shadow

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов кечээ күнү эл колдой турган сунушту айтты. Өкмөт башчы “Саясий партияларды шайлоого жумшай турган каражатыңарды COVID-19 пандемиясы менен күрөшкө берүүгө чакырабыз. Кыйналып турган эл эмгегиңиздерге жана салымыңыздарга карап, кийин шайлоодо туура тандоого барат деп ишенемин. Ошондуктан ушул күндөрү сиздерден чоң жардам күтөбүз”, — деп кайрылды. Шайлоо деп  жалаң пулдууларды чогултуп жаткан саясий партиялар добуш сатып алабыз деп чогултуп жаткан акчасын жардамдан көзү өтүп турган элге азыр жумшаса, күздө өздөрү пландаган добуштан дагы көптү алары анык. Бороновдун бул сунушун саясий партиялар пиар иши катары пайдаланса жакшы натыйжа берери анык.

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *