shadow

Мындан туура он жыл мурда, Борбордук аянттагы болгон кан төгүүлөр аркылуу, Ак Үйдү мародер-талоончулардан бетер, күч менен басып алуу жолун пайдаланышып, “революциячыл” төңкөрүш жасап келишкен күчтөр али да бийлик аренасынан толук кетише элек. Мындай мыйзамсыз, жапайы жана да бийик саясий лозунгаларга жамынышып алышып, кой терисин жамынган карышкырлардан бетер, бийликке келишкен соң, каалагандай тайраңдашып, элди, мамлекеттик байлыкты уурдап-тоноону мурдагы учурдагыдан дагы он эселеп, жүз эселеп көбөйткөн сасык саясаттын саркынды-кесепеттерин азыркы кезде элибиз, түп-тамырынан бери кыйроого учурай баштаган жалпы мамлекеттик түзүлүш жана да биротоло карызга батып, өмгөктөй баштаган өлкөбүз өз жон терилери менен сезе башташты!..

Мына, азыркы күндө деле дал ошол демагогиялуу-декларациячыл талаш-чакырыктар орун алууда. Азыркы кездеги эң эле популярдуу болуп, жана да саясий күнтартипте биринчи орунга чыга баштаган талап кайсыл? Аз да эмес, көп да эмес — Конституцияга такыр кечиктирилгис өзгөртүүлөрдү киргизүү талабы болууда!

Президенттин, парламенттин жана аткаруу бийлигинин ортосундагы ыйгарым укуктарды мезгил талаптарына жараша так аныктап алуу керек дешип, бери эле болгондо былтыркы жайдан бери кыйкыра башташкан. Азыр ал талаптар апогейине жетип, бул саясий дискуссияларга же ары, же бери кыла турган, эң соңку чекит коюла турган чак келди шекилдүү. Антпесе, мындай тумандуу жана дагы псевдопатриотчул, демагогиячыл саясатты өз кызыкчылыктарына тымызын пайдаланып калууну көздөшкөн ар кандай маргиналдык күчтөр күн санап көбөйө берет. Акыры алардын баарынын (саясий зевака-толпа менен кошо) чогуу күч сымал болуп көрүнүп, аянтка агылып чыгышын болжолдоо кыйын эмес…

Чындыгында, мындай көчө демократиясын Кыргызстан мындан туура отуз бир жыл мурда эле баштан кечирген. Аягы кандай болуп бүткөнү жалпыга маалым. КДКчыл (Кыргызстан демократиялык кыймылы) күчтөрдүн колу менен коммунисттик бийлик кулатылганы менен да, бийликке чет өлкөлүк күчтөрдүн марионеткаларына айланышкандар келишкен. Баягы жалпы элдик, улуттук кызыкчылык деп кыйкыргандар — четке дароо сүрүлүшкөн. Алардын айрымдары — азыркы белине жеткен сакалын араң сүйрөп жүргөн бийчи — Топчубек Тургуналиев сымал, — дасыккан рецидивист-кылмышкер аталышып, өздөрү алып келген бийлик тушунда, түрмөдө бир нече жолу олтуруп чыгууга да үлгүрүшкөн!..

Апрелчил “революционерлер” (эл арасында өтө таамай, — “мародерчулар-төңкөрүшчүлөр” деген атка конушкан саясатчылар тобу) эң алгач кабыл алышкан декларациялардын бири — Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынат деген чечим болгондугун азыр эстегилери да келишпейт. Бул түшүнүктүү. Анткени, жылуу орунга олтуруп, бийлик акырынын кыныгын алышкан соң, уурдап-жештин ар кандай жолдорун өтө тездик менен өздөштүрүшүп, кредит аркылуу эбегейсиз суммаларды, сыртынан караганда, толук “мыйзамдуу” түр менен сиңиргенди үйрөнүшүп алышкандан кийин, мыйзам дегенди уруп да ойногулары келишпей, ошол жекече-чектелүү жыргал заманды кандай жолдор менен болсо да түбөлүк улантууну көздөп калышкан!..

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салуу идеясы кандай аргументтерге негизделген болчу? “Апрелчил-революционерлердин” айтымында, Кыргызстанда президенттик бийликке келген президент улам Конституцияны өзгөртүп, өзүнө ылайыкташтырып, бийлик мөөнөтүн узарта беришет экен, а биз бул “ооруну” биротоло жоюшубуз керек деп чыгышкан. Жыйынтыгы кандай болду? 2020-жылга чейин дагы дээрлик беш жылча убакыт калганда эле баары теңирден тескери кеткен.

2015-жылкы Эгемендик Күнүндө ошол таптагы президент Алмазбек Атамбаев майрамдык маанайдагы сөз сүйлөбөстөн, күтүүсүздөн эле мурда Убактылуу президент аталып, кийин экс-президент макамын алган Роза Отунбаеванын башынан ылдый аянттагы чогулган жалпы коомчулуктун көзүнчө саясий жугундуларды ныпым чоло жерин калтырбай куюп, анын фиктивдүү жолдор менен шайлангандыгын, азыркы макамында да шек бар экендигин жарыя кылган!.. Албетте, ошол датаны “апрелчилердин” өз ара ички тымызын күрөшүнүн (акырга башын тыгып алышкан койлор бирин-бири сүзүшүп, четке чыгарууга аракет кылышкан сымал!) ачыкка чыгышы катары кабылдасак болот…

Ошондон көп өтпөй эле азыркы жарандык статусу бүдөмүк (экс-депутат жана да мурдагы зэк) болуп турган, азыр кылмыш иши кайра каралып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы Конституция боюнча талаш-тартыштар башталган. “Конституция атасы” аталган жана да апрелчилерге караганда саясатта такымын жеген Текебаев өз Конституциясына шек келтириле баштаганына ардандыбы, же башка дагы көмүскө кызыкчылыктары бар беле, айтор, өзү кечээ эле колдоп келген президенттин келишкис душманына айланган. Дал ошол кезде гана коомчулук Кыргызстандын апрелчилер алып келишкен Конституциясына көңүл коюп карашып, бул чуулгандуу талаштын чоо-жайын билүүгө умтула башташкан. Украинанын Конституциясы уурдалып-көчүрүлүп жазылгандыгы ашкереленип, эми апрелчилер бир дагы тазасы калбай, “оптом” шерменде боло башташкан!..

Саясаттагы самодурство, такыр түшүндүрө алгыс, абсурддук кадамдар дал ошондо башталган. Буга чейин алардан кандайдыр бир үмүттөрүн үзүшө элек, аларды али да болсо колдоп жүрүшкөн коомчулуктун азганакай бөлүгү дагы булардан биротоло көңүлдөрү калышып, кол шилтей башташкан…

“Кыргызстандын Конституциясында эркек эркекке, аял аялга үйлөнсө деле боло бере тургандай” мааниде жазылып калыптыр, муну оңдобосок болбойт деген “аргументтердин” алдында, баягы 2020-жылга чейин оңдоого тыюу салышкан шертти жокко чыгарышып, Конституцияны өз колдору менен бузуп, жамап-жазгап, тымтыракайын чыгарышкан. Көрсө, негизги жана да көмүскө идея — парламенттик республикага биротоло багыт алуу, президенттик бийликти алсыздандырып (болгоyдо да, Атамбаев өзү бийдликтен кеткенден кийин, 2020-жылдан баштап!), бардык бийлик чордонун премьер-министрдин айланасына топтоштуруу болгон экен. Мындай саясий оюндардын аягы эмне менен бүткөндүгүн жалпы коомчулук жакшы билет.

“Досум” деп, “далыга таптап”, түштүктүк Сооронбай Жээнбековду президенттикке алып келип, а иш жүзүндө балапан-кадры Сапар Исаковду алгыр куштай кылып, алдын ала таптап, өзү бийликтен кеткенден кийин да марионетка катары башкара берүүнү көздөгөн Алмазбек Атамбаев азыркы кезде алты кылмыш боюнча айыпталып, түрмөдө олтурат. Жалгыз өзү гана ушундай абалга туш болбой, “өз кадрлары” аталган жаштардын да убалында калды. Азыркы саясий кырдаалды артка карай сүрүп, ичтен талдап-карап олтуруп, эриксизден мындай ойго батасың: балким, саясаттагы оюндар ушундай ыплас-интригалуу жүрүштөр менен коштолбой, бүт баары өзүнүн табигый жолу менен кеткенде, Сапар Исаков сымал жаш саясатчылар да бардык тепкичтерди басып өтүп, керектүү деңгээлде такшалышып, кийин дагы беш-он жылдан соң, чын эле Кыргызстанга пайдалуу иштерди жасай ала турган, татыктуу премьер-министр болмоктур?!

Кандай болгон күндө да, президенттин ыйгарым укуктарынын кайрадан саясий талаштарга жем таштап жатышы — эң жогорку бийлик орундарын бөлүштүрүү менен байланышканы шексиз. Бул багытта президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан парламенттик өлкөгө кыйшаюусуз барарын бир нече жолу айтып, азыркы аракеттеги Конституция боюнча өз ыйгарым укуктары улам барган сайын “мүжүлүп”, азайып баратканына, жана да күчтүү президенттик бийликти көксөгөндөр да бизде аз эмес экендигине карабастан, мыйзамдын чегинен чыга элек.

Арийне, конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактагандардын пикирлери да соңку кездерде ар түркүн боло баштады. Айталык, мурда бир беткей гана, Курултайчылардын белгилүү талаптары декларацияланып келсе, соңку учурларда буга кошумча иретинде, түрдүү пикирлер айтыла баштады. Алардын айрымдарына кулак салсак, жөндүү угулгандары да жок эмес. Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев америкалык түзүлүштү жактап, президенттик бийликти күчтөндүрүп, премьер-министрликти жоюп, аткаруу бийлигин президент өзү башкарышын жактады.

Чынында эле, өз алдынча эч нерсени чече албаган, алсыз өкмөттүн жана да улам кол жоолуктай алмашыла берген премьер-министрлердин кереги барбы?! — деген суроо дагы кабыргасынан коюула турган кез келди. ансыз деле отуз жылдан берки кризис сазынан чыга албай жатканыбызга бир гана өкмөт күнөөлөнүп, мурдагы президенттердин баары тең эч нерсеге жооп бербей калышкан. Анткени, мыйзам боюнча дал ошондой жазылып калган. Экс-спикер Мукар Чолпонбаев дагы бир гана укуктары бар, бирок эч кандай жоопкерчилиги жок президенттик бийликке каршы экендигин айтып чыкты.

Кыскасы, азыркы түзүлгөн жагдайда, бийлик бутактарынын ортосундагы өз ара тең салмактуулуктун жоктугун ырастап, бул маселе эртедир-кечтир коомчулуктагы курч талаш-тартыштарды жаратуучу предметке айланып кетери көрүнүп калды. Анын үстүнө, жогоруда белгилегендей, саясий кризисти жаратууга кызыкдар күчтөр дагы бар экендигин эске ала турган болсок!

Азыркы кезде айрым саясий күчтөр тарабынан, ири шаарлардагы жергиликтүү шайлоолордун (Ош, Токмок сыяктуу) айланасындагы абалды курчутуу аракети көрүлүүдө. Бул репетиция сыяктанган шайлоолордо — дагы жарым жылдан соң баштала турган парламенттик шайлоолордун жүрүшүндө орун ала турган жаңы ыкмалар, жаңыча айла-амалдар аныкталышы ыктымал. Саясий партиялар жана саясатчылар ошол жолдорду тынымсыз издешүүдө. Буга түрткү болгон башкы себеп — Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөрдүн баарына карата нейтралдуу абалды ээлеп, тигил же бул партияга симпатиясы бар экендигине ишарат жасабай жаткандыгы болууда.

Президент мурда парламенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүнү убадалаганын эске алсак, анын эч кандай партияга артыкчылык бербей жаткандыгын абдан туура позиция катары баалоо керек. Мурдагы тажрыйбалардан улам белгилүү болгондой, кайсыл бир партияны “президенттики” деп аташары менен эле, ошол партиянын ичинде олигархтар баштаган ар кандай ыплас, одиоздуу саясатчылар толуп алышат. Керек болсо, алар ошол партияга эптеп кирүү үчүн арам жолдор менен топтошкон байлыктарын да эч аяшпайт. Себеби, президенттин айланасында калып, ошол чөйрөдө таасир этүүчү ролун жоготпой калуу менен бирге, алар шайлоодон көп өтпөй эле, мурда сарптаган байлыктарын кайра он эселеп топтоп алышарын жакшы билишет…

“Биримдик” партиясына жогорудагыдай кылып, президент колдогон партия деген “ярлыкты” тагуу аракети жасалды эле, бул төгүнгө чыкты. Же, сыягы, бул ошол партиянын уюштуруучуларынын эле “куру кыялы” болгон беле?! Баса, “босоголук” пайызды да Сооронбай Жээнбеков ачык айтпай, тек гана 7%ды сыналган чек катары атады да, парламент өзү талкуу жолу менен чечип алуусун сунуш кылды. Эмки маселе, аламан байгеге түшкөн саны бар сапаты жок, аты бар, конкреттүү жасаган иши жок партиялардын ичинен идиректүүлөрүн иргеп алууда калды. Жалпы эл буга калыс баасын бере алат.

Бир аз мурда Өзбекстандагы парламенттик шайлоолор жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Эл аралык байкоочулар да, парламентти шайлаган эл дагы эч кандай нааразычылык кылган жок. Эртең 1-мартта Тажикстанда парламенттик шайлоо, ал эми күздө президенттик шайлоо өткөнү жатат. Президент Эмомоли Рахмон уулу менен кызын жогорку мамлекеттик кызматтарга коюуга жетишти. Түркмөн президенти да уулун болочок мураскери катары “таптап” жатканы байкалууда…

Аларга салыштырмалуу алганда, Кыргызстанда демократиялык баалуулуктар кыйла өнүккөндүгү талашсыз. Жогорку бийлик эл менен эч эсептешпей, өздөрү каалагандай кылышып, “өтүктөрүн төргө иле беришчү” заман Кыргызстанда эбак эле артта калган. Бийлик да, партиялар да, саясатчылар да муну эстен чыгарууга акылары жок.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №4 (656), 28-февраль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *