shadow

Парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанды чачыратып жок кылуунун эң ылайыктуу формасы болгон үчүн кыргыз эли “Таркасын!” “Кетсин!” деген талаптарын коюп келишкен. Бирок президент болуп калганына сүйүнгөн президенттер коррупциялык парламент менен табакташ болуп алышып Кыргызстанды талап- тоноп, ичип- жеп, байып, 30 жылдан бери аябай тайраңдашты. Жыйынтыгында мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук жоголуп коррупциялык өлкөгө айландык.

Коррупционерлердин баары парламентке жутунуп, Кыргызстанды башкарууга мүмкүн болбой калды. 300 партияга бөлүнүп чачырап кеткен кыргыз эли, коалиция — фракцияларга бөлүнгөн коррупционерлер президентти тоготпой калышкан. Президенттин мамлекет үчүн, эл үчүн кылган аракеттерин текке кетирип байкот, саботаж уюштурганга өтүп алышкан. Анткени, партия, коалиция, фракция, кландарга бөлүнгөн коррупциялык топтор өздөрү бийликке келүүнү көздөшөт. Кыргыз президенттери “у нас парламентаризм” деп АКШга жагалданып турушса, парламенттик башкаруу Кыргызстандын ашмалтайын чыгараарын алдын- ала билишкен капиталисттер жасалма күлүп, ичтеринен кымылдап турушат. Анткени АКШ баш болгон капиталисттер мындай коррупциялык башкаруу системасынАфрика континентинде далай жолу эксперимент кылып көрүшкөн. Ал тургай өздөрү да байкап көрүшүп, чачыратып жок кылуунун эң эффективдүү жолу экенин түшүнүшкөн. 30 жылдан бери Кыргызстанды көзөмөлгө алып, өзүнүн Борбор Азиядагы колониясына айландырып алууну көздөгөн АКШ, 30 жылдан бери идеологиялык согушун жүргүзүп, кыргыз элинин башын айландырып бүтүштү. Бүгүн АКШ дегенде акылынан айныгандар толтура.

Ошолорду оптом чогултуп доллардын күчү менен коррупциялык парламентке өткөзүп алышса каалаган саясатын жүргүзө беришет. Күндө беш маал окуган намазынан жазбаган президент С. Жээнбековдун ордуна жылаңач аялдарды жана шайтан- шабырларды колдогон Р. Отунбаева, Э. Байсалов сыяктуу проамерикалыктарды отургузуп коюшса 100% АКШнын колониясына айланабыз. Ошондуктан кеч болуп кала электе Референдум өткөзүп, парламенттик башкаруу системасын жоюп, депутаттардын санын эки эсе кыскартыш керек. Бирок, дайыма тескери жагына кулап турган кыргыз бийлиги түрмөнүн төрүндө отурчу коррупция менен мафияны парламентке алып келип, андан ары Кыргызстанды талкалоо иштерин уланта беришет. Референдум аркылуу президенттик башкарууну парламенттик башкарууга ооштуруп ийишсе Кыргызстанды пулдап ийгенге баардык шарттар түзүлөт. Өз адамдардан түзүлгөн кыргыз өкмөтү тышкы башкарууга бериле турган стратегиялык объекттердин тизмесин түзүп турса, өз адамдардан куралган парламент аны токтоосуз карап берип турса, Кыргыз мамлекети, кыргыз жери, жаратылыш байлыктары триллиондогон жашылбайларга жарап берет. Кыргызстанды 49 жылга арендага берип коюшса, андан да триллиондор түшүп берет.

Бирок президент С. Жээнбеков башында турган коррупциялык жана мафиялык бийликтин Кыргызстанды пулдап ийүү аракетин ишке ашыруу мүмкүн эмес. Биринчиден, коронавирус жолтоо болсо, экинчиден нааразы болгон кыргыз эли медиа- эксперттерине чейин “Бул бийлик түп- тамыры менен жоголуп, жаңы жүздөр келбесе, абалыбыз ушул боюнча кала берет” дешип ачык эле айта башташты. Үчүнчүдөн, парламенттик башкаруу системасын орнотуп, “Кыргызстанды тышкы башкарууга берүү чечимин” чыгартып алгысы келген АКШнын өзүн Кудай уруп, бир чети коронавирус каптаса, экинчиден баардык шаарларында башаламандык башталды. АШКнын жазасын Кудай берип жатат,-деп жооругандар да көп. Кыргызстандын күч структуралары, сот системасы, куралдуу күчтөрү, калган-каткан бандиттерине чейин белгилүү бир адамдарга гана баш ийгендиктен “Таркасын!”, “Кетсин!”, “Түп- тамыры менен жоголсун!” дегендер катуу жазага тартылат.

Мурдагы президенттер убагында Үзөңгү- Кууш менен Каркырадан айрылган кыргыз эли бул жолкусунда баарынан айрылышы мүмкүн. Жыйынтыгында, дүйнөлүк улуу үч держава башчыларынын өзүм билемдиги Россия, Кытай, АКШнын тирешүүсүнө алып баратат. АКШнын миллиарддарын алгысы келген коррупция менен мафия “тышкы башкаруу” деп баарын сата баштаганда, кыргыз элин айтпай эли коелу, Россия менен Кытай карап турушпайт. “Если драка неизбежна, то надо ударить первым” деген Россия президенти В. В. Путин алдамчы агрессордун акесин тааныта алат. Ал эми Кытай болсо, АКШнын госсекретары М. Помпеонун Кытайга каршы түзүп жүргөн бузуку пландарын эске алып, эсинен кеткис кылып эсине келтире алат. Ошондо, эки ортодо эмес үч ортодо калган кыргыз элине кыйын болуп, үч тараптын азабын тартканы калды.

Ошондуктан, алдамчылык менен ишке ашкан АКШнын баскынчылык саясатын, ошондой эле кыргыз бийлигине чогулган коррупция менен мафиянын ач көздүгүн бүгүн токтотпосо эртең кеч болуп калат. Тазалануу процессин башташ үчүн 300 партияга чачырап кеткен кыргыз элин бир гана Коммунисттик партияга бириктирип, СССР менен Кытайдын саясий системасына кайтып келиш керек.

АКШ таңуулаган парламенттик башкаруу системасы коррупция менен мафияны гүлдөтүп Кыргызстанды жок болууга алып келсе, Коммунисттик партияга бириккен кыргыз эли Россия менен Кытай сыяктуу өнүгүү жолуна түшө алат. Өз көмөчүнө күл тарткан кыргыз бийлиги коррупция менен мафияны парламентке отургузуп, чогуу- чаран жашылбайларды баскысы келсе, өз арбайын өзү соккон кыргыз эли Коммунисттик партияга биригүү жолу менен чоң күчкө айланып, мамлекеттин жана карапайым кыргыз элинин кызыкчылыгын коргой алат. Коммунисттик партия- өткөн тарыхыбыз айтып тургандай, элдин бийлиги. Коммунисттик система кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүн, кыргыз элинин жашоосун, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын толугу менен камтыйт. Орустар, кытайлар Коммунисттик система менен өнүгүп жатышса, кыргыздар да алардан кем калбашы керек. 30 жылдан бери АКШнын саясатын жүргүзүп келатышкан кыргыз президенттери пайдасынан зыяны көп экенин көрсөтүштү. Ал эми кошуна жайгашкан Россия менен Кытай үчүн көптөгөн баш ооруларды жараткан зыянкеч мамлекетке айландык. Ички жана тышкы карама- каршылыктарды токтотуш үчүн Кыргызстандын географиялык ордуна жана кыргыз элинин улуттук менталитетине карама- каршы келген АКШнын алдамчы саясатын токтотуш керек. Кыргызстан СССР менен Кытай сыяктуу Коммунисттик система менен өнүгө алат. 30 жылдан берки коррупция менен мафияны үч айдын ичинде тазалап, андан ары өнүгүү процессин баштаса болот. Бирок айта кетчү нерсе, Коммунисттик системага каршы түзүлгөн НАТОнун куйругун басып, алар менен кырылышып жүрбөш үчүн алардын куйругун аттап өтүүгө туура келет. Партиялардын биригүү процессин а дегенде “Чоң Казат” кыймылы белгилеген “Элдик партиянын” айланасында жүргүзүп, кийин экономика көтөрүлүп, бутка тургандан кийин Россия, Кытай менен союз түзүп, ачыкка чыкса болот. Утулуп калганын кеч түшүнгөн АКШ Кыргызстанга даай албай калат. “Мен элди тандадым” деген президент С. Жээнбеков эл тарапка өтүп, өзүнүн айланасындагы коррупция менен мафияны бир тууган экенине карабай түрмөнүн төрүнө отургузушу керек. Мамлекет башчыбыз пенденин көзү триллиондогон долларга эмес, болгону бир ууч топуракка тойоорун караламан калкына түшүндүрүүсү зарыл!

Зарлык

Дыйканбаев

“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *