shadow

Кыргыз адабиятында эки Омор бар, Султанов жана Сооронов. Экөө тең кыйын, экөө тең залкар. Бирок, экөөбү эки башка мүнөздөгү адам. Экөөнө тең быйыл — мааракелик жыл. Омор Султанов күздө 85 жашка чыкса, «Манас» орденинин ээси Омор Сооронов бүгүн 80 жашка толуп, болуп турган убагы.

Ушунча жыл жашап, ушунча албан иштерди жасап, ушунча өзгөрбөгөн адам болсо, мына ушул Омор ава Сооронов дээр элек. Атаңдынгөрү дүнүйө, кандай жерде, кандай кырдаалда жолуксаң да боюнан адамдыгы анча бийик авабыз убайымдуу, мээримдүү, бирбоор көз карашы менен бардыгын өз ордуна келтирет: жандүйнөң якору тереңге ташталган кемедей тынчып, намаздан кийинки теспе тарткан такыба мусулмандай сабырга жана шүгүрчүлүккө уюйсуң…

Мен билгенден соңку кыргыз жазма өнөрүндө береги эки калемгер кыйкырып-этпей, жайма-жай жайдары жүрүп эле өздөрүнүн өзгөчө бай өнөрканасын түздү, өлбөс-өчпөс классикалык деңгээлдеги чыгармаларды жаратышты. Анын бири — Чоюн байке Өмүралиев “бир институт аткараар ишти аткарып кетти…” деп, таамай аныктаган этнограф жазуучу Амантур Акматалиев. Экинчиси — дал ушул биздин бүгүнкү юбиляр Омор Сооронов. А акыйкатта Омор аванын али күүлүү бу жүрүшүндө институт гана эмес бүтүндөй Академияң артта кала берээр шекилди…

“…Жок алар мейкин талашкан,

Үйрөнсөк болот дарактан,

Короодон түптүз ааламга,

Кыйкырбай өсүп бараткан” деген Карбалас акындын классикалык саптары да дал ушул Омор авадай адабиятчы-илимпозго куп жарашат, ов!

Оо, Омор ава кандай гана темеларды жазбады, аа… Жазса чырайына чыгара, ийине келтире, кульминациясына жеткире, окумалдын эсинде эч кетпестей жазды:

  1. Китептери

А) Монографиялар, илимий эмгектер жана макалалар; Маселен, “Манас”, “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы”, Молдо Кылыч, Калыгул, Арстанбек, Касым Тыныстанов, Мукай Элебаев, Казыбек казалчы, Токтогул, “Мажму атут-таварих”, “Мундуздар”, “Насаб-наама”, “Кол жазмалар – тарых таржымалы” ж. б. у. с.

Б) Которгон китептери

В) Араб арибинен азыркы тамгага көчүрүп, баш сөзүн жана түшүндүрмөлөрүн жазып, китеп абалына келтирип жасаган китептери

  1. Түзгөн китептери;
  2. Поэтикалык жыйнактары;
  3. Китептерге жарыяланган илимий эмгектери, макалалары;
  4. Газета, журнал беттериндеги макалалары, рецензиялары;

Узун сөздүн кыскасы, китептеринин саны — 21, которгон китептери — 3, китеп абалына келтирип жасаган китептери — 19, түзгөн китептери — 9, поэтикалык китептери — 9, жалпы — 61 китеп!

Ал эми китептерге жарыяланган илимий эмгектери, макалалары — 133, басма сөздөгү макалалары, рецензиялары — 246, жалпы — 379!

Академия дегенибиз ошол жана да кыргыздын дагы бир кайталангыс тил аалымы Кусейин Карасаев аксакал 90 жашында айткандай “Кудаа кааласа, сонундун баары алдыда…” Ооба, Омор авабыздын атасы Соорон карыя 100гө таяп жашаган экен. “Соорон сопу” атыккан белгилүү дин аалымы болгон экен. А бүгүнкү маареке ээси адабият аалымы болду. Болгондо да такыба, калемине ак кызмат эткен, ак калпак элине аскар тоодой, баба дыйкандай талбай эмгек арнаган аалым болду жана болушу да, берээри да али мол экендиги талашсыз.

Дүйшөн КЕРИМОВ

“Жаңы Ордо” гезити, №4 (656), 28-февраль, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *