shadow

Алардын 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары болгон. Шектүүлөрдүн жанынан огу жок “Макаров” куралы табылды.

Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар менен шектүүлөрдүн ортосунда бир жарым жылдан бери пикир келишпестик болуп келген.

Милициянын маалыматында, 9 – декабрда саат жети жарымга чукул Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз автоунаадан “Тойота-Авенсис” үлгүсүндөгү машинеге ок атылган.

“Тойота-Авенсистин” ичинде үч киши болгон жана алар белгисиз автоунааны кубалап баратып жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден “Макаров” куралыныкы болушу мүмкүн делген октун алты гилзасы табылган. “Тойота-Авенсис” автоунаасы тинтүүгө алынып, жабыркагандардын буюмдары алынган. Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

Милиция шектүүлөр “Коопсуз шаардын” видео көзөмөл байкоолорунун жардамы менен табылганын белгилейт. Учурда бул факт Жазык кодексинин 9-130 (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *