shadow

 

Азыр партиялардын шайлоого карата үгүт иштери жүрүп жаткан чак. Мындай карасаң партиялардын бардыгы эле: “Бизге добуш берсеңер, Кыргызстанды өнүктүрүп жиберебиз!” — ​дегендей калп убадаларын байма-бай беришүүдө. Албетте, өнүгүү дегенде: мамлекеттин экономикасынын өсүүсүн, жарандарыбыздын кирешесинин жогорулашын, элдин турмушунун жакшырышын, коррупционерлердин жок болушун, кедей-кембагалдардын, жетим-жесирлердин, кары-картаңдардын социалдык абалдарынын оңолушун жана башка ушул сыяктуу конкреттүү фактылар менен бекемделе турган иш-аракеттерди түшүнөбүз.

Менин таң калганым — ​Кыргызстан 30 жылда жасай албаган нерсени “партия байкуш” 5 жылда жасап салам дегени болуп жатпайбы. Ошол отуз жылдан бери эл силердин берген убадаңардын аткарылбашына тоюп деле бүтпөдүбү. Тойгон үчүн “беш миң сом болсо да, нак акча алып калалы” деп жатышат. Эй, депутаттыкка талапкерлер, силер ар түрдүү кооз сөздөрдү айткандан көрө “бизге депутаттык мандат керек” деп эле түз айтсаңар болмок!

Быйылкы жыл коронавирус менен эсте кала турган болду. Эл көптөгөн инсандарынан ажырады… Кыргыз эли аябай кыйналды, онтобой ооруга чалдыкты… Партиялар, ошондо абалы өтө аянычтуу болуп, көмүрканаларда жашап жаткан бей-бечераларга бербеген жардамыңарды азыр үгүт иштерине миллиондоп-миллиарддап чачып жатасыңар. Ушул адилетүүлүкпү?! Негизи го, кыргыз партиясы партия деле болбой калды (болгону, депутаттык “хартия”…). Болбосо, ар бир шайлоодо ар башка партияларга секирген кишилерди не деп айтсак жарашат. Партия дегендин идеологиясы, программасы болот, ага бүткүл өмүрдү арнаш керек. Силерде болсо алар деле бар дечи, бирок, шайлоодон кийин аныңарды уруп ойногон жериңер жок. Шайлоодон кийин эле эл силерди көчөдөн сыйпалап таппай калат, Ак-Үйгө кире качасыңар. Ушундай көрүнүштөрдөн кийин Кыргызстан качан, кантип өнүгөт!?

Албетте, партиялардын баары эле жаман дегенден алысмын, араңарда бирин-серин эл үчүн күйгөн партиялар бар. Атын атасам пиар, сындап атын атасам “чёрный пиар” болуп калат. Анткен менен окурман мени түшүндү го деп ойлойм. Айтмакчы, бир партия “төрт миң сүйүнчү пулду, элүү миңге чыгарабыз” деп эски ырын кайрадан ырдап чыгышты… Айткылачы, Кыргызстан ушинтип өнүгөбү? Буга чейинки парламент “чимкириктер”, “120 кой” деп аталды эле, кезектегиси эмне деп аталарын мезгил өзү көрсөтөт. Демекчи, жакында эле азыркы парламенттин бир топ депутаттары көрүнүктүү партиядан талапкер болушуп, үгүт иштери менен элге барат. Жолугушуудан кийин аларга аксакалдар бирден жүзаарчы беришип, “айланайын, жакшылап бышкырып алгылачы” дешиптир…

Эми түз темама өтөйүн. Чынында эле Кыргызстан качан жана кантип өнүгөт? Ток этээр жерин айтканда: тээ, токсонунчу жылдардан бүгүнкү күнгө чейинки мамлекеттен уурдалып, желип, тонолуп кеткен байлыктарды тез ордуна коюш керек! Ал үчүн Кыргызстан 1993-жылкы Конституцияга кайрылуусу абзел. Муну бир да партия айтпай жатат. Кыргызстанда кимдер кантип байыгандарын эл беш манжасын санагандай эле айтып берет. Анан албетте, качып кеткен уурулардын байлыгын да кайтарышыбыз абзел. Мына ушул адилеттүүлүк аткарылбаптыр, анда партиялардын айткан убадалары, Кыргызстанды өнүктүрөбүз дегендери — ​жөн гана аферизм болуп калат. Биринчи ишти дал ушундан башташ керек. Анан калганы — ​президенттик бийлик менен өкмөттүк бийликти бир тутумга келтирүү (сөзсүз бирин жоюп), “Кумтөр”, “Жерүй”, ж. б. алтын кендериндеги уурулуктарды жок кылуу, “көмүскө экономиканы жоюу”, салыктан, бажыдан уурдап байыгандарды атуу, коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылуу деп кете берет… Бул иштер колуңардан келбей калды го, “хартиялар”. Туура, буларды Садыр Жапаров да айтып жатат, бирок аны түрмөдөн чыгарганга элдин алы жетпей койду. “Ошол эл” азыр “кайсыл партия, канчадан акча берет экен” деп шымалана жүгүрүп жүрүшөт… Ушинтип олтурсаңар, Кыргызстан өнүкмөк беле?!

Кыскасы, элге керектүү суроону элге бердик. Азыр добушуңду беш миң сомго сатасың (раматылык Чубак ажы айткандай, сойкудан да арзан), анан 5 жыл ыйлап жата бер! Ушул жолку шайлоонун аркасы менен бир балээ болуп эле, же Жараткан өзү керемет иш жасап гана Кыргызстан өнүгүп кетпесе, өнүгүүнүн учу-кыйыры көрүнбөй турат, азырынча…

Азизбек ЧАМАШЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №16 (668),  11-сентябрь, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *