shadow

Мөөнөтү аяктап, өзүнүн эң соңку иш-аракеттерин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин артында кандай сөздөр калат? Ал тууралуу жаралган коомдук терс пикирлер оң жагына өзгөрөбү? Калыптанып калган негативдүү маанайдагы мамилени жакшы жагына буруу оңой эмес экендиги түшүнүктүү. Ошентсе да, акыркы каникулга тарашына саналуу гана күндөр калган парламентарийлер абдан активдүү темпке өтүшүп, бир топтон бери ар кандай себептер менен каралбай, же артка жылдырылып келген мыйзамдык долбоорлорду ыкчамдык менен кабыл ала башташы байкалууда. Ал мыйзамдардын арасында өтө маанилүүлөрү да бар.

Айталык, парламенттин 18-июндагы жыйынында өлкө тагдыры жана эгемендүүлүктүн бардык атрибуттарын так сактай билүү үчүн өтө чоң мааниге ээ болгон «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул азаптуу жеңиш катары каралышы керек. 5-чакырылыштагы депутаттар кабыл ала алышпай, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу бул мыйзамдын өлкө үчүн канчалык зарыл экендигин айтып, чырылдаганына карабастан, атамбаевдик (же “шопурдук” дейбизби?!) көз-карама парламент аны кабыл алууга батынган эмес. Алдыда улуттук руханий дөөлөт катары, андан ашса ашкан, а бирок эч кем калбаган “Манас мыйзамын” кароо турат.

Бактыбек Райымкулов сыяктуу патриоттук духту карманган эл өкүлдөрү аз эмес. Алар бул ички былыгы эмитен бырыксып, шек жарата баштаган мыйзам долбоорун четке кагууга дараметтери жетет го деп үмүттөнүп туралык!.. Чындыгында эле, объективдүү караганда, бул коштошуп кетип бара жаткан парламент өткөн жолку коллегаларына караганда кыйла эле пайдалуу иштешти деп айтууга да болот. Ошол эле “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндөгү мыйзам долбоору коомчулукта кандай курч талкуулар менен коштолуп, өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган ар кандай күчтөр тарабынан катуу каршылыкка дуушар болгону маалым.

Жайкы каникулга тарап, андан ары кезектеги шайлоо кампаниясы башталып, ошол бойдон биротоло кетип жатышкан эл өкүлдөрүнүн ишине да жыйынтык чыгара турган мезгил келди. Артка кылчайып карай турган болсок, бул чакырылыштагы депутаттардын жасаган оңдуу ишине, күчтүү, келечекке пайдалуу, дароо эффективдүү иштеп кете турган мыйзамдарына караганда, терс маанайды жараткан жана коомчулукта лакапка айланган жоруктары да көп эле болду… Коомчулукта парламентке карата айтылып келген ар кандай сындар жана кескин түрдөгү терс мүнөздөмөлөрдүн басымдуу бөлүгү ушул позициядан туруп берилген баа болуп саналат!..

Эл арасында “чимкирик парламент” атка конгону калыстык болгон жок! Мындай “ярлыктарга” баа берүүдө — ал канчалык объективдүү, туура экендигин аныктоо үчүн — адегенде андай бааларды кандай күчтөр жана адамдар берип жатышкандыгына кароо керек. Эзелтен эле элибизде акылман накыл кеп бар: “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген.

Арийне, мындай ачуу ярлыкты алгач таккан экс-президент (алгачкы кылмыш иши боюнча өкүм чыкканына карабастан, ал бул статусунан али айрыла элек!) Алмазбек Атамбаевди түлкүгө, эл арасында кадыр-баркы төмөн парламентти — итке салыштыралык деген оюбуз жок. Тек гана, акылман накыл кептин маңызына жараша салыштырсак, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынышына абдан катуу нааразычылык билдирип жатышкан өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери жана Батыштык, АКШлык “акырга” баштарын тыгып алышкан саясатчылар накыл кептеги түлкүнү эске салышат.

Ал эми VI‑чакырылыштагы депутаттардын жалпы ишине баа берүүдө биротоло жыйынтык чыгарууга али эрте. Ал үчүн минтип дүңүнөн эле “оң” же “терс” деп койбой, парламенттин ар бир жылдагы мыйзамдык ишмердигине дыкаттык менен көз салып, башка чакырылыштагы курамдар менен салыштырып чыгуу абзел. Мындай “параметрлер” боюнча алып караганда, көптөгөн кемчилдиктерине карабастан, азыркы “чимкирик парламент” Атамбаевдик парламенттен кыйла өз алдынча (айрыкча соңку учурларда) болгондугу көзгө урунат.

Депутат болуп калуу үч уктаса түшүнө да кирбеген, жакыр жаш журналист Жанар Акаевди жаш болгону үчүн (квотадагы орунду ээлешке) жана Оштук талапкерлерден өз алдынча, күчтүү лидер болчу (Адахан Мадумаров сыяктуу) бирөөнү өткөрүп жибербес үчүн, алдын ала бут тосуу сыяктуу жасалган аракети да акыры келип өзүнө урулган сокку-бумеранг болду. Журналисттерге кошулуп, расмий бийликке каршы митингге чыгып, өзүнүн марионетка-депутат эместигин тастыктоого далбастап, Жанар Акаев СДПК фракциясындагы эң алгачкы жараканы жаратты!..

…Президенттик шайлоодо Атамбаевдин талапкерине атаандаш болуп чыккан “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов куугунтукка алынды. Акыры аны саясий изгойго айлантып, Талас элинде тең салмактуулукту сактоо үчүн спикерликке келген Дастан Жумабеков, жана мурунку “досу” — СДПКчы Рыскелди Момбеков да Атамбаевдин оппозициячыл чакырыктарын колдобой коюшту. Парламент трибунасынан “Атамбаев да досум, Жээнбеков да досум” деп жарыялап, кайсы тарапка жан тартышын билбей, талтайып, эки ортодо кыйын абалда калган Рыскелди Момбеков Атамбаевдин оппозициялык саясаты толук кыйрап, өзү сот алдында калган соң, андан биротоло кол үздү. Атамбаев спикер Жумабековду чакырып алып, парламентти өзүн колдоого ишарат кылгандыгы, ал мындай опурталдуу сунуштан баш тарткандыгы парламент сессиясында ачыкка чыккан.

Кыскасы, ашкере эмоционалдуу жана ойлонбой туруп “балт этмей” адаты көнүмүш болгон Алмазбек Атамбаевдин “чимкирик парламент” деген баасы дагы анын жеке таарынычынан улам гана жаралган!.. Жалпы эл шайлаган парламентти (кантип жана кандай шарттарда шайланганы — такыр башка кеп!) биротоло кара боек менен сүртүп салуу жарабайт. Анын жасаган жакшы иштерин да объективдүү түрдө карап көрүү зарыл…

Мындай объективдүү, ар тараптуу, калыс баа берүү үчүн, тек гана учурдагы-утурумдук саясий абал, жасалма пиар, өзгөрүлмөлүү-коомдук маанай сыяктуу майда нерселерге гана таянууга болбойт. Кеңири масштабдуу алкакта, жалпы башка чакырылыштагы парламент курамдарына салыштыруу аркылуу гана карап чыгуу зарыл. Ошондо гана жалпы эле эгемендик доорундагы бардык чакырылыштагы депутаттардын чыныгы нарк-насилеттерин, салмактарын калыс байкоого болот!..

Азыр босогодо VII‑чакырылыштагы депутаттарды шайлоо алдында турабыз. Демек, бул өңүттөн алып караганда, жалпы парламентаризм тарыхына үңүлө карап, бийликтин бул бутагы басып өткөн отуз жылдык эгемендик жолдун ой-кырына, оң-терс жактарына көз чаптыруу эч кандай ашыктык кылбас?.. Анын үстүнө, ар бир эл өзү тандап алган бийликке татыктуу деген учкул кеп да бекер жашабаса керек…

Жогорку Кенештин отуз жылдан берки баскан жолуна баа берип, мурдагы бардык оош-кыйыштарына объективдүү көз сала турган болсок, адегенде абдан күчтүү жана чечүүчү бийлик бутагы болгон парламент аз-аздап өз ыйгарым укуктарынан ажырап, улам убакыт өткөн сайын аты-затына туура келбей калган, номиналдуу мамлекеттик органга айланганга чейинки кейиштүү тагдырына туш болобуз.

Атактуу Медетхан Шеримкулов баштаган “Легендарлуу парламент” эл арасында кандай бийик кадыр-баркка ээ эле? Эмне үчүн? Бул суроолорго жооп берүү үчүн, ошол кездеги эгемендик жаңыдан гана түптөлүп жаткан кездеги жапайы капитализм менен социалисттик идеялардын эң соңку баалуулуктарынын өз ара айыгышкан кармашына туш болобуз. Эл абдан жакырланып, оор социалдык-экономикалык кризиске батып калган кезде да легендарлуу парламенттен үмүтүн үзгөн эмес. Азыркыдай мурда өзү шайлап алган парламентин боктоп, жеберине жеткире сөгүп-сындаган эмес…

Менчиктештирүү жараяны, мамлекеттик майлуу тармактарды (дүйнөдөгү эң ири он алтын кенинин бири — Кумтөрдү!) иштетүү боюнча президенттик бийлик менен тирешүүсү кандай кайгылуу аяктаганын азыркы жаш муундар жакшы биле беришпейт. Ал айыгышкан кармаш мамлекеттик жана коомдук байлыктарды (жалпы элдин бир нече муунунун каны жана тери менен жаралып-топтолгон байлыктарды!) итбекер менчиктештирүүгө кызыкдар болушкан күчтөрдү башташкан мурдагы коммунисттик идеолог — кийинки алгачкы демократтардын бири Жумагул Сааданбеков сыяктуу компетентсиз, кубулма-коньюктурачыл жетекчилердин “жеңиши” менен аяктаган.

Ошондой “реформалардан” улам, бир мыкты особняк үй 6000 (алты миң!) сомго, ГАЗ‑31 сыяктуу заманбап (“Волга” — же азыркынын “Лексусу”!), жаңы кызматтык автомашинаны 125 (жүз жыйырма беш!) сомго менчиктештиришкен жетекчилер жана бул менчиктештирүү деп аталган канталамайда акырга жакын туруп калышкандар гана байышып, жалпы мамлекет, эл өз кызыкчылыгы үчүн күрөштө катуу утулуп, жалпы өлкө экономикасы орду толгус, оор жоготууга учураган!..

“Легендарлуу парламент” элдин эсинен эмне үчүн чыкпай келе жаткандыгы түшүнүктүү болгондур? Алардын курамында ар кандай квоталар (көп улуттуулук өкүлдөрү, жумушчу табы, мал чарбасында иштегендер, жаштардын өкүлдөрү, ж. б.) бар болгону менен да, азыркыдай ашкан өзүмчүл, меркантилдүү депутаттар аз болгон. Патриотчул, эл жана мекен кызыкчылыгы үчүн күйүп-жанган инсандар көптүгү менен айрымаланган.

Ошол кездеги президент Аскар Акаевдин “реформаторчул” бийлиги мамлекетти итке мингизип, элди жакырлантып, жумушсуздуктун, кылмыштуулуктун өсүшүнөн улам, элди бейпил жашоо ыңгайынан ажыратып гана тим болбой, жалпы элдик (баягы эле “акырга” башын салып алышкан кошоматчыларынан башкалардын!) жек көрүүгө дуушар болушуп, аягы алар үчүн абдан трагедиялуу бүткөн. Маселенин баары — ошол элдик революция кийинки бийлик өкүлдөрүнө эч кандай сабак болбогонунда!..

Акаев өз маектеринин биринде мактангандай: хитроумный еврей кеңешчисинин акылы менен парламент эки баштуу (же эки палатадан турган) түзүмгө айланган. 1995–2000-жылдардагы парламент негизинен өз ара полномочиелерди бөлүштүрүү-талашуу сыяктуу “иштер” менен гана алек болуп калган. Эл өкүлдөрү аталган парламенттин эл арасындагы баркы, салмагы жоголуп, бийлик бутактарынын арасындагы таасири да төмөндөгөн. Кийинки “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” партиялары парламенттеги негизги күч болуп турганда, эл арасында, массалык маалымат каражаттарында Жогорку Кеңешти ачык эле “президенттик администрациянын юридикалык бөлүмү” деп атап калышкан.

Салмактуу саясатчы Камчыбек Ташиев келе жаткан парламенттик шайлоолор боюнча ой калчап, “Мекен ынтымагы” деп аталган жаңы саясий коалицияда мурдагы чакырылыштардагы партиялардын баарына “кирип чыккан” депутаттар да көп экендигин ирония менен айтып, подтекст аркылуу гана “мекенибиздин ынтымагы ушул сыяктууларга күнү түшүп калса, Кудай сактасын” дегендей оюн билдирди.

Кезектеги парламенттик шайлоону абдан калыс өткөрүп, эл өзү каалагандай — бардык параметрлери боюнча татыктуу өкүлдөрдүн шайланышына шарт түзүү зарыл. Мурда бардык партияларга “кирип чыккандарды”, Күмтөрдү канадалыктарга итбекер арзан берип, Үзөңгү-Куушту Кытайга, Каркыраны казактарга, Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстан менен Казакстанга “тартуулап”, “Кыргызгазды” бир долларга Россияга “белекке” берүү үчүн добуш беришкен депутаттардын тизмелерин тез арада тактап, эл арасына кеңири жайылтуу керек.

Шайлоочулар (айрыкча, кийинки жаш муундар) ачык билишсин: кандай талапкерлер аларга добуш үчүн жалдырап келишкенин жана кимдерди колдоону ойлонуп чечишсин. Ушундай чыныгы тандоону камсыз кылганда гана, жалпы эл өзү шайлаган парламентке нааразы болбойт. Айрым нааразычылыктар жаралса да, буга кайра өздөрүн күнөөлөп, ошондо булардын бал тилине, убактылуу момпосуйуна алданып, шайлабаш керек болчу!? — дешип, жалпы шайлоо системасына сабак-тажрыйба болот.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *