алымбек датканы” Бакыт Карагуловдун оюндагыдай, ошол салмакта башка бирөө көңүлдөгүдөй тарта да албайт го. Ал Карагуловдун стихиясы болчу.

Кинорежиссер катары, Бакыт Карагулов атактуу Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдер менен үзөңгүлөш, бир катарда турчу кино чебери эле.

Бакыт байкени жоктоп, анын ордун толтура албай, өзүмдүн ордумду таппай кыйналып жүрөм. Көрсө, чыгармачылык бизди эң жакын адамдарга айландырып салган экенин эми билип отурам. Кош болуңуз, Бакыт байке…

Бекен Назаралиев

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *