shadow

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Ш. Жээнбековго

Душанбинова Кенжебүбү Джоробековнадан

(дарегим: Бишкек ш., Көлбаев көчөсү‑16, 44-кв. тел.: 0700–949–888)

А Р Ы З

Сизге гумандуулукту жана мыйзамдуулукту туу туткан Адам, Мамлекет башчысы жана Конституциянын гаранты катары кайрылып жатам. Менин Эне катары, жаран катары өзүңүзгө баяндап жаткан арыз-муңума кайдыгер карабайт деп ишенем!

Иштин жагдайы мындай болгон: 01.02.2016-жылы Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Ленин проспекти 336 дарегинде жайгашкан үйдүн жашоочулары, 56 жаштагы Сергей Гнетов (атасы) менен 31 жаштагы Александр Гнетовду (баласы) кимдир бирөөлөр мыкаачылык менен өлтүрүп, андан кийин үйдү өрттөп кетишкен.

Бул кылмыш иши боюнча эртеси күнү (02.02.2016-жыл) ошол эле Лебединовка айылынын тургундары, 44 жаштагы Огобаева Гулзат Суйунбековна, 27 жаштагы Кузиненко Владимир Владимирович жана Бишкек шаарынын тургуну, 27 жаштагы Букараев Асхат Эсенгуловичтер шектүү катары кармалышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар менин уулум, 34 жаштагы Душанбинов Бакыт Эркиновичти да ошол түнү чогуу болгонбуз деп көрсөтмө беришкен.

Туура, менин уулум Б. Душанбинов ага чейин деле жаш адамга мүнөздүү болгон баёолук сезим менен ылгабай дос-жар күтүп, кылмыш аракеттерин жасап келген. Мындай иштери үчүн сот жообуна тартылып, мыйзам чегинде жазасын алган. Бирок, мынчалык мыкаачылыкка баруусуна менин энелик жүрөгүм ишенбей турат жана аны шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн да көрүүгө болот.

Тактап айтканда: уулум Э Душанбинов 31.01.2016-жылы кечке жуук А. Букараев жана башка адамдар менен чогуу “Империя пиццы” кафесинде тамактанып олтурганда анын телефонуна В. Кузиненко 16 жолу телефон чалып, “Ганс сенин бутуңду сындырып, “жайлап” салам деп сөктү, тезинен келип кал”- деп чакырганда, “Менин бутумду сындырчу Ганс деген ким? Мен аны тааныбайм. Баралбайм, тамактанып жатабыз” деп жооп берип, кийин телефонду албай койгон. Көрсө, Э. Душанбинов эле эмес А. Букараев дагы “Гансты” (кийин ал каза болгон А. Гнетов экендиги такталган) таанычу эмес экен.

Ошол 31-январь күнү күндүзү Г. Огобаева өзүнүн көптөн берки таанышы, жакын жерде жашаган маркум А. Гнетовдун үйүнө арак көтөрүп алып дагы бир таанышы В. Кузиненкону кошо ээрчитип барат. Ошол учурда Александр Гнетовдун өз үйүндө Паша Дмитриенко жана Саша (фамилиясы белгисиз) аттуу адамдар менен олтурган. Аларга кошулуп 5 адам чогуу арак ичип олтурган учурда В. Кузиненко менен А. Гнетовдун ортосунда чыр чыгып, мушташат. Бул окуяга күбө болгон “Паша”, “Саша” аттуу адамдардын өздүгү такталган эмес жана тергөө тарабынан суракка алынган эмес.

Кийин тергөөдө жана соттук териштирүүлөрдө жабырлануучу тарап Г. Огобаева маркум А. Кузиненкону 12 жылдан бери билгендигин, анын үйүнө көп каттап, мончого түшүп жүргөндүгүн да көрсөтүшкөн. Демек, Г. Огобаева маркумдун кай жерде иштегендигин, качан жана канча айлык алгандыгын жакшы билген. Маркумдун апасы Е. Гнетова уулу ширетүүчү болуп иштеп, ошол күнү да 40 000 сом айлыгын алып келгендигин, аны чогуу отуруп “майлашып”, анан кетип жатканда (апасы ошол учурда башка үйдө жашап турган) жолдон Г. Огобаева бейтааныш бирөөнү ээрчитип Александрды көздөй келе жатканын көргөнүн айтып келе жатат. Жабырлануучу тараптын божомолу боюнча Г. Огобаева менен В. Кузиненко Александрдын акчасы бар экендигин билип, андан карыз сурап келишкен. Бирок, маркум аларга акча берүүдөн баш тарткандыктан ортодон жаңжал чыккан. Алар эмне үчүн акча сурап келиши мүмкүн деген суроого: Окуядан бир аз мурда, т. а. 17.01.2016-жылы ал экөө Жусупбек Уулу Эрмек аттуу баланы сабап, В. Кузиненко аны чөнтөк бычагы (маки) менен сайып жибергендигин, жабырлануучу ооруканага жатып, ал эми айыптуулар “акчаңды төлөп беребиз, арыз жазба” деп суранып келишкендигин жабырлануучунун жубайы айтып берген аудиожазуу жана ооруканадан берилген баракчанын көчүрмөсү менен далилдеп, ишке тиркетишкен. Демек, жабырлануучу тараптын Г. Огобаева менен В. Кузиненко мурдагы кылмышын жабуу үчүн акчага муктаж болуп турган жана маркум А. Гнетов акча бербей койгондо ага ызаланып, ар кандай шылтоолор менен андан өч алууну көздөшкөн. Ошондуктан мурда бирин-бири көрбөгөн, тааныбаган адамдардын ортосунда “сени тигинтип айтты, мындай кылам деди” деп чагымчылык уюштурушкан, — деген божомолдун чындыгы бардай. Ал эми сот залында Б. Душанбинов маркумдун апасы Е. Гнетовага “сиз менин турпатымды көрүп турасыз, Александрды мени өлтүрдү деп ойлойсузбу” деген суроосуна Е. Гнетова “жок, мен антип ойлобойм, менин балам сендейден экөө келет болчу, сен анын бир муштумунан чыкмак эмессиң” деп жооп берген.

Ал эми түн жарымында А. Букараев менен Б. Душанбиновду окуя болгон жерге тигил экөө такси менен алып келип, үйдү көрсөтүп берген учурда да Б. Душанбинов ачык турган дарбазадан короого кирип, бирок “эч ким жок экен” деп кайра чыкканда В. Кузиненко “андай болушу мүмкүн эмес” деп өзү баштап кирип, үйдү жакшы билген адам катары түз эле А. Гнетов уктап жаткан бөлмөгө ээрчитип барып аны ойготкон. Анын үстүнө кирип баргандан кийин Б. Душанбинов А. Гнетовго “мен Бахамын, мени тааныбай туруп эмне үчүн мен жөнүндө сүйлөйсүң” деп сурап баштаганда В. Кузиненко ортого аралашып, тигини сүйлөтө койбой уруп-сабап баштаган. Ошол учурда Б. Душанбинов “биринчи суроого жооп берсин” деп В. Кузиненкону токтотууга, чыр-чатакты басканга аракет кылган. Бирок, В. Кузиненко ага көнгөн эмес. Анын адаттан тыш агрессивдүүлүгүн А. Букараев да ырастап, такыр эле кеп укпай жатканда арактын бош бөтөлкөсү менен башка чаап токтоткондугун көрсөткөн. Мындай учурду В. Кузиненко өзү да көрсөтмөсүндө тастыктаган.

Ошол учурда Г. Огобаева үйдө жалгыз эле А. Гнетов эмес анын атасы С. Гнетов да бар деген маалыматты айтып, А. Букараевди ал уктап жаткан бөлмөгө ээрчитип барган.

Окуянын катышуучулары өз көрсөтмөлөрүндө менин уулум Б. Душинбинов маркум Гнетовдорду уруп-сабап, же тепкилеп жатканын көргөн бир да учурду жазышкан эмес. Экинчиден, Б. Душанбинов ошол учурда башка бирөөнү буту менен тепкилегенге физикалык жактан мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Анткени ал ага чейин жол кырсыгына кабылып, авариядан буту сынып бүгүлбөй калган эле. Бул факты дарыгерлердин тиешелүү тактамалары менен тастыкталат. Ал эми жабырлануучу тарап кийинки соттук териштирүүлөрдө уулум Б. Душанбиновдун сырткы келбетин, боюнун кыскалыгын, арыктыгын көрүп туруп анын В. Гнетовду уруп-сабагандыгына ишенбей тургандыгын билдиришкен.

Соттук-медициналык экспертизанын 25.02.2016-жылдагы № 29 сандуу корутундусуна ылайык С. Гнетов мойнундагы көптөгөн сайгыланган-кескиленген жарааттардан жана ички органдардын кансыроосунан улам каза болгон. СМЭнин 25.02.2016-жылдагы № 30 сандуу корутундусуна ылайык А. Гнетовдун өлүмү да мойнундагы кескиленген, сайгыланган жарааттардан аккан кандан улам кансырап жатып каза болгон.

Соттук-медициналык экспертизанын бул корутундуларында жабырлануучулар каза болгонго чейин бир нече сырткы жеңил дене жаракаттарын алгандыгы, бирок алар адам өлүмүнө алып келбестиги көрсөтүлгөн. Демек, өлүмдүн негизги себеби бычак менен кескилеп-сайгылагандан болгон. Окуя болгон жерден бир даана ашкана бычагы жана бир даана чөнтөк бычак (маки) далил зат катары алынып, алардан жабырлануучуларга тиешелүү болгон кандын издери табылган.

Жогорудан белгилүү болгондой, чөнтөк бычакты (маки) бул үйгө В. Кузиненко алып келген. Ал эми аш бычакты аш-бөлмөдөгү сакталып турчу жеринен Г. Огобекова алып, кылмышкерлердин бирине бериши мүмкүн, анткени ал ар дайым үйгө кирип, кайсы буюм кайсыл жерде турганын билчү деген жабырлануучу тараптын божомолунда чындыктын учкуну жатат.

Бирок, айыпталуучулардын бири да бычак жөнүндө сөз кылбайт, көргөн эмеспиз дейт. Б. Душанбиновдун көрсөтмөсүнө караганда ал ичи ооруп ажатканага кирип кеткен учурда кимдир бирөөнүн сыртка чыгып баратканын угат. Ажатканадан чыккандан кийин Г. Огобаева менен А. Букараевдин сыртта тамеки тартып турганын көрөт. Аларга кошулуп үчөө сыртта турган мезгилде үйдүн ичинде калган В. Кузиненко чыгып келет. Демек, В. Кузиненко ар дайым жанында ала жүрчү чөнтөк бычагы менен Гнетовдорду сайып өлтүрүүгө убактысы жана толук мүмкүнчүлүгү болгон. Ошондуктан анын окуя болгон учурда кийип жүргөн курткасы менен шымынан маркумдарга таандык болгон кандын издери табылып жаткан жокпу!?. Андан калса, В. Кузиненко эшиктин туткасын, арактын бөтөлкөлөрүн, ж. б. идиш-аяктарды аарчып, аларга түшкөн манжалардын изин өчүрүп жүргөндүгү да чоң күмөндү жаратат.

Тергөөнүн милдетине — ар бир күнөөлүү адам өзү жасаган кылмышы үчүн адилет жоопкерчиликке тартылуусуна жана күнөөсү жок бир дагы адамдын жазык жоопкерчилигине тартылуусуна жана соттолушуна жол бербөөнү камсыз кылуу кирет. Тилекке каршы, бул кылмыш окуясында тергөөчүлөрдүн шалаакылыгынан айыпталуучулардын ар биринин аракеттерине так баа берилбей, т. а. ким кимди кайсы жерине колу менен урду, буту менен тепти, ким кайсы бычак менен кимди кандайча жана кантип сайды деген суроолор жоопсуз калган. Мисалы, Б. Душанбиновдин аракети менен Гнетовдордун өлүмүнүн ортосундагы себептик байланыштары иликтенген эмес. Эгер тергөөнүн тыянагына ишене турган болсок, Б. Душанбинов 6 ай тергөөдөн качып жүргөндүгү анын бул иште айыптуу экендигин далилдейт имиш.

Албетте, Б. Душанбинов окуя болгондон кийин из жашырып качып кетип, кийин милицияга өзү келген. Качып кеткен себебин, окуя болгон түнү тааныштары менен каза болгон адамдардын үйүндө болгондуктан, кийин алардын каза болуп калгандыгын уккандан кийин коркконунан качып кеткендиги менен түшүндүргөн. Бирок качып жүрө берүү анын күнөөсүн жеңилдетпестигин сезгенден кийин өз каалоосу менен милицияга келген.

Эми, үйдү ким өрттөдү?- деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. А. Букараев алгач кармалган учурда Гнетовдордун үйүнөн чыгып Г. Огобаева менен В. Кузиненко Салиева көчөсү менен Лермонтов көчөсүн көздөй, ал эми Б. Душанбинов экөөбүз Аламүдүн‑1 тараптыкөздөйкеттик. ЖолдобаратыпБ. Душанбинов“тамглухамывсерешили”депайтканда ойлонуп туруп “давай сожжем дом, чтобы не оставлять следы” деп сунуш келтиргендигин, саат 5тер чамасы болуп калгандыктан Б. Душанбинов Чүй проспектиси тарапка бензинге жөнөп, андан кийин экөө Аламүдүн райондук акимчилигинин жанынан жолуккандыгын, кайрадан Гнетовдордун үйүнө киришип, 1 литр бензинди жерде жансыз жаткан А. Гнетовго, андан кийин С. Гнетовдун үстүнө куюп, эшикти көздөй дорожка жасап, колундагы зажигалкасы менен бензинди күйгүзүп, зажигалканы да күйүп жаткан үйдүн ичине ыргытып жибергендигин көрсөткөн. Дагы бир көрсөтмөсүндө, окуя болгон жерден кеткенден кийин В. Кузиненко ага телефон чалып, Гнетовдордун каза болуп калгандыгын айткандан кийин “изди жок кылууну” чечкендигин, ошондуктан Б. Душанбиновдон бензин алып келүүсүн сурангандыгын, бирок өзү өрттөбөгөндүгүн айтат.

Ал эми Б. Душанбинов көрсөтмөсүндө окуя болгон үйдөн чыккандан кийин Г. Огобаева менен В. Кузиненко качып жөнөгөндө алардын артынан кубалагандыгын, бирок аларга жетпей калып артын караса А. Букараев да кетип бараткандыгын көрүп, өзү Октябрь көчөсү менен жогору үйү тарапка кеткендигин айтат. Ал үйүнө келип бир топ убакыт өткөндөн кийин А. Букараев анын телефонуна чалып “куртка алып сыртка чык” деп сурангандыгын, чыкса үйдүн жанында таксиде А. Букараев тургандыгын, ал куртканы алып кийип, “пиво ичкиң келеби” деп сураганда макул болуп таксиге отуруп, жолдон А. Букараев үйүнө кирип пакет көтөрүп чыккандыгын, андан кийин “Туңгуч” тарапты көздөй баратышып АЗСтин жанынан токтоп, А. Букараев таксини коё берип, жерден баклажка издеп таап май куюучу жайга кирип бензин алалбай чыгып, андан кийин Б. Душанбиновго 40 сом акча берип жөнөткөндүгүн, ал 1 литр бензин алып келип А. Букараевге бергендигин, экөө Ауэзов көчөсү менен төмөн басып БЧКнын жанына келгенде А. Букараев колундагы пакетке бензин куюп өрттөгөндүгүн, андан ары үйлөрүнө таркап кетишкендигин көрсөтөт.

А. Букараев маркумдардын денесин жана үйдү Б. Душанбинов өрттөдү деп келген болсо, Б. Душанбинов милицияга өзү келгенден кийин көрсөтмөсүн таптакыр башкача кылып өзгөртөт. 27.09.2016-жылдагы ал экөөнүн ортосундагы беттештирүү протоколунда “тергөөчү кысым кылгандыктан ушундай көрсөтмө бергенмин, чындыгында үйдү мен өрттөгөм. Бакыт билген да, көргөн да эмес” деп көрсөтмө бергендиги жазылып турат.

Мындан сырткары иштин ичинде А. Букараевдин 16.02.2018-жылы Чүй областтык сотуна жана 17.11.2018-жылы Жогорку Сотко жазган арыздары тиркелген. Бул арыздарында А. Букараев: -…на следствии и на судебном заседании первой инстанции я оговорил Душанбинова Б. Э. с целью избежать для себя сурового наказания. В данном оговоре я раскаиваюсь и хочу дать признательные показания в том, что во время убийства и поджога его со мной не было, я совершил данное деяние собственно ручно. Прошу взять во внимание мои слова и пересмотреть уголовное дело в отношении Душанбинова Б. Э. потому что он был безвинно осужден в преступлении, в котором он не совершал…”

А. Букараевдин мындай арыздары, көрсөтмөлөрү бири да сот процесстеринде көңүлгө алынбай келет.

19.12.2017-жылдагы Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен А. Букараев, Б. Душанбиновдор өмүр бою абакка кесилип, ал эми Г. Огобаева менен В. Кузиненко “кылмышты жаап-жашыргандыгы үчүн” 7–6 жылга эркиндигинен ажыратылган.

27.07.2018-жылдагы Чүй областтык сотунун коллегиясы жогорудагы экөөнүн жазасын күчүндө калтырып, ал эми Г. Огобаева менен В. Кузиненконун жаза мөөнөтүн 4 жылга өзгөртүп, аларды сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарган.

Ал эми 05.11.2018-жылдагы Жогорку Соттун аныктамасы менен райондук жана областтык соттордун өкүмдөрүнүн Г. Огобаева, В. Кузиненколорго карата бөлүгү бузулуп, кылмыш иши кайрадан кароо үчүн Аламүдүн райондук сотуна жиберилген.

Урматтуу Президент!

Бул иш боюнча Б. Душанбиновго карата кабыл алынган өкүмдөрдү бузуп, ишти кайрадан кароо үчүн Аламүдүн райондук сотуна жиберүүнү суранган даттануубуз өлкөнүн Жогорку Соту тарабынан канааттандыруусуз калтырылды.

Сот адилеттигинин эң маанилүү акты — өкүм, ал соттолуучунун жасаган кылмыш иши боюнча же күнөөлүүлүгү же күнөөсүздүгү, ошону менен бирге ал күнөөлүү деп табылса аны жазалоо маселеси тууралуу соттун чечими болуп саналат.

Жабырлануучу тараптын арызынын негизинде Г. Огобаева менен В. Кузиненколорго карата колдонулган жеңил жаза бузулуп, кайрадан териштирүү жүрүп жатат. Ошол эле учурда Б. Душанбиновго карата чыгарылган өкүм да бузулуп, тергөөнүн кетирген кемчиликтерин толуктап, тиешелүү процессуалдык эксперименттерди жүргүзүү менен айыпкерлердин аракеттерине өз-өзүнчө баа берилүүсү керек эле. Андай болбогон учурда жарандар сот өкүмү менен адилетсиз жазага тартылып, бүт өмүрүн камакта олтурууга мажбур болууда.

Мейли, менин баламдын адам өлтүргөндүгү далилденсе өз мойну менен тартсын демекмин. Жок, анын өлтүрүүгө катышкандыгы далилденбесе, анда турак-жайга мыйзамсыз кирүү, денеге залал келтирүү беренелери боюнча жазасын тартышы керек.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мен Сизге эне катары, эмгек ардагери катары кайрылып суранам, менин бул арызымды Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, Башкы прокуратурага толук териштирип чыгууну табыштап, анын натыйжасын өз көзөмөлүңүзгө алыңыз! Бейкүнөө адамдар чала сабат тергөөчү менен кенебес соттун курмандыгы болуп калбасын. Бул жерде адам тагдыры жатат. Эгер баламдын адам өлтүргөн күнөөсү айныгыс далилдер менен далилденсе, анда мен да тагдырга тан берип, башка салганды көтөрөйүн. Эгер далилденбесе, анын аракеттерине жараша мыйзам чегинде чара колдонулсун.

“Жаңы Ордо” гезити, №37 (651),  20-декабрь, 2019-жыл.

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *