shadow

Ушул жылдын октябрь айында чыгаан инсан Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы белгиленмекчи. Ага карата президенттин буйругу чыгып, өзүнчө иш-чаралар белгиленип жатканын билебиз. Мамлекеттик комиссия да иштеп жатса керек. Мен жакында саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков менен башка бир маселелер боюнча пикир алышып жатып, ал кишинин И. Раззаков жөнүндө “Улуттун улуу инсаны” деген эмгекти жазып аяктап калдым дегенинен ал кишиге кайрылып, бир нече суроо узатып, ал эмгектен үзүндү жарыялоону туура көрдүк.

Аскар Акаев:  Арбактын астында кечирим суроо – улук иш. Ачыгын айтканда, биз ал киши тирүү кезинде Исхак Раззаков жөнүндө жакшы сөзүбүздү айта албадык. Ал каза болгондо эмгегине тете татыктуу урмат-сый менен акыркы сапарга узата албадык. Ал эми көзү өткөн соң да бир топ жылдар ал тууралуу адилет сөздөр айтылбай келген эле»

-Жолборс Жоробекович, мен уккандан улуу көсөмүбүз Исхак Раззаков туурасында чоң эмгек жасап жатат экенсиз, ушул жагынан кыскача айта өтсөңүз?

— Исхак Раззаков жөнүндөгү маалыматтарды азыркы алтымыш жаштын тегерегиндегилер деле (Союз тарай элек кезде калыптанып калгандар) такыр билбей чоңойушту. Ал киши тууралу негизинен эгемендүүлүк жылдарында эле макала, китептер чыга баштады. Ага чейин андай киши деги эле Кыргызстанда жашап-иштеп өткөнү жөнүндө маалымат болгон эмес. Бул эми башка тема. А бирок, Исхак Разаков Кыргызстан үчүн, улут үчүн жасап кеткен иштери кылымдарда кыярбас жумуш. И. Раззаков отуз беш жашында Өзбекистанда идеологиясын жетектеп турган секретарь кезинде Кыргызстанга Өкмөттүн төрагалыгына бекитилет. Бул 1945-жыл болчу. Беш жылдан кийин Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыргыз жетекчи И. Раззаков-Кыргызстанда биринчи катчы болуп бекитилет. Ошентип, ал кызматта 1961-жылга чейин эмгектенет. Демек, беш жыл Өкмөттү, он бир жыл биринчи катчы болуп баш аягы он алты жыл Кыргызстанда иштейт. Бул жылдар чынында улуттун кайра жаралуу жылдары эле. Окумуштуулардын белгилешинче, тарыхтын бир кыйчалыш мезгилинде улуттун бир инсанын чыгарат-ал СССРде Сталин, Англияда-Черчилль, Францияда-Шарль Де Голль, Америкада-Рузвельт десек болот. Мына ушундай инсан Кыргызстанда Исхак Раззаков эле.

— Рахмат. Бирок И. Раззаков тууралуу бир топ эле эмгектер жазылгандай болду, эл сизден эмне жаңылыкты күтөт?

— Туура. Баш аягы болуп ондон ашуун брошюра китеп бар экен. Жакшынакай кино тартылган. С. Жусуев ыр менен роман жазган, башка да көркөм чыгармалар бар. С. Раев драма тилинде жазды. Мен жазган эмгек көркөм чыгарма эмес, документтердин негизинде И. Раззаковдун жасаган иштерин көрсөтүү. Айталы, И. Раззаков 1952-жылы “Манас” боюнча, 1953-жылы 1916-жылкы үркүн боюнча, 1956-жылы кыргыз этногенези жөнүндө өтө чоң жалпы союздук илимий конференцияларды уюштурган. Мына И. Раззаковдон бери жетимиш жыл өтүптүр, кайсы бир биринчи катчы же кайсы бир бир президент улуттун тагдырын чечкен жогорудагыдай илимий форум өткөрдүбү? Албетте, анча-мынча той-топурду эске албаганда. Ал эми Раззаковдун мезгили империянын курамында ошолордун көзүн карап турган заман эмес беле! Эми мындай суроолор китепте өтө көп, аны окурман таанышкандан кийин өзү жыйынтык чыгарар.

— Коомдук пикирде Исхак Раззаков менен Турдакун Усубалиевдин мамилеси ар түрдүүчө айтылат эмеспи, сиз муну кандай чечмеледиңиз?

— Жарыктык Исхак Раззаков –Т. Усубалиев жөнүндө бир ооз да сөз айтып же жазып кетпептир. Ал эми Т. Усубалиев массалык маалымат каражаттарында, китептеринде И. Раззаковго көрсөткөн “өтө көп жакшылыктары” жөнүндө кеңири жазат. Мен аларды болгонун болгондой келтирдим, өз көз карашымды жана позициямды билдирдим.

— Биздин газетага кандай бөлүмүн бересиз? Ал тууралуу да комментарийлей кетсеңиз?

— И. Раззаков жөнүндө да такай берип келесиңер, ал материалдардын бардыгы менде бар. Анан өзүң да Рабия Менсеитова эже менен бирге И. Раззаковдун сөөгүн Москвадан алып келүү жөнүндө көп аракет кылып, эчен жолу ак үй, көк үйгө ээрчишип барып жүрдүң. Ушуну эске алып, “Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жана анын тегерегиндеги саясат” деген кичинекей бир бөлүмчөсүн сунуш кыламын. Калганын эми окуган адам өзү баалап берээр. Сага жана жамаатыңа оңой эмес ишиңерде ийгилик каалаймын.

Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жана анын тегерегиндеги саясат

И. Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча маселе менин баамымда ушу 90 жылдардан баштап мезгил-мезгили менен маалымат каражаттарында көтөрүлө калып, бирок бийлик тарабынан көңүл анча деле бөлүнбөй келди. Аны алып келүү үчүн кандайдыр бир чоң мотивация, кандайдыр бир чоң кызыкчылык белгилүү даражада чоң жүйөлүү себеп керек эле. Ал эми ветерандардын И. Раззаков менен чогуу иштеген ардактуу аксакалдардын алып келүү боюнча айткан-дегендери бери болгондо эле жакшы калоого же фантазияга окшошураак эле.

Эң эле оңой жолу бул биздин коомдо практикаланып жүргөнү эгер Раззаковдун белдүү, белгилүү жакын туугандары болсо бүт чыгымды өздөрү көтөрсө Өкмөт жөн гана уруксатын берип “Ала-Арча” көрүстөнүнөн орун караштырып берсе — калганын ошол өздөрү бүтүрсө. Ал эми экинчи жолу Раззаковго өтө берилген, аны сыйлаган патриот адам, кыргыздын кыл чайнашкан азаматы үчүн эч нерсесин аябаган адамдын бийлик тепкичинин жогорку таасирдүү жеринде болушу.

Бирок биз байкагандай жогорку эки көрсөткүчтөр тең ошол мезгилде Кыргызстанда жок эле. Бирок сөөктү алып келсек деген илгери үмүт жакшы ой санаа, тилек гана бар эле. Мына ушул кырдаалда өмүрү саясатта өткөн И. Раззаковдун сөөгүн алып келүү да чоң саясатка айланды. Ал А. Акаевдин кезектеги шайлоосу менен байланышып, эгерде И. Раззаковдун сөөгүн алып келтирсе, Акаевге коомдук пикирде жакшы утуш алып келип “улуу адамды улуу адам гана түшүнөт” — деген мааниде Раззаковду сыйлаган Кыргызстандыктардын көзүнө Раззаковдон кийинки эле кеменгер жол башчы Аскар Акаев деген пикирди туудурмак.

Ал эми бул шайлоого чейин да ар түрдүү деңгээлде сөздөр болгон. Ал гана эмес 1996 жылы ушундай бир инициатива А. Акаев тарабынан болгон деген да маалыматтар бар. Анткени 1999 жылга карата бул маселе көтөрүлө баштаган кезде Акаевдин оппозициясы да шайлоого карата “И. Раззаковдун сөөгүн алып келүү-бул саясат”- деп барабан чала башташкан. Ошондон улам А. Акаев 1996 жылы эле бул маселени көтөргөн алардыкы жөн эле ушак деп ошол И. Раззаков менен чогуу иштешкен Р. Менсеитова “Кыргыз туусуна” чоң макала жарыялайт. Ал: бул ушактарды төгүнгө чыгара турган фактыларды келтирейин. 1996 жылдын октябрь айында, Кыргызстандын Москвада адабият жана искусство жумалыгы болуп өттү. Ал делегацияны мурдагы вице-премьер М. Жангарачева жетектеген. Мына ошол кезде ага Аскар Акаевич Раззаковдун үй-бүлөсү менен жолугушуп, И. Раззаковдун сөөгүн Москва шаарынан Кыргызстанга алып келип коюу маселесин сүйлөшө келүүнү тапшырат. М. Жангарачева Раззаковдун кызы менен жолугушуп, ал өзүн И. Раззаковдун сөөгүн кайра коюу боюнча комиссиянын төрайымы катары тааныштырып, кызына маркумдун сөөгүн кайра коюу боюнча чыгымдардын сметасын түзүүнү тапшырат. Түзүп келген смета М. Жангарачевага жага бербей калат. Ошондо ал: “Республикада мынчалык каражат табылбайт, ошондуктан менин сизге кеңешим, атаңыздын коюлган жеринен бир ууч топуракты алып, Бишкек шаарына символикалык гана коюу церемониясын өткөрүңүз” — деп айтып М. Жангарачева бул маселеге точка коёт. Бирок анын мамлекет башчысына эмне деп айтып келгени бизге белгисиз.

Эми бул маалыматка кандай комментарий беришти да билбейсиң. Демек көрүнүп тургандай А. Акаевде 1996 жылы эле И. Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келели деген изги ою болгон экен. Бул маселени сүйлөшө келүүнү Жангарачевага тапшырган экен. Жангарачеванын миссиясы кызынан “макул же жок” — деген эле жоопту алуу. Анан келип президентке — “ушундай-ушундай” — деп информация бериш. Бүттү. Ал эми И. Раззаковдун оорукчан кызына “смета түз”, “мынча акча республикада жок”, “атаңды символикалык эле бир ууч топуракты Бишкекке алып барбайсыңбы” ж. б. сөздөр эч кандай логикага эле эмес адамдык адеп-ахлакка да жатпайт.

И. Раззаковдун үй-бүлө мүчөлөрү деле Кыргызстандан чоң-кичине чиновниктери келип “Усубалиевге ыраазычылык кат жазып бериңизчи”, эгемендик жылдарында “макулмун деп жазып бериңизчи”, “Акаевге ыраазычылык кат жазып бериңизчи”, ж. б. маселелер менен кайрыла берип, бирок бир да иштиктүү иш жүрбөй, калп эле ар нерселери аткарабыз деп сөз беришип, бирок эч нерсе аткарылбай алар деле буга көнүп калышкан эле. Ошонун бири жанагы “смета түзүп кел” — дегени.

Ошентип 2000 жылга карата көп эле сөздөр болуп, бирок эч нерсе ишке ашкан эмес. Ошон үчүн шайлоого карата бул иш жандана баштаганда Акаевдин оппозициясы мунун шак эле элге болгонун-болгондой айта баштаганда Менсеитованын оозу менен Акаев мурда эле муну көтөргөн деп айттырып жатпайбы. Болгондо да өтө алешемдикте. Анткени Менсеитова болгонун болгондой айтып жатпайбы. Болбосо смета түзүш башка уюштуруу жана финансы жагын мамлекет өзү жетекчиликке алып баштоо керек эле да.

Бул ортодо Р. Менсеитова эже, журналист Бекен Назаралиев И. Раззаковдун сөөгүн алып келүү боюнча “Мээрим” фондусунун төрайымы Майрам Акаевага, президент Акаевдин пресс катчысы К. Иманалиев аркылуу бир канча жүрүштөрдү жасап жиберишет. Ошентип 1999 жылдын акырында бул маселе боюнча мамлекеттик машина кыймылдап калган эле. Раззаковдун сөөгүн мекенине алып келүү боюнча атайын комиссия түзүлөт. Рабия Менсеитова ошол комиссиянын мүчөлөрүнө Раззаковдун сөөгүн алып келүү идеясынын автору Бекен Назаралиевди да комиссиянын составына кошуп койсоңор дегенде Акүйдөгү чиновниктер Бекен Назаралиев оппозициялык журналист деп комиссиянын составына кошпой койгон. Анын эң биринчи эле себеби 2000 жылдагы президенттик шайлоо жакындап калгандыгы менен түшүндүрүлөт.

Биз азыр Акаев жөнүндө эмне дебейли Раззаковдун сөөгүн Москвадан алып келүү Ала Арча көрүстөнүнөн өзүнчө атайын уй муз тарткан кенен жер бөлдүрүп мамлекеттин жетекчисине ылайык бардык ырым-жырымдары жөрөлгөлөрү менен көмдүрүү, 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү бул А. Акаевден чоң саясий чечимди жана чоң саясий эркти да талап кылган.

Айрымдар ойлошу ыктымал эмне экен шайлоосу жакындап калыптыр Раззаковдун сөөгүн алдырып келип кырдаалды өзүнө карата оңдоп кетти да деп. Жок абал биз ойлогондон бир топ татаалыраак эле.

Биринчиден, Акаевге оппозицияда турган аламдардын тобу да биз жогоруда белгилегендей эгер Акаев сөөктү алып келтирсе, аны бүт республикага көрсөтүп түштүк эле эмес түндүктө деле өз абройун бир топ оңдоп кетээрин коомдук пикир Акаевке оошун алар деле далысынан жакшы сезип турушкан. Алар да сөөктү алып келтирбөөнүн ар түрдүү жолдорун издей башташат. Алардын айтымында — “балдары макул эмес”, “мусулман динине туура келбейт”, “эгер Раззаковдун сөөгүн алып келсек башка да бир топ кыргыздын көрүнүктүү коомдук-мамлекеттин ишмерлеринин сөөктөрү да Москвада жатат, аларды да алып келүү керек”, кала бересе “орус-кыргыз мамилесине доо кетет” ж. б. жүйөлөр эле. Албетте булардын арасында ушундай көз карашты колдогондордун ичинде А. Масалиев да бар эле.

Демек жогоруда белгилегенибиздей ошол кезде А. Акаевдин алдында чоң маселе кезектеги шайлоо турган. Мурдагы шайлоодо Кыргызстандын көптөгөн региондорунан айрыкча түштүк тараптан Акаев анча деле көп добуш ала-алган эмес. Ал эми кезектеги шайлоо кандай болот чоң проблема эле. Адатта мындай учурда президенттин тегерегиндегилер жана шайлоо өткөрүү боюнча адистер ар түрдүү позитивдүү иштерди ойлоп табат эмеспи, ошолордун бири катарында И. Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү өтө өтүнүп сунушташкан. Жогоруда биз белгилегендей ага чейин эле сөөктү алып келүү маселеси улам-улам козголуп, кандайдыр бир саясий чечим алынбай келбедиби. Мына ушул оор вазипа Акаевке туш келди. Чындыгында А. Акаевке Раззаковдун сөөгүн Москвадан алып келүүгө чечим чыгарышы оңойго турган эмес. Биринчи себебин жогоруда көрсөттүк, экинчи себеби ошол кездеги аппараттын жетекчиси А. Карыпкулов Т. Усубалиевдин өтө жакын адамы болгон, Усубалиев өзү да бул кезде ээрден түшсө да буту үзөнгүдөн түшө элек. Эки жолу шайлоодон утуп чыгып азыр Эл өкүлдөр жыйынынын белдүү депутаты, айткан-дегендери, мамлекеттик деңгээлде көтөргөн маселелери позитивдүү болуп өз абройу менен постсоветтик Орто-Азиядагы республикалардын жетекчилерине суу жана башка маселелер боюнча кайрылып Акаевдин өзүнө анын көмүскөдөгү жакын кеңешчиси катарында да таасири бар эле. Ошондой эле Эл өкүлдөрү жыйынында анын спикери Матубраимовду аттан кулатып, А. Эркебаевди ал орунга алып келүүдө да Усубалиевдин ролу зор болгон. Демек, жаңы Кыргызстанда, эски патриарх партжетекчиге Раззаковдун сөөгүн алып келүү анын тегерегиндеги өйдө-ылдый сөздөр ыңгайы келген келбеген жерлерде деле Усубалиевдин адресине ачуу-таттуу да сөз тиерин кыраакы саясатчы жазбай баамдап турган. Анын үстүнө Раззаковдун Кыргызстандан кеткенине кырк жылга жакын мезгил өтсө да, кайтыш болгонуна жыйырма жылдан ашуун жылдар өтсө да элдин эсинде легендага айланып, атадан-балага айтылып аңызга айланып, анын токсон жылдык юбилейи (2000 ж.) чоң мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатышы Усубалиевдин абройуна анча деле жакшылык алып келбейт эле. Ал эми тескерисинче азыр бийликте турган президент  Акаевге анын эртеңки шайлоосуна чоң аброй алып келиши, бул кашкайган чындык эле. Ошентип И. Раззаковдун сөөгүн алып келүүдө өз аппаратынын жетекчиси-администратор, Ак сарайлык интригалардын мастери, советтик-партиялык чоң мектептен өткөн Т. Усубалиевди аны эң оор кырдаалда да таштап, сатып кетпеген Карыпкуловду жана өз кеңешчиси аксакал Усубалиевди укпай чечим кабыл алышы Акаевге анча мүнөздүү боло бербеген кадам экендигин Акаевдин биографтары анча маани бербей жүрүшөт. Демек И. Раззаков жөнүндө анын уюштуруудагы иш чаралары жөнүндөгү Акаевдин чечимдери өтө кыйынчылык менен болгон.

Мүмкүн бул акциянын астында албетте массалык-маалымат каражаттарында кайра-кайра И. Раззаковдун сөөгү Москвадан Бишкекке алып келүү жөнүндө коомчулукта кенен сөз болуп, анын фундаменти даярдап кыргыздын аттуу-баштуу аксакалдары А. Акаевге кайра-кайра кайрылып дегендей. Кызуу талкуулар массалык-маалымат каражаттарында да жүрө баштаган. Акаевди макул кылууда ошол кездерде Ош облусунун губернатору болуп иштеп кетишкен Ж. Рустамбеков, Т. Акматалиевдер да чоң салым кошту болушу керек.

Ошентип И. Раззаковдун сөөгүн Москвадан алып келүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага биринчи премьер-министр Б. Силаев төрагалык кылган. Алгачкы составында (ал кезде мен дин комиссиясынын төрагасы) биз ошол кездеги Кыргызстандын мусулмандарынын муфтиси Кимсанбай-ажы экөөбүз бул комиссиянын составында жок элек.

Ал комиссиянын биринчиби же экинчи олтурушунан кийин Силаев мага өкмөттүк телефондон коңгуроо кылып: “Жолборс, давай мен сени жана муфтийди Раззаковдун сөөгүн алып келген комиссияга коштуруп жатам, эртең саат 15:00 олтурум болот, ошого муфтийди ээрчитип кел” — деди. Бирок эсиңде болсун Абсамат Масалиевич каршы болуп жатат — “мусулманчылыкта мындай жок, сөөктү козгобойт”, анан эгер адып келсек, “орустар капа болуп калат”, анда “Болот Мамбетов ж. б. сөөктөрүн да алып келишибиз керек” — деп жатат. Муфтийде “веский аргумент” болушу керек — мусулманчылыкта сөөктү алып келсе болот — деген. Сен Кимсанбай-ажы менен жакшылап консультациялашып кой деди. Мен көп ойлонбой эле Кимсанбай-ажыны чакырып, бул темада пикир алыштым. Ал кишинин айтуусу боюнча “Маркум өзү керээз кылган экен, сөөгүм Кыргызстанга коюлса” деп, экинчиден азыр сөөктүн ээси кызы Раззаковдун сөөгүн алып келүүгө макул жөн эле макул эмес өзү кызыктар, үчүнчүдөн жана негизгиси мамлекеттин Президенти сөөктү алып келүү жөнүндө өзүнүн буйругун чыгарган. Демек мусулманчылыкта мындай шартта эч тыю болбойт деди.

Бул далилдерди биз Кимсанбай-ажы экөөбүз эле олтура калып эле таба койгон жокпуз. Ушул жерге кызы Эльмира Исхаковнанын эскерүүлөрүн кыстыра кетейин. “Атам өзүнүн туулган жерин өтө сүйчү, ата-журту жөнүндөгү ойлору менен жашап катуу кусаланып жүрчү. Кыргызстанга болгон өзүнүн кубанычын да кайгысын да бизден жашырчу эмес. Мен үчүн жан дүйнөмдө эч качан өчпөй турган өзү — өз өлкөсү үчүн керт башын сайып коюп кызмат кылам деп жүрүп, үрөй учурган адилетсиздикке — өз мекенин көрбөстөн көз жумууга дуушар болгону көөдөнүмдү эзип, көкүрөктө жашай берет…”.

Бир күнү чогуу олтурганда атам: “Өлгөнүмдө өзүмдүн Ата-Журтумдун топурагы буйруса экен. Эгер Москвада көмүлсөм кандай гана кейиштүү” — деп калды. Биз бир нерселерди айтып анын көңүлүн көтөрүп алаксыталы дедик, бирок ал маанайы пас: “Жок, мен сезип турам, албетте ошондой болот” — деди. Кийин ошо атам өзү айткандай эле каза болуп, сөөгү Москвага коюлуп калды. Эми чынында эле биз жогоруда белгилегендей эле сөөктү которобуз, которбойбуз, сметасын түз, символичный эле кылып койбойсуңбу ж. б. дей беришип, ага Раззаковдун жубайы, Эркин деген уулу өтө капа болушкан.

“Атамдын сөөгүн которуу идеясы 1994–1996-жылдары агам Эркиндин көзү тирүү кезинде бир канча жолу козголгон. Ал атамдын көзү тирүүсүндө Кыргызстанга кылган кызматы бааланбай, кайтыш болгондо сөөгү мекенинде жерге коюлбай калгандыгы үчүн өтө катуу капа болуп жүрдү. Ошондуктан эми анын сөөгүн Кыргызстанга алып кеткенге каршы эле. Адегенде апам анан Эркиндин көзү өттү. Москвадагы Кыргыз элчилигинен: “Сөөктү которуу чечимине келдиңизби?” — деп кээде телефон чалып турушчу. Ошол эле кезде Лейлектик тууган-уруктарда да бул маселеде карама-каршы эки бөлүнүп турушту. Аксакалдардын бир тобу: “Мусулман дининде сөөктү козгогон чоң күнөө, эч уруксат бербе” — дешти. Экинчи тобу: “Исхак өз ата-журтунда түбөлүк калгысы келчү, кеч болсо да которулсун бул жакка” — деп кайчы пикирде болушту. Ошондо уулум Берк Москванын мечиттерин түрө кыдырып, имамдарынан кеңеш сурап жүрдү. Бул деген кызы Эльмиранын жана анын уулу Берктин өздөрүнчө көргөн чаралары эле. Негизгиси сөөктү Бишкекке алып келүүдө кызынын макул болушу, бул И. Раззаковдун өзүнүн каалоосунун ишке ашышы ошонун айкын далили.

Ушул жерге белгилей кетчү бир жагдай мусулман дининде негизи адам кайсы жерде көзү өтсө ошол жерге койсо болот. Эгер мусулмандардын мүрзөсү болсо. Эгер сөөктүн ээси башка жерге койом десе да уруксат берилет. Бул жерде өтө каттуу тыю жок.

Ошентип биз Кимсанбай-ажы экөөбүз комиссиянын отурумуна барганда айтар сөздөрүбүздү белгилеп сүйлөшүп койдук. Айтылган күнү белгиленген саатта өкмөттүк комиссия өзүнүн акыркы олтурумуна чогулдук. Адаттагыдай эле Б. Силаев шайдоот чү дегенде эле Кимсанбай-ажыга сөз берди. Кимсанбай-ажы жогоруда биз сүйлөшкөндөй так даана өз көз карашын билдирди (эскерте кетүү керек Кимсанбай-ажы дин адамдары сөзүн баштаарда жараткандын атынан пайгамбарыбыз САВ да жакшылыктар болсун деп орус тилинде да өз оюн жакшылап түшүндүрө алчу). Кимсанбай ажынын аброю анын кынтыксыз кенен информациясынан кийин эч кимиси ак да, көк да деп сөз кошкон жок. Бул даярдык дээрлик аягына чыгып калгандыгынан болсо керек негедир эч ким раматылык А. Масалиев да эч нерсе деп лам деп ооз ачышкан жок. Андан башка уюштуруу маселелерин ошол кезде парламентке жаңы өтүп, ташы өйдө кулап турган Аскарбек Шадиев жана Лейлектин акими Дастан Бердиевдер информацияларды беришти. Олтурум тез эле аяктады, бир да маселе кандайдыр бир талаш-тартыш жаратпады. Ошондон кийин бир-эки күндөн кийин биз Кимсанбай-ажы экөөбүз Москвага учуп кеттик.

Мына ошол кырдаалда А. Шадиев баш болгон автордук коллектив чыгарган китепте минтип көрсөтөт: “2000-жылдын 29-майында Б. И. Силаев, Д. Бердиев, Рабия апа, Силаевдин жардамчысы Руслан КТРдин мыкты адиси Султан Абдрахманов болуп «Манас» аэропортунан Москвага жөнөдүк. Бизден бир күн мурда бул жерге Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Кимсанбай-ажы дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жолборс Жоробековдор келишкен”.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси жайгашкан Большая Ордынкадагы имаратта ошол кездеги Кыргызстандын элчиси кыргыздын дагы бир чыгаан уулу-маркум Кемелбек Нанаев жана КМШ мамлекеттери боюнча жооптуу кызматты аркалаган Үсөн аке Сыдыков, Силаев, Шадиев, Бердиев ж. б. жоон топ адамдар процесстин мындан аркы майда-чүйдөлөрүн тактадык.

Кимсанбай-ажынын сунушу менен табытка бата турган көлөмдөгү баркытка оролгон тактайчага сөөктү өзүндөй кылып тизип аны ак материал менен кепиндеп анан табытка сала турган болдук. Ансыз самолетко салууга мүмкүн эмес экен. Сөөктү жайгаштыруу аны кепиндөөгө окшогон маселелерди Кимсанбай-ажы өзү чечти. Бүт бардыгын мусулманчылыктын конондоруна туура келе турган кылып.

Эми ушул жерде И. Раззаковдун Москвада көмүлүшү жөнүндө да кичине материал кыстара кетейин. Жарыктык К. Дикамбаев кайтыш болоорунан кичине мурдараак журналисттер менен маек куруп: И. Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жөнүндө маселе козголгонбу дегенге. Ооба, козголгон. КПССтин идеологияны тейлеген катчысы силерге эмне КПССтин көрүстөнү жакпай жатабы деп бизди кагып койгон дейт. Ал эми ошол эле китепте Н. Аташев көрүстөн таба алышпай кыйналганын жазат. КПСС БКга жана министрлер кеңешине чалсам, аны биз чечпейбиз шаар чечет дейт. Ал жака чалып ушундай Союздук маанидеги персоналдык пенсионер десек андайлар Москвада миңдеп саналат деди. Бактыга жараша Москва шаардык аткаруу кеңешинин төрагасы тааныш эле ошол жардам берди. Кунцева 1 жабылып калган экен, Кунцева 2 деген көрүстөндөн араң орун берди дейт. Бул эки маалыматтан көрүнүп тургандай эң жакшы жолу эле Кыргызстанга алып кетүү эле. КПСС БКнын идеология боюнча секретарынын ушу Раззаковдун сөөгүнөн башка иши жок беле. Бул жерде К. Аташевдин жазгандары туура жана коомчулукта айтылып жүргөн пикирлерге да дал келет.

Ошентип биз өзүбүздүн негизги темабызга келсек. Эртеси эртең менен Москванын Новокунцевская (Кунцева 2 ушинтип да аташат экен) кабырстанына бардык. Борбордук аянтынын сол жак ыптасында алысыраак четте экен кайран кишинин мүрзөсү. Эми Москвада биздей эмес, мүрзөлөр быкырайт узуну эки, туурасы бир метрдей эле. Бир мүрзө менен экинчинин ортосу жарым эле метрдей.

Биз барганда мүрзөнүн үстүн ачып даярдап коюшкан экен, ал жердин кызматкерлери. Даярдалган баркыт менен капталган тактайдын үстүнө ак матаны жайып сөөктөрдү бүт орду-орду менен коюп чыктык. Бул процессти Эльмира Исхаковна “Кыргыз Туусуна” курган маегинде төмөнкүчө эскерет: “Кыргызстандан оголо көп делегация келип, атам 1979 жылы коюлган Новокунцевская кабырынан анын сөөгүн казып алуу процесси психологиялык жактан кандай оор болсо да чыдадым. Кан басымым көтөрүлүп чыкты”. Чындыгында өтө оор жана өтө сейрек кездешүүчү окуяга күбө болуп катышып жаткан бизде деле психикалык абалыбыз чыңалып турду. Баш сөөктү алып коюп жатканда көгүш бозомдук бир тутамдай чачы мурдакыдай эле сакталыптыр. Дарысын ичип араң олтурган Эльмира Исхаковна муну көргөндө — “Атамдын чачы кайраттуу, катуулугу аттын жалындай болоор эле” — дегени эсте калыптыр.

Сөөктөр бардыгы алынып чыгылып ар бири өз-өз ордуна коюлуп ак кепинге оролуп табытка салынды. Кабырыстандын орто ченинде атайын боштук жер бар экен, ошол жерде Кимсанбай-ажы кырааты менен куран түшүрдү. Кантсе да Кыргызстандан кеткенине кырк жылдай, ал эми кайтыш болуп жерге берилгенине жыйырма жылдан ашууныраак мезгил болсо да, андан бери эки муун өтсө да Легендага айланган. И. Раззаков элдин эсинде экен. “Ит ээсин тааныбаган” Москвадан И. Раззаковдун сөөгүн мекенибизге алып кетет экен деп оголе көп 200дөн да көбүрөөк адам чогулуптур. Ошол аянтчада чакан митинг болуп Силаев, Шадиев, Үсөн Сыдыков анан депутаттардан сүйлөштү. И. Раззаков менен чогуу иштеген кыргыздын кыйын кыздарынын бири Рабия Менсеитова И. Раззаковдун Кыргызстан көзүнөн учуп кусалыктан кайтыш болушуна ким күнөөлүү экенин адатынча жаап-жашырбай эле ал адамдардын атын айтып сүйлөдү.

Мына ушул мүнөттөрдө И. Раззаковдун аз гана жылдар (беш жыл Өкмөттү, он бир жыл Борбордук комитетти) республиканы жетектеши менен ал жерде улут үчүн кылган эмгеги элдин эсинде муундан-муунга өчпөс болуп калганына дагы бир жолу ишендим.

Ошол эле күнү (01.06.2000 ж.) Бишкектен барган делегация кечирээк Москванын Домодедово аэропортуна келдик. Эльмира Исхаковна ооруп калгандыгына байланыштуу келе албады, бирок уулу Берк биз менен келди.

Аэропортто самолетту күтүп ар кимибиз өз оюбуз менен алек болуп, ары-бери басып жүргөн кезде Лейлектин акими жайы жаннатта болгур Дастан Бердиевич минтип калды: “Жолборс аке, менде мындай бир ой пайда болуп жатата, сиз кандай ойлойсуз. Кудай буйруса эртең эрте менен “Манас” аэропортунда болобуз, андан ары бардыгы бекитилген программа менен болот. Президент, Өкмөт, официалдуу адамдар, митинг ж. б. анан “Ала Арча” көрүстөнүндө сөөк жерге берилет, ошондо бир мезгилин таап небереси Беркке да бир куран окутуп койсок кандай болоор экен?” — деп калды. Бул ойду ал ошол жердеги башка официалдуу адамдар менен кеңешкенби-жокпу билбейм, бирок мен шыр эле колдодум. Ошол эле жерден Кимсанбай-ажы менен акылдашып анча узун эмес сүрөлөрдүн бирин окушун Берк менен сүйлөшүп ал эле эмес окутуп, угуп-көрүп белгилеп койдук. Албетте И. Раззаковдун небереси Берк мусулман дүйнөсүнө аброю бар Каирдеги Аль Азхар университетинен окуганын билчүбүз.

Ошентип 2 июнь 2000 жыл эртең менен саат төрт-төрт жарымдарда улуттун улуу инсанынын сөөгү салынган, самолет Бишкектин “Манас” аэропортуна келип конду. Ушул жашка келип “Манас” аэропортуна эрте да, кеч да, түндө да келип жүрөмүн ушул кездегидей толкунданган жана көзүмө жаш кылгырган эмес. Анткени эртең менен чыгыштан агарып таң эми гана атып келе жатат. Улуттук гвардиянын жоокерлеринин сүрдүү тизмеги катар тизилип турат, комуздун кайгылуу музыкасы, үстүнө эгемен республиканын туусу жабылган табыт. Ушунчалык эрте экенине карабастан Президенттин аппаратынын, Өкмөттүн мүчөлөрүнөн, депутаттар, жер-жерлерден өкүлдөр, район-облустардын жетекчилери, Лейлектен келген жоон топ адамдар, тууган-туушкандары каз-катар тизилип тосуп алышты. Чыныгы улуттун улуу уулуна акыркы сапарга узатаарда Кыргызстанда ушундай урмат-сый көрсөтүлбөй Москвада миңдеген, миллиондогон адамдардын катарында орус мүзөсүндө жатып эми мына Кыргызстанга түбөлүккө үчүнчү жолу келип олтурат. Дүңкүлдөгөн аскери оркестрдин коштоосунда И. Раззаковдун сөөгү салынган табытты аскер адамдары көтөрүшүп аэропорттун депутаттар залына орнотушту. Анын тегерегине ар кандай уюмдардын, министрликтерден келген Жогорку Кеңештен, Өкмөттөн, Президенттин атынан аппараттан веноктор жана гүлдестелерге ороп коюшкан. Табыттын үстүнө эгемен Кыргызстандын кызыл туусу жабылып кайрадан кыргыз комузунун кайгылуу созолонуп, ошол жерде тургандардын ар биринин карегинде жаш кылгырып турду. Чынын айтканда жетимчиликти көрүп кагылып-согулуп чоңойгон менин да муун-жүгүнүм бошошуп кайран кишинин трагедиялык тагдырына кейип турдум. Кандай өкүнүчтүү кандай драматизмге толгон оор тагдыр. Мына эми өзү жакшы жанындай көргөн кыргыз жеринде өзү жакшы көрүп жаттыган топурагына оронуп арбагы ыраазы болгондур. Кайсы күнөөсү үчүн алыста эл-жери көздөн учуп тиги дүйнөгө кеткен — дегендей ой жүрөктү мыжыгат.

Биз тирүүсүндө Кыргызстанга чакырып эл арасында болгондо дагы көптөгөн жылдарга өмүрү узараар эле. Ошондуктан 1970 жылы келип эл аралап жүрүп кетип жатып академик Алтымышев Арстанбектин үйүндө конок болуп: “Рахмат, Арстанбек, туура айткан экенсиң, Кыргызстанга келип эле оорум билинбей калды — дегени эске түшөт. Бирок кырдаал өттү-кетти.

Ошентип аэропортто И. Раззаков менен коштошуу бир топко созулду. Ар бир жарым сатта ардактуу караулда турган жоокерлер аскердик эреже боюнча алмашып турушту. Кимсанбай-ажы, И. Раззаковдун небереси Берк, бирге иштеген ардагерлер, Лейлек, Сүлүктү жергесинен барган туугандары эртең мененки саат 8:30 чейин залда аза күтүштү”.

Москвадан коштоп келгендердин бир бөлүгү аэропортто бир саатка жакын болуп, шаарга жөнөп кеттик, себеби үйгө келип саат онго эски аянттан митинге келишибиз керек эле. Саат тогуздардан өтө бергенде эски аянтка барсак, Чүй проспектисинен төмөн жакка адамдарды өткөрбөй кызыл лента тартып эски аянтты курчатып коюшуптур, жөн-жай жүргөн адамдар топтолушуп өтө албай жүрүшөт. Алардын тескеп жүргөндөрүн чини чоңурагынан бул эмне кылганыңыр, ким силерге буйрук берди тоскула деп — десем, — бул деген биз буйрукту аткарабыз да байке — дейт. Демек, кайсы бир дагы мыкчегер, Раззаковдун сөөгүн кою митингиси мурда кийин Кыргыз тарыхында болбогон чоң Манифестацияга айланып кетишинен чочулап (а мүмкүн кызганып) ушундай буйрук бергендир эмнеси болсо да бул да дагы бир сыр бойдон калды.

Бирок ошол тосмолорго карабай эски аянтка эл жык-жыйма чогулду. Эски өкмөт үйүнүн (И. Раззаков иштеген) дубалына И. Раззаковдун ошол мезгилде күлүмсүрөп түшкөн жылдыздуу сүрөтү кара тасма менен илинип турду.

Бул иш-чаралар мамлекеттик жогорку даражада, официалдуулуктун толук жол жоболуу сакталган таризге өттү.

Туптуура саат 10:00дө атайын даярдалган трибунага Президент А. Акаев, Өкмөт жетекчиси А. Муралиев, Конституциялык соттун төрайымы Ч. Баекова, ЖКнын эки палатасынын төрагалары А. Эркебаев, А. Бөрүбаев, комиссиянын мүчөлөрү Т. Акматалиев, А. Масалиев, А. Шадиев, И. Раззаков менен чогуу иштешкен Р. Менсеитова, И. Дыйканбаев жана И. Раззаковдун небереси Берк болуп чыгышты.

Өкмөттүк комиссиянын төрагасы Б. Силаев аза күтүү митингинин ачып, сөздү республиканын Президенти А. Акаевге берди. Чындыгында А. Акаевде чыныгы профессордук манерасы бар эле, ошондуктан жазылган сөзүнө көп үңүлө бербестен эркин жана мазмундуу сүйлөдү.

А. Акаевди биз азыр эмне дебейли анын ишмердигине саясий жана адамдык жагына кандай баа бербейли анын жогорку деңгээлдеги интеллектуал экенин эч ким тана албайт. Өзүнүн официалдуу иш чараларда сүйлөгөн сөздөрү ар түрдүү салыштыруулары үлкөн адамдардын сөздөрүнө шилтемелерди жасап жугумду доклад жасады. И. Раззаковдун өмүр жолуна токтолуп, Өзбекстанда иштеши ал жерде зор аброй күткөнү. Кийин Кыргызстанга келип бүт өмүрүн анын өсүп өнүгүшүнө арнаганын, аны Мухтар Ауэзов кандай жогору баалаганы. “Манас” эпосунун 1100 жылдыгын өткөрүүгө алгач далалат жасаганы, Сталинге жазган каттары, андан кийин кыргыз тилин бардык класстарга киргизүүдө улутчул деп иштен алынганын эми биз ошол асыл агабыз жасай албай кеткен иштерди жасап жатабыз деп өтө бийик белгиледи. Андан ары: артында сайга толгон сансыз мал же дүңгүрөткөн дүйнө калтырган жок. Болгону ак сүйлөп, асыл ойлоп, адилет кызмат кылып, элибизге эмгегин эстелик кылып өмүрүн өрнөк кылып калтырды. Деп өтө эмоционалдуу сүйлөп андан ары:

Урматтуу мекендештер!

Арбактын астында кечирим суроо — улук иш. Ачыгын айтканда, биз ал киши тирүү кезинде Исхак Раззаков жөнүндө жакшы сөзүбүздү айта албадык. Ал каза болгондо эмгегине тете татыктуу урмат-сый менен акыркы сапарга узата албадык. Ал эми көзү өткөн соң да бир топ жылдар ал тууралуу адилет сөздөр айтылбай келген эле.

Бирок, ак ийилип, сынбайт эмеспи. Жакшыга чаң жукпайт, алтынды дат баспайт дейт элибизде. Эми минтип чындык өз жолунан адашпай, залкар инсаныбыздын туусу туулган жерге тигилгендей аты көкөлөп, кеч да болсо эмгегин баалап отурабыз.

Жарыктык, армандуу дүйнө десе. Бир кезде Исхак Раззаков ак жеринен караланып (байкаңыз 1 Президент айтып жатат) кызматтан кетип, заманасы куурулуп айласы кеткенде алиги Байтик тоосуна чыгып туулган жерин кучактап: “Кагылайын тууган жер, бармактайымдан жетим калып, башка эл бөтөн жерде жүрүп акыры элимди, өз жеримди таап келдим эле. Колумдан келишинче ак иштедим. Баары ойдогудай болбой калса кечир мени” — деп арманын айтканы азыр да элибизде айтылып жүрөт.

Эми азыр, “Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы” демекчи тарыхыбызды тактап, журт айласын кылып жаткан заманда бүгүнкү күндүн бийиктигинен туруп, анын асыл арбагынын астында башыбызды төмөн ийип, кечирим сурайбыз.

Исхак Раззаковдун ысмы ар бирибиздин жүрөгүбүзгө өтө жакындыгы — анын элге арнаган өмүрү өлбөс-өчпөс экендигинин даана далили. Анын армандуу керээси — адам баласы өз туулган жеринде гана бактылуу боло алаарынын анык күбөсү.

Урматтуу мекендештер!

Ошону менен бирге тарыхтын ачуу сабагын да ар дайым эске түйө жүрсөк. Бири-бирин гана колдогон эл өсүп-өнүгөөрүн, бириккен эл гана озоорун, бирикпеген тозооруун эч качан унутпасак.

Мен азыр билбеймин А. Акаевке бул сөздөрдү ким даярдаган, кимдер менен кеңешкен же кеңеш берген билбейм (бирок азыр да так билем, А. Акаев астында турган кагазга көп эле үңүлүп окуй бербей өз сөзү менен эле сүйлөгөн. Ал кишинин жазганды окуганга караганда жөн сүйлөгөнү жугумдуу болоор эле). Муну эскерип жатканымдын, себеби Т. Усубалиевдин 1995 жылы эле “Эпоха. Созидание. Судьбы” деген чоң эмгеги басмада чыккан. Бул эмгекте ушу биз сөз учугун улап жаткан И. Раззаков жөнүндө “Как всё это было” — “Мунун баары кандай болгон” — деген чоң бөлүм бар. Ошол бөлүмдө азыр А. Акаев айткан ойлорго тап-такыр карама-каршы ойлорду айтат, жазат. Аны жөн эле ушак дейт (Т. Усубалиевдин бул эмгегинде андан башка өтө кызыгып окуп турган Мураталиевдин, Ибраимовдун өлүмү, өзүн жамандап жазгандар жөнүндө жана азыркы депутаттык иши, алтын маселелери ж. б. республиканын өткөн тарыхы боюнча кызыктуу материалдар бар. Менин оюмча Акаев ал кезде Усубалиев менен өтө ысык мамиледе болгон, ал китепке сөзсүз көз жүгүрүп чыккан болушу керек).

Т. Усубалиевдин ошол китебинен И. Раззаковдун кантип иштен алынганы, Москвага кетиши, ага Т. Усубалиев кийин кантип жардам бергени жөнүндө кенен жазат. Эми бул жерге Акаев айткан маселе боюнча гана жазганын келтире кетейин: “…с прискорбием узнал о его безвременной кончине. Мы выразили глубокое соболезнование и сочувствие его семье, родственникам и близким. Для участия в похоронах И. Р. Раззакова ЦК и правительство направили в Москву делегацию в составе К. Д. Дикамбаева — заместителя председателя Госпалаты Киргизской ССР, много лет проработавшего вместе с Исхаком Раззаковичем в качестве Председателя Совета Министров республики. С родины Исхака Раззаковича поехал председатель колхоза «Кулунду» Лейлякского района Ташболтаев, секретарь Сулюктинского горкома партии Ниязматов, в составе делегации был постоянный представитель Совета Министров Киргизской ССР в Москве и другие товарищи. Все расходы, связанные с организацией похорон, были выделены из средств республики”.

Эми карап көрүңүздөр республика, кыргыз улуту үчүн ат көтөргүс кызмат кылган, Кыргызстандын эң биринчи кыргыз жетекчисине ал өлгөндө жасалган мамилени. Казы Дикамбаев көп жыл Раззаков менен чогуу иштеген, пенсиядагы адам ал делегациясы жок эле өзү деле адамдык парзын актап, кайтыш болгон үзөңгүлөшүнө бир ууч топурак салуу үчүн өзү деле бармак. Ал эми өзү түзгөн, өзүнүн туугандарынан турган “Кулуңду” колхозунун башкармасы менен Сүлүктүнүн шаарынын экинчи үчүнчү адамы даңазалуу жетекчи жердеши, туугандарынын өлүмүнө барбай коюшу деле салтка жатмак эмес. Мени азырга чейин таң калтырганы мейли жакшы көрсүн же жаман көрсүн, кызгансын же көрө албасын, бирок адам өлдү, баары бүттү. Эми жок дегенде акыркы сапарга адамча, өз деңгээлинде уюштуруп, сөөктү алып келебиз десе алып келтирип, акыркы сый урматын көрсөтүп койсо бул айкөлдүк өзүнө эле жакшы аброй алып келбейт беле! Болбосо Раззаков Усубалиевди Москвадан өзү Кыргызстанга чакырып, бул жерде кызматтан-кызматка көтөрүп, өстүрүп келбеди беле. Башка маселе эгерде кызматтан-кызматка төмөндөтүп, негизсиз эле кагып-силкип күн көрсөтпөй кодулап жүрсө анда башка сөз.

Эми өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында кызматтан Москванын “Правда” газетасындагы — “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” — деген формулировка менен иштен кеткен И. Раззаковду дагы эле “Кремль уруксат бербейт” — деп элди ишендирип келишти. Кремль эмне үчүн уруксат бербейт экен түшүнбөймүн. Убагында И. Раззаковко Того республикасына элчиликти сунуштайт да кийин пенсионер болгон кезде Кыргызстанга келишине уруксат бербейт — бул эмне деген нонсенс!

Анын үстүнө ошол кездеги СССРдеги саясий кырдаал тап-такыр башка болуп калган. Л. И. Брежневдин тушунда көп нерселерге боштондуктар берилип, Брежнев өзү да ак көңүл, кенен киши болгон. Раззаков оору экен Кыргызстанга алып кетели десе жок дебейт эле. А мүмкүн деги эле сураштын деле кереги жоктур, анткени жыйырма жылдай убакыт өтүп кетти. Мамлекеттик чыккынчы, коркунучтуу адам болбосо картайган бир пенсионер болсо, эмнеден чочушту билбейм.

Чочулоонун негизги эле маселеси И. Раззаковдун абройу Кыргызстанга ошол мурда көз тирүүсүндө кандай болсо да көзү өткөндөн кийин деле Нарындын малчыларында, Көл кылаасында, Чүйдүн, Жалал Абад, Оштун дыйкандарынын арасында өтө зор болгон. Муну биз Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келгенде дагы бир жолу айкын көрбөдүкпү.

Т. Усубалиевдин саясаттагы узак сапарында бир өтө көңүл бура турган өзгөчө жагы бар. Ал ар бир сөзүн ар бир жазганы менен айтылган-жазылган материалдарга шилтемелерди берип кайсы архивдик жерден кайсы булактан экенин так-даана көрсөтөт. Ушуга тиешелүү көрсөтүлгөн эмгектеги дагы бир жерин бул жерге келтире кетели. Бул И. Раззаков Москвада жерге берилгенден кийин анын үй бүлөсү Т. Усубалиевге жазган каты. Сөздөрдүн мааниси которулганда өзгөрүп кетпесин үчүн кандай жазылса, ошондой бердим.

“Приведу полученное мной впоследствии письмо от семьи Исхака Раззаковича: «Глубокоуважаемый Турдакун Усубалиевич! От наших глубоко скорбящих сердец благодарим Вас за Ваше личное большое внимание, поддержку, заботу и помощь в эти горестные для нас дни проводов в последний путь нашего дорогого мужа, бесконечно любимого отца и необыкновенного деда.

Мы все желаем Вам, Турдакун Усубалиевич, крепкого здоровья, счастья, долгих лет жизни и больших успехов в Вашем благородном труде. Еще раз искренне благодарим Вас!

Жена, сын, дочь, внуки»” — деп китебинде алардын жазган катын кандай болсо, ошондой келтирет. Кана ким анан И. Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келгенге “тиги-буга каршы болгон” — дегендер буга эмне дейт.

“Думаю, вышеизложенное опровергает безосновательность распространяемой в последние годы отдельными недоброжелателями клеветы о том, что якобы Т. У. Усубалиев был инициатором смещения И. Р. Раззакова с поста первого секретаря ЦК КП Киргизии, плохо относился к нему, чуть ли не организовал его преследование”.

Кремлдин коридорлорунда СССР деген чоң империянын башкаруу чөйрөсүндө он жыл такшалган, ал жердеги ак сарайлык интригалардын чордонсунда тарбия көргөн, жыйырма беш жыл Кыргызстанга былк эттирбей кармаган Кыргызстандагы саясаттын патриархынын ар бир сөзү далилсиз болбойт. Бул жагынан караганда бардыгы өз ордунда Усубалиев Раззаковду иштен алууда кандайдыр бир роль ойногон деген имиштер болгон, сөөгүн Кыргызстанга алып келгенге каршы болгон имиш — деген сөздөр болгон, булар жөн эле сөз бойдон калып жатпайбы. Аларга жооп: аялы, уулу, кызы, небереси ыраазычылык менен Т. Усубалиевке жазган каты турбайбы. Эми башкачараак жагынан карап көрөлү. Раззаков кайтыш болгондо кийин чынында үй бүлөнүн эч кандай каражаты жок болгон. Болсо да Москвада жашоо кыйын. Кыргызстандын баргандар ал жердеги өкүлчүлүктүн адамдары аспиранттар, студенттер болуп жөн-жай катардагы адам катарында эле орустардын кабырстанында көп мүрзөлөрдүн арасына коюлган. Раззаковдон кийин бул үй бүлөнүн турмушу дагы оорлошот кызы Эльмира оорулуу эч жерде иштей албайт, ага чейин пол жуугуч, вахтер ж. б. иштерде иштесе апасы аз гана пенсия алат, оорулуу. Мына ушундай кезде Өкүлчүлүккө чакырып чай-пай берип, республиканын атынан деп болор-болбос бир жолу берилчү материалдык жардам көрсөтүлөт. Ушундай жагдайда республиканын жетекчисине ыраазычылык жазып бериңизчи десе, анан эмне жамандамак беле. Мунун ошол өкүлчүлүктөгү ишенимдүү адамдар деле уюштуруп коюшу текейден арзан нерсе да, бирок кынтыксыз документ.

Убагында И. Раззаков Орто Азия республикалардын лидерлеринин арасында чолпон жылдыздай өзгөчө бөлүнүп турган кайран кишинин үй бүлөсү Москвада эптеп-септеп кедейликте күн көрүшү кыргыз элине сыймык алып келбейт эле. Ошондуктан кичине көңүл бөлүп ал ахбалын сурап жазып бериңизчи десе жазып берет да. Ушундай эле катты И. Раззаковдун кызы Эльмира Исхаковнанын А. Акаевге жазган катынын айрым бир жерлерин келтире кетели: “Урматтуу Аскар Акаевич, Сиздин менин атамдын арбагын эскерүүгө жасап жаткан иштериңиз жана мага жазган катыңыз үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем деп дагы көп маселелерди жазып, ал эми менин атамдын сөөгүн Бишкекке алып келүү боюнча менин макулдугум өзгөргөн жок жана сөзсүз. Сиздин жеке активдүү жардамыңыздын аркасында гана атамдын акыркы тилеги сөөгүнүн Кыргызстанга жерге берилиши ишке ашып жатат”. Биз бул жерде каттын негизги мазмунун гана бердик. Ыраазычылык катка тиешелүү бардык атрибутикалар сакталган. Бул бир жагынан президенттин катына жооп.

А. Акаевдин сөзүндө дагы бир көңүлгө уюган жери: “Султан сөөгүн кордобойт” — дейт элибизде. Улутубуздун тарыхында өзгөчө салым кошкон инсандарыбызга кайрадан кайрылып жатканыбызды Исхак Раззаковдун сөөгүн кыргыз жерине алып келүү — бул биздин өзүбүздү-өзүбүз урматтаган түптүү журт экенибизди көрсөтүп турат — дегени болду.

А. Акаевдин башка сапаттары жасаган иштери айткан-дегендери боюнча башка изилдөөчүлөр айтып — деп жазаар, ал башка маселе. Бирок, И. Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келтириши менен мейли аны кандайдыр бир конъюнктуралык максаты болсо деле сөөктү Бишкекке алып келип, “Ала Арча” кабырстанына койдуруш менен тарыхта калды.

Ошондон көп өтпөй эле массалык-маалымат каражаттарында Азиз Салиев, Рабия Менсеитова, Какиш Рыскулова, Корчубек Акназаров, Камбаралы Бобулов, Бакы Эшмамбетов, Закир Эралиев, Суюнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Мирсаид Миррахимов, Жунай Мавлянов ж. б. болуп жыйырмадан ашуун республикага эмгеги сиңген инсандардын А. Акаевке И. Раззаковдун сөөгүн алып келиши менен ыраазычылык каты чыкты. Бул ошол кездеги жалпы республикадагы коомдук пикирди билдирүү эле.

Исхак Раззаковдун сөөгүн Москвадан Кыргызстанга алып келүү боюнча сөзүбүздү тамамдап жагып дагы бир жагдайды белгилей кетейин. Албетте сөөктү алып келүү бул Акаев үчүн чоң саясат, чоң эркти талап кылды — бул жагына ырахмат. Экинчиси анын бардык каражатын көтөргөн уюштурган Аскар Шадиев болду. Ал ушуну менен Акаевдин эң жакын адамы катарында анын шайлоосуна кандайдыр бир чен-өлчөм менен өлчөнбөй турган моралдык жана материалдык жардам көрсөттү. Ошондой эле бул жигитти Лейлектин калкы да туура кабыл алып, туура баалашты. Демек бул акция Шадиев үчүн тарыхта сейрек кездешчү жеңилиши жок оюн болду. Бирок эмнеси болсо да Лейлек эли Акаевдин эмгегин ошондо бир баалап: “акесинин катасын үкөсү оңдоду баччагар, кем болбосун” — деп алкашты. Анын ичинде мен да бармын деп жазды журналист Бахтияр Шаматов.

Эми И. Раззаковдун турмушунун маңызы улуттун кызыкчылыгына багышталган, улуттун эртеңки күнүнө күйгөн, улуттук саясатчы, анын көөнөрбөс саясатын мезгилдин жылдызы болгон саясатчылар кынтыксыз пайдаланышты.

Жолборс Жоробеков

“Жаңы Ордо” гезити, №10 (662),  19-июнь, 2020-жыл

 

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *