shadow

Кыргыз качан, канткенде оңолобуз? Өз алдыбызча эгемендикке ээ болгондон бери эле ушул суроонун жообу табылбай койду?

Президенттик бийлик жарашпайт экен, бийликти бир адамдын колуна бербеш керек экен, башкаруу системасын өзгөртүш керек экен, — деп чыктык. 2010-жылдан бери парламенттик башкарууга өттүк эле, бул башкаруу деле өзүн актаган жок. Ал жалпы коомчулукка ачык далилденип турат, терең чечмелөөнүн зарылчылыгы жок деп эсептейм. “Чимкирик” атка татыган парламенттен эмнени күтмөк элек…

Эми парламентке 9 пайыздык босого керекпи? Же жаштардан, жаңы адамдардан турган парламент курабызбы?- деген суроого жооп таба албай турабыз. Кеп “босогодо”, же “жаш курагында” эмес, кеп “эшегине жараша тушагы” дегендей, бизде саясый партия деген эмне экенин түшүнбөгөн партиялардын өзүндө, алардын лидерлеринде

“Саясый партия”, анан “партия” деген эки түшүнүк бар. Биринчиси, туруктуу идеологиясы бар, мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө дарамети жетиштүү, мамлекеттик бийлик органдарына шайлануу укугу уставында көрсөтүлгөн саясый орган.

Экинчиси, мамлекеттик бийлик органдарына шайлануу укугуна ээ эмес (Уставында мындай норма камтылбаган), туруктуу идеологиясы болбосо дагы бир максатты, кызыкчылыкты көздөгөн коомдук уюм, же бирдей кызыкчылыктагы адамдардын тобу. Мисалы, “Афгандар партиясы”, “Курулушчулар партиясы”, “Ардагерлер партиясы” ж. б. у. с. Алар мамлекеттик деңгээлдеги саясатты жүргүзүшпөйт, өздөрүнүн кызыкчылыгынын тегерегинде иш алып барышат. Булар мамлекеттик бийлик органдарына шайланууга өз алдынча бара алышпайт, анткени Уставында андай норма каралган эмес. Булар саясый партия эмес, кызыкчылыгы бирдей адамдардын гана тобу.

Эгерде бизде 180 же 200 саясый партия каттоодон өтсө, алардын бири-бирине окшошпогон 200 түрдүү идеологиясы болсо, бечара кыргызым кайсы идеологияны тандап алат? Деги Юстиция министрлиги саясый партияларды каттоодон өткөргөндө ушул маселени көңүлгө алабы?

“Итти өлүгү” каякта катылган?..

Парламенттик башкаруу системасына барабыз, — деп телтектегенден мурда ушул саясый партиялар тууралуу мыйзамды жөндөшүбүз керек. Анда саясый партиялардын мүчөлөрүнүн саны республика боюнча канчадан кем болбошу керек экендиги так көрсөтүлүүсү зарыл.

— Айталы, өлкө боюнча 5 миңден кем эмес, — дей туралы;

— Ар бир дубанда элдин санына жараша мүчөлөрү болуп, алар аймактык уюм катары каттоодон өтүүгө тийиш.

Мисалы, мүчөлөрдүн саны Ош, Жалал-Абад, Чүйдө 700–800дөн кем эмес. Ар бир областтагы район, шаарлардын үчтөн экисинде, ар бир райондогу айылдардын үчтөн экисинде баштапкы ячейкалар болуп, аларда партиянын мүчөсү 5тен кем болбосо баштапкы уюм катары катталат;

— Ар бир саясый партия президенттик, парламенттик шайлоого 2 жолудан катышат, чектелген босогодон өтө албаса андан кийинки шайлоолорго талапкер көрсөтүү укугунан ажыратылат (Демек, саясий партиялар табигый жол түрдө биригет, ириленет, партиялардын саны оптималдуу болот);

— Президентти, парламенттик шайлоодо жеңип келген саясый партияларга мамлекет тарабынан финансылык колдоо көрсөтүлөт;

Мына ушуга окшогон нормалар мыйзамда так көрсөтүлүшү керек. Биздин реалдуу турмушта кандай болуп жатат? Акаевдин “Алгасы”, Бакиевдин “Ак жолу” эч бир идеологиясы жок, жер-жерлерде партиянын туруктуу мүчөлөрү болбосо деле тайке-жээн, куда-сөөктөрдү каттатып, кландык, регионалдык партияларды ара төрөлгөн балдардай кылып шайлоонун алдында түзө салышты. Аягы эмне болду? Өлдү! Аты бар, заты жок болгондуктан келечеги да болгон жок. Ошого жараша өмүрү да кыска болду…

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо да көптөгөн шаарларда ушундай көрүнүштөр болгон. Ушул маселе чечилбесе мындан кийинки парламентте деле “базарком”, “чимкирик”, “”порпок баш” дегендер толуп алат. Анан кыргыздар айткандай “орун тийсе төрдөн нааданга, улагада калганыңа арданба”- дегендей, башы иштеген, чыныгы адис, илимдүү-билимдүү адамдар сыртта кала берет. Кыргыздын көнгөн-көргөн турмушу улана берет.

Азыр бизге күчтүү президенттик бийлик керек болуп турат. Башка жол жок.

Ал эми парламентке 75 депутат, анын ичинен 45 депутат бир мандаттуу округдардан, калган 30 депутат партиялык тизме менен шайлансын. Ошондо азыркы партиялык диктатура жок болот, өкмөт туруктуу иштейт. Президент түздөн-түз элдин көзөмөлүндө болуп, эл алдында жоопкерчиликти алат.

Парламенттик башкарууга качан партиялар ирилешип, туруктуу идеологиясын иштеп чыгып, жер-жерлерде электораттарга ээ болгондо гана барсак болот. Ө. Текебаев, Р. Жээнбеков дегендердин утопиясына тоюнуп бүттүк. Кыскасын айтканда: -саясый партиялар тууралу мыкты мыйзам; -саясый партиялардын багытын ачык көрсөткүн, элге жеткиликтүү идеологиясы; -күчтүү президенттик бийлик; Мына ушул үч маселе чечилмейин, парламентке босогону канча коёбуз, парламентти жалаң жаштар менен аялдардан коёбузбу, майнап чыкпайт. Биздин мамлекеттеги “бийлик оорсунун” диагнозу ушунда. А парламент азырынча мыкты мыйзамдарды иштеп чыгып, анын аткарылыш багытында иш алып барсын.

Эми, мындай мыйзамды ким демилгелейт? Менин оюмча, коомчулуктун өкүлдөрүнөн демилгелүү топ түзүү керек.

Аманкул МОЛДАЛИЕВ,

Бишкек шаары,

эмгек ардагери

“Жаңы Ордо” гезити, №4 (656), 28-февраль, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *