shadow

Журналисттик иликтөөнүн материалдарынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында УКМКга Кыргыз Республикасынын ЖК депутаттары А.Сулайманов, Д.Торокулов,экс-депутат Ш.Айтматова, КР Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Р.Матраимов сурак беришти.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы мурунку консулу Э.Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле «Азаттык медианын» журналисттери Мухамедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаковдор күбө катары сурака чакырылышкан.

Тергөө иштери объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө иштери калыс жүргүзүлүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшү коомчулукка ар дайым ачык маалымдалып турат.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *