shadow

2019-жылдын 7-ноябрында Анкара шаарынын музыка жана көркөм өнөр Университетинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте “Түрк Дүйнөсүнүн Алдыӊкылары” аталган темадагы Сүймөнкул Чокморов жана Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү маданий иш чарасын уюштурду.

Иш чаранын алкагында “Кыргыз ѳнѳрүнүн ѳчпѳс эки жылдызы – Сүймөнкул Чокморовго жана Таттыбүбү Турсунбаевага” арналган сүрѳт кѳргѳзмѳсү, жыйын жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун аңгемесинин негизинде атактуу режисер Төлөмүш Океев тарабынан тартылган “Кызыл алма” тасмасынын көрсөтүүсү тартууланды.

Элчи К.Омуралиев эки жылдыздын кыргыз маданиятына кошкон эмгектерин белгилѳѳ менен, эскерүү маданий иш чара Кыргыз Республикасындагы “Тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү” – 7-ноябрга туш келгендигин баса белгилеп, ошондой эле улуу жазуучу Ч.Айтматов жана залкар кинорежиссер Т.Океев менен биргеликте тарыхта калган инсандар катары бүгүнкү жана келечек жаш муундарга үлгү боло тургандыгын билдирди.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н.Кадырбеков, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Б.Чакыжы, Анкаранын музыка жана көркөм өнөр Университетин Ректору Проф. Э.Парлак, Т.Турсунбаеванын агасы Н.Турсунбаев эскерүү сѳздѳр менен иш чаранын катышуучуларына кайрылуу жасашты.

Аталган маданий кечеге жергиликтүү маданий ишмерлер, Анкарадагы чет ѳлкѳлүк Элчиликтердин ѳкүлдѳрү, түрк жана кыргыз студенттери, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз мекендештер катышты.

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *