shadow

Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык боюнча мамлекеттик инспекциянын эң коррупциялашкан тармакка айланып калгандыгы ММКларда айтылып келген. Алардын бири гезитибиздин 2019-жылдын 20-сентябрдагы № 25 (639) санына жарыяланган. Аталган арыз-кайрылууда Экотехинспекциянын директору Дж. Джунушевдин билими тайкы, иш тажрыйбасы жок, “Аю” базарынан келип эле креслого отуруп калгандыгы, коллективди атайылап бөлүп-жарып, чет элдик инвесторлордон “шыралга” доолап, саясый-экономикалык диверсия уюштуруп жаткандыгы, мамлекеттик структураны базарга айландырып алгандыгы тууралуу жазылган.

Быйылкы жылдын башында, 30-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент С. Жээнбеков “Кыргызстандагы эң коррупциялашкан мамлекеттик орган — бул Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. Саясий органга айланып алдыңар. Коррупциялык схема түзүп алгансыңар, силерге да жетебиз” деп айтканы эсибизде. Бирок, Президент айтканы менен укук коргоо органдары жыл бою директор Джунушевдин тезегине куурай саялбай келди. Анын бир себеби катары директор менен Өкмөт башчынын ынак достук мамилеси себеп болуп келди деген ойлор айтылып жүрөт. Андан калса арак магнаты Шакенин (Абдыкеримов) дагы колдоо таасири күчтүү имиш.

Бирок, шибегени капка катыш кыйын. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 11-декабрь күнү аталган инспекциянын бакыйган башкармалыгынын начальниги менен кошо алты кызматкерди кармагандыгы тууралуу билдирди. Алар 2000 доллар АКШ долларын пара катары алып жаткан учурда кармалган. Ал эми соцтармактарга таркаган видео тасмада УКМК кызматкерлери алардын үстүнөн узак мөөнөттөн бери көзөмөл жүргүзүп келгендиги, инспекциядагылар кабинетинде 8000 доллар параны коркпой-үркпөй эле бөлүшүп, андан калса үчүнчү бир тараптын “үлүшүн” өзүнчө бөлүп жаткандыгы көрүнүп турат. Мындан артык дагы кандай факты керек? Эмне үчүн алты кызматкери пара менен кармалса, директор Дж. Джунушев дагы деле кызматында отурат? Кармалган параны ал билбейт дейсиңерби!? Билет, анын да өз үлүшү бар! Же дагы деле Өкмөт башчы досун калкалап жатабы?

Жакында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөөрү күтүлүүдө. Мына ушул жерде Дж. Джунушевдин “ишмердүүлүгүнө” баа берилет деп ишенебиз.

Айтмакчы, инспекциянын 25-октябрда өткөн коллегиясында Өкмөттөн катышкан өкүл директор Джунушевге карата кызматын аркалоодо бир нече мыйзам бузууларга жол бергендигине байланыштуу укук коргоо органдарынан аны кызматтан четтетүү боюнча сунуш келтирилгендигин айткан имиш. Сунуш да жөн жерден келтирилбесе керек. Эсиңиздерде болсо керек, быйыл жайында Токой чарба агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы Арслан Ибраевдер да 2000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Кийин белгилүү болгондой, Токой директору А. Рустамовго да УКМК тарабынан эки жолу сунуш берилген экен. Аны да Өкмөт башчы канатына калкалап жүрүп, шерменде…

“Жаңы Ордо” гезити, №37 (651),  20-декабрь, 2019-жыл.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *