shadow

Гезит болгондон кийин адамдар окуп, кайрылып турат. Редакциянын босогосун аттап келген ар бир жаранга көңүл буруп, арыз-муңун угуу биздин милдет. Үмүт артып акыйкат издегени, сунуш айтып келгени, көркөм “туундусун” көтөрө келгендери болот.

Өткөн аптада Кеминдин Орловкасынан болом деген 78 жаштагы Ж. Абдрахманова келди. Айтуусуна караганда анын 1958-жылы туулган Г. И. аттуу кызы Беловодск тарапка турмушка чыгып, 1996-жылдын 29-октябрында жаңы төрөгөн баласын төрөт үйүнө калтырып кеткен экен. Андан кийин Г. И. каза болуптур. Ал эми небереси И. И. экинчи топтогу тубаса майып болуп төрөлүп, Беловодск айылындагы ымыркайлар үйүнө өткөрүлүптүр. Мектеп жашына келгенде Ысык-Ата районунун Красноречка айылындагы жардамчы интернат-мектебине которулуп, 8-класстан кийин Кант шаарындагы кесиптик-техникалык училищага кирип курулушчу адистигине ээ болуптур.

Бул мезгил аралыгында Ж. Абдрахманова небересинен тынымсыз кабар алып, ал турсун үйүнө да алып келип турган. Ал эми училищадан кийин небересин биротоло колуна алган. Ошентип экөө бири-бирине жөлөк-таяк болуп турмуш кечирип жаткан күндөрдүн биринде, т. а. 2014-жылдын жайында үйгө эки аял келип И. Ини 18 жашка чыкканча Сокулуктагы реаблитациялык борбордо болоорун айтып алып кетишет. Ал учурда И. И. 18ге толооруна саналуу гана айлар калган. Бирок, Сокулуктун Маловодное айылында жайгашкан борбордун кызматкерлери небереси И. Ини чоң энесине бербей, 6 жылдан бери мыйзамсыз кармап келе жаткан имиш.

Ж. Абдрахманованын колунда турган документтерге таяна турган болсок, Сокулуктагы ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын калыбына келтирүү борбору (мындан ары — Реаблитациялык борбор) сотко жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө арыз менен кайрылган. Сокулук райондук сотунун 20.09.2017-жылдагы чечими менен И. И. аракетке жөндөмсүз деп табылган.

Бирок, соттун бул чечимин Ж. Абдрахманова өз учурунда билген эмес. Качан гана белгилүү болгондо жогорудагы сот актысына карата көзөмөл иретинде даттануу келтирип баштаган. Ж. Абдрахманованын айтымында, бир нече соттук териштирүүлөр жүрүп, адвокаттардын жардамы менен 20.09.2017-жылдагы чечим жокко чыгарылган. Ал эми Сокулук райондук соту 14.11.2019-жылдагы чечими менен реаблитациялык борбордун И. И. карата аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тарткан жана чечим мыйзамдуу күчүнө кирген.

Мындай жагдайда, 23 жаштагы И. Ини аракетке жөндөмдүү жаран катары өз тагдырын өзү гана чече алмак. 78 жаштагы Ж. Абдрахманованын билдирүүсүнө караганда И. И. чоң энеси менен кетүүсүнө борбордун жетекчилиги каршы чыгып, мыйзамсыз аракеттерди жасап, анын укугу узак мөөнөттөн бери тебеленип жатыптыр…

 

Майып небере…

Ж. Абдрахманованын арыз-муңун уккандан кийин аталган борбордун директору А. Асанова менен телефон аркылуу байланышып, иштин жагдайын сурадык. Таңгалыштуусу, директор бизге И. Ини Орловкага алып барганы камынып жаткандыгын айтып, бизди да кошо барып келүүгө чакырып калды. Бул сүйүнүч кабарды Ж. Абдрахманова өзү да угуп отурду.

Ошентип эки тараптын макулдугу менен өткөн шаршембиде (19.02.2020) Орловка шаарына сапар тартып, түз эле мэриянын имаратына келдик. Анткени, И. И. “чоң энесине” баруудан баш тартып жатты. Ал эми мэриянын жооптуу кызматкерлери 78 жаштагы Ж. Абдрахманованын “жоруктарын” тиешелүү документтер менен далилдөөгө киришти. Көрсө, Ж. Абдрахманова буга чейин деле (И. Иден башка) бир нече майып жарандарды издеп таап, аларды үйүнө алып келип өзүнүн ар кандай жумуштарына иштетип жүрчү экен. Ал адамдардан алынган арыздар, түшүнүк каттар менен таанышып чыктык. Бирок, ал адамдардан бизге кайрылуу-арыз түшпөгөндүктөн алардын аты-жөнүн атагыбыз келбеди…

Ал эми 24 жаштагы, 2-топтогу майып И. Инин ишине келе турган болсок, аны Ж. Абдрахмановага туруктуу жашоо үчүн берүү (калтыруу) талабы төмөндөгү адамдардын катышуусунда талкууланып, тиешелүү актылар түзүлдү: Б. Чангаров — Орловка шаарынын мэри, Е. Мыльникова — социалдык кызматкер, Р. Ашымбекова — Орловка шааркеңештин депутаты, М. Кирилов — аксакалдар сотунун төрагасы, А. Асанова — Сокулук реаблитациялык борборунун директору, А. Аргымбаева — Сокулук райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси, А. Соотбекова — Сокулук реабилитациялык борборунун адиси, М. Жаркулов — “Жаңы Ордо” гезитинин журналисти, М. Тунгатаров — “Жароокер” кайрымдуулук фондунун төрагасы.

Жогорудагы адамдардын катышуусунда И. И. менен Ж. Абдрахманова жашаган дарекке бардык. Үйдүн абалы, И. И туруктуу жашоо үчүн үй ээси тарабынан түзүлгөн шарттар менен таанышып чыккандан кийин И. И. “чоң энеси” Ж. Абдрахманованын үйүндө калуудан баш тартты жана бул тууралуу арыз жазып берди.

Комиссия мүчөлөрү тарабынан акт түзүлүп, И. И. менен Ж. Абдрахманованын туугандык байланышы аныкталбагандыгына жана И. Инин өзүнүн баш тартуусунун негизинде, 2-топтогу майып И. Инин жашаган ордун Сокулук реаблитациялык борборунда калтыруу чечими кабыл алынды.

Редакция алгач мамлекеттик мекемелерде жакын туугандарынын келишин зарыгып күткөн, алардын мээримине зар болгон майып балдардын тагдырын эске алуу менен 78деги Ж. Абдрахмановага жардам берип, Чоң эне менен Неберени табыштыруу максатын чын дилинен колдогон. Бирок, турмушта дайым эле ойлогондой боло бербейт. Анүстүнө, 25 жаштагы небере өзү баш тартып жатса…

М. Жаркулов

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *