shadow

Жалал-Абад аскер горнизонунун № 718-аскер бөлүгүнө кызмат өтөө үчүн балдар келген. Жаңы чакырылган балдар коронавирустун алдын алуу үчүн аскер бөлүгүнөн алыс жердеги атайын лагерге жайгаштырылган. 17-июнда аскерге чакырылгандардын арасынан төртөө качып кетишкен.

Качкындар 19-июнда кармалып, кайра аталган жайга жеткирилгенин ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аскерге чакырылган жигиттер лагерди өзүм билемдик менен таштап кеткенинин себебин жакындарын сагынгандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Маалыматтарга караганда, окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасына жиберилет.

Качып кеткендер го мейли, үйдөн жаңы келип, анын үстүнө ант бериши элек экен. А аларды кайтарып жүргөн офицерлердин аракетсиздигине юрбаа берилеби?!

 

“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *