shadow

Эрик мырза, сиз генерал Асанкуловдун мектебинен өткөн кадрларынын бири экениңиз талашсыз. Үзөңгүлөш иштеп жүрдүңүз эле, Жумабек Асанкулович кандай адам эле?

— Жумабек Асанкуловичти адам катары эки мааниде баа беришет.1989-жылы мен генерал Асанкуловду Кыргызстандын коопсуздугуна жетекчи болуп экинчи ирет келген күнүнөн бери билем. Ал чынында өзүнчө эле легендага айланган адам. Мунун сыры эмнеде? Асанкуловго чейин деле бизде генерал болгон адамдар бар болчу, бирок Жумабек Асанкуловичтей оозго алынышкан жок. Ысакбек Мониев менен генерал Асанкулов туурасында айтылып, ортодогу генералдар туурасында сөз кылышпайт. Асанкулов биздин КГБга экинчи ирет жетекчи болуп келген күндөн баштап эле, бардык бөлүмдүн башчыларын чакырып бир сыйра чогулуш өткөрдү. Андан кийин эле ар бири менен өзүнчө жолугушуп сүйлөштү. Мен ал кишиге аябай таң калдым. Республикалык КГБда иштеп жаткан бизге караганда ал кишинин маалыматтары көп экен. Чогулушта, биз республикадагы коопсуздук кызматынын кызматкерлери эмес, ал бизге маалыматтарды берип турганда мен ал кишиге аябай таң калган жайым бар эле.

 — Жумабек Асанкулович менен акыркы ирет качан жолуккан элеңиз?

— Мен генерал Асанкулов менен Москвадагы үйүнөн жолуктум. Анткени, генерал Асанкуловдун өмүрлүк жубайы Соня эже каза болгонуна кырк күн болгондо, атайын куран окутканы барып калдым. Ал Кыргызстандан алыс жашаганы менен бул жактагы болуп жаткан бардык маалыматты алып турган, кабардар болчу. Экөөбүз сүйлөшүп жатсак, уулу Марат кирип калды. Феликс Кулов менен эмчектеш уулу Маратка карап “Сен чыгып тур, мен Кыргызстанга бара турган адамга кабар айтып жатам” -деп аны чыгарып жиберди. Өз баласынан сыр жашырып жатканына таң калдым.

 — Сиз генералга кайсыл жылы жолугуп жатасыз?

— Бул 2003-жылдын октябрь айы болчу. Экөөбүз сүйлөшүп отурганда, генерал Жумабек Асанкулович, сүйлөп жатып “Кыргызстанды алдыда чоң саясый тополоң күтүп жатат. Акаевдин бийлиги жакында кыйрап, анын ордуна Бакиев келет. Бирок, Бакиев дипломат эмес, бул жерде көп түшүнбөстүктөр болот, Кыргызстан экиге бөлүнүп кетпесин, азыркы тирешүү чоң чатакка алып барып койбосун. Жакында Кыргызстанда чоңөзгөрүү болот, жанагы лысый Акаев качып кетет. Кыргызстанда анын бийлиги жок калат… Ошол учурда Бакиев бийлик башына келет. Бакиев жалгыз боло албайт, ал дипломат эмес. Ал эч качан эл аралык маселелерде иштеп, такшалган эмес. Ага тандемге чыкчу башка саясатчы керек. Антпесе, Кыргызстан экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн. Бакиевдин жанында түндүктүк күчтүү саясый фигура керек.” –деген эле.

Мен алгач, анын айткандарына анчейин ынанып, ишене берген жокмун. Генералдын крышасы кетип калган го дедим ичимден. Эми, ал кезде Акаевдин бийлиги күчтүү, тамырлашып калган эле. Мен гана эмес башкалар да генералдын бул сөзүнө ишене бермек эмес. Карасаң, Жумабек Асанкулович ошондо эле көзү ачыктай, баарын айткан экен. Асанкулов сөз арасында, “Бакиев ал жалгыз чечим кабыл ала албайт, анткени ал өнөр-жайчы” деп бардык нерсени жиликтеп айткан эле. Бакиев менен кимдер кошулуп бийликке чогуу келээри туурасында да айтып берген. Ошол айткан адамдардын баарысы бийликке келишти. Болгону Феликс туурасында так айта алган эмес экен. Анткени, ал учурда Феликс бийликте эмес түрмөдө болчу. Асанкулов ошондо эле тандем болот дегени эсимде. Бул тандем деген эмне деп менин башыма деле келбептир.

– Куловду айтып жатканыбы? 

— Жок, ал Куловду ойлогон эмес. Ал учурда Феликс түрмөдө отурган болчу. Бакиевдин айланасында кимдер бийликке кошо келе тургандарын да айтып бергенде анча маани берген эмесмин. Калган айткан адамдары боюнча баары туура чыкты.

— Эмне үчүн Бакиевге генерал Асанкулов жанагындай баа берген? 

— Анткени, генерал Асанкулов “Бакиев, бул чарбаны, өндүрүштү мыкты билген адам, мыкты адис деп айткан жайы бар. Бакиев үчүн программа түзүш керек, ал өзү жасай албайт. Ал киши менен мен чогуу иштегенмин, азырынча анын стратегиялык багыты жок. Даяр стратегияны бул кишиге берип алдыга жылдырыш керек. Бакиев – бульдозер сыяктуу калганын алдыга жылдырып кетет”- деген.

— Ошондо Асанкулов эмнелер туурасында айтты?

— Асанкулов үчүн Кыргызстандын биримдиги, бүтүндүгү баарынан жогору болушу керек экенин айткан.

 — Мына, өзүңүз айткандай Асанкулов пенсияга чыгып Москвада жашап жатса да Кыргызстандын эртеңки тагдыры, мамлекеттин бүтүндүгү туурасында ойлоп жатканын көрүп, анын чыныгы улуттун эртеңки күнүн ойлогон инсан экендигин айтып жатасыз. Дагы эмне маселе туурасында сүйлөшө алдыңыздар? 

— Мен Асанкуловду башта билсем да, бул кишиге ошондо чыныгы чекист катары баа бердим. Москвада жашап жатса да биздин республика туурасында ушунчалык маалыматты көп билгени таң калтырды. Кыргызстан үчүн керек болуп, иштей турган мезгилде ооруп жатканына өкүндү. Генерал өз сөзүндө “ Мен Бишкекке барууга бүгүн даярмын, бирок ал жакта медицина жагы чабал.” -деди ал. Анткени, Бишкекте бөйрөгүн тазалай турган аппаратура иштебей, бузулуп калыптыр. Андан да медикаменттер жоктугун өз оозунан уктум. Москвада КГБнын окуу жайында иштеп жүргөн кезде, чет өлкөлүк он эки президент, премьер-министрди окуткан экен. Асанкулов Чилинин белгилүү саясатчылары Сальвадор Альенде, Луис Корвалан менен тыгыз байланышта болгонун көпчүлүк билбесе керек. Жумабек Асанкулович көп учурда Африка тармагында болгон. Пакистан менен Ооганстанда ашказаны ооруп, аны ууландырып коюшканын айтып берген жайы бар эле. Ошондо катуу ууланып, союздун элчилиги жолдун аркы жагында болсо да ошого секирип түшүп кете албай үч күн чатыр үстүндө жатып калган экен. Кээде көңүлү көтөрүңкү турган убакта ушундай майда-чүйдө нерселерин айтып берчү. Мен бул кишинин аброю өтө жогору экенин бир окуядан байкап калдым. Биздин Тажикстанда элчилиги жок эле. Коңшулаш тажик жергесинде согуш болуп жаткан учур болчу. Иран менен Россия ортомчу болуп аракеттер башталып аткан экен. Ал эми Орто-Азия боюнча эч ким катышкан эмес. Кыргызстандан мен башынан аягына чейин катыштым. Иранга бара турган болуп калганыбызда Асанкулов мага ”Менин атымдан Россиянын элчисине барасың. Момундай жашыруун кодту айтасың” деди. Мен Россиянын элчисине жолугуп, генерал Асанкулов берген жанагы кодту айтсам, ал дагы андай кодту колдонгонду билбейт экен. Көрсө ал кодту Президент менен коргоо министри гана колдоно турган эки канал бар экендигин билдим. Мага ошол кодту бериптир. Генерал “Тажиктер эмне деп жатканын мага айтып тур.”-деди Президент Акаевдин андай маалымат булактары жок болчу. Ошол маалыматтарды Асанкулов орустардын ГРУнан алып турчу. Генерал Асанкуловдун өтө жашыруун маалыматты ала турган адамдары бар экенин мен ошондо алгач билдим. Тажик жергесинде али элчилиги жок кичинекей Кыргызстан үчүн орустар канал берип жатат. Анткени, алар Асанкуловго ошончолук ишенишкендиктен болсо керек.

 — Башка союздук республикаларда Асанкуловду терең урматтап сыйлашканы, эмгектерин баалашкандары менен Акаев жана анын командасы генералдын баркын билишкен эмес. Асанкулов “Акаев берип жаткан эки баракты да карабайт экен,” -деп нааразы болгон жайы бар эле.

— Эми, бул боюнча эч нерсе айта албайм. Ошол нерселер жазылып жөнөтүлүп турганы бул чындык. Менимче, эки адамдын ортосундагы мамиленин түшүнбөстүгүнөн болуп калды окшойт. Акаев башка адамдарды угуп, генерал Асанкуловдун баркына жетпеди.

 — Генералдын эске тутумдуулугу аябай күчтүү эле.

— Туура айтасың, анын ошондой өзгөчөлүгү бар болчу. Канча жыл мурун, ким менен кандай темада кандайча сүйлөшкөнүн, кимге кандай тапшырма бергенин так айтып бере алат эле. Бул сапаты жагынан ал эч кимди алдына салчу эмес. Бир ирет, кабинетинде отурабыз, 1961-жылы же 1963-жылдарды айттыбы мен унутуп калдым. Ошол учурду айтты. Кытайга Нарын аркылуу чалгынга баланчанчы жылы иштеген, ошол киши момундай деп жазган. Бизде литерный, номенкулатурный дело деп коюшат, ошондо номуру момундай 650 неченчи бетинде болсо керек, ошону таап келгиле деп айтканы эсимде. Барагынан бери айтып бергени таң калтырган. Асанкуловдун айтканын барып таап келсек, ошол айткан бетте болуп чыккан. Эми андан бери канча муун өтүп, аны билген к —ишилер да пенсияга чыгып кетишкен болчу.

-Президент Акаев Асанкуловду кызматынан кетиргенде ал ГКЧПны колдогон деген ярлык тагылган дешет. Генерал Асанкулов ГКЧПга катыштыгы чын эле болгонбу? Ошол кездеги бийлик Жумабек Асанкуловичти ошентип күнөөлөгөнгө аракет жасаган деп да айтып жүрүшөт.

— ГКЧП боюнча бир гана нерсени айтыш керек. Ошондо Куловдун туура эмес кадамы менен тарыхтын барактарына чалды-куйду нерселерди калтырып кетти. Менин чоң атам да репрессияга кеткен. Чоң атам туурасындагы маалыматтарды мен издеп жүрүп КГБнын архивинен таппай койдум. Кийин ИИМдин архивинен таптым. Бул биздин эл үчүн абдан чоң трагедия. 1930–1950-жылдардагы репрессиянын башатында кимдер турган деген чындыкты Асанкулов ачып берди. Башкалар бул маселени кандай ачышат эле, мага ал жагы түшүнүксүз. Чоң-Таштагы курман болгондорду алгач казышкандардын арасында мен дагы болдум. Ошол сөөктөр жаткан жер боюнча ал жаш опер болгон кезинде кабардар болгон экен. Москвадан келери менен 1989-жылы сөөктөр көмүлгөн жерлерди издете баштады. Кай жакта, кай жерге сөөктөр көмүлгөнү билинбейт. Абдыракманов Болот деген менен чогуу иштегенбиз. Биз барып бир күрөк менен казганда эле сөөктөр чыкты. Декабрь айлары болчу, казган жерлерибизди кайра жаап, күн жылыганда казабыз деп топурактарды көмүп койдук. Бул нерсени Асанкулов ачып чыкты. Ал аракет кылбаганда бул нерселер дагы канча жылдап ошол жерде жата бермек. —
Маектешкен Бекен Назаралиев
(Уландысы кийинки санда)

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *