shadow

Быйыл 9-апрелдин түнүндө Бишкектин Москва көчөсүндөгү «Камек» жеке клиникасынын алдына белгисиз жарандар оор абалдагы эки адамды таштап кетишкен. Алардын биринчиси — 1974-жылы туулган А. Ильяс (мурда сот жообуна тартылган, ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган) ооруканага жеткенден кийин көз жумган.

Экинчиси, 1983-жылы туулган А. Урмат да ооруканада каза болгон. Анын баш мээси чайкалып, баш сөөгү сынып, оор жаракат алган (каза болгон 2 жигит тең Бакай-Ата районунан болушкан). Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

Бул кылмыш окуясы боюнча мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 36 жаштагы Т. М. менен 39 жаштагы А. И. кармалган.

Кандуу окуянын дагы бир мүчөсү — «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал 39 жаштагы Чыңгыз Жумагулов бейбаштык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, кылмыштуу топту уюштурууга катышуу, бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу беренелери менен күнөөлүү деп табылып, жазасын өтөп жатып, 2019-жылдын февраль айында үй камагына чыкканы маалым болгон.

Биринчи май райондук сотунун 19-июндагы өкүмүнө ылайык “Дөө Чыңгыз” (Ч. Жумагулов) беш жылга, ал эми Марсбек Тентиев менен Илияз Айдекеевдер ар бири 13 жылдан эркинен ажыратылып, 190 эсептик көрсөткүчтө айып салды.

Ишкерден акча талап кылгандар кармалды

Милицияга Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну кайрылган. Арызда Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында жайгашкан ишканасына 2 бейтааныш жигит келип, өздөрүн Коча жана Фурхат деп тааныштырышып, «завод иштеткениң үчүн «общакка отметка» катары 1000 доллардан бересиң», «эртеңкиге 1000 доллар даярдап кой» деп опузалашкандыгы көрсөтүлгөн.

Тартип сакчылары жүргүзгөн ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде Сузак районунун 2 тургуну, О. Т. менен С. У. ишкерден 50 миң сом акча алып жатканда кармалышкан. Текшерүү учурунда алардан чоң бычак жана гашиш баңгизаттары табылган.

Ишкерден талап кылган акчаны алуу үчүн кафеге жогоруда аталган Коча жана Фурхат дегендер өздөрү келбей койгон. Ошол себептен кармалган 2 шектүүнүн жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрү менен кылмыштын негизги уюштуруучуларынын бири — Медет Садыркуловдун (жалпы 3 адамдын) өлүмүнө күнөөлүү деп табылган айдоочу Өмүрбек Осмоновдун өлүмү боюнча соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган 1985-жылы туулган Д. Ф. (Фурхат) экендиги аныкталган. Ал Сузак районунун Кара-Дарыя айылында ИИМдин «Шумкар» атайын тез чара көрүү отрядынын жана ыкчам кызматкерлердин жардамы менен колго түшүрүлдү.

Адвокат киши колдуу болду…

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери адвокаттын өлүмүнө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти.

17-июнда Ош шаарындагы каналдан белгисиз жарандын жансыз денеси табылган. Маркумдун денесинде сырткы таасирден улам пайда болгон жараттардын изи болгон. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ушул эле күнү маркумдун өздүгү аныкталган. Ал Ош шаарында адвокат болуп иштеген К. Т. болуп чыккан.

Маркумдун жакындары 1978-жылы туулган К. Т. үйдөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, 12-июнда милицияга кабарлашкан экен…

Адвокаттын өлүмүнө шектүү катары Ош шаарынын 42 жаштагы тургуну кармалып, 12-июнь күнү 102-каттамдын акыркы аялдамасында маркум экөөнүн ортосунда чыр чыгып, анын кесепети адвокаттын өлүмүнө алып келгенин мойнуна алган.

Депкомиссия не деди?

Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссия жыйынтыгын чыгарды. Анда комиссия буга чейин «журналисттик иликтөөдө айтылган каражаттын Кыргызстанга тиешеси жок» деген бүтүмгө келген.

Корутунду менен комиссиянын төрагасы, «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Талантбек Мамытов тааныштырып, корутундуда баяндалган жагдайлар комиссияга келип түшкөн жана тиешелүү мамлекеттик органдар жиберген документтердин негизинде иликтенгендигин айтты:

«2014-жылдын август айында Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери А. Абдыкалыков колдонуудагы укуктук-ченемдик актыларды одоно бузуу жолу менен, Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаитиге Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту Самятов Эркин Самятович деп мыйзамсыз берилгени аныкталган. Жарандар Айеркен Саймаити, Бүмайрам Вуфули жана «Абдыраз» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргызстандын банктарындагы эсептеринен 2011–2027-жылдар аралыгында чет өлкөдөгү бир нече жүздөгөн контрагенттерге 932 миллион 736 миң 365 АКШ доллары которулган. Бул каражаттар кыргызстандык жана чет өлкөлүк, Өзбекстан Республикасындагы «Абу-Сахи» базарындагы жеке ишкерлердин соода жүгүртүүсүндөгү каражаттар экени такталган. Айеркен Саймаити Кыргыз Республикасынын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков менен жакын болуп, анын кызматтык автоунаасын мыйзамсыз түрдө жеке пайдаланууга алып турганы тастыкталган».

А. АСКАРОВ, СОТ ЖАНА АКЫЙКАТЧЫ

Абактагы                              Азимжан Аскаровдун       Кыргыз өкмөтүнө карата арызы…

Сот тарабынан 2010-жылдагы кандуу июнь окуясында Базар-Коргон районунда массалык башаламандык уюштурууга жана милиция кызматкери, капитан Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышкан, — деп табылып өмүр бою эркиндигинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши 10 жылдан бери коомдук талкууларга жем таштап келет. А. Аскаровдун иши ашкере саясатташып, океандын аркы четинен кез-кез Кыргыз өкмөтүнө сөөмөй кеземей адатка айланган.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Айрым кыргызстандык укук коргоочулар «Кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп күнөөлөп, Азимжан Аскаров болсо кыргыз өкмөтүн сотко берген.

Ал эми кээ бир саясатчылар БУУнун Адам укуктары боюнча комитети бизге “авторитет” эмес деген пикирди карманышат. Кыргызстан А. Аскаров боюнча Уюмдун чакырыгын аткарууга милдеттүү эмес, аны сунуш катары эске алуу керек, бирок алар Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүгө акысы жок, — деп келишет.

“Өкмөт Аскаровдун укугун бузган эмес”

15-июнда Жогорку сот абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Кыргыз өкмөтүнө карата доо арызынын токтотулганын билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын административдик соту 12-июнда Аскаровдун өкмөткө каршы жазган доо арызын кароону токтоткон.

Сот тарабынан “иш алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт” деген жүйө келтирилген. Бирок, бул чечими акыркы эмес, нааразы тарап жогорку инстанцияга даттанышы мүмкүн.

Бир караганда, баары эле мыйзам чегинде бараткандай туюлат. Абакта жаткан Азимжан Аскаров укугунан пайдаланып өкмөттү сотко берди. Ал эми биринчи инстанциядагы сот аны карап, өз бүтүмүн чыгарды. А. Аскаровдун бул сот актысына даттанууга укугу, убактысы бар…

Ушу Акыйкатчы айтаар сөзбү?..

Т. Мамытов “Азаттык” радиосуна Азимжан Аскаровдун иши боюнча Акыйкатчы тарабынан жасалган аракеттерден эч натыйжа чыкпаганын төмөндөгүдөй билдириптир:

“Жогорку сот караган соң, жаңы жагдайлар болбогондон кийин кайра карашка мүмкүнчүлүк жок экен. Бирок ошого карабай Аскаровдун ишин кайра карагыла деп канча кат жөнөттүк. Укук коргоочулардын каттарын да ташыдык. “Эл аралык уюмдар кайрылып атыптыр, эми мыйзамды анча-мынча бузуп койгула” деп айтканга чейин барбадыкпы. Эми биздин колубуздан ушул эле келет экен”.

Т. Мамытов бүгүнкү күндө Конституцияга өзүнчө институт катары кирген органдын башчысы, Кыргыз Республикасынын аракеттеги Акыйкатчысы, буга чейин узак мөөнөттө УКМК кызматтарынын бардык тепкичтеринде эмгектенип, анын жетекчисинин орун басарлыгына чейин жеткен, КРнын Коргоо министринин орун басары болгон, Коргоо кеңешинин катчысы, Мамлекеттик чек ара кызматынын 2 жолку төрагасы, ЖКнын депутаты, Ысык-Көл облусунун губернатору, Вице-премьер-министр болгон адам. Анан кантип эле сотторго “мыйзамды анча-мынча бузуп койгула”- деп “кайрылып” келе жаткандыгы бери эле дегенде — шермендечилик, андан ары кетсе — мыйзамсыздык экендигин билбей калсын!?.

Бул жерде Токтокүчүк аксакал кыргыз саясатчыларынын типтүү өкүлү катары өзүнүн накта жүзүн көрсөтүп жатат. Ал “ала кушту атынан атап”, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту А. Аскаровдун жаңыдан ачылган жагдайлар жөнүндө келтирген арызын карап, анын иш боюнча келтирген жаңы ачылган жагдай болчу жүйөөлөрүн четке какты. Демек, сот өкүмдөрү күчүндө турат. Мындай жагдайда мен дагы, Президент дагы эч нерсе айта албайбыз. Эгерде А. Аскаровдо башка дагы тиешелүү документтер, фактылар болсо мыйзам чегинде өзү же адвокаттары аркылуу сотко кайрадан кайрыла берсе болот, — десе туура болмок.

Мында Акыйкатчы Т. Мамытовдун “бир ок менен эки-үч коён атып алгысы келгендиги” көрүнүп турат. Океандын ар жагында жаткандардын, өзүбүздүн укук коргоочулардын жана оппозициялык маанайдагы жарандардын көңүлүн алып жаткандагысы. Кыргыз саясатчыларынын көпчүлүгүнүн жүзү так ушул Токтокүчүк аксакалдын жүзүндөй. Эки жүздүү деп эле кесе айтсак жарашат. Ошол үчүн мамлекетибиз, элибиз өспөй келатат да! Ушунчалык эки жүздүүлүктүн, жагынуучулуктун кимге кереги бар?.. (Өзүнө кереги бар го).

Илгери, тээ А. Акаев заманында дагы бир аксакал-депутатыбыздын «президенттикке талапкерлердин эч кимисинин көңүлүн ооруткусу келбей “баарыңар татыктуусуңар, бирок президенттик орун бирөө эле болуп атпайбы”- деп бүткүл кыргызстандыктарды күлдүргөнү эске түшүп атат…

Бетти даярдаган  М.АСКАРОВ

“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *