shadow

 

Кээде улуу акын-жазуучулар жана алардын эл арасында түбөлүккө жашап калган чыгармачылыгы менен бир катарда кандайдыр бир такталбаган, бирок коомчулук тарабынан чындык катары кабылданып калган кошумча “атрибуттар” дагы параллелдүү түрдө өкүм сүрүп жүргөнүнө күбө болобуз. Кийин ошондой жагдайлар расмий маалыматтар менен аралашып кетип, кайсынысы “суу кошпогон” чындык, кайсынысы тек гана “элдик” фольклор сымал экендиги байкалбай калат.

Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” чыгармасынын кыргызча котормосу өзүнүн грузин тилиндеги түпнускасына караганда бир жарым эсеге көптүк кылат деген түшүнүк жашап келе жатат. Улуу акын жана өз муунунун эң билимдүү инсандарынын бири болгон Алыкул ушундай кадамга барып, котормону “көбүртүп-жабыртып” жибергенине ишенүү кыйын болгондуктан, бул маалымат дароо эле “шек” жаратат…

Көрсө, мындай “легенданын” жаралыш “тарыхы” да өзүнчө кызык окуя экен. Соңку учурларда үстөмдүк кылып, ал тургай “адабий чындык” катары кабылдана баштаган бул “легенданын” жаралышына чыгаан адабиятчы, таланттуу жазуучу-акын Камбаралы Бобулов чоң “салым” кошкон. Анын “Грузиялык ойлор” аттуу макаласында, автор 1978-жылы Тбилисидеги бир чоң маданий салтанатта “Шота Руставели жана Алыкул Осмонов” деген докладын окуганы баяндалган.

Цитата келтирелик: “…поэманын бешинчи жолку чыгышын белек катары ала барган элем. Алардын ичинде бир тууган агам Бакир (азыр колхоздо мурап) менен Сталинград салгылашуусуна катышып, фашисттерди туткунга алууга катышкан, анан катуу жарадар болгондо аны менен кошо Тбилисиде госпиталда бирге болгон, ошодон бери ыйык китеп катары сакталып жүргөн, барактары саргайып бүткөн “Жолборс терисин кийген баатырдын” 1940-жылы Казандан латын алфавити менен чыккан эң алгачкы чыгышын ала барган болчумун. Бул ыйык реликвиянын тарыхын айтып, музейдин директору Т. Г. Бадурашвилиге тапшырганымда, менин байкашымда бир аз жансыз тынчтык өкүм сүрүп, анан дүркүрөгөн кол чабылып, отургандар орундарынан тура калышты. Муну мен Алыкул Осмоновго болгон улуу изат деп түшүндүм”…

Алыкул Осмоновдун бул котормосу жарыкка чыккандан бир жылдан кийин, 1941-жылы Москвада бул шедеврдин грузин адабиятчысы, философ-профессор Шалва Нуцубидзе жана орус акыны Сергей Городецкий экөө биргелешип жасашкан бешинчи (!) орусча котормосу басылган. Алыкул билимдүү адам катары өз котормосун жана мурдагы өзү которгон орусча “түпнусканы” дароо салыштырып көргөн!..

Котормосун кайра карап чыгып, жогорудагы “бешинчи” котормонун негизинде толуктаган. Шедевр-котормону Алыкул 24 (!) жашында жасаса, экинчи басылышы 1951-жылы (акын 35 жашында дүйнөдөн кайткан соң) жарык көргөн. Акын бул китепти көрбөй кеткен.

1951-жылы “Кыргызмамбастан” чыккан 2-басылышынын (котормонун редактору Түгөлбай Сыдыкбеков болгон) титулдук баракчасында котормочу Алыкул Осмоновдун фамилиясы трарурдук рамкага алынган. “Ыр менен жазылган поэма. “Кыргызчалаштырып эркин которгон Алыкул Осмонов”. “Кошумчаланып жана оңдолуп экинчи басылышы” — ​деп берилген.

Кайра “легенданын” жаралышы жөнүндө. 1941-жылы Камбаралы Бобулов 5 (беш) жашта болгон. 1947-жылкы “буржуазиялык-улутчулдук элементтерге каршы күрөшүү” боюнча репрессиячыл саясий кампаниядан соң, жогорудагы “бешинчи” котормого тыюу салынып, колдонуудан чыккан. Кыргызча “эркин котормосу” түпнускадан “бир жарым эсе көп” деген Камбаралы Бобулов 1957-жылы чыккан Николай Заболоцкийдин котормосуна “ориентир” жасаган.

Ак дилден “адашкан” чыгаан адабиятчы Камбаралы Бобулов Алыкул жөнүндө бир нече макала жазып, анын улуу мурасынын жайылышына чоң салым кошкон. 1980-жылы Тбилисиде Алыкулдун 5 (беш) басма табактан турган грузин тилиндеги ырлар жыйнагынын чыгышына түздөн-түз себепкер болгон. Ал тургай, Москвадан “Библиотека поэта” сымал өтө абройлуу сериядан чыккан Алыкулдун китебине мыкты баш сөз жазган. Алыкул бул сериядан чыккан жалгыз кыргыз акыны болуп калган.

Төлөгөн Касымбеков жана Качкынбай Осмоналиев

Тарыхый чыгармалардагы окшоштуктар, же турмуш чындыгынан алыстаган көркөмдөлүп кайра иштелип чыккан окуялар да кийинки муундар тарабынан ар кандай талаштарды жараткан учурлар кездешет. Маселен, Курманжан датканын уулу Абдылдабек орус аскерлери тарабынан жеңилүүгө дуушар болуп, өз жеринен четке сүрүлүп кеткени. Төлөгөн Касымбековдун романында Абдылдабек өлөр алдында керезин айтып, жигиттерине канжар менен көкүрөгүн жарып, жүрөгүн кесип алып, туулган жерине алып барып көмүүнү суранып, анысы аткарылат. Турмушта мындай болгон эмес, анын денеси Афганистанда көмүлгөн деп, же денесин алып келип, Алай жергесине көмүшкөн деген пикирлер эл арасында жашап келет… Китепкөйлөрдүн арасындагы дагы бир талаштуу жагдай: Төлөгөн Касымбеков жана Качкынбай Осмоналиевдин (“Сынган кылыч” менен “Көчмөндөр кагылышындагы”) тарыхый романдарындагы дал келүү, же Нүзүптүн өлүмү менен Кененсарынын башынын кесилиши абдан окшош баяндалгандыгында турат. Качкынбай Осмоналиев сейрек интервьюларынын биринде Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын “Кол жазмалар фондунда” жарым жыл бою Белек Солтоноевдин тарыхый мурасы менен (эгемендик тушунда гана жарык көргөн “Кызыл кыргыз тарыхынын” кол жазмасы менен!) таанышып, өзүнө керектүү жерлерин көчүрүп алып чыккандыгын айткан.

Белек Солтоноевдин тарыхындагы Кененсары жөнүндөгү баянды карасак, дал Осмоналиевдин романында сүрөттөлгөндөй баяндалат. Демек, мусулман калкы үчүн дал ушундай өлүм — ​өлөр алдында куран окуу — ​кадыресе эреже болгон. Төлөгөн Касымбеков эң соңку романы “Кыргында” да ооруп жаткан Шабдан “өз жаназасын өзү түшүрүп”, куран окуганы бар.

Чыңгыз Айтматов бай болгон, бирок эң бай жазуучу болгон эмес

Улуу акын Александр Пушкин дуэльден өлгөндө карыздары көп болуп, кийин анын үй-бүлөсүн бул карыздан падыша Николай өзү төлөп берип, куткаргандыгы, жана аялына пенсия чектеп бергендиги маалым. Гениалдуу орус жазуучусу Лев Толстой орточо деңгээлдеги гана помещик болгон. Федор Достоевский, Антон Чехов, Михаил Булгаков ж. б. сыяктуу көптөгөн улуу жазуучулар жетишпеген, же өтө жакыр турмушта жашашкан.

Советтик системада компартиянын идеологиялык камчысын чабышкан акын-жазуучулар жана искусство ишмерлери калктын эң бай жашаган катмарына кирип, коомдун элитасына айланган. Катардагы акын-жазуучу деле эч жерде иштебей эле, чыккан китебинин калемакысына эки-үч жылча эркин жашоого мүмкүндүк алган.

Бирок, мындай эркин “чыгармачылык” дагы салыштырмалуу гана болгон. Мисалы, 1957-жылы “Адамдын тагдыры” аңгемесинен кийин дээрлик такыр жазбай калган Михаил Шолохов 1965-жылы Нобель сыйлыгын алгандыгына карабастан, жупуну эле жашагандыгы, кээде жакырланып, колхоздун койлоруна кошуп бактырган койлорун сатып, же союп жеп калганы, замандаштарынын кийинки эскерүүлөрүндө баяндалат…

Советтик кыргыз жазуучуларынын ичинен эң байы ким болгон? — ​деген суроо алиге чейин кызуу талаштарды жаратып келет. Саякбай Каралаев баштаган, Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев сыяктуу акын-жазуучулар эбегейсиз чоң калемакы алышып, эки кабаттуу үйлөрдү салышып, “Победа” сыяктуу ошол кездеги мыкты автомашиналарды сатып алышкан. Ошол кездеги жашоо деңгээли боюнча алганда, жетишкен турмушта жашашканы менен да, ашкере байлардан болушкан эмес.

Аларга салыштырмалуу Чыңгыз Айтматов эл арасында таркаган пикирлер боюнча, өтө бай деп эсептелиши мүмкүн. Чындыгында жазуучу катары чыгарманын көлөмүнө, санына келгенде абдан сараң болгондуктан, жана да чыгармаларынын көбү (1981-жылы жарык көргөн алгачкы романына чейин) чакан повесттер, аңгемелер болуп, эң чоң ставка менен эсептегенде деле, баарын чогултуп келгенде деле, Саякбай бир жолку алган калемакыга жетпеси түшүнүктүү. Ал эми китепти кайра басуу (переиздание) дээрлик бекер болуп, авторго символикалуу гана калемакы төлөнчү.

“Даңкка жараша жүк” — ​деп, мазмуну жана көлөмү желденген шардай болгон, бирок, китептин көлөмү жагынан “рекорд” коюшуп, калемакыны да олчойто алышкан Шүкүрбек Бейшеналиев, Насирдин Байтемиров сыяктуу халтурщик жазуучулардан кескин айрымаланса да, Чыңгыз Айтматовду деле жакыр жазуучу болгон деп айтууга болбойт.

Айрыкча, анын дээрлик бардык чыгармалары (“Свидание с сыном” аттуу анча белгисиз, чакан аңгемесине чейин) экрандаштырылып келгенин, алардын баарында Айтматов өзү сценарий автору, же режиссер экөө соавтор болуп жүргөндүгүн эске ала турган болсок, Чыңгыз Айтматов гонорарды “башкача тариф” менен, эң чоң романдардан да көп алып жүргөн. Жакында эле орточо деңгээлдеги киносценарист катары эсептелген Виктор Мережко “Сегодня вечером” аттуу популярдуу берүүдө 152 миң рубли сактык кассада жаткан бойдон күйүп кеткенин билдирди. Популярдуу актерлердун бири, таанымал театр ишмери Олег Табаков да: “В 1991 году у меня сгорело на сберкнижке 120 тысяч рублей. Их хватило бы на покупку десяти автомобилей “Волга”. И на домик у моря, думаю, тоже.” — ​деп айткан. Ал эми Чыңгыз Айтматов бул жагынан атактуу Юлиан Семеновго (“Семнадцать мгновений весны” ж. б. ашкере популярдуу бесстселлер чыгармалардын жана алар боюнча тартылган киносценарийлердин автору) жетпесе да, Мережко сыяктуу сценаристтерден кинолорунун саны боюнча да, калемакы ставкасы боюнча да жогору баалангандыгы талашсыз!.. Чет өлкөдө чыккан китептеринин калемакыларын (эгерде валюталык эсеби бар болгон болсо!) жана чыгармалары боюнча сценарийге соавтор катары тартылган кинолордун санын эске алганда, рубль инфляциясы апогейине жеткен, кыргыз улуттук сомуна өтүү кезинде Чыңгыз Айтматовдун эсебинде 450–550 миң (же советтик акча менен — ​жарым миллиончо!) рубль бар болгон деп болжолдоого болот. Албетте, ошол кездеги баалар жана акча менен эсептегенде, бул эбегейсиз чоң сумма болчу. Арийне, советтик айрым популярдуу акындар (Сергей Михалков, Расул Гамзатов, Евгений Евтушенко ж. б.) рынок заманындагы маектеринде андан да ашкан чоң суммадагы акчалары инфляциядан улам, кассада сакталып жаткан бойдон күйүп кеткенин айтып жандары “күйүшкөн”…

Азамат САЛИЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №17, 18-сентябрь 2020-жыл

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *