shadow

“Жаңы Ордо” гезитинин өткөн 26-июндагы санынан “Ушу Акыйкатчы айтаар сөзбү?..” деген маалыматты окуп алып абдан таңгалдым. Чын эле кыргыз бийлигинде сандаган кызматтарды аркалап, аксакал болсо да кызматтын куйругуна илээшип келе жаткан Акыйкатчы Токон Мамытов кылмышкер Азимжан Аскаровдун “түгөнбөс” чуусуна байланыштуу сотторго “Эл аралык уюмдар кайрылып атыптыр, эми мыйзамды анча-мынча бузуп койгула да” деп өзү айткандай “ортомчу” болуп жаткандыгы шермендечилик эмеспи!

Т. Мамытов соттор Акыйкатчынын өтүнүчүнө эмес Конституцияга, мыйзамдарга гана баш ийээрин билбейби? Анын мындай аракети коомчулук тарабынан сот адилеттигине карата кийлигишүү катары бааланыш керек деп ойлойм. Сотторго “мыйзамды анча-мынча бузуп койгула” деп айтууга ага ким укук берди! Конституция боюнча Акыйкатчы Кыргызстанда жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттин атынан көзөмөл жүргүзөт экен. Демек, анда биз Т. Мамытовдун айткан сөзүн — бул кыргыз парламентинин пикири, позициясы деп түшүнөлүбү? Кыргыз фемидасында болуп жаткан адилетсиздиктер парламенттин тапшырыгы жана Токон мырзанын кийлигишүүсү менен болуп жатат деп ойлойлубу? Менин оюмча, Т. Мамытовдун мындай калпыс билдирүүсүнө Жогорку Кеңеш баасын бериши керек!

Акыйкатчы Токон Мамытовдун сот адилеттигине жасаган бул мамилеси атактуу жазуучу Федор Достоевскийдин бир терең философиялуу соболун эске түшүрүп жатат. Ал мындай суроо койгон: “Кайсы адам коркунучтуу — эртеден кечке Кудайга сыйынып, бирок ошол эле учурда башкаларга зулумдук көрсөткөн адамбы же бирөөгө зыянын тийгизбей, бирок диний ырым-жырымдарды аткарбаган адамбы?»…

Жаратканга акаарат айтпайм, бирок Алланын үйүнө (мечитке) кирип алып “чала молдо дин бузат” болгондор толуп кетпедиби!? Анын сыңарындай кыргыз саясатында да, бийлигинде да эки жүздүүлүк, жасакердик болуп көрбөгөндөй чегине жетти. Кимиси молдо, кимиси бакшы? Кимиси саясатчы, кимиси каракчы айырмаланбай аралашып жатып калды! Эми мындан качан жана кантип арылабыз, ким билет…

Канат АЛИМОВ,

Бишкек шаары

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *