shadow

Жалгыз дос

Аалам чексиз… Заман өзгөрмө… Турмуш миң түйшүктүү… Мына ушул миң түрдүү, көп кырдуу дүйнөдө Жараткан пендесине ыроологон пакизаликти туу тутуп, көкүрөктү ар кандай азгырыктардан тынымсыз тазалап жууп, түбөлүккө түздөнгөн, өмүрүн элине, мекенине кызмат кылууга арнап койгон инсандар бар. Катаал турмуш катуу сыноолоруна алып, азабына салып, азгырыктарын желедей жайып турганына карабай, мына ошол желелерге чалынбай, мына ошонусу менен муундан-муундарга өрнөк өмүр сүрүшөт алар. Андай инсандар биздин мекенибизде жок эмес, бар! Алар жаш айырмачылыктарына карабай руханий достуктун эң бир бекем жана жандуу жиптери менен байланышып, түбөлүккө бир тилектештикте калышат. Аларды мекенди, элин, адамдарды сүйүү, мына ошолордун бактысы, келечеги үчүн күрөш да бириктирип турат. Мына ошондой сейрек кездешкен эки инсандын уникалдуу достугу жөнүндө сөз кылмакчыбыз…

Өзгөчө аяш ата…

Жашыраак кезимде Кадамжайдын Марказ жергесинде бир кызыктай, таңкалтырган окуяга же адамдар ортосундагы мамилеге туш болгон элем. Жаш курактары тең, бири-бирин дос дей турган эки кишинин бири экинчисине “аяш ата” деп кайрылып жатканын байкап калып, бир жагынан таңдана, экинчи жагынан теңтуштар ортосундагы тамашадай кабылдаган элем. Бирок, “аяш ата” деген киши өзү менен куракташ кишиге барбалаңдай чын дилинен урмат-сыйын көрсөтүп жатканын көрүп, бул тамаша эмес, бул жерде бир олуттуу нерсе болсо керек деп калганмын.
Кийинчерээк мына ушундай эле окуяга башка жагдайда, башка шартта туш болдум. Бул ирет айыл турмушун кечкен карапайым адамдар эмес, элге-журтка белгилүү инсандар ортосундагы ушундай бир уникалдуу мамилени байкап калдым.
Өлкөгө белгилүү саясатчы Исхак Масалиев менен сүйлөшүп калган учурлардын биринде “менин аяш атам жүрөбү, ал өзү эмне кылып жатат?”,- деп сурап калды.
-“Аяш атаңыз ким эле?”,- деп мен кайрадан андан таңдана сурадым. Анткени, сөзүбүз саясат, саясатчылар, анын ичинде Адахан Мадумаров жөнүндө да болуп жаткан. Таңданган абалымда “Адахан Мадумаров сизге аяш ата болобу? Кантип? Ал сизден жаш го?”, –дедим ал жооп бергиче суроолорду жаадырып.
Исхак мырза эч эрөөн-төрөөнү жок эле “Адахан атам менен абдан жакын болчу. Ошондуктан мен аны аяш ата деп коем”,- деди.
Ошондо Жогорку Кеңештин эки чакырылышында бирге депутат болгон Абсамат Масалиев менен Адахан Мадумаровдун чогуу жүргөн учурлары көз алдыма тартыла түшүп, бул эки инсандын ортосунда кандайдыр бир ата-баладай жакындык бар экенин байкап калганым эсиме келди. Бирок экөөнүн ортосунда достук болот деген ой келбептир.
Ооба, парламентте тагдыр чечүүчү Үзөңгү-Кууш, Кумтөр, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, стратегиялык мааниси бар ишкана, заводдорду сактоо, айыл-чарбасына байланыштуу маселелерде бир позицияда, бир пикирде болушуп, бийликтин калпыс саясаты менен кызыл-чеке боло акыр аягына чейин күрөшүп жүрүшкөнү күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Бирок жогоруда айткандай, экөөнүн достугу жөнүндө менде ой болбоптур. Анткени бизде достук жаш курагы теңдер ортосунда, таза болбосо эки-үч жаш айырмасы барлар ортосунда гана болот деген түшүнүк калыптанып калган эмеспи.
Ошондуктан турмуштагы бул көнүмүштөн башкачараак нерсеге тактык киргизүү максатында Исхак мырзага кайрадан кайрылып, “Адахан Мадумаровду аяш ата деп атканыңызга караганда Абсамат Масалиев экөө кучакташкан, кадимкидей дос болсо керек эле?”, –деп сурадым.
Исхак мырза “Экөөнү кадимки теңтуштар ортосундагы дос деп айтууга болбойт ко?! Бирок, атам менен Адахан Кимсанбаевич аябай жакын болушкан. Аябай көп бирге жүрүшчү. Ошондуктан мен аны аяш ата деп коем. Абсамат Масалиев Адахан Мадумаровду уулундай эле көрүп, чоң саясатта, мамлекеттик иштерде тарбиясын берип жүрдү”,- деп жооп берди.

Масалиев-Мадумаров “достугунун” сыры

Абсамат Масалиев Адахан Мадумаровду чынында эле абдан жакшы көрүп, ага абдан чоң үмүт артып, ар дайым жанында алып жүрчү. Анын маани-маңызы, себептери жөнүндө кийинчерээк көбүрөөк билип калдым. Экөөнү эмне бириктирчү, эмне жакындатчу деген суроого жооп издеп, анан өзүмчө мындай жыйынтыкка келдим:
-Абсамат Масалиевди Адахан Мадумаровдун курчтугу, чечендиги, жаштыгы, мамлекет, элдин кызыкчылыгы үчүн күйүп-бышкан патриоттулугу өзүнө тарткан болуш керек. Бул талашсыз. Бирок, Адахан Мадумаровдо булардан башка дагы бир өзгөчө сапат болбосо Абсамат Масалиев ага анчалык байланбаса керек эле деймин. Ал кандай сапат болушу мүмкүн?
Андай сапат мурунку өкмөт башчылардын бири Турсунбек Чыңгышев айткандай “келесоолор жана жалкоолор гана уурдабай калган”, коррупциянын арааны ачылып турган Кыргызстанда өтө сейрек кездешкен сапат. Өзгөчө мамлекеттик жогорку кызматтарда туруп, ченемсиз материалдык, финансылык ресурстардын тагдырын чечкен чиновниктер арасында андай сапат өтө сейрек кездешип калбадыбы. Ал сапат -мамлекеттик, элдик байлыкка кол салбаган тазалык, коррупция дегенден азада боюн алыс кармаган сапат.
Адахан Мадумаровду оппонеттери эмне деп ушактабасын, каралабасын, бирок анын тазалыгына, коррупциядан алыстыгына, чындык үчүн чыркырап туруп беришине эч качан шек келтире алышпайт. Адахан мырзанын мына ушул тазалыгы, коррупциядан алыстыгы, элдин ырыскысына кол салбагандыгы Абсамат Масалиевди өзүнө тартып, ага чоң үмүт артууга түрткү болгон негизги фактор болсо керек. Анткени Абсамат Масалиев өзү мына ошондой таза саясатчынын эталону эмес беле?!
Адахан Мадумаровдо адилеттүүлүккө, мамлекеттин же элдин кызыкчылыгына доо кеткен жерде чырылдап, күйүп кетмей сапаты бар. Абсамат Масалиев өзү да мамлекет, элдин кызыкчылыгына доо кетип жаткан учурларда чебелектеп, кабагы түйүлүп, абдан катуу кыжалат болуп кетчү. Экөө мына ушинтип саясатта үзөңгүлөш болуп жүргөн мезгилде Мадумаров жашыраак эле. Мына ошол кезде жаштык максималдуулукка салып, мамлекеттик татаал “кырк түйүн” маселелерди кылыч менен чаап жибергенге даяр болуп калчу. Мына ушундай учурларда Абсамат Масалиев аны кызуу кандуулукка алдырбоого, “жети өлчөп бир кесе турган” сабырдуулукка, токтоолуукка үндөп, “тээтиги аксакалды көрдүңүзбү”,- деп Турдакун Усубалиев тарапты жаңсап, “мына ошол кишидей оор, сабырдуу болушту үйрөнүш керек, сиз менен биз болсо күйүп кетип атабыз”, -деп кеңеш берчү экен. Муну Адахан мырза кийинчерээк өзү айтып жүргөн жайы бар.
Адахан Мадумаров өзү Абсамат Масалиев жөнүндө сөз кылганды аябай жакшы көрөт. Депутат кездеринде шайлоо округдарын бирге кыдырган учурларын айтып түгөтө албайт. Бирге жол жүргөндө Абсамат Масалиевдин өзгөчө бир сапаттары, анын ичинде тамашакөйлүгү ачылып, турмуштун миң түрүнө жараша айткан тамашалары (анекдот) түгөнчү эмес дейт.
Экөө ушунча көп жүргөндөнбү же Адахан мырзанын жеке талантыбы, айтоор, ал Абсамат Масалиевдин үнүнө үнүн абдан окшотуп туурап сүйлөгөндө кудум Масалиевдин өзүн угуп жаткандай болуп кетесиң.
Адахан Мадумаров Абсамат Масалиев менен бирге жүргөндөгү окуяларды көп эскерип айтып жүрөт. Мына ошолордун айрымдарына назар салсак:

Абсамат Масалиев менен акыркы жолугушуу

-Абсамат Масалиев жөнүндө айтуу мен үчүн бир чети аябай оор, бир чети жеңил. Анткени ал ошондой залкар, анан жөнөкөй киши эле. Мен ал кишинин жанында бирге көп жүрүп калдым.
Арабызда жүрүп, өлбөчүдөй көрүнүп, кокусунан кете берди…
Болгондо да ошол күнү, 31-июлда экөөбүз жолугушуп, сүйлөшкөнбүз.
Эң таң калыштуусу ушул.
Ошол күнү бир академиктин энесинин тажыясына барганбыз. Күн аябай ысып, 40 градустан ашып турган. Ал киши да барган экен. Бата кылып чыксак дарактын көлөкөсүндө туруптур. Өзүнүн адатынча эле “жолдош начальник мен сизди күтүп турам”, –деп калды.
Батага келинчегим менен барган элем. Мен таңдана “эмнеге күтүп атасыз”, -десем, “мен да байбичени үйгө таштайын, сиз да келин баланы үйгө таштап, экөөбүз Жогорку Кеңештен жолуксак”, -деди.
Мен “Абсамат Масалиевич, биз экөөбүздөн башка эч ким болбойт ал жерде. Кароолчулар гана болот. Экөөбүз эмне кылабыз ал жерде. Күн ушундай ысып жатса?”,- десем, “жо-жок, келиңиз”,-деди.
Анан ал киши айткандан кийин сөзүн эки кылыш оюбузга да келчү эмес. Кадыр-баркы ушунчалык жогору эле, эмне болсо да анын сөзүн аткарууга аракет жасайт элек. Анан бир топ убакыттан кийин Жогорку Кеңешке барсам иш кабинетинде жалгыз өзү отурган экен.
“Келдиңизби”,- деп жылмайа тосуп алды. Көрүшүп, адатыбызча бир аз тамашалаштык. Ал жайды сурады. Балдарды, ата-энемди сурады. Мен бир аз мурдараак экинчи баламды сүннөткө отургузган элем. Сүннөт тойго Абсамат Масалиев да келген. Келип аябай тамашалашып, сүннөткө отургузган балам ыйлап отурса, “бул жигит капа болуптур да, аябай катуу капа болуптур да”,- деп кичине акчасын берип, “күлүп кой, күлсөң дагы момунча акча берем”,- деп тамашалашып отурду. Анан ал жигитти сурады “кандай болуп калды”,- деп. “Чуркап жүрөбү, мектепке барып калдыбы? Баягы ыйлап жаткан күндөрүн унутса керек”,- деп, эмнегедир бир башкача боло берди.
Анан мага карап “мен сизди чакырганымдын себеби мына бу китебим чыкты. Мына ошону берип коеюн дедим эле”, -деди. “Эл чындыкты билиш керек”,- деген китеби чыккан экен.
А мен жашмын да, “Абсамат Масалиевич, ушул үчүн чакырдыңыз беле”,- дедим эч нерседен капарсыз, “ушул үчүн”, -деп жооп берди.
Мен айтып калдым, “кызык киши экенсиз, эртең бир айдан кийин баарыбыз жыйналабыз, Эгемендүүлүк күнү келет. Ошондо бардык депутаттар менен бирге берсеңиз болот эле да”, – дедим.
“Жо-жо-жок. Ага чейин эмне бар, эмне жок. Мен ушул китепке өзүмдүн каалоомду жазып, өз колум менен тапшыргым келди сизге”, -деп туруп келип кучактап китебин берди.
Ал кишиде өзү мындай бир кучактай калуу, же бир жалпалаңдап жабыша калган мүнөз жок болчу. Анан ошондо негедир көпкө кучактап турду.
Мен ал кишинин мына ушундай мээрими төгүлүп турганын Ошко барганда Исхактын уулу, жалгыз эркек небереси Адылды кучактап турганда көргөн элем.
Ошондо кайрылып “Абсамат Масалиевич, сизде да ушундай үйрүлгөн аталык мээрим бар экен”, – десем, “а как же, а как же”,- деп калган эле. Ошондой болуп көпкө чейин кучактап турду да “мына ушул жерде көптөгөн чындыктар жазылган. Ушул кезге чейин көптөгөн калптарды таркатып келишти. Мына ушул жерде баары документтердин негизинде жазылган”,- деди.
Китепте Абсамат Масалиевдин басып өткөн жолу, айрыкча “ушул киши гана күнөөлүү, ушул кишинин айынан болду”, -делинген каргашалуу Ош окуясы тууралуу, аны ким чыгарганы, кантип чыгарганы, эмне үчүн чыгарылганы жазылган экен. Бул кишини кызматтан алууга жасалган аракеттер жөнүндө баяндалыптыр.
Мен ал китепти бир дем менен окуп чыгып, эки нерсеге аябай таң калдым. Ушул китепте жазылгандарды ошол кезде айтып айгайлап чыкпаганына, ошончо чындыкты, адилетсиздикти көрүп туруп, унчукпай жүрө бергенине?!
Кийин көзү өтүп кеткенден кийин байбичеси Кайринса апа “мына баарын ичине катып жүрө берип аваң да өтүп кетти. Сага да асылуулар көп болуп жатат, сага да жалаа жабуулар көп болуп жатат. Менин айтканымды ук балам, “уйгак жибекке жармашат, таарга жармашпайт”, бети калың, териси калыңдарга сөз айтылбайт. Айтылса да өтпөйт. Сен ушунчалык жандүйнөңө катуу кабыл алган сайын сага айтыла берет. Бирок сен ага өтө берилип көңүл бурба. Ичиңе катпа. Тажрыйбалуу энең катары айтып коеюн сага”, – деди.
Бир нерсеге катуу көңүл буруп же капа болуп калганда ошол сөз эсиме келип, кулагымда жаңырат.
“Уйгак жибекке жармашат, таарга жармашпайт”- деген сөз кийин элге кеңири тараган лакап болуп кетти.
Анан, ошол 31-июль күнү Жогорку Кеңештеги жолугушуу учурунда Абасамат Масалиевич “кечке жуук жогору чыгып кетебиз. Шаарда аябай ысык болуп, жакшы уктай албай жатам. Анан эртең достор менен 10 күнгө дем алышка кетебиз”,- деди. Бейшебек Акунович, Өскөн Даникеев сыяктуу досторун айткан болсо керек эле.
Экөөбүз иш бөлмөсүндө дагы бир аз сүйлөшүп отуруп, анан мен “макул эми мен барайын, сиздер жакшы эс алып келиниздер”- деп, коштошуп чыгып кеттим.
Ошол сүйлөшүү, ошол коштошуу акыркы жолку сүйлөшүү, акыркы коштошуу экени түк көңүлгө келген эмес экен. Кайдан келсин?! “Кайда жыгыларымды билсем чөп төшөп койбойт белем”…
Академиктин энесине куран окутуу саат 12де болсо, Абсамат Масалиев экөөбүздүн Жогорку Кеңеште коштошуубуз түшкү саат экилерде болгон экен.
Жогорку Кеңештен чыккандан кийин күн аябай ысык болуп аткандан үйгө барып, салкындап отурдум. Андан кийин эле кечки саат 6да Исхак Абсаматович телефон чалып, “атам өтүп кетти” деп суук кабар угузуп калды…
Мен “Өңүмбү? Түшүмбү? Эмне, кандай болуп кетти?”, – деп дендароо боло түштүм. Уккан кулагыма ишенбей Исхак Абсаматовичке кайра телефон чалдым. “Атам өтүп кетти”, – деп ал кайра кайталады.
“Каэрде, эмне болуп”,- десем, “ошо жогору жакта”, – деген жоопту алдым.
Анан жарым саатка калбай шаша-буша жетип бардык. Барсак денеси да муздай элек экен. Жаткан экен…
Байбичеси абдан кайгыруу менен кандай болгонун айтып берди: “Бир аз мурунураак эле дачанын эшиктерине суу сээп, тазалап жаткан экен. “Аксакал эмне кыласыз жөн эле коюңуз”- десем, “тазалап коеюн”,- деди.
Анан душка түшүп, сакал-мурутун алып, тазаланып чыкты…
“Кечки саат алты болуп калыптыр. Эми алтыдагы жаңылыктарды көрөйүн”, -деп калгандан, кыңкая жатып көргөнгө төшөк салып бердим. Чай алып келип берейин деп, чай ичкенче көрүңүз деп, телевизорду коюп чай койгону баратсам эле “ымх” деген үн чыгып калды. Кайра кайрылып келе койсом түп-түз болуп жатып, үзүлүп кетиптир”…
Мына ушундай…

(уландысы бар)

Aidanbek Akmatov.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *