shadow

Дүйнө жүзүнүн элдеринен эң оор жашоодо жашаган элдер булар бийик тоолуу жерлерде табигат менен жаратылыштын эң кыйын татаал шарттарында мал багып жашап келген элдер, булар көчмөн элдер гана болуп саналат. Адам атадан бери элдик санжыралардын биринде Адам атадан кийин Ыдырыс пайгамбар андан тараган кыргыздар деп каралса, ал эми Абылгазы менен гагауздардын (көкөгүз) санжырасында дал келүү менен Адам атанын чебереси катары Эностун баласы “Сыдык ата” деп айтылып, андан улуу баласы Кыдыр (кыргыздар), ортоңку баласы Кадыр (каракалпактар) жана кичүү баласы Каңыр (гагауздар — ​көк өгүзгө жүктөрүн артып алып, атасы менен агаларына таарынып Тереңге көчүп кетип, Кара деңиз, Кырым тоолорунун түндүгү, Молдавияга чейин жайылып жашап калган) болуп саналат.

Ал байыркы замандарда азыркыдай заманбап жашоодой тери, жүн, чыт. кездемелерди ж. б. материалдарды боёгонго боёктор болгон эмес. Ошол кезде Сыдык атабыз ак жүндөн кийиз менен ак калпак жасап, улуу баласы катары Кыдыр атабызга кийгизип, “Сен эми Кадыр менен Каңырга караганда улуу эмессиңби, ак калпагыңды кийип, Ала-Тоону элестетип суук болсо дагы эң бийик тоолуу аймактарында чыдап, мал багып, ошол аймактарда жаша, бул эки инилериңе караганда жашоону жакшы түшүнүп калдың, чыдамкайсың” деген экен. Кыргыздар ошондуктан “Кыдыр Ата колдосун”, “Кыдыр Ата жолдосун”, “Кыдыр Ата колдойт” деп бекеринен айтпаган. Ошону менен эң түпкү тегибизден бери ушул бийик тоолуу Ала-Тоону байырлап мал менен жашап калыптырбыз. Кадыр деген экинчи баласына болсо, кара кийизден кара калпак жасап кийгизип, “Сен болсо экинчи баламсың, башыңа кара калпак кийип алып, Каршы тоосунда жайкысын мөңгүлөр эрип, алыстан Кара Тоо болуп көрүнөт, ошол тоодон баштап, түндүгү Арал деңизине чейинки аймактарда жаша” деп энчилеп берген экен.

Ал эми Каңыр деген эң кичүү баласына болсо, бир күнү ак калпак, экинчи күнү кара калпак кийгизип, “Улуу агаларыңдын эски калпактарын кийип чоңойсоң эч нерсе болбойсуң” дешчү экен ата-энелери. Ошону менен ал Каңыр чоңоюп эрес алгычакты эки агалары аркылуу мазакталып “Ии, сен бүгүн ак калпак кийип калдыңбы, эртеси кара калпак кийсе “Ии, сен бүгүн кайра кара калпак кийип калдыңбы” дешип мазакталып чоңойгон экен. Кийин үйлөнүп, 2, 3 балалуу болуп калганда Көк өгүзгө жүгүн жүктөп, агалары менен ата-энесине таарынып “Мага ыроолоп бир дагы кийим тигип берген жоксуңар, жада калса ички көйнөк менен дамбал да тигип бербедиңер, силер мени мазактап чоңойттуңар” деп Тереңге көчүп кеткен. Суунун тереңи балыр, ал эми кургактыкта болсо жердин эң бийиги Ала-Тоо, андан кийин жапыз мөңгүсүз Кара-Тоо, жайкысын ак кар, көк муз бардыгы эрип алыстан капкара тоо болуп көрүнгөндүктөн “Кара Тоо” деп аталып калган. Ал эми Кара деңиздин жээктери, деңиз деңгээлинен бир аз гана бийик жерлерди “Терең” деп аташкан, ошол “Терең” деген аймактарга Каңыр көчүп кетип жайгашып калышкан, булар Гагауздар же болбосо түпкү атасы Каңыр, ошол Каңыр атанын тукумдары болуп саналат.

Ала-Тоодо болсо, ошол Кыдыр атабыздан бери кыргыздар мал багып, тоо аймактарында көчүп конуп, ар кандай табигат менен жаратылыштын эң оор шарттарына чыдап, жайкысын ысыкка, кышкысын суукка малдарын аман асырап, багып өзү менен өзү болуп көбөйүп, кээде өксүп, өксүп, кемиген сайын кулпуруп жашап келе жаткан булар кыргыздар. Эң байыркы замандарда кыргыздар адегенде жаңыдан саны жагынан көбөйүп келе жатканда тоо арасында эч бир хан, бек деген түшүнүк жок кездерде кокту колоттордо ар бир урууларга түзүлүп, уруулардын аймактык жерлери пайда болгон, ошол аймактарга аңчылык менен удаа мал багуу жашоо шарттарын баштарынан өткөрүшүп келген, сырткы ар кандай душмандарга ал урууларды уруу башчылары чагылгандын огундай тез убакыттарда аманат аркылуу кабар беришип, бардык уруулар менен биригишип, ал катылган душмандарды тескеп келген. Бул тарыхый окуялар тууралуу Ирандын Ан Насыр деген тарыхчысы мындай деп айтып кеткен кеби бар: “Кыргыздар тынччылык мезгилдерде, аңчылык үчүн жылгаларды талашып, бири-бири менен уруу, уруу болуп чабыша берет, а эгер алардын аймактарына тышкы душмандар келип катышса, чагылгандын огундай тез аранын ичинде бардык уруулар бириге калышып, сырткы душмандардын сазайын колуна берет”. Чындыгында, кыргыз элине Ан Насыр даана ачык сүрөттөмө берген, биз эч кимге катышпайбыз, тийишпейбиз, бардык оор жашоо турмушка чыдап тиричилигибизди уланта беребиз. “Чыдоонун да чеги болот” дегендей такыр эле чыдабай калганда, тоодо күнгө кактанып жаткан илбирстей болуп жата беребиз, качан курсагы ачканда тура калып бир жаныбарды чапчып, эч нерсесине карабай жок кылган улут экенбиз.

Эң байыркы замандарда тоо арасында ушундай уруу, уруу болуп биригишип ынтамакта жашашып, элдери көбөйгөн мезгилдерде бириккен уруу, уруу кыргыздар каганаттыктарды түзгөн мезгилдерге жетет, бул мезгил б. з. чейин 210–155-жылдар мезгилиндеги “Улуу Хунниктер каганаты” б. з.дын VIII-кылымдын жарымында түзгөн Барс-Бек каганаты “Улуу Кыргыз каганаты” болуп саналат.

Улуу Хунниктер мезгилинде Кыргыз каганаты Кытайлардын Тангуттар империясын башкарып, салык төлөттүрүп турган, ошол күз мезгилдеринин бир мезгилдеринде кытайларга барып, алардан салык ордуна кышкыга керектүү тамак-аш болгон чеснок, картошка сыяктуу “жашылча жемиштерин алып келели” деп барышса, ал кытай элдеринин өздөрүндө кургакчылык болуп, базарларында эч нерсе жок, элдери ачарчылыктан кырылып жаткан мезгил болот. Ошол күркүрөгөн күз мезгилдерде Улуу Хунниктер каганаты Европаны көздөй “Улуу жүрүш” көчмөн саясаттарын баштарынан өткөрүшөт. Европанын чордонуна чейин жүрүштөрүн ийгиликтүү жүргүзүшүп, ал аймактарда байырлап бир нече кылым бою жашап, кийин б. з.дын V, VI кылымдардын орто ченине чейин бийлик жүргүзгөн. Дүйнөлүк медициналык анализи боюнча гаплотип кан курамында Евразиянын 83 ар улут же мамлекеттеринде R I a I ар кандай пайыз кан курамдары бар экендигин аныкташкан.

Ошондуктан кыргыздын эң кыйын даана малдуу, жандуулары “Улуу көч” деген жүрүш менен б. з. чейин Европа аймактарына көчүп кетип, ал жактан дагы “Улуу хунниктер” каганаттыгык бийлик өкүмдөрүн жүргүзүшкөн, ошол бийликтин уландысы катары Аттила (Эдил Баатыр) түзгөн империя эсептелет.

Кийин Орто Азия чөлкөмүндө IX, XI кылымдарда Кыргыз каганаттыгы анын калдыгы катары Түштүк Сибирде XVI кылымда Кыргыз хандыгы кийин XVIII Кыргыз ханы пайда болду, ошондон кийин орус падышачылыгынын таасири астында акырындык менен ал падышачылыкка бириге баштадык. 1917-жылы Октябрь революциясынан кийин союз пайда болуп, союздун 11-катардагы өз алдынча Кыргыз Советтик Социалисттик Республика болуп жарыяланып, катталдык. Тагыраак тил менен айтканда феодалдык коомдон ошол замат социалисттик коомго секирип өттүк. Ушул социалисттик системага өткөндө гана байкуш кыргыздар “май көл, сүт көл” болуп жалпы союздун элдери сыяктуу жыргап куунап жашап калдык, ушундай жакшы заманга өткөргөн Ленин атабыз болуп тарыхта аттын кашкасындай болуп алтын тамга менен жазылып калды. Лениндин жүргүзгөн саясаты менен аз сандагы элдерди сактап калуу негизги саясаты болду жана биз үчүн келечекте кыргыз элин сактап калууда чоң өбөлгө түзүлгөн. Мурун аз сандагы элдер багбанчылык менен да жашашса, көпчүлүк кыргыздар ата, бабалардан бери келген салт катары жашап, мал багуу менен алектенип, өз жашоолорун союз учурунда болсо да бийик тоолуу шартка байланыштуу мал багуу менен алектенип жашап келдик жана дагы да болсо ошол мал менен жашообуз уланууда.

Союздун эң күчтүү саясаттык бюджети менен эң кыска убакытта республикабыздын аймактарына млндогон акча каражаттарына ондон ашык союздук маанидеги завод, фабрикалар, автожолдор, поезд жолдору, гигант ГЭСтер курулуп иштей баштап, кабат, кабат үйлөр курулуп, ондогон шаарлар курулду. Кыргыз эли чыныгы билимдүү багытка өтө баштады. Мындай көрүнүш союздун 74 жыл мезгилинде гана башка элдер менен катар кыргыздардын жашоосу эң жакшы багытка бурулду.

Бирок, 1990-жылы Бүткүл союздук референдум өткөрүлүп, “союз таркатылсынбы же таркатылбасынбы” деген суроого Бүткүл создук өткөрүлгөн референдумда “таркатылсын” деген Борбордук Шайлоо Комиссиясынын чечими чыгып, “ого бетер жыргал заман болот экен” деп, эгемендүү мамлекетке айланып, БУУнун тизмесине кирип кубанганыбызга чек жок жыргап эле жатып калдык. Ленин түзгөн бир гана коммунисттик партияны жерип, “эң жаман партия экен” деп ал партияны да такыр жок кылдык. Орустар айткандай бир нерсени куруш эң кыйын, ал эми аны талкалап коюш бир секунддук иш экен.

Ал эми элдин келечек тагдыры болсо эл башкарган лидерлердин жүргүзгөн ички жана тышкы саясаттарына жараша болот эмеспи. Эгер ошол эл лидерлери элге жагымдуу жана ийкемдүү ички жана тышкы саясаттарды жүргүзүшсө, анда ал элдин келечеги кең болот, эгер жагымсыз жана элдин сынына кабыл болгон жагымсыз саясаттарын тартуулашса, анда ал элдин келечеги убактылуу болот жана ал акыры сасыган саясаттары аркылуу өздөрү да жок болушат.

Ошентип, кылымдарды карыткан кыргыз эли миңдеген жылдардан бери бийик тоолуу аймактарда жашап келе жатып, болгону бир кылымга жетпеген мезгилде же тагыраак айтканда союз учурунда гана жакшы жашоо мезгилдерин баштарынан өткөрүштү, бирок ошол союз учурунда дагы репрессия мезгилдерин, экинчи дүйнөлүк оор согуш мезгилин, согуштан кийинки ачарчылык мезгилдерине чыдап, “мына эми союз оңолуп келе жатат” деген мезгилде токсонунчу жылдары ал союз дагы раматылык болуп “эгемендүүлүктү алдык” деп жыргап куунап эле жатып калдык.

Эми ошол союз учурунда млндогон акчаларга курулган завод, фабрикаларды эл башындагы саясат башкаруучулар же болбосо өзүнчө бири-бири менен дос, ынтымакчылыкка бириккен группа эл бузарлар, эл үчүн курулган байлыкты талап тоношуп, көңүлдөрүнө жаккан объектилерди өздөрүнө сокур тыйын мамлекетке төлөмүш болуп, өздөрүнүн атасынан калган байлыктай менчикке чыгарып алышты. Ошону менен ал бузуку группа саясат башчылары ошол замат замандын талабына ылайык миллионер болуп жатып калышты, биз болсо аларды куттуктап жыргап куунап эле жатып калдык.

Отуз жыл ичинде кыргыз элибиз “Эгемендүү өз алдынча эл болдук” деген кыргыз эли жакырчылыктын сасыган баткак сазына сүйүнгөн боюнча кирип бардык жана ал жакырчылык сазына кантип кыргыз эли кирип барганын өздөрү да билбей калышты. “Кашыктап чогултканды чөмүчтөп чач” деген сыяктуу, улам кийинки шайланган президенттерден жакшы жашоону күтүштү, тилекке каршы “Манастан Чубак кем бекен” деген сыяктуу эл башчылары тескерисинче биринен, бири өтүп эл байлыгын ачыктан ачык, бирок жашыруун жабык саясат менен талап тоноону күчөтүп иштеп, бири болсо билмексен болуп, уурулук жолду күчтүү өздөштүргөндү билип алышты. Натыйжада, байкуш эл уламдан-улам ачык эле жакыр сазына убакыт өткөн сайын чөгө баштады.

Акаевдин мезгилинде ошол учурда ондон ашык завод, фабриканын бири да иштебей азыр эле Чынгызхандын армиясы өтүп кеткендей тегиз талкаланды, жабдыктары менен техникалары коңшу казак менен орустардын аймактарына сатылып кетти. Мал кырылды, чарба чачылды, приписка болсо да 11 млн уяң жүндүү койлорду элге бул силердин мурун союз учурундагы эмгегиңер “үлүшүңөрдү алгыла” деп, майда жеке чарбаларга өткөзүшүп, элге таратымыш болуп, болжолдуу 80 миңден 100 миңге чейин койлору бар ар бир колхоз, совхоздор жоюлуп, мал алгандарга жараша союздун чарбасынын техникалары да кошо мал менен таркатылып берилди. “Эбин тапкан эки жейт” дегендей ошол мезгилдердин айыл, район жетекчилеринен баштап министрликтерге чейин өмүрүндө көрбөгөн байлыкты биринчи көрүшүп, чөөлөр талагандай талашты, тойгондон кийин билинбей эң таза адамдар сыяктуу эл арасына кирип сиңип ал акмактар азыр арабызда кытмыр өз жашоолорун улантышууда.

Эми жакында 7-шайлоо башталат, ошол мурунку жалпы эл байлыктарынан уурдап бутуна туруп алган бекерпоз жемкорлор, өздөрүнчө урук, тууган, күйө балдар, бажалар (бажариктер), кудалар (кудариктер) жакшы көргөн адамдар, санаалаш аялдары менен ондогон партияларды түзүшүп, элди алдап үгүт насаат иштерин башташат. Элге бир айдын ичинде эле айылдарга водопровод, чоң көпүрөлөр, жүздөгөн тракторлорду, өтө байларыбыз болсо Айга чейин жол сала баштайт, элибиз мына ошондо 4-октябрга чейин даана “май көл, сүт көл” болуп супер коммунизмде жашап, ар бирине ошол жемкорлор, миң сомдон таратып эле жатып калышат. 6-октябрда эртең менен ойгоно келсе эле кайра Пушкиндин жомогундай болуп, кыргыз эли кайра эле сынык тепшиси менен жашап жатып калат, ал жашообуз кайрадан беш жылга узарат. Азыркы жашоодо ошол аферист алдамчы “жеп жутаттыкка” кандидаттардын элге берген убадалары миң сом, бир индук 3 миң сом, бир кой 7 миң сом, бир жылкы 70 миң сом. Ошол добуш үчүн сатылган кыргыздар миң сомду 5 жылга бөлсө, 1 сом 83 тыйындан тиет, ошол миң сомго кыргыздар кабак-кашым дебестен эң жакшы жашай беришет, нечелеген тойлорду өткөрүшөт, ал тойлорго акчасы жетпесе кыйналбастан туруп, банктан кредит ала коюшат, кыскасы кыйын кыргыз, өтө оор заман болсо да эч ойлонбостон кабак, кашым дебестен жашай берген кыйын кыргыз.

Алгачкы тунгуч президентибиз “Мен 2 жылда Кыргызстанды Швейцария кылам” деген, көрсө ал сөзүнө кыргыздар маани деле бербептирбиз, эки жылга чейин ойлонуп көрөйүн, андан кийин мен силерди талап, тоной баштайм, ага да алымсынбай Кытай менен чектеш жериңерди да сата баштайм” деп көмүскөдө сүйлөгөн экен, анын ал какшыгын биз түшүнбөптүрбүз. Эми ошол Акаев курган саясат башкаруу структурасы менен Швейцария, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө негизги көрсөткүчтөрдү өзүңүздөр байкап салыштырып көргүлө.

Швейцария аймагы боюнча Кыргызстан 4,8 эсеге чоң, элинин саны тескерисинче 1,23 эсеге аздык кылат. Алардын жылдык бюджети 221,9 млрд АКШ доллар, Кыргызстандыкы 1,9 млрд АКШ доллары же болбоо 116,8 эсеге аздык кылат, Швейцарияда депутаттардын саны 46, Кыргызстанда 120 депутат, аларда болгону 6 министерство бизде болсо 44 министерство жана ведомство анан ушундай тескери пропорциядагы көрүнүш менен кыргыздар кантип социалдык жактан баштап бардык тармактарда кантип өнүкмөк элек. Эй, кыргызым мээ барбы! Деген сөздү айтууга туура келет.

Демек, депутаттардын санын да кыскартып, ошол аймактарга бирден депутат жана чоң шаарларга бир депутаттык статус берсек, жалпы депутаттардын саны 50дөн ашпашы керек. Ошондо башкаруу системаларын  кыскартуу жана алардын кызматтык минген техникаларын саттыруу жолу менен бюджет орчундуу көбөйөөрүндө шек жок.

Эми көчмөн элдер болгон Монгол Эл Республикасынын аймагы Кыргызстандын аймагынан 7,8 эсеге көп, бирок аларда бир да область жок, болгону 21 башкаруу аймагы гана бар, алар акыркы жылдары биз менен салыштырмалуу экономикалык жактан орчундуу өсүштө келе жатат, дагы бир жолу ойлон кыргыз!

Асыкбек Оморов,

“Санжыра” борборунун жетекчиси,

тарых жазуучу, профессор

“Жаңы Ордо” гезити, №14 (666),  4-сентябрь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *