shadow

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Ш. Жээнбековго

Жеке ишкер Боскунчиев

Болоткан Сырганалиевичтен

ҮМҮТ КАТЫ

“Дос-Кредобанк” менен менин тагдырым 2004-жылдан 2010-жылга чейин ишкерлик мамилесинде уланды. Эл сыңары Дос-Кредобанкка Токмок шаарынын Жантаева көчөсүндөгү жана Чүй районунун Искра айылындагы эки май куюучу заправкамды күрөөгө коюп иштеп жүрдүм. Ошол жылдары негизинен Казакстандан бензин жана солярка ташып иш кылдык. Чынын айтсам Кыргызстанга көп пайдалуу жумуштарды жасадым. Менин иш-аракетимден “Дос-Кредобанк” миллиондогон кирешелерди тапты. Мен сыяктуу ишкерге банк урмат-сый менен мамиле кылбай, кайра теңирден тескери иштерди жасап кирди. Негизи банк жашоодо акча берген адамдын, кардарынын процентин так эсептеп иш кылса кандай жакшы болмок. Тилекке каршы “Дос-Кредобанк” менден бүтүндөй каржысын кайтарып алып, “Дос-Кредобанктын” ошол мезгилдеги жетекчиси Абдыразаков Орозбек менен анын орун басары Светлана Радионова жана “Дос-Кредобанктын” Токмоктогу филиалынын башчысы Жунушалиева Дамира күрөөгө койгон менин эки автозаправкамды Казакстанга таандык “Денис-Ойл” компаниясына билип туруп кызмат ордуларынан пайдаланышып, караөзгөйлүк менен менин менчигимди сатып жиберишкен. Бул окуя 2004-жылы болгон. Соттошуп жатып заправкаларымды кайра алдым. Мага жөн беришпей талкалап, бузуп таштап кетишти. Ошондон баштап банк менен менин ортомдогу сот прецесстери бүгүн да аягына чыкпай келет. 15 жыл акыйкат талашып, натыйжада “Дос-Кредобанктын” 3 жетекчиси Орозбек Абдыразаков, Светлана Радионова, Дамира Жунушалиева соттолуп, күнөөлөрү мойнуна коюлду. Абдыразаков менен Радионованын кылмыш ишинен цитата келтирем:

“В период времени с 14.04.2004 г. по 02.06.2008 г., председатель правления “Дос-Кредобанк” Абдыразаков О. с целью получения материальной выгоды путём обмана, вступив в преступный сговор с заместителем председателя правления Банка Радионовой С. А., используя свои распорядительные и управленческие функции в коммерческой организации, не обременяли две автозаправочные станции на имя Боскончиева Б., хотя последним условия договора были исполнены досрочно, в полном объёме. Денежные средства в сумме 35 000 долларов США, сданные Боскончиевым Б. не были направлены по назначению на погашение аванса за заправки, а проконвертированы в сомы, а в последующем выданы неустановленному лицу в сумме 1 510 827, 50 сомов. 02.06.2008 г. автозаправочные станции, расположенные по адресу: г. Токмок, ул. Жантаева, 37 “А” и в с. Искра Чуйского района, ул. Биянху, на основании заключенного между ОАО “Дос-Кредобанк” и гр. Боскунчиевым Б. мирового соглашения были переданы в собственность Боскунчиева Б., который принял обязательства о доплате банку 20 000 долларов США в счёт стоимости заправочных станций. В результате противоправных действий должностных лиц “Дос-Кредобанк” — председателя правленимя Абдыразакова О., его заместителя Радионовой С., связанных с повторной продажей двух автозаправочных станций, Боскончиеву Б. был причинён материальный ущерб на общую сумму 23 788 000 (двадцать три миллиона семьсот восемьдесять восемь тысяч) сомов с учётом пени и упущенной выгоды согласно условий договора финансовой аренды (лизинга) от 25 мая 2003 г., заключенного между Токмокским филиалом “Дос-Кредобанк” и Боскунчиевым”.

2015-жылдын 30-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы С. Б. Чотонов “Дос-Кредобанктын” төрагасы Орозбек Абдыразаков менен анын орун басары Светлана Радионованын үстүнөн бул кылмыш иш боюнча айыптоо өкүмүн чыгарды. Сотко чейин тергөө булардын үстүнөн кылмыш жаза кодексинин 4 статьясы менен кылмыш жасады деп, ошондогу кылмыш жаза кодексинин 171-, 348-, 221-,166-, беренелери менен айыптаган. Тергөө “Дос-Кредобанктын” бул эки жетекчиси кызмат абалдарынан пайдаланышып, кардардын мүлкүн рейдерлик жол менен алдамчылык аракеттерин жасап, жасалма документтерди даярдашып, бирөөнүн мүлкүн кара ниеттик менен жашыруун сатышканы аныкталган. Ал гана турсун бул эки адамдын аракети менен менин акыркы ирет банкка төккөн 20 000 доллар акчаны өздөрүнө ыйгарып алганы да аныкталган. Мындай аракеттер менен алар менин эки автозаправкамды башкаларга сатуу менен мага 23 788 000 сом материалдык зыян кылышкан. Сотто булардын кылмыштуу аракеттери так коюлуп, бирок сот кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кетти кыясында болгону Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-салык төлөөдөн качуу статьясы менен гана өкүм чыгарып койду.

Урматтуу

Сооронбай Шарипович!

“Дос-Кредобанктай” алдамчы банк болбосо керек. Банк менен соттошуу адамдын жашоосундагы эң оор жана татаал иш. Банктын төрагасы менен орун басарын соттотом деп жүрүп эки ирет инфаркт алдым. Ооруп өзүмө келгиче убакыттар өтүп жатты. Свердлов райондук сотунун судьясы Чотоновдун өкүмү жогорку сотко чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Андан кийин “Дос-Кредобанктын” Токмоктогу филиалынын башчысы Дамира Жунушалиеванын кылмыш иши боюнча соттошуп, анын да өкүмү жогорку сотко чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Бирок бүгүнкү мезгилде мага “Дос-Кредобанктын” келтирген зыяны 50 миллион сомго жакын сумманы түздү. Анда аудитордук компаниянын жыйынтыгына маани берсек:

“Согласно Аудиторского заключения главного специалиста Компании “Аудит стандарт” Аманкулова И. Ш. от 12.03.2014 года, значится: “…Дос-Кредобанком с 14 апреля 2004 года по 21 июля 2010 года использовались, денежные средства Боскончиева Б. в сумме 2 212 460 сом + 20 000 $ США в обороте банка.

1) 478869 * 2288 дней 30 017 787 сом

2) 15962, 5 * 2288 дней 36 521 742 сом

3) Курсовая разница за период с 14 апреля 2004 г. По 21 июля 2010 года 4 481 121 сом согласно Нормативно-правовых актов 2004–2011 гг.

4) Инфляция цен за ГСМ согласно статистической отчетности с 14 апреля 2004 г. по 21 июля 2010 г. определена согласно Сборника статистический данных за 2004–2011 гг. 4 642 132 сом.

5) Всего ущерб составляет 49 256 545 сома.

Эми жыйынтыгын айтканда, банктардын жетекчилеринин күнөөсүн койгонго эле 15 жыл кетсе, мага жасалган материалдык зыянды өндүрүү үчүн канча жыл өмүрүм кетет билбейм. Буга чейин райондор аралык сотуна кайрылып зыянды өндүрүү аракеттерин көздөсөм, мөөнөтү өтүп кеткен деп арызымды кароосуз калтырышты. Мен эки ирет инфаркт алып жатып дарыланып жүрүп, соттошконго чамам да келбей калып жатты. Жакында ошол инфаркт алып доктурда жаткан мезгилимдин кагаздарын алып экинчи ирет райондор аралык сотуна кайрылдым. Тагыраак айтканда 2019-жылдын 16-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы райондор аралык соттун судьясы А. Р. Эгембердиева биздин доо арызды кароо боюнча токтом кабыл алды. Бүгүн жашоомдун бүткүл үмүтү ушул судья айымга келип токтолду. Анын калыстыгына, адилеттигине чексиз үмүттөрдү байлап, ошол эле кезде урматтуу президент Сизге маалымат каражаттары аркылуу үнүмдү жеткизүүнү максат кылам.

15 жылдан бери “Дос-Кредобанк” менен соттордун таман алдында кор болдум. Ушул кайрылуу аркылуу Сиздин кабылдамаңызга жазылууну көздөйм. Жок дегенде президенттин колун кармап, кордолгон тагдырымды айтып, ички бугумду чыгарып алсам дейм. Меникиндей тагдырды эч кимге каалабайм. Баардык мүлкүмдөн ажырап, адамдык укуктарым тебеленип кордолдум. Эгерде Сиз жүргүзүп жаткан соттук реформа оңолду десе, ал менин тагдырыман байкалыш керек. А бирок мен аны али сезген жокмун. Судья Эгембердиева ушул айдын аяк ченинде биздин ишти карайт. Андыктан бул адамдын дарегине эч кандай ашаке ойду айтуудан алысмын.

Бүгүнкү Кыргызстандын элинде соттор менен банктардын карапайым элге жасаган адилетсиздиги рак оорусунан да коркунучтуу экенин жон теримден сездим. Буга чейин мага адвокат болуп келишкен Владислав Яременко менен Андрей Мироновдун мага карата жасалган мамилеси да мени азапка салды. Алар ачыктан ачык эле мага эмес, банкка адвокат болуп алышкан. Жакынкы күндөрү бул эки адвокатымдын үстүнөн башкы прокуратурага арыз жазышым эле калды. Банк менен соттор кааласа адвокатыңды деле өзгөртүп салат экен.

Урматтуу

Сооронбай Шарипович!

Мен жогоруда айтылган тема боюнча Сизге атайын арыз менен кайрылдым. Арызым Сизге жетпей эле мыйзамдуулук жана сот реформасы бөлүмүнүн башчысы С. М. Исабаевдин арызыңды сотко жөнөттүк деген жообу менен бүттү. Конкреттүү соттордун үстүнөн арыз жазсам, алар кайра эле алардын колуна барса эмне сөз айтууга болот? Жок дегенде сурап да коюшпады. Ушундан улам маалымат каражаттарына таяндым. Сизге ишенем. Мени кабылдоого чакырасыз.

Сизди терең урматтоо менен жашоодо адилеттик издеген

Болоткан Боскунчиев.

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *