shadow

Жакында, т. а. 2020-жылдын 31-майынан 1-июнга караган түнү болжол менен саат 23:40 чамасында Шамалды-Сай шаарчасында бир нече адам жана транспорт катышкан жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул кырсыкта чек ара кызматкери мас абалда машина айдап баратып бир нече адамга жаракат келтиргендиги ММКларда жарыяланган эле.

Жалал-Абад чек ара башкармалыгынын чек ара кайтаруу бөлүгүнүн башчысы, майор Нурбек Калилов мас абалында өзүнүн “lexus GX 470” үлгүсүндөгү 04 KG 771 ACF мамлекеттик белгисиндеги автоунаасын Шамалды-Сай шаарчасынын Ленин көчөсү менен түндүк тарапка өтө катуу ылдамдыкта айдап баратып жолдун жээгинде токтоп турган дагы бир «lexus GX 470ти” сүзүп, ал барып “CHEVROLET MATIZ” үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Натыйжасында, жол четинде сүйлөшүп турган 3 адам жаракат алган.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, денесинен жаракат алган Шамалды-Сай шаарчасынын тургундары: 24.04.1993-ж. туулган Эгембердиев Элдияр Замирбекович, 13.07.1994-ж. туулган Мамасалиев Сапаралы Абдысаттарович жана 17.03.1993-ж. туулган Вахитов Абдулла Алфирович Шамалды-Сай шаарчасынын оорукасына жеткирилген. А. Вахитовдун абалы оор болгондуктан реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Кырсык болгон жерге Таш-Көмүр шаарын ШИИБнин жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу келишип тийиштүү материалдарды чогултуп, окуяга катышкан эки “LEXUSтун” айдоочуларын наркологиялык текшерүүдөн өткөрүшкөн. Анда чек арачы Н. Калиловдун мас экендиги далилденген.

Бүгүнкү бизге жеткен маалыматтар боюнча окуядан кийин фактыны бурмалоо, Шамалды-Сайда жайгашкан чек ара башкармалыгынын 2027 аскер бөлүгүнүн кызматкери, майор Н. Калиловдун мыйсамсыз аракеттерин жаап-жашыруу жүрүп жатыптыр. Тактап айтканда, 18-майдан 28-майга чейин эмгек өргүүсүндө болуп, окуяга чейин кызматта иштеп жүргөн Н. Калиловдун эмгек өргүүсүн узартышып, коомчулукка Н. Калиловду эс алууда жүргөн учурунда кырсык жасады, — деп көрсөтүп жатыптыр. Баарынан кызыгы, Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Т. Тажибаев жогору турган кызмат адамдарына Н. Калилов кокусунан эле авария жасап, бирок андан бир да жан жабыркаган жок, — деген жалган маалыматтарды берип жаткан имиш.

Биз окуянын чын-төгүнүн тастыктоо максатында Шамал-Сай шаарчасынын жалпы дарыгерлер борборунун директору М. Медеркановдун уруксаты менен окуяда оор жаракат алган А. Вахитовдун абалын өз көзүбүз менен көрүп чыктык. Вахитовду дарылап жаткан Үсөн Алишов анын мурдагы жана азыркы абалы тууралуу айтып берди (Жабырлануучу Э. Эгембердиев менен С. Мамасалиевдер ооруканадан чыгарылыптыр).

Ал эми тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Гүлназ Шутова чакыруу саат канчада түшкөнүн, кайсы дарыгерлер чыккандыгын, кимдерди каттап-тактагандыгынан бери айтып жана каттоо журналынан көрсөтүп берди. Ал гана турсун айдоочулардын наркологиялык текшерүүдөн өткөн журналын да көрсөттү. Кырсыктан үч адам денесинен жаракат алгандыгы, айдоочу Нурбек Калилов спирт ичимдигин ичкендиги жазылып турат. Анда полковник Т. Тажибаевдин жанына эмне мынча күч келип, чындыкты бурмалап жатат?..

Угушубузга караганда окуя болгон учурда машинанын салонунда чек арачы капитан Анарбаев Сапарбек Ормонович да кошо болгон. Ал эми мас айдоочу Нурбек Калиловдун атасы Калил Назаров чек ара кызматынын отставкадагы полковниги болсо, капитан С. Анарбаевдин бир тууган агасы Анарбаев Акылбек Ормонович КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкармалыгынын начальниги экен. Аталар менен агалардын таасири болуп жатышы мүмкүн деген божомолдор да бар!

Канткен менен жол кырсыгы болгондугу, айдоочу-чек арачынын мастыгы, үч адамдын өмүрүнө коркунуч келип жабыркагандыгы факт. Бул боюнча кызматтык териштирүүлөр жүрдүбү, Н. Калилов чын эле эмгек өргүүсүндө беле, эгер өргүүдө болсо ал тууралу тиешелүү журналдарда каттоолор жүргүзүлгөнбү, тиешелүү инструкциялар өткөрүлгөнбү, — деген сурообузга Чек ара башкармалыгынан жооп алалган жокпуз.

Фактылар бурмаланган жерде адилетсиздиктин учкундары башталат. Ал эми адилетсиздик менен жоопкерсиздик коомчулуктун кыжырдануусун күчөтүп, жаңы мыйзамсыздыктарга жол ачат.

Ошондуктан бул суроолорду КРнын башкы командачысына, КРнын Башкы штабынын жетекчисине, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына, КРнын Аскер прокуратурасына узатабыз. Анан дагы эскерте кетели, ошол эле күнү т. а. Шамалды-Сайдагы чек ара майору Н. Калилов арак ичип мас абалда кырсык жасап жаткан 31-май күнү Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен кыргыз тараптан 15 киши жаракат алган. Ошол учурда мамлекеттик Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп, күнү-түнү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Кыргыз чек ара кызматындагы мындай контрасттарды тезинен жоюу, анын жетекчилиги үчүн башкы милдет, деп эсептейбиз.

А.Аскаров.

“Жаңы Ордо” гезити, №9 (661),  12-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *