shadow

Кыргызстандын энергетикасын дымагы бийик, бирок жашы кыйлага келип калса деле атасынын жонунан түшпөгөн, өз алдынча куурай башын сындырбаган кемчонтойго салыштырса жарашмак.

Өлкөнүн эң карама-каршылыктуу сектору десе болот. Кыргыз экономикасынын флагманы аталганы менен, жарак-жабдыктары эскирип, ураганы турат; экологиялык жактан таза гидроэнергетикасы менен мактанат да, ошол эле мезгилде кара түтүнү башкалааны каптаган көмүр менен иштеген Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөп, дагы жарым кылым ыштаганы отурат; энергокомпаниялардын баары жеке колдо, бирок аларды көзөмөлдөө мамлекеттин ээлигинде; инвестор тартыш үчүн бир топ амал-арга издейт, бирок өзүн-өзү актай албаган араңжан абалда; электр энергиясын алыскы Ооганстан менен Пакистанга сата турганын жар салат, бирок жетишпеген энергияны коңшулардан кымбатка сатып алат…

Азыноолак сандар

Жыл сайын Кыргызстанда дээрлик 15 млрд кВт/ч электр энергиясы өндүрүлөт.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциялары иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалдысай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбарата‑2 анан Ат-Башы. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жетип калган.

Дагы эки жылуулук электр борбору бар — Бишкек менен Ошто. Алардын эскилиги 60%.

Электр линияларынын өлкөдөгү жалпы узундугу- 64 700 км.

2020-жылдын башына карата энергокомпаниялардын карызы — 106 млрд сом.

Кыргызстандын энергетика тармагында 16 миңден ашуун киши иштейт.

***

Энергияны өндүрүү, аймактарга жеткирүү, кардарларга бөлүштүрүүнү 9 компания жүзөгө ашырат.

  1. Өндүрүү

Кыргызстандагы электр энергиясынын 98% “Электр станциялары” ачык акционердик коому иштеп чыгарат. Компанияга жети ГЭС менен эки ЖЭБ тиешелүү. “Электр станцияларынын” кожоюну — мамлекет, анын үлүшү 94% түзөт.

***

Компаниянын эң ири ишканасы — Токтогул ГЭСи, ал өлкөдөгү электр энергиясынын 30% өндүрөт. Суу сактагычына 19 млрд кубометр суу батат, бул Нарын дарыясынын агымын теске салууга, ошондой эле Сырдарыя алабындагы суунун таралышына таасир көрсөтөт. ГЭСтин кубаттуулугу — 1200 МВт. Токтогул суу сактагычынын тосмосунун бийиктиги — 215 метр, эни — 292 метр.

***

Кыргызстандын түндүгүндөгү эң ири электр энергиясын иштеп чыккан ишкана — Бишкек ЖЭБ, өлкөнүн энергия керектөөсүнүн 15% камсыз кылат. Анын кубаттуулугу — 812 МВт. Бишкек ЖЭБи көмүр жагат, башкалааны басып турган кара түтүндүн көбү ушул жерден чыгат.

Эң кызыктуусу: бул жерде иштелип чыккан 1 кВт/с электр энергиясынын өздүк наркы Токтогул ГЭСинен иштелип чыккан энергиядан 20 эсе кымбат — 3 сом 9 тыйын, ал эми ГЭСтики — 16 тыйын.

***

Мындан тышкары «Чакан ГЭС» ААК компаниясы бар, анын Чүй облусунда жайгашкан эскилиги жетип калган чакан 8 ГЭСи иштейт. Компанияга жалпы республика боюнча өндүрүлгөн электр энергиясынын 2% гана туура келет.

 

  1. Аймактарга жеткирүү

Иштелип чыккан электр энергиясын жер-жерлерге жеткирүү “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК компаниясына жүктөлгөн. Анын электр энергиясын ташып жеткирүү линияларынын узундугу 7548 чакырымды түзөт.

Ташып жеткирүү маалында электр энергиясынын 5–6% жолдо жоголот. Бирок ташылып жеткен энергияны колдончу кардарга жеткиргенге чейинки техникалык жоготуулар андан да жогору.

 

  1. Кардарларга бөлүштүрүү

Бул иштер ири төрт компаниянын мойнуна жүктөлгөн:

1) «Түндүк электр» ААК: Талас, Чүй облустары менен Бишкек шаарын тейлейт. Жалпы өлкөнүн 40% электрин мына ушул компания бөлүштүрөт;

2) «Чыгыш электр» ААК: Ысык-Көл менен Нарын облустарын жарык менен камсыз кылат;

3) «Ош электр» ААК: Баткен, Ош облустары менен Ош шаарын камсыз кылат;

4) «Жалалабат электр» ААК: Жалал-Абад облусун камсыздайт.

***

Эл аралык тажрыйбада негизги жабдыктардын эскиргени 30% деңгээлге жетсе коркунучтуу деп эсептелет. Азыр Кыргызстандын энергетика тармагынын негизги фондусунун эскириши 60% ашып кетти, бул өтө эле коркунучтуу.

***

Ошол эле мезгилде энергетика — кредитти эң көп алган тармактардын бири. Болгон акчанын баары тармакты жаңылоого жумшалат. Акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстан энерго долбоорлорго баш-аягы 2 миллиард доллар насыя алды.

Кыргыз энергетикасына тартылган 2 миллиард доллардын баары мамлекеттин кепилдиги менен келген каражаттар, алар үстөгү менен бюджет эсебинен төлөнөт. Эгемендик жылдарында өлкөдө бир да ири инвестициялык энергетикалык долбоор жүзөгө ашырылган жок.

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

 

 

 

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *