shadow

Миталип Мамытов, Кыргыз Республикасынын баатыры, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик:

«Алтын үндүн эгедери…»

— «Турмушта бийиктиктерге жетишсең дагы, өзүңдү башкалар менен теңдей алып жүр» деген накыл сөз бар. Керимдин ошол жөнөкөйлүгүн жамы журт баалайт. Керим Турапов – кыргызда бир жаралган алтын үндүн эгедери. Ал бир гана ырчы эмес, мыкты обончу экени жалпыга маалым. Биз, хирургдар бычак менен мээнин чырпып өткөнүн даана сезгендей, Керим дагы колундагы калеминин койкоңдогонун сезип коёт. Ар бир чыгармачыл инсанда жылдызы жанган бир учур келет. Керим «Апам жапкан нанды сагындым» деген ыры менен популярдуулуктун туу чокусуна жетти. Анын сан жеткис күйөрмандары да бул сөзүмдү ырастайт чыгаар. Керимдин мындан аркы чыгармачылык ишине жигер каалайм. Мындай үлкөн талант ашчу ашуулар али алдыда.

Кайыргүл Сартбаева, СССРдин Эл артисти:

«Керим кесипти туура тандаган…»

— Кыргызстандагы опералык искусствосунун алгачкы чыйыр салуучуларынын бири катары мен Керим Тураповдун чыгармачылыгына жогорку деңгээлде баа беремин. Себеби, анын лирикалык тенордогу үнү, вокалдык, актёрдук чеберчилиги кыргыз маданиятынын, искусствосунун тарыхында өзгөчө орунга ээ. Искусствонун кайсы тармагы болбосун профессионалдуулук негизги роль ойнойт. Бул чыйыр жолдун татаал тармагы-опера жанры. Өзгөчө билим алууну талап кыла турган вокалдык искусство. Керим Турапов мына ушул жолду жаңылбай тандаган деп билем. Ал кимдин чыгармасы болбосун, кайсы образды аткарбасын көрүүчүлөрдүн эс тутумуна кыт куйгандай калаары бышык. Керимдин ар бир концерти бийик деңгээлде болот. Өнөр баалаган ыр-ышкыбоздордун шатырата чабылган алакандары, Керим Тураповду сахна сересинен кетирбей турганы, өнөр ээсинин чыгармалары элинин жүрөгүнөн түнөк тапканы дагы өзгөчө мактоого татыйт. Керимдин мындан аркы чыгармачылыгына ченемсиз ийгиликтерди каалайм.

Сардарбек Жумалиев: КРнын эл артисти

«Керим Турапов – кыргыздын элита ырчысы…»

 

— Керим Турапов менин обондорумду уккулуктуу үнү менен ырдап жүрөт. Керим менен чыгармачылык жаатта тыгыз байланыштамын. Керим алтын үнү менен не деген дүйнөнү кыдырбады дейсиң. Ал союз доорунда укмуштуудай атак-даңкка ээ болгонун ким танат? Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе, эң ириде профессионал ырчы гана болбостон, мыкты менеджер. Керим Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 10 жылдан ашуун жетекчилик кызматта жүрдү. Керимдин башкача иштермандыгы, филармонияны алда канча искусствонун очогуна айлантты. Кечээки күнү филармонияны гүлдөтсө, бүгүнкү күндө А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын болуп көрбөгөндөй кооздук менен заманбап театрга айлантып койду. Ага кааларым: өмүрү узун, үй-бүлөсүнө бакубат жашоо, чыгармачылыкта чексиз чокуну багынтсын. Жүрөгүндө ыйман уялап, Жараткан өзү колдосун!

Дарика Жалгасынова, КРнын Эл артисти:

«Керимдин бүткөн бою музыка…»

— Керим Турапов музыка чөйрөсүнө кокусунан келип калган талант эмес. Союз доорунда дүйнө жүзүн кыдырып, өз өнөрүн тартуулап келген. Керим менден бир топ кичүү болсо дагы, «Ак Мөөр» операсында Ак Мөөрдүн партиясын мен аткарсам, Керим Болоттун партиясын аткарганы кыргыз радиосунун алтын фондунда сакталып калган. Чөйрөгө жарык бериш үчүн өзүң от болуп күйүшүң керек демекчи, Керимдин ыр кайрыктары от болуп кызып күйүп турат. Талант тамызгысын тутандырып, муундан-муунга жеткирүүдө алгылыктуу иштерине эл күбө. Анын бүтүндөй турган-турпаты мөлтүр обондорго умтулганбы дейм. Алар ар бир угуучунун жан-дүйнөсүнө сиңирилип, бой балкытат, жүрөк отун тутандырат. Анын канаттуу ырлары асмандагы ак шумкардай тээ бийиктикке оболоп, башкаларга окшобогон, тек гана Тураповго таандык көркөмдүктүн кайталангыс ажары сакталгандыгы менен угуучунун сезимине бүлүк салып, жүрөк түпкүрүндө орноп келет. Негизи Керимдей жигиттерибизди убагында сүйлөтүп акылын, иштетип күчүн алуу керек. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына директор болуп келгени туура болду. Сезондун ачылышында дагы канча жылдан бери оңдоп-түзөө иштерине имараттын муктаж болуп турганы Керимдин колу менен жаркыраган имаратка айланды да калды. Дагы да көп жакшы долбоорлорду иштеп чыгуусуна шегим жок. Ийгилик коштоп жүрсүн.

Муратбек Бегалиев, КРнын Эл артисти, К. Молдобасанов атындагы консерваториянын ректору, профессор:

«Адамгерчилиги бийик улут сыймыгы…»

— Адатта, сөздү мындан баштайынчы. Керим менин чыгармачылыкта тапкан эң жакын досум. Бир-бирибизди колдоп келебиз. Чыгармачыл жолубузда дагы үзөңгүлөш болуп келгенибизди Кудай кут кылсын. Азыркы заманда чыгармачыл инсандардын айрымдары бир-бирине жакшы сөз айтуудан качышат. Жакшы сөзүн аяшат, айрыкча достор арасында. Чыгармачыл таланттарды көзү тирүүсүндө сыйлабасак, өлгөндөн кийин мактоонун же сыйлык берүүнүн кажети барбы? Дагы мага жаккан мүнөзү, Керим тактыкты сүйгөндөрдөн. Мейли чыгармачылыгындагыбы, же жашоодогубу мына ошол тактыгы эмгекчилдигин айгинелейт. Билек түрүнө мүдүрлүк ишке киришип жатып, эң аз убакыттагы театрдын оңдоп-түзөө иштерин ойдогудай көңүл жубатарлык таризде бүтүргөнү албетте иштин көзүн билген адис экенин тастыктап турат. Бул бир. Экинчиси, анын устаттыгы туурасында айта кетейин. Керим Италияда билим алып жаткан Жеңишбек Ысманов шакиртин жогорку деңгээлдеги музыкант кылып тарбиялай алды. Дагы да жаштарды тарбиялап чыгаарынан күмөнүм жок.

Карагул Тиленчиев, КРнын эмгек сиңирген артисти:

«Талапты күчтүү коё билген жетекчи…»

— Керим 80-жылдары искусство институтунда окуп жүргөндө эле биздин улуу талантыбыз, дирижёр Асанкан Жумакматов агайыбыз келип, вокалист, солисттерди тандап жатканда Керимди тандап алган. Ошондон баштап, Кыкем искусствонун ары татаал, ары кызыктуу жолуна түшкөн. Мен белгилеп кетчү сапаты Керим өзү менен өзү көп иштейт. Өзүнүн чыгармачылыгын өстүрүш үчүн өз алдынча тырышчаактыгы менен изденген талант. Мен билгенден бери репертуарында эч бир жеңил-желпи ырлар жок, музыкага болгон табити жогору турат. Элге кеңири таралган чоң-чоң чыгармаларды, классикабы же элдик ырларбы мына ошолордун үстүндө иликтеп, изденип, чыгарма качан бышып-жетилгенде гана эл алдында аткарып чыгат. Кезегинде биздин опера театрыбызда дагы бир топ жыл иштеп кеткен. Ошондо дагы «Травиатадагы» Альфред каарманын абдан ийине жеткире аткарган. П. Чайковскийдин «Евгений Онегин» чыгармасындагы Ленскийдин партиясын жогорку деңгээлде ойногон. Жумакадыр Каниметовдун «Ак Мөөр» операсында Болоттун партиясын катыра аткарып койгон. Кыкемдин үнү лирикалык тенор. Диапазону абдан кенен, тембри, техникасы, интонациясы абдан көркөм өнүккөн ырчылардын сап башында турат десем дагы аша чаппастырмын.  Бир гана чыгармачылыкта эмес, уюштуруучулук жетекчилик жагынан дагы эң алдыңкы катарда. 90-жылдары Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониябыз такыр эле артта калып, талкаланып, мындайча айтканда мышык ыйлагыдай акыбалда эле. Кыкем директор болгондон кийин чыгармачыл топтор түзүлүп, оркестрдик топ, бий топторуна да өзгөчө көңүл бурду. Чыгармачылык жаатта дагы, көрүүчүлөрдүн табитин кайра мурунку калыпка келтирүү жаатында дагы опол тоодой эмгек кылды… Бир жыл айланбай эле, биздин театрга директор болуп келип 3 ай ичинде театрдын жертөлөсүнөн баштап, чатырына чейин жаркыратып, ажайып кооздукка оронтуп койду. Кечээ ачылышында Президентибиз Сооронбай Жээнбеков өзү баш болуп келип катышып, күзгү сезонду ачып берди. Менин байкашымча көбүнчө интеллигенция, элитанын адамдары, классиканы сүйүүчүлөр, маданиятты терең түшүнгөндөр келип бүйүр кызыта кол чаап, кучак толо гүлдөрдү тартуулашты.  Эгер жетекчи талапты күчтүү коё билип, темирдей тартип орнотсо, ал жердеги иш, система калыпка салынып калат окшобойбу. Бул дагы жетекчибиздин мыктылыгынан деп билем. Кыкеме ден-соолук, узун өмүр, чыгармачылык бийиктиктерди каалап кетемин.

Жеңишбек Ысманов, шакирти:

«Устатымдын шакирти болуу мен үчүн чоң сыймык…»

— Керим Рысалиевич менин устатым болгонуна сыймыктанам. Мен агайымдын жападан-жалгыз шакиртимин.  Менин бирден-бир тилегим Италияга барып билим алуу эле. Мына эми агайымдын жардамы менен Италияда окудум. Кыргызстанымдан узак болсом дагы, мекенибизди уятка калтырбай, эли-жеримдин атын чыгаруунун аракетинде иштеп жүрөмүн. Азыр эстесем, агайым экөөбүз тагдырлаштардан экенбиз. Айылдан келген 17–18 курактагы баланы, жогорку деңгээлге алып чыгып, профессионал опера ырчысы кылып тарбиялоону албетте устаттын үзүрлүү эмгеги деп тааныймын.  Керим агайым сабак учурунда мага өзүнүн болгон бүт тажрыйба сырларын үйрөттү. Зергер таштын сырын билгендей ар бир кесиптин сыры болот эмеспи. Менин агайым куулук-шумдугу жок, аткаруу-чеберчилигинин болгон сырларын менден жашырбады, бүт билимине сугарылдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, устатыма терең ыраазычылыгымды билдиремин. Кайда жүрбөйүн агайыма болгон сый-урмат, кадырлап-барктап алуу сыпаты канымдын сыясы менен жүрөгүмдө жазылып калган.

Динара Асылбекова.

“Жаңы Ордо” гезити, №33 (647),  15-ноябрь, 2019-жыл.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *