shadow

Мамлекеттүүлүктүн максаты бирөөнү туурап, кандайдыр бир коомдук түзүлүштү куруу эмес. Анын негизги максаты жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатып, бакубат, кубаттуу өлкө куруш. Бирөөнү туурагандан, аларды пир туткандан майнап чыкпайт. Л. Толстой учурунда бул туурасында төмөндөгүдөй мааниде жазган: Орус элин агартуу керек деген падышанын демилгесин колдоп, жазуучулар жапа тырмак жазууга киришти. Өкмөт мыкты акча төлөп, эл окуса эле өзгөрүп кетчүдөй, жазгандарыбызды миңдеген тираждар менен басып поезд, араба, чана… менен ташып Москва, Урал эмес, Сибирдин булуң-бурчуна чейин жеткирди. Бир топ өткөндөн кийин бийликке: китебиңердин мукабасы жука экен, от жакканда дароо эле күйүп кетип жатат, көпкө күйүүчү калың мукабадагы китептерди жөнөткүлө деп, туш тараптан арыздар келе баштады… Бизде деле ушул акыбал. Эгемендүүлүктөн бери демократия деп эле келе жатат, эл добушун акчага сатат… Себеби эмнеде? Дагы эле Толстойго кайрылабыз: “Аныгында прогресс деген нерсени биз түшүнчү деле эмеспиз. Прогресс десе, Батышты түшүнүп, көргөн- билгендерибизди андан көчүрүп жаза берчүбүз. Бул калагы жок кайыкта отургандай эле кеп эле”. Биз да 30 жылдан бери ошондой кайыкта олтурабыз…

Суверенитет — ​көз карандысыз экономика, илим, билим, маданият, саясат. Ансыз суверенитет жок. Жалпы элдин “каймактары” деп саналган депутаттардын көрөңгөсү, билим деңгээли, жадыбалы элди, мамлекетти ушул деңгээлге чыгара алабы? Халва, халва деп айта бергенден курсак тойбойт дегендей, кур эле демократия, реформа, партия… дей бергенден өлкө оңолбойт. Чыныгы демократия биз эмес, Россияга келе элек. Алар да азырынча падыша, биринчи секретарь, президент дейби, айтор, абсолюттук бийликтин тонунан чыга элек. Ошондой болгон соң, биз кеттик, демократияга жеттик дегенге ким ишенет? Мода, тренд деп жаш бала, өспүрүм айтса жарашат. Ал эми турмуш көрүп, кагылып, согулуп, анын ысык-суугун тарткан адамдардын өз баалуулугун чанып, өзгөнүн баалуулугун элге таңуулаганы, бул коомдун канчалык деңгээлде бышып жетилгендигин көрсөтүп туруучу барометр. Орус бийлиги 90-жылдары ушул оюнду ойнойбуз деп мамлекетин жоготуп алуучу чекке жеткен. Парламентаризмдин негизги вазийпасы өз өндүрүүчүлөрүн колдоп, өзгөлөргө бөгөт болуу. Парламент баардык өлкөлөрдө бар. Алар өз функциясын кандай аткарып жатат, өлкөнүн өнүгүшү ошого байланыштуу.

Азыр аймак эмес, чакан айылдагы эл да чаржайыт кетип, ошол парламенттик шайлоого камданууда. Эски эле көрүнүш. Партиялар пенсия, айлык, маянаңарды көтөрөбүз… кыскасы жыргатабыз, өзгөртөбүз деп эски ырын ырдай баштады. “Дүйнөнү өзгөрткүң келсе, өзүңдөн башта” деген сөздү эстегилери да келбейт. Абай Кунанбаев учурунда жазган экен “Дүйнөдө ууру-кескилерге сыйынган бир гана казак эли болсо керек” деп. Бул казакка эмес, баардык көчмөн элдерге тийиштүү нерсе. Ошон үчүн Кытай “Көчмөн элдин мамлекети көпкө узабайт” дейт. Бул эмне дегендик? Акыркы 2000 жылды алганда, биздин чөлкөмдө кимдер гана болбоду: Түрк, журжен, кимак, тургеш, карлук… каганаттары, а тургай моңгол, Аксак-Темир империясы… Кээ бири Кытайды баскан, башкарган. Азыр көбүнүн аты калып, өзү жок же Кытайдын көзүн карайт, карыз сурайт. Кытай турат, улуу Кытай дубалындай кебелбей, солк этбей. Себеби эмнеде? Анткени, көчмөн эл илим, билим, маданиятка умтулбай, материалдык байлык түзбөй, бири-бири менен чабышып, жок болушкан, же цивилизациянын перефериясынан орун алып, кубатту өлкөлөрдүн таасиринде калган.

Бул дүйнө башкарылат. Аны кубаттуу державалар башкарат. Алар таасириндеги элдерге “калак” бербейт. Ресурстарын гана соруп алып, аларды айлампада, бири-бирине кас кармайт. Кыргыз эли андай айлампаны бир нече жолу өттү. Алгач эскилерди бай, манап, эзүүчү тап деди. 1937-жылы жаңыдан калыптанган интеллигенциянын эл душманын, 60-жылдары Разаков баштаган патриотторго, борбордун саясатына каршы деген күнөө жабылды, 90-жылдары коммунисттер деп, жаштарды карыларга айдактады, “Дүжүр чалдар” деп мазактады… Кыскасы биринин этин бирине жедирди. Ойлонуп көрөлүчү, 2 миң жылдан ашуун тарыхы бар кыргыз эли качан ушинтип бири-бири менен касташып, кырылышты эле. Бул кимдин көрсөтмөсү менен болгон? Эгемендүүлүктөн бери эл шайлоо, референдум, партия, фракция… деп бири-бирине жоо болуп эле келе жатат. Ушул биздин баалуулукпу? Эгерде, сөздөн, системадан эле элдер бардар турмушка жете турган болсо, Кытай, Араб дүйнөсү, Иран, ошол эле Батыш эмне үчүн ал жолго түшпөйт?

“Парашюттан түшкөн” биздин жаңы саясатчылар бир нерсени түшүнбөй жүрүшөт. Системаны канча өзгөртпө, андан коом өзгөрбөйт. Эл консерватор. “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың”. Үй-бүлөдөн алган тарбия, коомдон алган салт-санаа адамдын акыл-эсинде түбөлүк калат. Уруу-урууга бөлүнүү, дос-тамыр, кудаа-сөөк, жердешчилик, аш-той… бул кыргыздын канындагы нерсе. Эч ким кылымдап келген салт-санааны бузуп, жаңыны түзө албайт. Бул нерсени коммунисттер да жок кыла албады, молдо, демократтар да жок кыла албайт. Кандай гана система болбосун, кыргыз кыргыз бойдон эле калат. Биз элди кыйнабай, аларга өгөй баалуулукту таңуулабай, кылымдардан келген аң-сезим, адатка таянып гана иш жүргүзгөндө гана элдин тилин табабыз, өнүгүү жолуна түшөбүз.

Биздеги шайлоолор ар дайым 90-жылдардагы Россиядагы окуяларды элестетет. Ал убакта бийликке “Мальчики в розовых штанах” деген, мурда аты-заты жок Гайдар, Федоров, Явлинский, Немцов… өңдүүлөр келип, Россиянын аттуу баштууларынын оозун ачырып, эсин эңгиреткен. Путин бийликке келери менен алардан арылды. Бизде андайлар дале болсо жүрөт. Мамлекетти талкалап бүттү, элди бузду, ал аз келгенсип, бузуучу механизимин эми жаштарга өткөрүп берип, шайлоого жаштар келсин деген ураан көтөрүп жүрөт. Ошол жаш дегени Таласта ак боз ат минип, алчактап, шайлоого аттанды. Жаңы технология, заманбап илим, жогорку маданият, элге үлгүү болчу жүрүм-турум, ныпаат жок. Ушулбу тапканы?

Негизи, шайлоо өзүнүн легетимдүүлүгүн бизде эчак эле жоготкон. Ачыгын айтканда, эгемендүүлүктөн берки бир дагы шайлоо бизде легетимдүү өткөн эмес. Болбосо, баардык шайлоонун аркасынан эле фальсификация болду деген сөз чыкпайт, президенттер да качпайт эле. Легетимдүүлүк шайлоо менен чечилбейт. Легетимдүүлүк — ​бул эл менен камыр — ​жумур аралашып, анын кызыкчылыгы үчүн жанын бере турган бийлик. Андай бийликке эл каршы чыкпайт. Ал Манас, Ленин, Сталин, Мао, Ата-Түрк, Ганди, Наполеон… Алар шайланып бийликке келген эмес, бирок легетимдүүлүгү талашсыз чындык болуучу. Ошон үчүн алар качкан эмес, элин саткан эмес.

Биздеги шайлоо ар качан эмоционалдуу, амбициялуу формада өтөт. Кыскасы, “үйрөнгөн адат калабы… “дегендей, анын жыйынтыгын азыртан эле айтса болот. Бул шайлоодо кечээки эле аты-жыты жок партиялар, эски партияларды саясий Олимптен сүрүп, алардын оордун ээлейт. “Дүжүр чалдар” деп маскаралагандар, өздөрү дүжүр болот. “Тарых кайталанат, ал экинчи жолу фарс түрүндө болот” деген эски сөз бар. Эгемендүүлүктүн башында торолуп, өз тарыхын, карыларын чанган саясий муунду, кийинкилер чанат. Ушул жол менен кетсек, айлампа улана берет…

Ш. Назаралиев

“Жаңы Ордо” гезити, №16 (668),  11-сентябрь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *