shadow

Гезитибиздин өткөн № 8 (660) санында Кыргыз Республикасынын ардагер судьяларынын Кеңешинде жасалып жаткан алгылыктуу аракеттер тууралуу азыноолак сөз кылганбыз. Бул жолу сот тутумунда өмүр бою эмгектенип кеткен ардагерлерибиздин пенсия чыккандан кийинки абалы жана аларга каралган социалдык жеңилдиктердин оош-кыйыштары жөнүндө кеп улайбыз.

— Курманбек агай, сиздердин ардагерлер Кеңешинин канча мүчөсү бар экен?

— Кыргызстан боюнча 100дүн тегерегинде…

— Сиздердин Кеңеш “Кыргыз Республикасынын ардагер судьяларынын Кеңеши”, — деп аталат экен. Анда судья болуп эмгектенип кеткендер жөнүндө гана сөз болуп жатабы?

— Жок, жалпы сот тутумунда эмгектенип келгендер жөнүндө болуп жатат. Алардын арасында убагында консультант, судья, сот аткаруучу, сот приставы болуп иштегендер бар. Сот отурумунун секретары, соттун администрация иштеринде мисалы, аппарат жетекчиси болгондор, кыскасы өмүр бою сот тармагында иштеп пенсияга чыккандар бар.

Республикалык башка мамлекеттик мекемелерде ардагерлерге көргөн камкордук биздегиге салыштырмалуу жогору десек болот. Мисалы, аткаруу бийлигине кирген ИИМ, УКМК, Прокуратура (өзүнчө орган катары), Коргоо министрлиги, Бажы ж. б. кызматтарда. Ал эми бийликтин бир бутагы болгон сот тутумунда ардагерлерге кам көрүү, материалдык, социалдык-техникалык жагы жакшы каралбай калган.

Биринчиден, жогоруда аталган аткаруу бийлигине кирген ведомстволордун өздөрүнүн поликлиникалары, госпиталдары, пансионаттары бар. Андагы кызматкерлер ошол органга киргенден баштап каттоого туруп, пенсияга чыгып, өмүрү өткөнчө тиешелүү ооруканаларга кайрылып жана жеңилдиктерден пайданала алышат. Ден-соолугун чыңдоо үчүн курорт, санаторий, пансионат дарылоо жайларына жиберилүү мүмкүнчүлүгү бар.

Керек болсо, ИИМдин өзүнчө “Молодой дзержинец” деген пионер лагерине чейин бар. ИИМде иштеп кеткен эмгек ардагерлеринин неберелери да барып эс ала алат. Коргоо министрлигинин Бишкектин башында (Беш-Күңгөйгө кире бериште) атайын госпиталы бар. УКМКнын поликлиникасын да билсеңер керек.

А бизде болсо, сот тармагында иштеген судьялар бүгүн ишин токтотсо (өз арызы менен же жаш курагы келгендигине байланыштуу) эртеси эле аларды каттоодо турган поликлиникадан чыгарып салып жатат. Негизи сот тармагындагылар КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыктарынын атайын поликлиникасында каттоодо турушат. Сот тармагында иштеп турганда алардын бала-чакасы да 18 жашка чейин тейленип келсе, “экс” макамына өткөндөн кийин анын өзүнө кошуп улгайган байбичесин же абышкасын, 18ге чейинки үй-бүлө мүчөлөрүн баарын кошуп, дүңүнөн чыгарып жатат.

Күндүзү иш карап, түнкүсүн караган иштерин үтүр-чекитине чейин тактап, тонналап кагаз жазган, колу жооруп, көз майын короткон соттор унутта калып атат. Осол болсо да салыштыруу иретинде айта кетейин, соттор каралбай жесир немедей абалда калды.

Азыр эми атайын поликлиникада “хозрасчет” дегенди таап, ошол “хозрасчетко” жөнөтүп жатыптыр. Ал жерде бир укол салдырыш 30 сом, ал эми асма укол алам десең 350 сомго чейин төлөшүң керек болот экен. Мунун баары каражатты талап кылат. Аны сот ардагерине ким бөлүп берип жатат?! Мен бул жерде сот тутумунда иштегендердин баарын эмес, негизинен казылар (сот) жөнүндө айтып жатам. Ал жерде каттодо калыш үчүн эмгек сиңирген юрист же персоналдык пенсионер болуш милдеттүү экен. Бирок, судьлардын баары эле эмгек сиңирген юрист наамына жете бербейт. Анын үстүнө 2015-жылдан бери персоналдык пенсионер дегенди таптакыр эле жокко чыгарып салды. Ооруп, улгайып калган чакта аларды кароосуз калган жаныбардай кылып көчөдө калтырып атышат. Кыскасы, бизде өзүбүзгө караштуу пансионат, поликлиника, медпункт дегендер жок. Кам көрүү маселеси жооптуу деңгээлде жолго коюлган эмес.

Оңтою келип тургандыктан өмүр бою сотто иштеп, эли-жерине эбегейсиз зор кызмат өтөгөн Эмгек сиңирген юристтерди атай кеткеним дурус болоор. Алар — Султангазы Касымов, Разия Эралиева, Гүлүмжан Абдурахманова, Качкынбай Бообеков, Акылбек Маткеримов, Бердибек Эсенбаев, Эрмамат Кожокматов жана башка эмгеги сиңген юристтер.

Султангазы Касымов быйыл 83 жашта экенине карабай алынын, тажрыйбасынын жетишинче сот тармагына колкабыш кылып келет. Кыргыз Республикасынын сотунун 95 жылдык юбилейине карата сот тарыхын уюшулгандан учурдан баштап ийне-жибине чейин жазып чыкты. Жогорку соттогу жазык иштер боюнча жалпылаштыруу (обобщение) иштерин ирээттештирип келе жатат. С. Касымов бүгүн жасап жаткан иштердин маани-маңызы сот ишинде баа жеткис байлык болуп калат.

Разия Идирисовна пенсияга чыккандан кийин Жогорку соттун алдындагы судьялар үчүн окуу борборунда мугалим болуп иштеп келет. Андан кийин бизде Устаттык институту деген киргизилип, Эл аралык уюмдардын (Өкмөттүк эмес уюмдар) каражаты менен иштеп келген программа боюнча Аламүдүн райондук сотунда Устат болуп иштеп, айрыкча жаңы дайындалып келген судьялар менен иш алып барды. Кийин ал институттарды өркүндөтпөй, талкалап тындык. Эл аралык уюмдар каржылабай койгондон кийин биздин өкмөт каражат бөлбөдү. Эң пайдалуу, натыйжалуу институт иштебей калды. Бул багытта да жандандыруу иштерин жүргүзсөк жакшы болот эле.

— Соттор иштеп жаткан учурунда да, пенсияга чыккандан кийин да коомдон обочолонуп калып жаткандыгы чындык. Эми, иштеп жаткан соттордун компенсациясы жөнүндө, мурдагы алгылыктуу практикалар жөнүндө айта кетсеңиз?

— Азыркы кезде соттордун жасап жаткан иштери элдин негизги катмарына толук жетпей жатат. Мунун баарын гезит-журнал, телерадио берүүлөр колго алыш керек. Эмне иштер каралып жатат, кайда, кандай окуялар болду, кылмыштуулук, мыйзамсыздык кайдан, эмнеден пайда болуп атат дегенге кызыккан эч ким жок. Элге түшүндүрүү иштери жетпейт.

Илгери хулигандык (зөөкүрлүк) иштер боюнча 15 күндүн ичинде карап бүтүү мөөнөтү бар болгон. Ал эми жарандык, жазык иштери боло турган болсо аларды бир айдын ичинде кароо керек, эгер каралбаса коллегияда тартипке чакырып, эскертүү, сөгүш берип уяткарчу. Ар бир судья ишти өз өндүрүшүнө алгандан баштап тез арада окуп чыгып даярдап, мөөнөтүн бузбай кароого даярданчу. Ишти сот имаратында эле карабай, көбүнчө жазык иштерин окуя болгон жерине барып (колхоз-совхоздордо, айылдык кеңештерде) эл ичинде ачык-айкын карап (показательный процесс) чыкчубуз. Буга да көңүл бөлүнбөй калды.

— “Показательный процесстер” соттун өз демилгеси менен өтчүбү?

— Мамлекеттик деңгээлде ушундай талаптар коюлчу. Мамлекет да, Өкмөт да талап кылчу. Соттон, элден талап кылынчу. Бул өзүнчө бир сабак катары кабылданчу.

Мындан башка укук темаларын элдин катмарына жеткирүү боюнча лекциялар окулчу. Колхоз-совхоз, мекеме-ишканаларда пландуу түрдө элди жыйнап, отчеттук негизде өтүп келген.

Андан сырткары кылмыш, мыйзамсыздык орун алган жерлерде алардын келип чыгуу себептерин анализдеп тиешелүү кызмат адамдары менен иш алып барып, алар кийин дагы кайталанбасын деген максатта жай аныктамалар чыгарылчу. Жай аныктамаларда кылмыштын себептери көрсөтүлүп, жоюу, четтетүү жагы тапшырылчу. Тиешелүү кызмат адамдары 1 айдын ичинде бул багытта эмне чараларды көргөндүгү жөнүндө сотко жазуу түрүндөгү жоопторду берчү.

— А бүгүнкү соттор эмне үчүн бул практиканы колдонуп, жай аныктама чыгарбайт? Же анын коомдук зарылчылыгы жок болуп калдыбы?

— Мен муну талаптын, тартиптин жоктугунда болуп жатат деп айтаар элем. Экинчиден, мыйзамды сыйлоонун азайуусу деп ойлойм. Соттун да, элдин да иши жоктой. Сот жай аныктама чыгарбай койсо, аны чыгарасың, — деп талап кылган активдүү коомчулук калбай баратат. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнбөгөндүктөн го дейм.

— Сотто жай аныктамалар боюнча атайын бир эсеп-кысап деген жокпу?

— План жүзүндө болбойт. Бирок, бүт каралып жаткан иштер боюнча кийин дагы ушундай мыйзамсыздыктар кайталанбасын, — деген негизде жай аныктамалар сөзсүз чыгарылышы керек да. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн талап. Аны аткарышыбыз керек эле. Андай болбой атат.

— Сиз 40 жылдык бай тажрыйбасы бар сот катары азыр колдонууда турган мыйзамдардын кайсы алашемдиктерин айта аласыз? Анткени идеалдуу адам, идеалдуу коом болбогондой эле, мыйзамдардын баарынын эле төгөрөгү төп келип калбаса керек го?

— Бул жаатта талашып тартышчуу маселе көп. Негизи административдик, соттук материалдарды кароодо соттор тарабынан абдан жоопкерчилик менен кароо талап кылынат. Тиешелүү деңгээлде маани берилбей калган учурлар арбын.

Мисалы, баш коргоо чарасы жөнүндө маселе көтөрүлгөндө райондук, областтык (шаардык) соттордун деңгээлинде гана калып, Жогорку сотко даттанылбай калып жатат. Менин оюмча, бул жарандардын Коституциялык укугун одоно бузуу дегендикке жатат. Мындай болбош керек эле. Кандай гана аракет болбосун, ал мыйзам чегинде төмөнкү соттордо каралгандан кийин сөзсүз түрдө Жогорку сотко даттанылып чекит коюлушу керек эле. Бул ар бир жарандын, юридикалык тараптын укугу.

— Жаңы ачылган жагдайлар боюнча маселени алалы! Эмне үчүн сотто жазык иштер боюнча жаңы ачылган жагдайлар менен көп иш каралбайт?..

— Жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жазык-процессуалдык кодексинде прокуратурага гана мүмкүнчүлүк берип атпайбы! Мындай болбош керек эле. Жазык иш боюнча бардык тараптын (соттолуучулар, жабырлануучулар жана алардын адвокаттары, мыйзамдуу өкүлдөрү) ар биринин жаңы жагдай боюнча жазган арызы сотто сөзсүз кайра каралышы керек. Бул да ар бир жарандын Конституциялык укугу. Азыркы мыйзам боюнча прокуратурага арыз менен кайрылат. А прокуратура сотко жаңы жагдайды кааласа берет, каалабаса бербейт. Өзү тергеп, өзү айыптоо корутундусун бекиткен прокурор ишке кайра кошумча тергөө жүргүзүп, кайра корутунду берүүнү кааламак беле?

— Жаңы жагдай менен баштагы сот актылары жокко чыгарылып, соттолуучу акталып кетсе тергөөчү, прокурор, сот баары жоопкерчиликке тартылышы керек болот. Бул сотту да түйшөлтчү жагдай эмеспи!?

— Мыйзам алдында бүт баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Жазык кодексинде жазылып турбайбы: туура эмес (неправосудный приговор) өкүм, чечим, токтом, аныктама кабыл алган сот сөзсүз жооп бериши керек. Ошол эле прокурор, тергөөчү, соттор баарыбыз мыйзам алдында тең укуктуубуз. Эгер мыйзам чегинде чечим кабыл алууга эрки жетпесе иштебей эле койгону жакшы. Билип туруп негизсиз чыркыратып соттоп жиберсе өзү да мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.

— Мен жеке өзүм акыркы чейрек кылымда жаңы жагдай боюнча сот өкүмдөрү өзгөрүп, соттолуучу акталган, ал эми тергөөчү, прокурор, сот жоопко тартылган учурду угалекмин. Сиздин 40 жылдык иш-тажрыйбаңызда ушундай окуя болду беле?

— Мен деле уга элекмин. Бирок, мыйзам бар! Анда так, даана жазылып турат. Ошондуктан жаңы ачылган жагдай боюнча прокуратурага гана укук берип койгон туура эмес…

Маектешкен:

Мухтар ЖАРКУЛОВ

P.S. Кийинки маегибизде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ыйгарым укуктары, баштапкы 4 тепкичтүү жана азыркы 1 тепкичтүү Жогорку сот жөнүндөгү маселенин айланасында сөз болот.

“Жаңы Ордо” гезити, №10 (662),  19-июнь, 2020-жыл

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *