shadow

Кыргыз эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, кыргыз совет адабиятын негиздөөчүлөрдүн башында турган Аалы Токомбаев “Кандуу жылдар” деп жаны кашая жазган 1916-жылдагы Улуу Үркүндөн элибизди падышалык Россиянын эзүүсүнөн алып чыккан Октябрь революциясынын жеңишин немецтик фашизмден коргоп калган Советтик Армиянын каарман тарыхында 1941-жылдагы согуш окуялары өзгөчө орунда.

Москва алдындагы салгылаштардын саясий жана тактикалык жагынан маанилүү саналган согуштук аракеттерде генерал И. Панфиловдун 316-аткычтар дивизиясынын көргөзгөн эрдик барактарында 28 баатыр-панфиловчулар жамааттык баатырдыктын зор үлгүсүн көргөзүшсө, ошол теңдешсиз таймашты А. Токомбаев “28 баатыр” поэмасында элибиздин эпикалык мүнөздөгү чыгармаларында сүрөттөгөнү күнү бүгүнкүдөй таамай жана таасирдүү экени баамдалат. Согуш темасындагы “Ант” пьесасын эске алсак, А. Токомбаев адабият менен маданияттын майдандагы изине “Кандуу жылдары” сыяктуу эле чыйыр салганына басым жасоо зарылдай.

Аркада Москва турганда,

Айланып кайда качабыз.

Алышпай кийин аттасак,

Ар-намысты сатабыз.

Душманга бүгүн жол берсек,

Түзөлбөйт биздин катабыз.

Кара түндү канкорго,

Салсын деди, —

Сталин маршал атабыз-деген маанай-мазмундагы “28 баатыр” мурда башталгыч класста кыскартылып окутулаар эле.

28 баатырдын даңазасы менен совет, анын ичинде айрыкча кыргыз адабияты менен искусствосунда Панфилов дивизиясына жана жалпы эле Кыргызстандык жоокерлерге арналган тематика темпи күч алат. Алардын башында М. Светловун “28 баатыр”, ошол чыгарманы А. Осмонов которгон кыргыз тилиндегиси негиз болгон. “Сегизинчи гвардиялык дивизия” жыйнак (түзгөн А. Осмонов, 1942-жыл), кыргыз кыз-келиндерден чыккан туңгуч акын Нуркамал Жетикашкаеванын баатыр-панфиловчу Д. Шопоковго арналган “Өлбөс баатырдык” поэмасы, скульптор О. Мануйлованын генерал И. Панфиловго 1942-жылы тургузулган эстелиги, акын К. Акаев менен режиссер жана диктор А. Айдаркулов экөөнүн даярдоосунда экранга чыгарылып турган. “Советтик Кыргызстан” киножурналы, республикалык басма сөздүн баштоочулары болгон. “Кызыл Кыргызстан”, “Советская Киргизия” гезиттери менен “Советтик Кыргызстан” журналынын согуш мезгилинин сандары адабият менен маданияттын майданга зор руханий көмөк көргөзүүчү моралдык да өбөк-жөлөк экенин айгинелейт. Бул иште райоблустук гезиттерге жана китеп басма иштерине да орчундуу милдеттер жүктөлгөндүгүн ошол кездин библиомаалыматтарынан баамдаса болот.

Мисалы, республикалык орус тилиндеги гезитин ар бир номеринен жүз, кыргыз тилиндегисинен элүү нуска дайыма фронтко жөнөтүлүп турган. “Башканы коюп Манасты айт” демекчи, аскердик-патриоттук тематикадагы китептерди чыгарууга, спектаклдерди койгонго айрыкча көңүл бөлүнгөнү, ал турмак жаңы опера коюлганы жана атайын концерттик бригадалар түзүлүп, майдандагы жоокерлерди маданий программа менен тейлөө уюштурулганы азыркы күндүн мамлекет жана маданий жетекчилеринин түшүнө да кирбесе керек.

Болбосо, “Жеңиш‑75” майрамына карата “Эстутум кербени” жүрүшүн “Каарман аталарды даңктайлы” урааны менен ушул жылдын 9-майында эле 22-июнда, же Панфилов дивизиясы уюштурула баштаган 20-июлда, болбосо Ч. Түлөбердиевдин эрдик күнүн 6-августтан баштап өткөрүүгө ким каршы чыкмак эле…

Биздин балдар сонун өмүр улашсын,

Жеңиш күндүн шекер даамын

татышсын.

Баатырлыкты бизден көрсүн,

үйрөнсүн-

Алдырбоого, элин, жерин, намысын! — деп М. Светловдун “28” чыгармасында айтылгандай, ошол баатырдык күнү болгон 16-ноябрдан деле иш-чараларды демдүү баштасак кеч эместир.

Биринчи бөлүгүн 23-февралга чейин божомолдоп, андан кийинкиси 9-майда жыйынтыкталса деле Ата-Мекендик согуштун курмандыктарынын арбактары, саналуу калган согуш ардагерлери өздөрү ыраазы болмогун бийлик бутактары жана жалпы эл-журт эске алышы зарыл.

Бул үчүн жогоруда айтылган согуш маалындагы атайын концерттик бригадалардын фронттук сапарларын кайталоо менен алардын репертуарына жана кийинки чыгармалардан түзүлгөн адабий-маданий концерттик “Эстутум кербени” — “Караван памяти” жүрүшүн Белорусь, Украина, Россия жергесинде уюштуруу Совет элдеринин тарыхы, жеңиши бир экендигин эске салуудан тышкары, азыркы улуттар аралык достукка данакер болуу менен экономикалык байланыштын башкы булагы, зор кыймылдаткыч күчү болуп жаткан эмгек миграция мамилесин жөндөөгө да зор салым кошмок.

Майданга согуш убагында концерттик жети бригада барып, 2700дөй концерт койгондон тышкары, айрым ырчылар Панфилов дивизиясынын бөлүктөрүнө аскердик кызмат өтөөгө да калышып, Канипа Алиева согуш талааларынан беш жүздөй жарадар жоокерлерди алып чыгуу менен алардын өмүрүн сактап калууда өзүнүн жаштыгын ажалга каршы койгондугун азыркы муундар эсине салуу, үлгү тутуу таалим-тарбиянын, талант менен адамгерчиликтин накта туу чокусу эмей эмне?

Ошол талант ээлеринин согуш тарыхынын барактарындагы ысымдары: Канипа Алиева — опера жана балет театрынын артисти; Кынар Эралиева- Москва консерваториясынын студенти; Ася Исаилова — филармония солисти жана С. Айманбетов, А. Огонбаев, М. Баевтов, С. Кийизбаева, А. Үсөнбаев, К. Күмүшалиев, А. Жумакматов, Ш. Усубалиев, Т. Мусаева жана башка ондогон маданият, адабият өкүлдөрү.

Ал эми согуштун медицина кызматынын офицери, капитан наамындагы чини жана аскердик, кийин жаштык кезин ого бетер сулуу да, сүрдүү да көргөзүп турган Рафа Айдарбекова кийин кыргыз медицина илимине да кыйла салым кошкон эмеспи.

Азыркы Г. Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинин этнографиялык экспонаттарын топтоо, боз үйлөрдү жасалгалоо өңдөнгөн негизги иштерин түптөгөн Тамара Мусаева эжекенин согуш маалында зениттик артиллерияда кызмат өтөгөнүнө азыр эч ким деле ишенбес. А бирок согуш жана эмгек ардагеринин жаркыраган орден, медалдары ал күндөрдүн оор да, сыймыктуу да убагына күбө.

Согуш убагында республиканын дээрлик бардык басма сөз каражаттарында, анын ичинде азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинде эмгектенген, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курман Кыдырбаеванын кол жазмалар сакталган сандыгы маданият менен майдандын байланышын чагылдырган үч бурчтуу, фронттон жазылган каттарга да бай болгон. Дээрлик жарым кылым сары майдай сакталган каттар 1995-жылы жазуучу эжекебиз Токтош Абдиеванын арыбас аракети менен өзүнчө жыйнак катары чыгарылышы адабият, маданияттаануу тармагына табылгыс булак экендиги улам убакыт өткөн сайын далилденүүдө.

Ал жыйнакка фронтто жүргөн 21 акын, жазуучунун, журналист жана башка маданият өкүлдөрүнүн майдандагы жеке тагдырын, кыргыз адабияты менен маданиятына көз караштарын чагылдырган кыска-нуска ойлору камтылганы ошол доордун көлөмү кенедей, ал эми мааниси кемедей сүртүмдөрү экенинде талаш жок. Айрым кат ээлерин атай кетсек: А. Алдашев, А. Куттубаева, Ж. Жамгырчиев, К. Дыйканов, Ш. Кулов, И. Байымбеков ж. б..

Согушка акын жазуучулардан 44, журналист жана искусство өкүлдөрүнөн 17, сүрөтчүлөрдөн 16 адам катышса, концерттик программа менен баргандардын саны кырктын ары, бери жагында. Бул кан майданга Сагынбай манасчынын уулу Аманкул да катышып, 20 жашында курман болгону кыргыз маданиятынын туу чокусу манасчылык өнөрдүн чоң жоготуусу болгону өкүнүчтүү. Анткени, Аманкул 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен маданиятынын I декадасына 16 жашында катышып, ата талантын улантарын даана тастыктап койгон эле.

Соңку маалыматтарга таянсак, согуштан кайтпай калган кыргыз адабияты, маданияты жана басма сөз өкүлдөрү: М. Элебаев, Ж. Турусбеков, К. Эсенкожоев, Ж. Жамгырчиев, Ж. Ашубаев, Ө. Жетикашкаев, А. Хусаинов, А. Сагынбаев. Ал эми “Советская Киргизия” гезитинин курман болгон журналисттери: Федор Скорев, Борис Петров, Дмитрий Кононов, Владимир Григорьевдерге арналып 1950-жылы эле редакцияга эстелик такта орнотулган. Мындай эскерүү вазийпасын башка редакциялар, чыгармачыл саюздар да колго алышса жакшы болмок.

Ушул курмандыктардын жана кийинки тынчтык күндөрдө чыгармачыл эмгектин да каармандары болгон согуш ардагерлеринин, анын ичинде адабият менен маданияттын өкүлдөрүнүн өмүр-өрнөктөрүнө таазим этип, алардын руханий мурастарын азыркы муунга өткөрүүдө зор эмгек жасап жатышкан жалпы адабият, маданият жана басма сөз кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен куттуктап, чын ден-соолук, турмуштагы жакшылыктарды жана чыгармачыл узак-узак чыйырды каалайбыз.

Памирбек Казыбаев,

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Улуттук маданий борборунун Басма иштер башчысы.

“Жаңы Ордо” гезити, №32 (646),  8-ноябрь, 2019-жыл.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *