shadow

 

Айлап-жылдап сериял көргөн кишилерге кыжырым келет эле. Текке кеткен кайран убакыт, кайран өмүр деп. Азыр деле оюм ошондой. Көрсө “Эртугрулга” салыштырганда сериал атпайдын бири калбай жөн эле шакел, пайда-батасыз саман-топон экен да.

Союз кыйрагандан бери жан дүйнөгө азык болоор бир жакшылык көрбөдүк. Баягы эле “Манас”, баягы эле Айтматов баш болгон биртике рухий көрөңгөбүз менен жашап келебиз. А да Батыш менен Чыгыштан селдей каптаган мыкаачы боевиктер менен акча, төшөк көйгөйлөрдүн чаңында калды. Натыйжада элдин ырыскысын чыпалактап жеген коммунисттик мителердин ордуна беш колун билегине чейин матырып жуткан каракчы башкаруучулар пайда болду. Ортодо рухий шылуундуктун рекламасындай болгон корей сериалдары деген чыга калып, толгон жаштар ошол жакка каңгып, кыз-кыркын эрге тийип кетти. Корей менен кытайга кыздарыбыз коңшу айылдын жигиттерине тийгендей тие баштаганы өлөөрүбүзбү же тирилээрибизби, муну эсептеген киши жок. Бала-бакыранын баары интернетте жашап, эмне балээ менен азыктанып жатканын ит билип болбойт. Эң башкысы, көчөгө чыгайын, иш кылайын, ата-энени, чоңдорду ээрчийин деген бала жок, смартфондон башка эч нерсеге кызыкпаган көк мээ муун өсүп келатат.
Мына ушундай рухий коронавирус каптаган шартта “Эртугрулдун тирилиши” кыргыздын да кайра тирилишинин шыпаасы экен. Ишимдин баарын таштап, жылбай-чыкпай олтуруп 150 сериясын көрдүм. Аны жогорку деңгээлде которуп баштаган КТРчилерге миң алкыш! Мени Эртугрул деген илдет менен ошолор оорутту. Бирок бир күнү телевизор тартпай калып, чыдамым кетип интернеттен орусчасын таап алып, ошону менен он эсе тездик менен аягына чыгардым. Орусча котормосу да укмуш экен. Жалгыз бир диктор окуйт болгону. Бирок артында угулуп турган оригинал үндөр менен кошулуп, кыргызга жүз пайыз түшүнүктүү ажайып котормо болуптур.
Төрт-беш кино тартып алып, кыргыз керемети деп жүрөбүз. Керемет кандай болоорун көрө элек экенбиз. Кудай өзүнө дачага калтырган жерин кыргызга бериптир деп жүрөбүз. Жердин чыныгы Бейишин Чыгыш Рим империясын талкалап, түрктөр ээлеп алганын да билбейт экенбиз. Түрктөрдүн орошон тарыхынын жанында биз жадыбалдай жаттап үйрөнгөн орустун тарыхы жөн эле оюнчук болуп калаарын да билбейт экенбиз. Чынгызхандын аскеринин ондон тогузу түрктөр болгон, биздин ата-бабаларыбыз ошолордун курамында орусту үч жүз жыл басып жаткан деп мактанабыз. Осмон түрктөр болсо жергесине келген монголдорду талкалап, качканын качырып, качпаганын мусулман кылып, ислам халифатын эбегейсиз кеңейтип, Батыш Европаны алты жүз жыл титиретип кармап турганын билбейт экенбиз. Балким “Манастагы” Крым менен Римге (“Кызың кетти Кырымга, уулуң кетти Урумга…”) кеткен кыргыз ошолордур. Балким калмак-кытай жапырыгында чачылган кыргыз Анадолуга да жеткендир. Балким Манастын тукуму биз эмес, ошолордур! “Эртугрулду” көргөн кыргызга мына ушундан башка ой келбейт. Көрө берип, ыйлай берип, эзилип каласың. Ушундай ишти кыргыз гана, Манастын тукуму гана жасашы керек эле, бирок түрктөр жасаптыр деп…
Биз эле эмес, ошол доордогу орошон иштерди өздөрүнүн ата-бабалары жасаганына азыркы түрктөрдүн өздөрү да ишенбеген сыяктанат. Фильмдеги түрктөрдүн жашоосун, турмуш-тиричилигин жалаң кыргыздын декорациясы менен жасалгалашыптыр. Боз үйлөрү, ичи, тышы, шырдак, туш кийиздерине чейин бүт кыргыздыкы. Бир кем дүйнөсү – бул жерде чыныгы тарыхый этнография табуу кыйын. Көчмөндөрдүн классикалык турак жайы көчпөс боз үйлөргө, азыркы курулуш материалдары менен жасалган имараттарга айланып калган. Балким Өгүз каган бабабыздын Анадолулук урпактары кийин ошондой конуштар менен айылдарды да курушкандыр. Бирок киносценаристтер көчмөндөрдүн турак жайынын башкы касиети алеки саатта жыйнашытырып журт которуп кетүү мүмкүнчүлүгү экенин эске алышса конуштарды душмандарга кайра-кайра чаптырып, өрттөтүп олтурбай, мындан да кызыктуураак окуялар кошулмак деген да ой келет.
Түрк туугандар боз үйдүн төр жак, эр жак, эпчи жак дегенин да билбейт көрүнөт. Уулу уруунун башчысы болуп шайланса ата-энесин төмөн коюп, өзү төргө олтуруп алат экен. Ким билет, бул башчынын өргөөсүндөгү эле көрүнүштүр. Кыргыздар өз колубуздан бок келбесе да бирөөгө сын айтканга кыйынбыз. Мунун маанисин билгендер менин катам болсо оңдоп коёор.
Анан да ошол доордогу түрктөрдүн боз үйдөн башка турак жайы болбогону, эркектери малчылык, устачылык, аялдары кол өнөрчүлүк жана үй тиричилиги менен алек болгону, дыйканчылыкты дээрлик жасабаганы, тоолук кыргыздар 19-кылымдын ортосунда гана жей баштаган чөп-чар менен кесме түрктөргө ошол кезде европалык келиндери аркылуу киргени бул багыттагы көп сөзгө башат болуп берчүдөй.
Коломтосу жок, ортодо газ плита, керогаз сыяктуу тамак жасачу жери бар, бири бирине миништирилип курулган бир нече бөлмөлүү боз үй азыркы табитке туура келсе келээр. Бирок этнотарых эмес экени түшүнүктүү. Кой-эчкини кинотасма үчүн боз үйлөрдүн арасынан кайра-кайра ары-бери айдай беришет. Бирок кой короо, мал короо деген, мал жайыт деген эч жерде жок. Түрк туугандар көчмөндүн баласы бешикке салынаарын көрсөтүүгө аракет кылышканы да сонун. Бирок аны бөлөө деген эмне экенин билбей калган шекилдүү. Мына ушул окшогон толгон-токой кемчиликти ар бир кыргыз сериалдын ар бир фильминен көрө берет. Бирок көчмөнчүлүктөн дээрлик 7-8 кылым илгери эле арылган түрк туугандардын киночулары ушунчалык жогорку деңгээлдеги көчмөн турмуш элесин чагылтып бере алгандыгы үчүн өтө бийик бааны беришибиз керек. Себеби кино өнөрүнүн өз мыйзам ченемдүүлүктөрү бар. Тарыхый чындыктын баары эле каалаган натыйжаны бере бербейт. Тарыхый этнография тасманын башкы максатынан алагды кылбай, тетирисинче, ага жардам берип, кошумча болуп турушу гана абзел.
Ал эми максат болсо өтө бийик, улуу, түбөлүк жана ыйык. Бир түрктүн эле эмес, бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн, жалгыз мусулмандардын эле эмес, жалпы адамзаттын максаты, идеалы – зулумдарды ооздуктап, запкы тарткандарды коргогон Алла-Тааламдын адилет сотун орнотуу. Ушул ыйык күрөш жолунда канча каны суудай агып, канча көз жашы көл болуп, канча шору шорподой кайнап, акыры ошондой адилет мамлекеттин түбүн түптөгөн Өгүз кагандын урпактары тууралуу киноэпопея биздин сыймык эмегенде кимдин сыймыгы!? Бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн, бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн, адилеттик менен эркиндик көксөгөн бүтүндөй адамзаттын сыймыгы эмеспи!
Эрдик, көсөмдүк, көрөгөчтүк, акылмандык, бир туугандык, бир боорлук, достук, мээримдүүлүк, боорукерлик, ишенимдүүлүк, сүйүү, махабат, оопалуулук, деги койчу, адамды адам кылып кылып турган ушул асыл сапаттардын кашкайып ачылбаган учуру сериалда жокко эсе. Оң каарамандардын ар бири өз жүзү, өзүнүн кайталангыс өзгөчөлүктөрү менен сенин эң жакын адамдарыңа айланат. Чыныгы элдик баатырдын эталонуна айланган Эртугрулду айтпаганда да, Хаймие эне, Артук бей, Тургут алп, Бамсы алп, Абдрахман алп, Күндогду бей, Сумбуртекин бей, Сулейман шах, Халиме султан, Элбилги айым дегендер эмне деген гана керемет образдар! Алардын ар бири кубанса кошо кубанып, ыйласа кошо ыйлап олтура бересиң. Ыйламак турсун кайгысына кошо малынып, эзилип, жанчылып, союлуп каласың.
Бул балким ондогон, жүздөгөн кайталангыс көркөм образдарды жараткан фильмдин авторлорунун жазуучулук күчү, талантыдыр. Ошентсе да негизги себеп алардан көркөм каармандарды эмес, келечек муун үчүн жашап өткөн реалдуу ата-бабаларыбыздын, жок эле дегенде бир боорлорубуздун трагедиялуу тагдырларын көргөнүбүздө болсо керек.
Кара ниеттик менен кара санатайлыктын соолгус булагы болгон тышкы душмандардын, чыккынчылык менен саткынчылыкты үзбөй алып жүргөн ички душмандардын да ондогон кашкайган кейиптери көздө да, көкүрөктө да калат. Нойан менен Саабедин Копек, Алымжак менен Күмүштекин, Драгос менен Албасты Бейбулат, Арык Бука менен Кыят… Баары бири биринен өткөн шылуун жана шайтан. Алардын түрү укмуш карасанатайлыктары менен чыккынчылыктары билбеген балээси жокторду да жанынан түңүлтөөр. Жармы төгүн, жармы чын, көрүп келген киши жок дегендей, албетте, алдардын теңи көркөм табылга болсо да калганы тарыхый факт экени талашсыз. Адам баласында Алмустактан келаткан эле ак менен каранын күрөшү. Айрыкча чыккынчылык менен саткынчылык түрк тукумунун, анын ичинде Ала-Тоолук кыргыздын да шору. Бүгүн деле өзгөрүп кеткен жокпуз. Миң түркүн чет элдик долбоорлор үчүн иштеп, ичибизден ириткен, акча үчүн Ата Журту тургай ата-энесин сатуудан кайра тартпаган азыркы шылуундарыбыз сериалдын чөөлөрүнө коёндой окшош болуп чыга келет. Ошондуктан бул фильмдин биз үчүн түздөн-түз практикалык мааниси да айдан ачык.
Бул эпопеянын таянаар тоосу, идеясынын өзөгү ислам идеологиясы, зулумдарды жазалап, эзилип, запкы тарткандардын акысын алып берээр Алла-Тааламдын акыйкат соту. Эң кадыр-барктуу Ибн Араби аттуу аалым Эртугрулдун да, шейиттик жолуна түшкөн башка бардык каармандардын устаты. Ал тарыхый инсанга караганда көркөм табылгага көбүрөөк окшош. Олку-солку учурдун баарында Ыйык Куран менен Сүннөттүн талаптарын ташка тамга баскандай тастыктап жүрүп олтурат. Ислам жолунун зулумдукка такаат боло албаган христианчылык менен монголдордун отко-сууга табынган теңирчилигинен алда канча адамкерчиликтүү экени кашкайып көрүнөт. Христиан чеп башысы Арес-Ахмед менен монгол баатыры Мергендин, ал турсун Чынгызхандын түз тукуму Берке хандын мусулман болуп кетиши да эң сонун ачылып берилген.
Биз билгенден улутчулдук деген илдет бардык элдер сыяктуу эле түрктөрдүн өздөрүндө да жок эмес. Ошентсе да сериалда башка улуттарды кемсинтүүгө багытталган кыпындай да илинчээк табылбайт. Ошол доордо Пайгамбардын татыктуу мураскери боло албай калган араб туугандар тууралуу бир да ооз сөз жок. Бирок ислам дүйнөсүн сактап калуу вазийпасы түрктөрдүн гана колунда экени көп жолу айтылат. Араб өлкөлөрүнүн бир тобу ошону да көтөрө албай өздөрүндө “Эртугрулду” көрсөтүүгө тыюу салышкан.
Ошол эле учурда фильмде перстер баштаган Нооруз майрам жаз майрамы катары майрамдалып, эң бир сонун исламий шөкөттөлгөн. Биз Ноорузду арам деп жер сабап олтурсак ислам халифатын дээрлик миң жыл башкарган түрк туугандар муну улуттук майрамдарынын бири катары белгилейт экен.
Сериалдагы дагы бир чоң маселе үй-бүлөдөгү, коомдогу аял менен эркектин орду. Жоокерчилик заманда жаа атып, кылыч чаап, канжар урганды билбеген аял болобосу түшүнүктүү. Аял менен эркек бири бирине бардык учурда эриш-аркак жашоо кечирген. Айрыкча сүйүп баш кошуу иши өзгөчө чагылдырылган. “Даңазалуу доор” сериалындагыдай кабат-кабат катын алуу дегендин жыты да жок. Ошентсе да эркектин чечимине аялынын каршы болушу чектен тыш нерсе болгон. Ал эми эркектин милдетине келгенде Күндогду бей өзүнүн жаман көрүп ташталган салбар аялын жоо колунан куткаруу үчүн өлүмгө баруудан да кайра туртпай кармашка чыгат. Жалгыз ал эмес, бүтүндөөй уруу чыгат. Кыргыз деле ушундай эле намыс менен жашап келген да кечээки күнгө чейин. Бүгүнкүдөй кыз-келиндин баарын каңгытып жиберип карап олтуруу деген кайдан чыкты? Балким аялга жакшылык кылабыз деп көчүгүбүзгө суу куйган тышкы душмандар менен ички чыккынчылардан чыккандыр?
Сериалдын дагы бир керемети баатырлардын аттары. Айрыкча Эртугрулдун Манастын Аккуласындай болгон Актолголуусу. Көркү, сулуулугу, жүгүргөнү бир укмуш. Ээсинин сөзүн түшүнгөн, ээси билбеген нерсени да билген акылы тууралуу ой да жакшы. Бирок ошол ойду ишенимдүү ишке ашыраар шарт болсо кана деп да коёбуз. Деги эле ат үстүндө кармашуу, кылычташуу, найзалап сайышуу жокко эсе фильмде. Ушул учурларга кыргыздар аралашса жакшыраак ачылмакпы деп да коёбуз. Монголдун баарын кыргыз менен казак ойносо катырмакпы деп коёбуз. Жок дегенде Берке хан монголго окшошуп турса жакшы эле болот эле да.
Албетте, тарыхый фильм тартуу өтө көп каражатты талап кылат. Түрк кинематографисттери килейген-килейген имараттарды, ал турсун бүтүндөй бир көчөлөрдү куруптур. Кыргызстандан толгон акчага жыйнап кеткен боз үй, шырдак, туш кийиз сыяктуу жасалгалар эбегейсиз чоң чыгымдын майда-чүйдөсү эле болуп калгандай. Ошонун баарын көтөрүп, бүгүнкү күндүн эч теңдеши жок рухий кереметин жаратууга шарт түзүп берген түрк мамлекетине, өкмөтүнө, айрыкча башчысы Реджеп Тайып Эрдоганга миң алкыш айтып, бул залкар киноэпопеяга салым кошкондордун баарына Жараткан Алладан эки дүйнөнүн жакшылыгын тилейбиз.
Сериалды көргөн башка диндегилер да ислам динин кабыл алып жатышат. Албетте, элдин баары эле “Алладан башка Кудай жок, Мухаммед анын элчиси”, – дей салса эле заман өзгөрүп кетет дегенден алыспыз. Бирок “Эртугрулдун тирилиши” аны көргөн ар бир адамдын жан дүйнөсүн кайра тирилтээринде кыпындай да шегибиз жок. Түрк туугандардын бул рухий жапырыгы бүтүндөй адамзат үчүн өз жемишин сөзсүз берет. Түрк туугандардын түбү Анадолу кыргыздары экенине толгон далил бар. Түркияда кыргыз баатырларына арналып тургузулган эстеликтер да бар. Биз кыргыздар ушундай ажайып дүйнөгө аралашып гана дүйнө жүзүндө өз татыктуу ордубузду табабыз. Манастын чыныгы урпагы болобуз. Болбосо чыккынчылык менен саткынчылыктын, көрө албастык менен ичи тарлыктын баткагына баткан Абыке-Көбөштүн тукуму экенибизди гана далилдейбиз. Себеби, тукумдун чыныгы жүзү жомок айтып мактанганында эмес, жасаган, аткарган ишинде болот.

Beyshenbek Bekeshov

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *