shadow

Коронавирустун кеңири жайылышы менен жаралып жаткан экономикалык кризистин алдын алуу үчүн дүйнө мамлекеттери ыкчам чараларды кабыл алууда. Биз кайсыл өлкө өз элине жана экономикасынын туруктуу сакталышына канча каражат бөлгөнүн, кандай программаларды иштеп чыкканы тууралуу кызыгып көрдүк.

Евросоюз

Евросоюз 37 млрд евро каражатты эпидемиянын таасиринен экономиканы коргоо үчүн бөлүү чечимин кабыл алган. Бул каражаттан 8 млрд евро пандемиядан жабыр тарткан ишкана менен компанияларга бөлүнөт.

Улуу Британия

Улуу Британиянын каржы министрлиги 17-мартта эле бизнести колдой турган чараларын жарыялаган. Компанияларга 330 млрд фунт стерлинг (400 млрд доллар) насыя катары берилет. Кредиттердин өлчөмү 1,2 млн фунт стерлингден 5 млн фунт стерлингге чейин жогоруласа, биринчи 6 ай ичинде пайыз төлөнбөйт. Чакан ишканалар, туризм жана мейманкана бизнеси эпидемия учурунда толугу менен салыктан бошотулган. Каржы кыйынчылыгына туш келген жарандардын ипотека маселеси бар болсо, алар 3 ай бул маселе менен баш оорутпайт. Мамлекет алардын маселесин 3 айга узартып берүү чечимин кабыл алган.

Германия

Немецтердин өкмөтүнүн коронавирустан олуттуу жабыр тарта турган жеке ишкерлерге, компанияларга, калкка тийешелүү болгон программасынын суммасы 750 млрд евродон ашат. Ири ишканаларга жардам берүү үчүн 600 млрд евро каражаты бар атайын фонд ачылат. Зарылдык келип чыккан учурда стратегиялык компаниялардын үлүшүн мамлекет сатып алат деген укукту сактап калышкан. Чоң эмес фирма жана жеке ишкерлер 15 миң евро өлчөмүндөгү субсидия алганга мүмкүнчүлүгү болот. Бул үчүн мамлекет 50 млрд евро бөлгөн. Экономика министрлиги иштеп чыккан атайын программа боюнча ишкерлик чөйрө чектөөсү жок насыя ала алышат. Коронавирус илдети учурундагы кырдаалга байланыштуу аренда акысын бере албагандар менен түзүлгөн келишимди арендага берген жак бузууга тыюу салынган. Ооруканаларга 3 млрд евродон ашык колдоо каралган.

Италия

Калкты жана компанияларды колдоо үчүн Италияда 25 млрд евро бөлүү чечими кабыл алынган. Саламаттыкты сактоо системасын каржылоо үчүн 3,5 млрд евро бөлүнгөн. Элдин ипотекалык насыясы толугу менен токтотулат. Аны банктарга болгон мамлекеттик кепилдик жабат. Карантин учурунда иштей албай калган адамдар үчүн атайын төлөмдөр каралган. Иштеген ата-энелерге балдарына жалдаган бала багуу кызматы үчүн 600 евро төлөнүп берилет. Бул 12 жашка чейинки баласы бар үй-бүлөлөргө каралган. Жылдык кирешеси 40 миң евродон ашпаган, март айындагы карантин мезгилинде иштеген жумушчулардын баары 100 еврого чейин кошумча акы алышкан.

Испания

Бул өлкө коронавирус менен күрөшүү үчүн 200 млрд евро бөлүү чечимин кабыл алган. Бул сумма ИДПнын 20 пайызын түзөт. 117 млрд евро мамлекеттин каражаты болсо, калганы жеке менчик ресурстарды тартуу менен жабылат. 100 млрд евро мамлекеттин кепилдиги бар кредит катары берилет.

Польша

Польша мамлекетинин премьер-министри Матеуш Моравецкийдин кризиске каршы программасындагы сумма 46,2 млрд евро. Бул каражаттын бир бөлүгү ишкерлерге насыя, чакан насыя, транспорт секторундагы лизинг операциясы үчүн каралган. Саламаттыкты сактоо тармагын колдоого 1,6 млрд евро багытталат.

Франция

Бул өлкөдө 45 млрд евро каражатты ири чыгымга учураган ишканаларга, карантин учурунда жумушсуз олтурган кызматкерлерге пособие төлөө үчүн бөлгөн. Ишкерлерди колдоо үчүн 300 млрд еврону насыя катары берүү чечими кабыл алынган. Чакан ишканалар 1500 евро өлчөмүндө жардам алышат. Чет өлкөгө учууга тыюу салган чечимден улам жабыр тарткан авиакомпаниялардын абалын жакшыртуу үчүн Жарандык авиациянын башкы башкармалыгына 500 млн евро бөлүнгөн.

АКШ

АКШнын президенти Дональд Трамп кол койгон мыйзамда коронавирустан жабыр тарткандарды колдоо үчүн 100 млрд доллар каралган. Экономиканы колдоо максатында 2 триллион доллар. Мунун ичинен 500 млрд долларды шаарларды, штаттарды, компанияларды колдоо фондуна бөлүү пландалган. 25 млрд доллар авиакомпанияларга каралса, 17 млрд доллар стратегиялык ишканаларга бөлүнгөн. Өкмөт 500 млрд долларды жылдык кирешеси 75 миң доллардан ашпаган жарандарга компенсация катары төлөйт. 1200 доллар чоңдор үчүн, 500 доллар балдарга деп каралган. Чакан бизнести колдоо максатында 350 млрд доллар, жумушсуздарды камсыздоого 250 млрд доллар, коронавирус илдети менен күрөшүүнүн өзүнө эле 46 млрд доллар бөлүнгөн. Мындан сырткары, Федералдык резервдик система 4 триллион доллар бөлүүгө макулдук берген.

Бразилия

Өкмөт жарыялаган экономикалык пакетте 3 айга 30 млрд доллар бөлүү каралган. Мында, калктын аярлуу катмарына социалдык жактан жардам берүүгө 16,7 млрд доллар бөлүнөт. Пенсионерлерге декабрдын ордуна май айында он үчүнчү айлык төлөнгөн. Чакан жана орто бизнести колдоого 12 млрд доллар багытталат. Коронавирус менен күрөшүүгө 1 млрд доллар жумшалат.

Чили

Бул өлкөдө 11,7 млн доллар үч багыт боюнча бөлүнөт. Саламаттыкты сактоо системасындагы бюджетти бекем кармоо, үй-бүлө кирешесин, жумуш орундарын сактап калуу, ишканалардын жок болушуна жол бербөө.

Австралия

Австралиянын өкмөтү март айында эле эки жолу экономикалык программасын жарыя кылган. Биринчи пакет боюнча 10,5 млрд доллар каралса, экинчи программада 40 млрд доллар көрсөтүлгөн. Бекитилген иш-чара жарандардын жашоо деңгээлин сактап калууга багытталган. Элге 6 ай ичинде кошумча пособие катары төлөөгө 8,4 млрд доллар, чакан жана орто бизнеске 19 млрд доллар каралган.

Индия

Индияда медицина тармагын өнүктүрүүгө 2 млрд доллар бөлүнөт. Өлкөнүн экономикасын кармап калуу үчүн Индиянын резердик банкы апрелден баштап 13 млрд долларды айлантууга чыгарган.

Кытай

Кытайдын февралда жарыялаган программасында өлкөнүн каржы системасы менен экономикасын колдоо үчүн бир канча иш-чаралар айтылган. Мартта Кытай элдик банкы (КЭБ)программага кошумчаларды киргизди. Мында 170 млрд доллар тууралуу айтылат. КЭБ компанияларды колдоо иретинде кредиттердин пайызын төмөндөткөн.

Корея

Пандемиянын таасиринен кризистик акыбалга туш болгон бизнеске каржылык жардам көрсөтүү максатында корей бийлиги 80 млрд доллар бөлдү. Өкмөт чакан жана орто ишканаларга жардам берүү үчүн 47 млрд долларды кредит катары берүү чечимин кабыл алган. Өлкөдөн капиталдын чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө атайын фонд түзүлүп, ага 8,5 млрд долларды чегерген.

Түркия

Түрк бийлиги 15,3 млрд долларлык экономикалык пакетти жарыялады. Мында, пенсиянын минималдык өлчөмүн 230 долларга чейин көтөрүү, жакыр үй-бүлөлөргө каржылык жардам берүүгө 308 млн доллар каралган. Банктардан кредит алган чакан жана орто ишканалар 6 айлык каникул алат. Түркиянын ичинде каттам жүргүзгөн авиакомпаниялар үчүн НДС 18 пайыз болсо, алар апрелден баштап 3 ай аралыгында 1 пайыз НДС төлөшөт.

Сауд Аравия

Коронавирус илдети жана нефти кризисинен улам экономикасын колдоо үчүн королдук 32 млрд доллар бөлө турганын жарыя кылган. Иш-чара банк, каржы секторун, чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ)

БАЭ экономикасын колдоого 27 млрд доллар бөлгөн. Банктарга үстөгү жок кредиттерди берүүгө, буга чейин кредит алгандар негизги сумманы жана үстөктү төлөөдө 6 айга чейин кармалып калса болоору милдеттендирилген. Марттын аягында 27 млрд доллар 34 млрд доллар болуп өзгөрдү.

Египет

Президент Абдель Фаттах ас-Сисинин билдирүүсү боюнча өкмөт 6,4 млрд долларды кризиске каршы туруу планын каржылоого бөлгөн. Каражат туризм тармагында мейманканалардын үзгүлтүксүз иштеп туруусу үчүн кыймылсыз мүлктү каржылоого жумшалат. Өнөр жай тармагында жаратылыш газына, электр энергиясына болгон баа арзандайт. Чакан жана орто бизнес кредитти төлөөдө 6 айлык тыныгуу алса, айыл чарба багытындагы жерлердин салыгы 2 жылга токтоду. Туристик объектилер, ишканалар кыймылсыз мүлккө болгон салыктан 3 айга бошотулду. 1,28 млрд доллар өлкөнүн биржаларын колдоого бөлүндү.

Түштүк Африка Республикасы (ТАР)

Президент Сирил Рамапосанын билдирүүсү боюнча, пандемия учурунда кызматтан айдалган жумушчулар өзүнүн айлык акысындагы каражатты алышат. Айына 371 доллар айлык алган адамдар салык жактан 4 ай ичинде жеңилдиктерге ээ болот. Жылдык обороту 2,9 млн доллар болгон ишкерлер 4 ай ичинде киреше салыгынан 20 пайыз жеңилдик алат. Чакан жана орто ишканалар карыздарынан бошотууну суранганга укук алышат.

Кыргызстан

Абылгазиев жетектеген өкмөт экономикалык пландар иштелип жатканын февраль айында эле жарыя кылган. Эпидемиянын экономикага тийгизген таасири 400 млн доллар деп эсептеген. Ал кезде доллардын курсу 70 сом болчу. Азыркы курс менен кыргыз экономикасындагы жоготуу 32 млрд сомго барабар. Абылгазиевдин өкмөтү парламентке барган кезде, кыска аралыкта ишке ашчу экономикалык программаларды иштеп жатканын, жакынкы күндөрү жарыялай турганын билдирген. Абылгазиев айткан программаларын жарыя кылганга жетишпей, өзү коррупцияга шектелип, кызматтан кете берди. Эл аралык донорлордон 600 млн долларга жакын грант, кредит алынды. Бул сумма кайда кеткени боюнча Өкмөт так отчёт бере элек. Асрандиев маалымат жарыяланбай турганын билдирсе, каржы министри кечээ Жеенбаева элге жеткиликтүү кылып маалымат бере албады. Калк арасында тыштан келген акча кайда?- деген суроо жаралууда. Кыргыз Өкмөтүнүн абалы азыр дагы кыйын. Пенсия, жөлөк пул, айлык акы өз учурунда төлөнөт деген ишенимдүү убадалар премьер-министр тарабынан дембе-дем айтылып келет. Бюджеттин чыныгы абалы айткан убадаларды айткарганга жетишсиз экени айтылууда. Убадалар айткарылыш үчүн кыргыз бийлиги бюджетти колдоо үчүн тышкы донорлордон каржы жардамынан үмүт этип жаткан мезгил…

Темирлан Токтоболотов

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *