shadow

Ош окуяларынан үч жарым ай өткөн соң, республикалык парламенттин кезексиз сессиясы болду. 24-октябрда сессиянын трибунасынан Медетхан Шеримкулов Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюро мүчөлөрүнө кайрылып, өз ыктыярлары менен чогуу түрдө кызматтан кетүүнү сунуш кылды. Бул анын Ош трагедиясын өз жүрөгүнө абдан жакын кабыл алганынан улам болду. Ал ошон каардуу күндөрдө өзүнүн көз алдында болгон кан төгүүлөрдү токтотуп кала албаганы үчүн өзүн көпкө чейин күнөөлүүдөй сезип, кайгы тартып жүргөн. Медетхан Шеримкулов өлкө жетекчилиги бул окуяларды алдын алууда колунан келгендин баарын жасоонун ордуна, чыңалып, жыйылып калган маселелерди байкамаксан болуп, башын катууга аракет кылганы үчүн өзүн күнөөлүү сезген. Ошондуктан, ал үчүн бул трагедия абдан оор так калтырды.

Бирок, бул трагедия үчүн күнөөнү демократиялык кыймылдын лидерлерине тагууга аракет кылгандар да чыкты. Алар болсо, тескерисинче, бардык күнөөнү коммунисттердин моюндарына үйүп, бул бийлик чирип бара жаткандыгын, бардык жамандыктар ушундан улам жаралып жаткандыгын ачыкташты. Чынында эле, бул эки тараптын тең өз алдынча алганда жүйөөлүү аргументтери жетишерлик болчу. Бирок, Медетхан Шеримкуловго конкреттүү кызматтык жетекчилердин бейкүнөө адамдар курман болушкандыгы үчүн жоопко тартылышы принципиалдуу маселеге айланды. Ошондуктан ал Компартия жетекчилерин коомчулукка үлгү көрсөтүүгө чакырып, мындан ары ар бир бийлик жоопкерчиликти сезе билиши үчүн ушундай кадамга баруулары зарылдыгын талап кылды. Анын добушун эч ким уккан жок. Тескерисинче, анын көптөгөн коллегалары — демократиялык оппозициядагы коммунисттер — ага таң кала, ак каргадай мамиле жасашты…

25-октябрда, сессия башталар алдында, коммунист-депутаттар, Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов Абсамат Масалиевдин кандидатурасын президенттикке сунуш кыларын макулдашышкан. Жумагулов ушундай сунуштады. А бирок, күтүүсүздөн эле, демократ-депутаттар тобу Жумагуловдун өзүнүн талапкерлигин президенттикке сунушташты. Тыныгуу маалында Медетхан Шеримкулов Жумагуловго жолугуп, коммунисттер арасындагы мурдагы макулдашууну эске салып, анын өз кандидатурасын алып таштоосун талап кылды. Бирок, Жумагулов көшөрүп, каршы болду. Алып таштай турган болсо, аны депутаттар — демократиялык лагердегилер — сыйлабай калышарын билдирди. Алар анын алдына дал ушундай катуу талапты коюшуптур.

Президенттик кызмат орду үчүн болгон күрөштө коммунисттик жетекчилер — биринчи секретарь Абсамат Масалиев, Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана Компартиянын Ысык-Көл областтык комитетинин биринчи секретары Жумгалбек Аманбаевдер жарышка чыгышты. Алар үчөө тең коммунисттик системада калыптанышкан кадрлар эле. Сыягы, алдыдан жаркылдап көрүнүп, нурун чача баштаган президенттик бийликтин азгырыгы ушунчалык күчтүү болсо керек. Алар партиянын ички биримдиги жана этикалык нормалар тууралуу ойлоп да коюшкан жок. Биринчи турда эч ким жеңишке жетпеди. Экинчи турда Масалиев 171 добуш алып, жеңиш үчүн ага бар болгону беш добуш жетпей калды! Коммунисттер өздөрүнүн потенциалдык талапкерлерин өз колдору менен талкалап жок кылышкан соң, демократтар алдын ала даярдап коюшкан Аскар Акаевдин кандидатурасы авансценага чыкты. Ал бул күнү СССР Жогорку Советтин депутаты катары сессияга катышып, биринчи турдагы добуш берүүгө четтен көз салып олтурган.

27-октябрда кайрадан президентти шайлоо башталды. Ысык-Көл областынын аткаруу комитетинин төрагасы Насирдин Исанов, академик Аскар Акаев, Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин төрагасы Жумабек Асанкулов, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин секретары Медетхан Шеримкулов — баары он эки талапкер сунушталды. Кайрадан өз талапкерликтерин алып салуу орун алды. Жумабек Асанкулов кадыр-баркы абдан жогору — эски профессионал чекисттердин бири — юмор менен сүйлөп, өзүнүн пайгамбар жашына келип калгандыгын, эми жаштарга кошулуп жарышка түшүп, артта калып маскара болгусу келбегенин айтып, өз талапкерлигин алып салды. Медетхан Шеримкулов эки күн мурда айткан сөзүн кайталап, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жетекчилеринин Ош окуяларындагы саясий жоопкерчилиги жөнүндө, президенттик кызматка талапкер болууга моралдык укугу жоктугун айтып, өз кандидатурсын алып таштады.

Экинчи турга Аскар Акаев менен Насирдин Исанов экөө чыгышты. Кайра добуш берүүдө Аскар Акаев 179 добуш алып, Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланды. Медетхан Шеримкуловго өз дарегине далай жемелерди угууга туура келди. Ага болгон таарынычтарын жашыра алышпагандар да болду. Өз коллегалары — коммунисттерден баштап, коммунисттерге да, демократтарга да кошулбай калышкан көз карандысыз депутаттарга чейин нааразы болушту. Алар өз симпатияларын жашырышпай, Медетхан Шеримкуловго добуш бермекчи болуп жатышкан. Добуш берүүчү бюллетенде Медетхан Шеримкуловдун фамилиясы жок болуп калгандыгына өкүнүштү. Алар эгемен республиканын абалы оңолбой жатканына кийин узак убакыт бою Шеримкуловду тамаша-чыны аралаш “күнөөлөп” жүрүштү, “ушунун баарына сиз да күнөөлүүсүз!” — дешип… Андан бери отуз жылча убакыт өтсө да, алиге чейин Медетхан Шеримкуловго жолугуп калганда, кээде ошол тагдыр чечүүчү добуш берүүнү эске салышкан адамдар болот. Бирок, Медетхан Шеримкулов бул чечими үчүн бир да жолу өкүнгөн эмес. Ошол мезгил үчүн эң туура жана адилет чечим болгон деп эсептейт.

Кыргыз ССРинин соңку чакырылган Жогорку Кеңеши 1990-жылдын апрелинен 1995-жылдын март айына чейин иштеди. 1993-жылдын майында жаңы Конституция кабыл алынып, кыргыз парламенти жаңыча — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деп аталып калды. Бирок, Совет доорунда шайланган депутаттар өздөрүнө мыйзам боюнча берилген ыйгарым укуктарын ардактуу өтөштү. Аларга өз төрагасы Медетхан Шеримкулов менен чогуу жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздерин түптөгөн, тагдыр чечүүчү мыйзамдарды кабыл алуу энчиси туш келди.

Парламенттин жаңы төрагасын шайлоо

1990-жылдын 10-декабрында үчүнчү сессия өз ишин баштады. Республикалык Жогорку Советтин төрагасы Абсамат Масалиев өзүн кызматтан бошотуп коюу боюнча арыз менен кайрылды. Өз өтүнүчүн ал бүт күч-аракетин партиялык ишке арнагысы келгени менен аргументтештирди. Компартия бул кезде чын эле абдан татаал абалга кептелип, андан аркы тагдыры такыр бүдөмүк болуп турган. Кыргыз коммунисттеринин лидеринин фигурасы тууралуу кыскача болсо да айтпай кетсек болбос. Кайра куруу доорунда биринчи жетекчи болуп калган Абсамат Масалиевдин тагдыры абдан драмалуу тагдырлардын бири болуп калды. Өтө чынчыл, өз ишине берилген коммунист экендигине карабастан, Абсамат Масалиев советтик коомчулукта соңку кездерде боло баштаган өзгөрүүлөрдү адекваттуу кабыл алууга жөндөмсүз болуп чыкты. Анын эч бурула албаган ийкемсиздиги, ой жүгүртүүдөгү бир жактуулугу өзүнө каршы болду. 1990-жылы, апрелдеги биринчи сессия учурунда эле депутаттар президенттик кызмат орунду түзүүнү сунуш кылышып, Масалиевдин өзүнө президент болууну сунушташкан. Ал баёолук менен бул сунуштан караманча баш тартып, өлкөдө жалпы эл шайлаган бир президент — Михаил Горбачев бар, башка президенттин кереги жок деп чыккан болчу!

Коомдук маанай түп-тамырынан бери өзгөрүлүп, жалпы союздук республикалардын баарында сепаратчыл маанайлар үстөмдүк кыла баштаганына карабастан, кыргыз коммунисттеринин лидери ушундай коркок, баш көтөрбөс позицияны карманып, өз доорунун демин сезбегени үчүн катуу жазалангандай болду…

Ош окуясынан кийин Абсамат Масалиев такыр башкача өзгөрүп кеткен.

Сыртынан билдирбегени менен да, анын ичинен абдан капаланып, өз жетекчилик ишине да ичи чыкпай жүргөнү байкалчу. Масалиев ноябрдын орто ченинде эс алууга чыгып, Москвага — Барвихага кетти. Медетхан Шеримкулов күн сайын эртең менен ага телефон чалып, республикадагы иштер тууралуу билдирип жүрдү. Абдан сезгич, табиятынын интуициясы мыкты өнүккөн адам катары Медетхан Шеримкулов Абсамат Масалиевдин үнүнөн, сүйлөшкөндөгү айрым сөздөрдөн улам, Жогорку Советти жетектөөдн баш тартууну чечкенин түшүнгөн. Медетхан Шеримкулов өзүнүн эски досу, Ысык-Көл областтык аткаруу комитетинин төрагасы Насирдин Исановго телефон чалып, аны менен конфиденциалдуу түрдө, жашыруун сүйлөшө турган сөзү бар экенин билдирди. Бул жолугушуу 1-декабрдын кечинде Токмок шаарына жакын айланпа жолдо болду. Шеримкулов өзүнүн айдоочусун Исановдун машинасында анын айдоочусу менен олтурргула деп, Насирдин Исанов экөө жалгыз калышты… Эзелтен калыптанган салт боюнча, республиканын жогорку тепкичиндеги жетекчилер жалпы региондордун өкүлдөрүнүн катышуусунда, биринчи иретте, түндүк жана түштүк өкүлдөрүн эске алуу менен дайындалып келген. Акаев президент болуп шайланган соң, эми түштүк өкүлүн Жогорку Советтин төрагасы кылып шайлоо туура болмок. Медетхан Шеримкулов бул орунга Насирдин Исанов татыктуу деп эсептеди. Сессия башталардан бир күн мурда Москвадан Абсамат Масалиев учуп келди. Медетхан Шеримкулов ага өзүнүн Исанов менен болгон макулдашуусун айтты. Масалиев буга кубаттай карады… Арийне, турмуш бул планга да өз түзөтүүсүн киргизди. Дал сессия башталар алдында Насирдин Исанов Медетхан Шеримкуловго жолугуп, ага өзүнүн президенттик кабинетте азыр эле болгон сүйлөшүүсү жөнүндө билдирди. Президент Акаев аны чакырып алып, вице-президенттик кызматты түзүп жатканын айтып, бул орунду Насирдин Исановго сунуштап, ал макулдугун бериптир. Ошентип, парламент төрагасын шайлоо маселеси да өзүнөн өзү жок болду. Эми депутаттар өз төрагасын да эркин добуш берүү жолу менен тандап ала турган болушту.

Биринчи күнү Чолпон Баекова, Жумагул Сааданбеков жана Батыралы Сыдыковдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Эч кимиси өткөн жок. Ошол күнү кечинде коммунисттердин депутаттык тобу чогулушту. Мүмкүн болгон кандидатураларды талкуулап жатышып, алар спикерликке татыктуу делген он бешке жакын фамилияларды аташты. Алардын арасында фракция лидери Медетхан Шеримкулов да бар болчу. Ал бул ирет да Ош окуялары үчүн республика жетекчилеринин моралдык жоопкерчилиги тууралуу айтып баштаганда эле, Компартиянын Ош обкомунун секретары Санабар Бахапова анын сөзүн чечкиндүү түрдө бөлүп, бул жүйөө орунсуз деди. Бахапова оштуктардын баары ошол оор күндөрдө Медетхан Шеримкулов конфликтти басуу үчүн кандай чоң аракеттерди жасаганын жакшы билишерин айтты. Анын сөздөрүн депутаттык топтун башка мүчөлөрү жапырт колдоп кетишкен соң, Медетхан Шеримкуловго аргасыздан макулдугун берди. Көңүлүнүн түпкүрүндө түпөйүл болуп, эртеңки добуш берүүнүн жыйынтыгын күтүп калды.

Коомчулуктун бардык тарабында кеңири жүрүп жаткан быкы-чыкылар Компартиянын ичинде да болуп жаткан. Аларда деле мурдагыдай жогортон берилген ишарат боюнча, бир ооздон кол көтөрүп, добуш берүү деген болбой калган. 11-декабрь күнү эртең менен Жогорку Советтин төрагалыгына Медетхан Шеримкулов, Жамин Акималиев жана Феликс Куловдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн биринчи эле турунда Медетхан Шеримкулов ишенимдүү жеңишке жетишти. 177 добушка ээ болуп, беркилердин добушу бирге да буга жаземдебей алыс калышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы бул парламентте Медетхан Шеримкуловдун рейтинги абдан жогору болгондугун айкын көрсөтүп турат. Ал кезде демократиялык лагерь коммунисттерди өгөйлөп башташканына карабастан… Мунун да өз себеби бар болчу. Кайра куруу жараянынын соңунда республиканын бардык аймагында жаңыча демократиялык тенденциялар күчөп, буга жер-жерлердеги жетекчилер эски инерция менен тоскоолдук кылып башташкан.

Бул тууралуу сигналдар жана нааразычылыктар бардык аймактардан келип түшүп турган. Көз карандысыз, эркин басма сөз органдары пайда болгон. “Асаба” газетасы мурунку комсомолдук “Ленинчил жаш” газетасынан өнүп чыкса да, кыргыз тилиндеги демократиячыл маанайдагы жарандардын трибунасына айланды. Анын беттеринде Компартиянын саясаты жана жетекчилери да сынга алынчу. Муну Медетхан Шеримкулов сөз эркиндигинин, ачык айтуунун айрым бир аша чапкан белгилери катары гана карап, калыссыз айтылган сындарга чычалачу эмес. Бардык адамдар өз эркин пикирлерин билдиргенге укугу бар, ал пикири туура эмес болгон күндө да! Анын үстүнө, азыркы түзүлгөн кырдаалда басма сөздү айрым кемчилдиктери үчүн чектөөгө болбойт деп эсептечү. Өзү жетектеген идеологиялык майдан маселелери абдан карама-каршылыктуу, татаал учурга туш келгендигине карабастан, коомчулукта бардык кызыкчылыктардын башын бириктирген жалпы бир чоң идеяны табуу үчүн бүт күч-дараметин жумшай баштаган. Анын толеранттуулугу, республика кызыкчылыгына каршы келбеген коомдук бардык күчтөр менен кызматташууга даяр тургандыгын көптөгөн кыймылдардын лидерлери жакшы билишчү!

Компартиянын идеологиялык маселелер боюнча секретары бүт республика аймагын кыдырып, бардык көйгөйлөр менен таанышууга тырышчу. Андай иш-чаралар шайлоо өнөктүгү алдында көбөйө турган. Борбордо жана борборго жакын аймактарда, республиканын түндүк тарабындагы кырдаал бир аз дурусурак болсо, түштүк тарап такыр артта калганы сезилип турчу. Ал жакта демократтар катуу сынга кабылышып, ал тургай кээде жат элемент катары куугунтукталып жатышкан.

Болочок депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Бегиш Ааматовдор ушул сыяктуу сыноолордон өтүштү. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Компартиянын экинчи секретары болуп иштеген Ааматов өзүнүн демократияга жана ачык айтууга болгон саясий көз караштары боюнча жетекчилиги менен келише албай, кызматтан кетип, эми жеке ишкердик менен алектенип жүргөн. Түштүктөгү эң алгачкы дыйкан чарбаларынын бирин ачып, өрдөктөрдү багып жүргөн. Ал эми айылдык мектептин физика боюнча аты-жыты эч кимге белгисиз жаш мугалими Өмүрбек Текебаев, пахта жыйым-терими учурунда окуучулардын укугун коргоп, бул үчүн райондук милициянын “кутузкасында” жатып чыккан. Район жетекчилери шайлоого карата даярдыктар тууралуу Медетхан Шеримкуловго баяндай келип, жогоруда айтылган эки “демократ” жөнүндө, тарапташтары өтө аз экендиги белгиленген. Шеримкуловдун көңүлүн жайгара, “биз аларды өткөрбөйбүз, тынчсызданбай эле коюңуз!” — дешет. Мактоо угуунун ордуна катуу жемеге кабылышты: бийликти сындаганы үчүн же башкача ой жүгүрткөнү үчүн куугунтуктаганды токтоткула! Эл өзү тараза болуп, кимдерди шайлагысы келсе, ошолорду эркин шайласын деди.

Шеримкулов шайлоого катыша турган бардык уюмдар менен тиешелүү иш-чараларды өткөрүп, аларга Компартия жарыялаган ачык айтуу менен демократиянын маңызын түшүндүрүп берди: шайлоо эркин өтүп, эл өзү гана кимдердин депутаттыкка татыктуу экендигин аныкташы керек! Шеримкуловдун ушундай иш-аракеттеринин натыйжасында гана, парламенттик шайлоо демократиялуу шайлоо болуп, атаандаштык негизде, таза жана эркин өттү.

Мамасалы АПЫШЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №14 (666),  4-сентябрь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *