shadow

 

Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстаныбызда оппозициядабыз дегендер жок эмес. Санап келсең бир топ чыгат. Алардын арасында парламентте расмий оппозиция боло туруп, бийликтин жүгүртегине айлангандар да бар. Жаңы жасалма оппозиция болуп, кызматташабыз деп бийликке кызмат көрсөтүүгө даярлар да бар. Мына ушулар ичинен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өзгөчө оппозицияда. Анткени ал азыркы бийлик системасына да, анын башында тургандарга дагы оппозицияда. Демек, системдик оппозицияда десек болот. Башкалар мындай оппозицияда боло албайт. Өзүңүз саресеп салып көрүңүз:

– 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин “парламенттик башкаруу” деп аталган азыркы бийлик системасы жана шайлоо эрежелери түзүлгөн. Бул “чала парламенттик башкаруунун” автору жана негиздөөчүлөрү азыр бийликте турган убактылуулар. Калк тарабынан кескин четке кагылып жаткан партиялык тизме менен шайлоо системасы мына ошол убактылуулар учурунда биротоло орун-очок алды.

Текебаев, Атамбаев, Жээнбековдун мына ушул “чала парламенттик башкаруу системасы” Кыргызстанды туңгуюкка алып келди. Кыргызстан банкрот абалда. Мына өзүңүз байкап, баалаңыз: тышкы карызды төлөй албайбыз, төлөөлөрдү кечеңдетип бергиле деп президент баш болуп жалдырап турушат. Бюджетте айлык акы, пенсияга каражат калбай, ага да сырттан насыя сурап, пандемия шылтоосу менен мамлекетти дагы дээрлик жарым миллиард долларга карызга батырды.

Тилекке каршы, экономикадагы бул өтө оор жана кейиштүү абалга эч ким жооп бербейт. Президент баарын өзү тейлегенге карабай “конституция боюнча финансы-экономикага кийлигише албайт” деп четке чыга берет.

Бул өтө орчун иштерге, тармактарга жооп берүүчү өкмөт бар. Бирок парламентте фракциясы турмак, бир депутаты жок адам өкмөт башчы болуп жатат. Ошондуктан аны каалаган күнү кууп жиберишет. Бул кендирди кескен абсурддук көрүнүш.

Жогорку Кеңештин абалы түшүнүктүү…

Шайлоо системасына келгенде, партиялык тизме менен шайланган парламент толугу менен коррупцияланды жана дискредитацияланды. Олигарх, коммерсанттар партияларды мамлекеттин ресурсун талоо куралына айлантып алды.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы мындай жоопкерсиз системага жана анын башында тургандарга 2010-жылдан бери түздөн-түз оппозицияда.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы аткаруу бийлигинин башында түз эл тарабынан шайланган президент туруш керек деп эсептейт. Ал баарына жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Ал эми парламент бир мандаттуу округдардан эл тарабынан түз шайланыш керек. Эл шайлаган, элге таянган парламент күчтүү болот. Ал президентти тең салмактап турат.

Сот бийлиги президенттин жана анын аппаратынын көзөмөлүнөн чыгарылып, толук көз карандысыз болууга тийиш. Мына ошондо гана соттордун көз карандысыздыгы, сот адилеттүүлүгү жөнүндө сөз кылууга болот.

Мына ушундай тең салмактанган жана жоопкерчиликтүү бийликтин негизги милдети экономиканы көтөрүү болууга тийиш. Анткени экономиканы көтөрүү аркылуу гана чек ара, коопсуздук, жол, мектеп, саламаттык сактоо жана башка социалдык маселелерди чечүү мүмкүн. Бул максаттарга жетишүү үчүн адегенде Кумтөр баш болгон алтын кендеринде казылып алынган алтындын кеминде 50% Кыргыз мамлекетине таандык болуусуна жетишүүбүз керек. Бажыдан миллиарддаган акчалар бюджеттен кыйгап кетүүдө. Мына ушул бажы, салык тармагы парламенттин тыкыр көзөмөлүндө болууга тийиш.

Тилекке каршы, бизде олигархиянын кууш кызыкчылыгы менен бийликтин сокур саясаты бири-бирине дал келип, Кумтөр баш болгон алтын кендер уурдалып, бажы кирешелери бюджеттен кыйгап өтүп, мамлекет сазга тыгылып баратат.

Башканы коюп, бир эле Кумтөргө бир аз токтолсок! Азыркы президент жана анын коммерциялык-олигархиялык парламенти Кумтөрдү мамлекетке кайтарууга бир аракет жасадыбы? Жасаган жок. Бул арада Кумтөрдөн миллиарддаган доллар акчалар, ондогон тонна алтындар чыгарылып кетип жатат.

Бир жылда “Центерра” Кумтөрдөн 20 тоннага чейин алтын казат. Аны 1 млрд долларга чейин сатат. Кыргызстан бюджетине болгону 80–90 млн доллар төлөйт. Анча-мынча өндүрүштүк чыгымдарды эске алган күндө да “Центерра” Кумтөрдөн жүз миллиондогон-жүз миллиондогон долларга туйтунуп жатат. Бул эмне деген шылуундук, алдамчылык. Президент бул жөнүндө үн катпайт. Эмне үчүн?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы гана бул системалашкан коррупциянын башын биротоло кыя чабат. Мына ошон үчүн да “Бүтүн Кыргызстан” системдик оппозицияда. Мына ошон үчүн да олигархия, коррупциялашкан бийлик “Бүтүн Кыргызстандан”, анын лидери Адахан Мадумаровдон жаны калбай коркот. Парламентке өткөрбөйбүз деп жанталашып жатышат. Бирок бул маселени Жараткан жана кыргыз калкы чечет.

Айданбек

Акматов

“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *