shadow

Тынчтыкбек Чоротегин:

«Азыркы тапта “Турар” басмасынын толук демөөрчүлүгү астында “Ала-Тоо” деген тарыхый атын сактаган адабий-көркөм журнал жарык көрүп келет»

Кыргызстандын маданияты жана ишкерлер чөйрөсү орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыздын чыгаан басма ишкери Тилек Мураталиев 60 жашка таяп калган чагында, 2020-жылдын 20-августунда кечкурун жүрөгүнөн кармап мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Тилек Тураркулович Мураталиев 1960-жылы 16-ноябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында айыл мугалимдери Тураркул менен Зайнанын үй-бүлөсүндө туулган.

1977-жылы ал Кызыл-Дөбө орто мектебинде 10-классты бүтүрүп, андан соң Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ; азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) география факультетине тапшырган жана аны 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1982–90-жылдары ал КМУда (КУУда) окутуучу болуп иштеген.

1990-жылдан тартып ал Бишкек шаарында полиграфия тармагында чакан ишкердик менен алектене баштаган.

1996-жылы ал жеке менчик “Турар” басма үйүн ачып, демилгелүү жана уюштургуч иш-аракетинин натыйжасында аны Кыргызстандагы ири жеке басмалардын бирине айланткан. (Басма үйүнүн аталышы маркум атасы Тураркулдун элесине арналган).

Тилек Мураталиев пост-советтик Кыргызстандагы агартуу жана маданият тармагына демөөрчү катары зор эмгек сиңирип келди.

2000-жылдары ал жеке демөөрчүлүгү менен “Жаңы Ала-Тоо” журналын чыгарган. Азыркы тапта “Турар” басмасынын толук демөөрчүлүгү астында “Ала-Тоо” деген тарыхый атын сактаган адабий-көркөм журнал жарык көрүп келет.

Мындан тышкары да ал Борбордук Азиядагы даңазалуу авторлордун бир катарынын чыгармаларын жарыкка чыгаруунун каржылык жана басмалык түйшүктөрүн өзү көтөргөн. Алардын арасында айтылуу казак санжырачысы Шаакерим Кудайберди уулунун чыгармасы да бар.

Тилек Мураталиевдин демөөрчүлүгү менен “Арча” аттуу адабий сыйлык уюштурулган. Анын лауреаттарынын арасында таанымал акын жана романчы Акбар Рыскулов, тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев бар.

Тилек Мураталиев Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин ишмердигин да колдогон, анын жооптуу катчысы болгон.

Калайыкка өзгөчө керектүү адабий-көркөм жана коомдук-саясий китептерди, илимий жыйындардын жыйнактарын, журналдарды жана альманахтарды “Турар” басмасы өтө арзан баада басмадан чыгарып келгендиги да Тилек Мураталиевдин атуулдук чечимине түздөн-түз байланыштуу болгон.

Ал Кыргызстандагы иштери менен гана чектелбестен, дүйнөнү түрө кыдырып, Чыгыш Азия, КМШ, Түркия, Батыш Европадан өзүнө өнөктөштөрдү таап, эл аралык китеп жармаңкелерине ырааттуу катышып, басма ишиндеги эл аралык кызматташтыкты өөрчүтүүгө зор салым кошуп келди.

Тилек Мураталиев Кыргызстандагы басма ишиндеги алгылыктуу ишмердиги үчүн 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен, 2016-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Ал Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин Жооптуу катчысы болгон.

Үй-бүлөсү бар. Балдары: Милан, Аскар, Алибек, Айдана.

Т. Мураталиев 2020-жылы 20-августта, бейшембиде, кечки саат 21:30–22:00 чамасында Бишкек шаарында велосипед тээп келе жатып, капысынан жүрөгүнөн кармап, каза болду.

Анын сөөгү 22-августта өзү туулуп-өскөн Кызыл-Дөбө айылында жерге берилди.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, үзөңгүлөштөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кайыр кош, Тилек Тураркул уулу!

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Жаркын элесиң жана жаратмандык эмгектериң эч качан эл эсинен чыкпайт!

Замандаштары, пикирдештери, достору.

Султан Раев:

«Тикем кайталангыс, кайталангыс…»

“Кайран жигит, кайран Тикем! Адамдын асылы, жанда жок айкөл, кыргыз духун баарынан жогору сыйлаган ченеми чексиз кыйындарыбыздын бири эле го. Тикем кайталангыс, кайталангыс… Бул орду толгус жоготуу, орду толгус арман!..”

Мамат Сабыров:

“Адамгерчиликтүү, март жигит эле. “Ала Тоону” чыгарып,

каржылап, адабиятка

аябай эле

салым кошту…”

Айдарбек Сарманбетов:

«Эмне шаштың, Тилек?..»

“Кыргыздын айкөл, намыскөй жигити эле, аттиң! Эч бир бай карабай койгон адабиятты 10 жылдан ашуун колдоп келди. «Арча» сыйлыгын жанрлар боюнча жылына өткөзүп, 100 миң сомдон байге бергени эле эмне деген иш! «Манас» эпосун, Уркаш, Буудайбек… көптөгөн агаларды колдоп, канчалаган китептерди бекер чыгарды! Аларга калем акы да берген… Адабиятты колдойлу деп «Жаңы Ала-Тоо” журналын 6 жыл колдоду! Жетим балдар үйүн 20 жылдан ашуун колдоп келди. Көп кайрымдуулук иштерди жасады. Эмне шаштың, Тилек?..”

Алтынай Темирова:

«Кыргыз адабиятында күтүүсүз чоң жоготуу болду!»

Тилек Мураталиев Кыргыз Адабиятынын чоң Тиреги эле! Кыргыз Адабиятында күтүүсүз чоң жоготуу болду! Оор жоготуу!.. Арты кайырлуу болсун, айла жок экен эми! Бир туугандарына, үй-бүлөсүнө, жакындарына, чогуу иштешип калган коллективине терең кайгыруу менен көңүл айтам! Кайрат кылыңыздар! Анын көрөңгөлүү баа жеткис ишин улантчу; уулу Аскар, бир тууганы Улан, сүйгөн коллективи, шакирттери дагы бир жолу кайрат кылыңыздар!

Абды Сатаров:

«Экөөбүз амандашкандан кийин шайтан арабасын минип кеткен эле»

“Аттиң армандуу дүйнө! Тилек мырзанын бул жалган дүйнөдөн капысынан өтүп кеткенин угуп өтө кайгырдым. Ал эң мыкты кыргыздын уулу эле. Мага эртең менен жолуккан. Экөөбүз амандашкандан кийин шайтан арабасын минип кеткен эле. Кыргыз журту үчүн чоң жоготуу. Айла жок…”

Меңди Мамазаирова:

«Сиздей жазуучунун китебине мен кайра гонорар төлөп берчү күн келер» деп шадыраңдайт эле»

Эмне жаңылыгың бар?—деп сурайт ар күнү бул желе төр. Бүгүнкү жаңылык — ​эң жаман жаңылык. Анткени, кыргыз өндүрүшүнө, китеп басып чыгаруу ишинде бардык параметрде уюштурууну да жолго коюп, нанотехника менен иштеп аткан бизге, айрыкча чыгармачыл адамдарга сүймөнчүк болуп калган балабызды (Бала эмей эмне?), Тилек Мураталиевди шум ажал колубуздан жулуп кетти. Эрте менен баарыбыздын дагы бир сүйүктүү инибиз Кыяз Молдокасымовдун бул тууралуу кабары жүрөктү канатты. «Эжеке, мендей басмакериңиз турганда кам санабаңыз. Сиздей жазуучунун китебине мен кайра гонорар төлөп берчү күн келер» деп шадыраңдайт эле. 2018-жылы менин жаңы романым «Аймаранды» адегенде 500 нускасын бир тыйын төлөтпөй чыгарып берди. Анан да омурткамдан операция болуп (кагылайын Сабырбек, кыргыздын мыкты уулу, бир тыйын төлөтпөй операция жасады) ооруканада жатсам алтыным Тилегим эжеси Алина экөө «Аймарандын» сигналный 5 нускасын алып, толгон тамак-аш көтөрүп, ооруканага келсе болобу! Мындай кубаныч чанда болот го. Бир айдай убактан соң, 500 нускам бүтөйүн деп калды, көбүн белекке бердим деп мактансам: «Эжеке, дагы чыгарып берейин. Кең Россияга жиберип, аякта деле мыкты эл бар, саттырып аласыз» деп дагы 2000 нуска чыгарып берди. Азыр ал китептен 800 даанасы «Турар» басмасынын кампасында жатат. Калган акчасын төлөп бере элек элем. «Китептин баарын сатканда төлөп берерсиз» деген болчу өлүмгө жетпегир. Эми эмне күн болот? Мыкты жигиттерибизди, акындарыбызды колдон учура берсек? Өлбөй кал Тилек, өлбөй кал! Элүүдөн жаңы ашканда, жайнаган элиңди калтырып, акырет жүзүн көрбөй кал!..

“Жаңы Ордо” гезити, №14 (666),  4-сентябрь, 2020-жыл

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *