shadow

Кыргызстандагы “кылым кылмышы” же “кылым соту” деп аталган мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп, кызыл килем менен өз мекени Чеченстанга менчик учак менен узатылышынын сыры же бул иштин артында кимдер тургандыгы акыры ачыкка чыкты.

Болгондо да бул чуулгандуу ишти мурдагы президент, азыр абакта отурган Алмазбек Атамбаев өзү жарыя кылышы кыргыз коомчулугу үчүн күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду.

Анда анын ошол билдирүүсүнө көңүл буралы: Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу 2-сентябрда жарыяланды. Анын адвокаты Замир Жоошев билдиргендей, кайрылууну ал 28-августта Атамбаевдин колунан алып, компьютерге терген. Майрам жана дем алыш күндөргө байланыштуу кайрылуу 2-сентябрда таратылды.

Атамбаевге таандык «Апрель» каналынын сайтында жарыяланган текстте мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу айткан.

Сот жабык өтүп, бардык материалдар сыр түрүндө сакталгандыктан, көпчүлүк чындыкты билбей, бийликтин ар кандай ушак-жалааларына ишенип жатканын, буга байланыштуу кайрылуу таратканын белгилеген.

«Президент катары 2011- жылдан тартып мен 80ден ашуун киши каза таап, жүздөгөн адам жарадар болгон 7-апрель окуясында кылмыштуу буйрук берген Жаныш Бакиевди экстрадициялаш үчүн бардык чараларды көрдүм. «Батукаев иши» аркылуу 2012-жылы УКМКнын пландалган операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келиши керек эле. Операцияны жетектөөнү анын демилгечиси, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок кылмыш ишинин бир да материалында, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мен тараптан коррупциялык же башка аракеттер жок. Болушу да мүмкүн эмес. Ошондуктан чындыкты жашырыш үчүн бийликтин чечими менен сот жабык өтүп, материалдар сыр түрүндө сакталды. Тилекке каршы, УКМКнын операциясы ийгиликтүү болгон жок. «Батукаев иши» боюнча өкүм менен Сооронбай Жээнбековдун бийлиги иш жүзүндө Жаныш Бакиевге жана анын шериктерине кол тийбестик берип койду», деп жазылган Атамбаевдин кайрылуусунда.

Демек, Атамбаев эми гана мойнуна алып жаткандай, мыйзамдагы ууруну түрмөдөн бошотуу операциясынын артында ошол учурдагы президент катары өзү турган экен да. Логика боюнча деле мамлекет ичиндеги эл аралык деңгээлдеги чуулгандуу кылмыш иши президенттин көзөмөлүсүз жүргүзүлмөк эмес. Бирок андан бери бул окуянын тегерегинде канча адам жоопко тартылып, өмүрү түрмөдө өтүп, тагдыры талкаланып келе жатат. Андыктан сот жогор жактан болгон буйрукту гана аткарган алардын баардыгын эркиндикке чыгарып, моралдык жана материалдык кенемте төлөп берүүгө тийиш да, баардык жоопкерчилик Атамбаевге жүктөлүшү зарыл.

Экинчиден, Атамбаев жогоруда белгилегендей, ошол 2010-жылы апрелде 80 адамдын атылышына Жаныш Бакиевдин канчалык тиешеси бар экендиги бир жактуу эмес, эл аралык сотто каралып, далилденген соң гана кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш. Биз билгенден Бакиевдер апрель окуясы боюнча эл аралык сотто соттошууга даяр жана андай документтерди даярдап, Убактылуу өкмөттү сотко бергени жатышат.

Үчүнчүдөн, далай кыргыз жигиттеринин канын ичкен мыйзамдагы ууруну бир адамга алмаштыргандай, алар эмне, товар беле? Сыягы, эл аралык деңгээлде мындай практика жок. Дагы бир жагдай, Бакиевдер баардыгы азыр Беларустун жараны. Демек, аларды уурдап кетүү же башка жоопко тартуу башка өлкөнүн жаранына кол салганга тете. Бул жагдайга юристтердин түшүндүрмөсү керек.

Болду болбоду, “Батукаев операциясы” Атамбаев жана анын тегерегиндегилердин планы болушу мүмкүн. Бирок анын ишке ашырылышына Россия менен Беларустун президенттери В. Путин менен А. Лукашенколор каршы болушкан. Себеби алар эгер Атамбаевдин келесоо планына макул болушса, анда эл аралык деңгээлде да, өз эли үчүн да кадыр-баркы түшмөк.

А. Белеков.

“Жаңы Ордо” гезити, №14 (666),  4-сентябрь, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *