shadow

“Кыргызнефтегаз” акционердик коому Кыргызстандагы ири өндүрүштүк ишкана болуп эсептелет. Ишканада эки миңден ашык жумушчу эмгектенип, өлкө казынасына бараандуу салымын кошуп келет. Кышын-жайын иш ыргагы токтобогон компания элдин мунайга болгон муктаждыгын гана чечпестен, Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык маселелерин камсыз кылууда олуттуу милдеттерди максат кылып алган.

Быйылкы жылы Кыргызстанда коронавирус илдети катталгандан бери өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргизилип, айрым шаар-райондордо өзгөчө абал киргизилген болчу. Илдеттин жайылышын алдын алуу максатында көрүлгөн чаралар боюнча көп мекеме-ишканалар убактылуу ишин токтоткон эле. Мына ушундай кырдаалда башка ишканалар токтоп турганда тобокелчиликтерге, кыйынчылыктарга карабай, “Кыргызнефтегаз” ишканасы өндүрүштү үзгүлтүккө учураткан жок. Мунай өндүрүшүнө зарыл болгон тетиктердин көпчүлүгү чет өлкөдөн алынып келинет. Мындай шартта карантинге байланыштуу чек аралардын жыбылышы мунайчыларга терс таасирин тийгизди. Бирок, өз ишин мыкты билген адистердин эмгеги менен кырдаалдан чыгуунун жолун табышты.

Айбек Ниязалиев, “Кыргызнефтегаз” ААКнын материалдык-техникалык жабдыктарды камсыздоо бөлүмүнун башчысы:

— Дүйнө жүзүн коронавирус илдети каптаган кезде, көп чоң компаниялар убактылуу ишин токтотушту. Биздин ишкана токтобой иштеп жатты. Жетекчибиз Рашид Бостоновдун демилгеси менен жылдык бюджетти эрте кабыл алганга байланыштуу, пандемия учурунда каржылык маселелерди чечүүдө кыйынчылыктар жаралган жок. Каражаттын өз убагында бөлүнгөнүнө байланыштуу атайын техникалар, тетиктер, ишти үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылып келе жатабыз. Өзүңөргө маалым болгондой чек аралар жабылып калды. Биздин ишкана менен өндүрүштүк багытта тендерден өткөн фирмалар бар болчу. Аларга абалды туура түшүндүрүп жаттык. Өнөктөш фирмалар дагы биздин өтүнүчүбүздү түшүнүп, темир жол аркылуу жана башка жолдор менен тиешелүү товарларды бизге жеткирип, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди убагында аткарып жатышты.

Биздин ишкананын алдына өтө жооптуу милдеттер коюлган. Маселен, 2020-жылга 38390 метр бургулоо иштерин жүргүзүү пландаштырылып жатат. Мындай чоң көлөмдөгү иштер “Кыргызнефтегаз” ишканасында өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткен жылдардан бери болгон эмес. Союздун учурунда техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү учурда 41700 метр бургулоо иштери жүргүзүлгөн. Биздин ишканабыз жылдан-жылга иштин темпин улам бир тепкичке көтөрүп, бургулоо иштеринде натыйжалуулукту арттырууга аракет кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө 27 миң метр бургулоо иштерин жүргүзүп койдук. Дагы бир жерде жаңы бургулоо иштеринин башталганына бир жумадай болду. Анда 300 метрдей казуу иштери бүтүп калды.

Бургулоо иштеринин зарылдыгына жараша көптөгөн каражаттар, атайын техникалар керек болот экен. Биздин бөлүмдүн жумушчулары зарыл болгон тетиктер менен камсыз кылууда болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, ишти үзгүлтүккө учуратпоонун үстүндө иштеп жатабыз. Жакында эле эки атайын техниканы алып келдик.

Нурдин Талиев, “Кыргыз бургулоо” башкармалыгынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы:

— Бургулоо иштери илгертен эле өтө татаал технологиялык иш болуп эсептелет. Бул процесске бир нече техникалар колдонулат, көп каражат жумшалат. Оор жумушчу күчү керектелет. Мына ушундай иш процесси керектүү тетиктер, техникалар менен камсыздалбаса, ишибиз үзгүлттүккө учурайт. Мурда бир болбогон эле кичинекей тетиктин азабынан бир күн иштеп, эки күн токтоп турган учурларыбыз болгон. Быйылкы жылы пандемияга байланыштуу оор кырдаал түзүлгөнүнө карабастан, биздин ишканада ишибиз токтобой жүрүп жатат. Бул жерде ишкананы зарыл тетиктер, материалдар менен камсыз кылууда материалдык техникалык жабдыктарды камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин, анын жетекчиси Айбек Ниязалиевдин эмгеги өтө чоң. Бүгүнкү күнгө 27 миң метрлик бургулоо иштерин жүргүздүк. Мындай көрсөткүч мурда болгон эмес. Мурда иш туруктуу жүрбөгөндүктөн, балдарды акысыз эмгек өргүүсүнө чыгарчу элек. Азыр эми бургулоо иштеринде адам жетишпей, дагы бир бригада адам алдык.

2017-жылы “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун жумушчулары тарабынан 18 700 метр бургулоо иштери аткарылган. 2019-жылы 22 800 метр тереңдикке жетишип, план ашыгы менен жүзөгө ашыптыр. Ал эми 2020-жылы 38390 метрге чейин казуу планы тапшырылган.

Шаардан 25 чакырым алыстыкта тоо боорунда иштеген мунайчылардын тынымы жок жумушу уланып, учурда бургулоочулар мунай түтүктөрүнүн тетиктерин орнотуп жатышат.

Медет Нарбаев, “Кыргызнефтегаз” ААКнын өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн башчысы:

— Тендер деген баарыбызга белгилүү болгондой мыйзамдуу иш чара. Мына ушул иш-чараларды аткарууда, айрыкча мунайзат өндүрүшүнө зарыл болгон импорттук товарларды алып келүүдө “Кыргызнефтегаз” ААКнын материалдык-техникалык жабдыктарды камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Ниязалиев баш болгон жамаат кесипкөй адис катары тендерлерди жогорку деңгээлде өткөрүп келе жатат. Ошондуктан, өндүрүш процесси бир калыпта иштеп, план-тапшырмаларды аткарууга өбөлгө түзүлүүдө. Өзүңөргө белгилүү болгондой, өлкөнү коронавирус илдети каптап, карантинге байланыштуу ишканалар токтоп турганда, “Кыргызнефтегаз” ишканасы бир саатка дагы токтогон жок. Анткени, материалдык-техникалык камсыздоо жогорку деңгээлде болгонуна байланыштуу иш үзгүлтүккө учурабай келет.

“Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун өнүгүп-өсүшү Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык жактан бакубат жашоосуна шарт түзөт. Анткени, социалдык жактан камкордук көрүү менен бирге шаардыктарга таза суу жеткирүү маселеси аталган ишкананын башкы милдеттеринин бири болуп эсептелет. Учурда шаар тургундарына эртең менен, түштө, кечинде үч маал таза суу берилип келет. “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун бакшармалыгы шаардыктарды 24 саат бою таза суу менен камсыз кылуу максатында чечкиндүү жумуштарды алып барууда.

Айбек Ниязалиев, “Кыргызнефтегаз” ААКнын материалдык-техникалык жабдыктарды камсыздоо бөлүмүнүн башчысы:

— Бүгүнкү күндө Кочкор-Ата шаарынын эли саат-сааты менен таза суу менен камсыз болушууда. Шаардыктарды 24 саат бою таза суу менен камсыз кылуу максатында 104-райондо бургулоо иштерине тендер жарыяладык. Буйруса, төрт скважинадан суу чыгып кала турган болсо, ал суу өзүнүн басымы менен шаарга келет. Шаардын эли үчүн кыйла жеңилдиктер жаралат. Себеби, Кыргызстан боюнча сууга эң кымбат акы төлөгөн шаардын катарына киребиз.

Жогоруда айткан райондогу 221–222-скважинадан чыга турган суудан анализ алынган. Атайын лабораториядан өтүп, ичкенге жарактуу деген сертификат берилген. Суу азыр өз басымы менен чыгып жатат. 2021-жылга пландаштырылган жер бар. Ошол жерге 3000 кубдук резервуар коюп, насос менен шаарга суу тартып келебиз. Анан шаардын жогору жагындагы айылдарда таза суу жетишсиз. Бул жакка дагы таза суу жеткирилет. Союздун маалында орнотулган суу түтүктөрүнө 50–60 жыл болуп, чирип керектен чыгып калгандыктан атайын долбоор жазып жатабыз. Аны дагы алмаштырып, шаардыктар үчүн таза суу жеткирүүгө болгон аракетибизди жасай бермекчибиз.

Калдар Абдыразаков, Суу камсыздоо бөлүмүнүн башчысы:

— 2017-жылдан бери шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу иштери өтө жакшы жүрүп жатат. Мындан бир топ жылдар мурда суу түтүктөрүн алмаштыруу кыйын болуп келген. Акыркы эки-үч жылдан бери суу түтүктөрүн алып келип, акырындык менен зарыл болгон жерлердеги түтүктөрдү алмаштырып жатабыз. Борбордук линиядагы 300 метр суу түтүктөрүн алмаштырып койдук. “Кыргызнефтегаз” ишканасы иштеп, дүркүрөп өсүп-өнүгүп турса, келечекте калкты таза суу менен камсыз кылуудагы өксүктөр жоюла берерине толук ишенемин. Ушул жерде учурдан пайдаланып айта кетейин, “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун материалдык-техникалык жабдыктарды камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Ниязалиевди өз ишине так, кесибинин дасыккан адиси катары абдан сыйлайм. Себеби, мен кайсыл убакта жардам сурап кайрылбайын, зарыл болгон тетиктерди кечиктирбей алып берип келе жатат. Деги эле зарыктырганын көрө элекмин.

Мындай жетишкендиктер өзүнөн-өзү эле келе бербейт.Кыргызстандын өндүрүшүнүн флагманы болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жамаатындагы ынтымакчылыгы, жетекчилердин алдын ала көрөгөчтүк саясаты, алардын талыкпаган эмгегинин үзүрү өндүрүштүн өргө жылышын шарттайт. Дүйнөдөгү пандемиянын кесепети, доллардын сомго карата жогорулашы албетте, өндүрүштүн ыргагына өз кедергисин тийгизип жатат. Ал гана эмес дүйнөдөгү мунай өндүрүүчү ири ишканалар чыгашага учураганы белгилүү. Бирок, “Кыргызнефтегаз” акционердик коому ар кандай тоскоолдуктарга карабай планды ашыгы менен аткарып, жылды ийгиликтүү аяктоо аракетинде.

Шекербек КАЛЫКОВ

“Жаңы Ордо” гезити, №14 (666),  4-сентябрь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *