shadow

Кыргызстан — карама-каршылыктуу өлкө экенин илгери Салижан аба Жигитов куп гана айткан экен. Чукугандай сөз тапкан тамашакөй, аскияны да келиштире айткан окумал, коомдук иштерге да активдүү катышкан адам эмес беле!?. Кыргыздын “өксүк комплексин” өмүр бою айтып өттү. Башкасы айтып көрсүнчү, баса калышат. Салижан абага анте алышчу эмес…

Көп жылдар Илимдер академиясында чогуу иштешип калган досу, экономика илимдеринин доктору Турар Койчуевдин 60 жылдыгына байланыштуу өтүп жаткан жыйында (1998-жылы) бир чети досун тамашалап, бир чети зал толо отурган кыргыз интеллигенциясын чымчылап:

— “Азыр калем кармагандын баары арбактар менен сүйлөшүп калды.

Алардын арасында мен да бармын. Анан мен деле майда-чүйдөлөрдөн эмесмин. Азыр эле тойго келатып Карл Маркстын арбагы менен кобураштым. Юбилейге баратам десем: «Кыргыздын экономисттери көп экен го, бирок экономикасы жок экен деп айта бар, Турарга» — деди деп, трибунадан түшүп кеткен экен.

Айтса-айтпаса калппы!? Экономисттерибиз көп, экономикабыз жарды! Генералдарыбыз көп, армиябыз өлөсө! Суу-мөңгүсү, ГЭСтери мол, электр энергиясын чет мамлекеттерге сатабыз деп дардактайбыз да, кайра өзүбүз жетишпеген энергияны коңшулардан кымбатка сатып алабыз…

Эгер Кыргызстан боюнча жалпы генерал чинин алгандардын санын эгемендиктин артта калган 28 жылына бөлүп көрсөк, бир жылда төрттөн генералга туура келет экен!.. Бирок, биз бүгүн алардын арасынан милиция тармагынан (ИИМдин) генерал наамына арзыгандардын гана аты-жөнүн атайбыз.

Өзүңүз тизмеге үңүлүп кимдер, качан жана кайсы жетишкендиктери үчүн генерал наамына татыгандыгын бир элестетип көрүңүзчү!? Генералдар кимге керек? Өлкөдө тартип орноп, элдин байманасы артканынан генералдар көбөйүүдөбү же генералдардын көптүгүнөн жашообуз оңолуп, экономикабыз артып атабы?..

Анан дагы кайсы аймактан генералдар көп чыгат жана анын себеби эмнеде деген суроого өзүңүз жооп издеп көрүңүз.

А.Ботояров

Чүй облусу:

  1. Абдылдаев Мыктыбек Юсупович
  2. Асаналиев Тилек Асаналиевич
  3. Балыкин Валерий Васильевич
  4. Душебаев Кенешбек Асанбекович
  5. Бакаев Ашырбек Бешкемпир ууулу
  6. Джунушалиев Кашкар Астаканович
  7. Исаев Талантбек Кедейканович
  8. Киязов Кемелбек Абдыкадырович
  9. Курманалиев Сабырбек Ушпаевич
  10. Кутуев Омурбек Алымбекович
  11. Суталинов Абдыбек Асанкулович
  12. Суталинов Мурат Абдыбекович
  13. Субанбеков Бакирдин Жамалович
  14. Кубатбеков Курманбек Кубатбекович
  15. Суранчиев Абдылда Шергазиевич
  16. Акматов Жусупбек Акматович
  17. Скаргин Анатолий Александрович
  18. Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич

Ош облусу:

  1. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич
  2. Абдыкаров Данияр Сатарович
  3. Асанов Курсан Сатарович
  4. Гуронов Осмоналы Ниязович
  5. Мирзакаримов Шеркозиджан
  6. Раимбердиев Расулберди
  7. Сабиров Алишер Ахмедович

Талас облусу:

  1. Ишимов Бексултан Бекмолдоевич
  2. Рысалиев Зарылбек Кылычбекович
  3. Суваналиев Омурбек Исакович
  4. Султанов Алымбай Алымбекович
  5. Шамшиев Уран Абдразакович
  6. Субанов Темиркан Усурканович
  7. Табалдиев Бусурманкул Беркутович
  8. Шер Болот

Нарын облусу:

  1. Турганбаев Мелис Токтомамбетович
  2. Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич
  3. Кайыпов Аалыбай Кайыпович
  4. Жееналиев Токтожума Жееналиевич
  5. Жусубалиев Бактыбек Бейшеналиевич

Жалал-Абад облусу:

  1. Тагаев Рашид Бакирович
  2. Конгантиев Молдомуса Ташболотович
  3. Мавлянов Абдыкапар Субанкулович
  4. Алымбеков Бактыбек Мадаминович

Ысык-Көл облусу:

  1. Алиев Чыныбек
  2. Исраилов Улан Джумабекович
  3. Токочбаев Касейн Тологонович
  4. Жакыпов Женишбек Илебаевич“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *