shadow

Белгилүү чекист, элчи Эрик Асаналиев көпкө созулган оорудан кийин ичер суусу түгөнүп, акка моюн сунду…

Ал көрүнбөгөн фронттун (КГБнын) мыкты кызматкери, белгилүү элчи катары элибиздин эсинде калды. Мен билгенден, Эрик Асаналиев өз эмгеги, баскан жолу менен легендага айланган, эки ирет улуттук КГБны башкарган генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун мектебинен, анын сыноосунан өткөн мыкты шакирттеринин бири эле. Көпчүлүк окурмандар, Эрик Асаналиевдин Тажик республикасында толук ыйгарымдуу элчиси болуп турганда Жума Намангани башында турган эл аралык террористтер Баткен жергесине кирип келген учурдагы анын жасаган иштери, барымтага түшкөн генерал Шамкеев менен жапон жарандарын, милиция кызматкерлерин бошотуудагы жасаган эмгегин көп биле беришпейт. Баткен окуясы туурасында суроо салганда эле, “Ал менин профессионалдык ишим, атуулдук милдетим!” деп жылмайып гана койчу. Башкалардай болуп, тааныш журналисттерге, өзүн пиар кылып маек бере салчу эмес. Экөөбүз акыркы ирет жолукканда да генерал Асанкуловдун айланасында сүйлөшкөн болчубуз. Аны да алууда араң көндүргөн болчумун. Ошол жолугушууда, мен андан Жумабек Асанкулов туурасында, башка нерселер боюнча кенен маек алган жагым бар. Ошол маекти окурман журтунун сынына берүүнүтуура көрдүм. Кыргыз элинин мыкты уулу Эрик Асаналиевдин үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына терең кайгыруу менен аза кайгысын бөлүшүп, көңүл айтам, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун…

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *