shadow

Котормочулуктан депутаттыкка, депутаттан вице-премьерликке секирген Аида Исмаилованын кандай жумуш жасап жатканынан дайын жок. Социалдык абал оор… Жарылчудай абалга баратат… “Парламентте социалдык комитетте иштеп тармакта тажрыйба топтодум, ишти алып кетем деп айта алам” деген Исмаилованын үнү чыкпайт. Ушундай кадрлар бийликти элге жек көрсөтүп жатканы калппы? Аида айым ишти жөндөй албай жатканы ачык көрүнүүдө. Ооруканаларда орун жетиштүү деп айтып алып, абал көзөмөлдө эмес экени эртеси эле билинди. Качанга чейин ушундай кадрлар элди башкара берет? Иштей албаган соң өз дараметин билип, кызматтан акырын жылмышып кетпейби… Эл деле ошону каалап атпайбы.

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *