shadow

— Махамаджан Айтиевич, кайсыл жылдан бери Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводдо спецадминистратор болуп иштеп келатасыз?

— Майлуу-Суу лампа заводуна 2010-жылы май айында спецадминистратор кылып банкрот боюнча департамент дайындаган. Ал убакта бул департамент Мүлк фондунун алдында болчу, азыр Экономика министрлигине караштуу болуп калган. Эмне жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүктүү болуш үчүн заводдун тарыхына бир аз токтоло кетейин. 2001-жылы заводду Столповский деген Россия жараны 90 пайыздан жогору акциясын 3 млн 200 миң долларга сатып алып, 18 млн доллар инвестиция жумшайм деген келишим түзүптүр. Мен барып документтер менен таанышканымда, келишимде көрсөтүлгөн инвестиция келбептир. Лампа завод Майлуу-Суу Соцфондуна 50 млн сомдон ашык карыз болуп калып, Соцфонд Жалал-Абаддын райондор аралык сотуна заводду банкрот деп табыш үчүн арыз менен кайрылат. Сот 2009-жылы 16-февралда заводду банкрот деп чечим чыгарат. Мага чейин Бетешов деген спецадминистратор иштеп кеткен экен. Бул адам заводду ачык акционердик коом катары иштете бериптир.

— Завод ачык акционердик коом (ААК) болуп түзүлгөнбү?

— Ооба, 90 пайыз акциясына Столповский деген Россиянын жараны ээлик кылган. Калганы жеке жактарга тийиштүү, мамлекеттин бир да пайыз акциясы болгон эмес. Мен дагы бир жылдай ААК катары иштеттим. Иштөө аябай кыйын болду. Карызы бар компаниялар банктык эсепти, мүлктү камакка алдырып коюп атты. Керектүү сырьёлорду бажыдан өткөзбөй, “Биздин акчаны төлөсөңөр андан кийин товарыңарды өткөрөбүз” деген талаптарды коюшканга чейин барышкан учурлар болгон. Эсептеп чыкканымда заводдун 640 млн сомдон ашык карызы бар экен. Спецадминистраторлор карызды мойнубузга алабыз же албайбыз, туура эмес документтер болсо соттошуп, кайра артка кайтарабыз. Мен 230 млн сомду мойнума алган жокмун. Мунун ичине “Халык банк” кирет. Бул банк менен соттошуп, баардык инстанцияларда уттук. Столповский Майлуу-Суудагы заводдон сырткары Саранскийдеги лампа заводунун, Томскийдеги лампа заводунун, Калашников лампа заводунун ээси болгон. Так айтканда холдингдин кожоюну. Ал Сбербанкка холдингдин акцияларын күрөөгө коюп кредит алат да, ошого катар эле Майлуу-Суу лампа заводун Казакстанда “Халык банкка” 9 млн долларга күрөөгө коюп коёт. Ушул аракет мыйзам бузуу болгон. Акция мүлк менен байланган, аны мүлктөн бөлүп койгонго болбойт. Мындан башка завод Столповскийдин “аффилированный” компанияларына 15 млн сомдон 40 млн сомго чейин карыз болуптур. Аларды дагы мойнубузга алган жокмун. Спецадминистратор болуп барганымдан кийин кредиторлордун жыйынын өткөрүп, банкрот мыйзамына ылайык ишкананы кайрадан реструктуризациялоону тандаганбыз. Мында жаңы жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) түзүп, ага керектүү гана активди алып, калганы ААКда кала берет. Жаңы ачылган ЖЧК өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелип, карыздарга жооп бербейт. Реструктуризация жасоо абдан кыйынга турду. Мурун баардык нерсе акционердик коомго караган болсо, анын баарын жоопкерчилиги чектелген коомго өткөрдүк. 2011-жылы “Майлуу-Суу лампа заводу” жоопкерчилиги чектелген коому иштей баштады. ЖЧК 2012-жылдан 2015-жылга чейин жакшы иштеп, кирешеге чыкты. Карыздын 240 млн сомун төлөдүк. Заводго ички инвестиция катары 600 млн сомдон ашык каражат жумшадык. 10 жылдын ичинде Соцфонд, салыкка 1 млрд 300 млн сомдон ашык акча төктүк.

— Соцфонддун карыздарын толук жаптыңарбы?

— Жок, карызды бөлүп жаап жатабыз. Эски карыздан 20 млн сомдон ашык төлөп бердик. Бул жакшы иш деп айта алам.

— Жакшы иштер жүрүп жатса, артка кетүү кайсыл жылдан башталды?

— 2016-жылдан баштап артка кетүү башталды. Себеби, Россия 100 Ваттан, Өзбекстан 40 Ваттан жогоруга чектөө койсо, Украина 27,5, андан кийин Армения 15 пайыз “антидемпинговый” деген алымды киргизип койду, Тажикстан биздин лампаны алуудан толугу менен баш тартты. Армения ЕАЭБге мүчө болгондуктан биздин Экономика министрлигибиз кат жөнөтүп жатып, киргизилген алымды алдырып салды. Биздин рыногубуз кыскарып жатат. Мындан сырткары, коңшу Кытайдан сапаты начар, баасы арзан лампалар кире баштаган. 2015-жылга чейин жылына 200 млн лампа саткан болсок, азыр 100 млн гана сатып калдык. Эки эсеге рынок кыскарды. Ушундан улам жумушчулардын санын да эки эсе кыскартышыбыз керек эле. Башында 3 миңге жакын жумушчу менен иштеп жатсак, азыр 1700 эле жумушчу калды. Кирешеге чыгуу үчүн дагы 500–700дөй жумушчуну кыскартууга туура келет. Ансыз деле оптимизацияга барып, миңдей жумушчу орунун кыскарттык. Бул аябай оор иш экен. Жумуштан кеткен адам жакшы деп кетпейт экен да. Арызданышат, туура эмес кылып жатышат деп кайрылышты. Бизди органдар келип текшерип да кетишти. Адамдардын бул кылганын да түшүнсө болот. Себеби, Майлуу-Суу шаарында башка завод жок. Эгер лампа завод ишин бир эле жыл токтото турган болсо, Майлуу-Суу шаарынан элдин баары кетип калат. Өлкө үчүн эң чоң жоготуу адистер кетип калганы болот. Андай адистерди таба албайбыз, кетип калгандан кийин кайра алып келүү, жаңы адистерди кайра жаратуу абдан кыйын.

— Завод токтой турган болсо Майлуу-Суу шаарында социалдык жарылуу болот турбайбы?

— Ооба, ушул маселе абдан коркунучтуу. Биз ушул көйгөй тууралуу коңгуроо кагып жатабыз. Жаңы ЖЧКны түзгөндөн кийин аны тез аранын ичинде сатышыбыз керек болчу. Менин вазийпам дагы аны сатып кетүү эле. Завод стратегиялык объект болгондуктан, “Стратегиялык объектилер жөнүндөгү” мыйзам боюнча Өкмөткө стратегиялык объекттилерди сатып алууда артыкчылык укук берилген. Ошондуктан Өкмөткө мыйзамда көрсөтүлгөн актыкчылык укугуңарды колдонгула же болбосо заводду сатканга мага уруксат бергиле деп ондон ашык жолу кайрылдым. 2010-жылдан кийин өлкөдө саясий стабилдүүлүк кандай болгонун жакшы билесиңер да. Премьер-министр алмашкан сайын мени кабыл алышат, киргенимде кырдаалды толук түшүндүрүп бергенимде “Саясий кырдаалды көрүп турасың, азыр ишти жакшы алып баратасың, жумушчулардын айлыгын, Соцфондго, салыкка төлөп жатасың, иштей бер, биз сага жардам катары чоң кредиторлорду токтотуп турабыз” дешкен. Заводду сатуу боюнча жоопкерчиликти бир дагы премьер-министр мойнуна алган жок. Элдер банкрот болгондуктан завод сатылды дегенди түшүнбөйт да. Жакшы иштеп ижаткан заводду тигил же бул премьер-министр сатып жиберди деп айтышы мүмкүн эле. Премьер-министрлер ушундай саясий жагын ойлоп, сөзгө калгысы келишпеди. Ошондон улам бул маселе чечилбеди. “Газпромго” дагы өзүңөр газ бересиңер, силер эле заводду алып койбойсуңарбы деп кайрылып көрдүм.

— “Газпромдун” жообу кандай болду?

— “Биз газ, нефти менен алектенебиз, лампа чыгарбайбыз. Бул башка профиль” деп койду.

— Акыркы жылы заводдун экономикалык көрсөткүчү кандай болду?

— 2019-жылы 3 млн сом минус менен чыктык.

— Жеке компаниялар же ишкерлер заводду сатып алса анын тагдыры кандай болот?

— Аукционго койсок жеке компаниялар же ишкерлер сатып алышат. Бирок, алар заводдон пайда көрүү үчүн миңге жакын жумушчуну көчөгө чыгарып койбойт дегенге кепилдик жок. Эгер миңге жакын адам жумуштан четтетилген болсо, ошондо Майлуу-Суу шаарында социалдык жарылуу болот. Алган адам өзүнө керектүү эмес болгон заводдун башка жактарын сатып жибериши мүмкүн. Шамалды-Сай шаарчасында темир жол менен жүк жөнөтүүчү, ташуучу жакшы базабыз бар. Ал дагы өзүнчө сатылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, Майлуу-Суу шаарынын тургундарынын келечегине байланышкан заводдун тагдырын чече турган Өкмөт чечкиндүү кадамдарга барчу мезгил келди. Өкмөт ушул кезге чейин сатууну создуктуруп, улам узартып келбедиби. Азыр деле узартса ушул акыбалда кете беребиз, жылыш болбойт. Электр энергиясына болгон тарифти төмөндөтүү үчүн да абдан аракет кылдык. Бул дагы болбойт экен. Электр энергиясы НДС менен кошулуп 2 сом 50 тыйынга жетет. Жумушчулардын арасында “Завод стратегиялык объект, Кыргызстандагы лампа чыгарган жалгыз ишкана болсо, Өкмөт эмне үчүн электр энергиясын арзандатып берип койбойт? Бизди кыйнабай, токтом чыгарып, электр энергияны арзандатып берип койсо жакшы болмок да. Жеке электр энергиясын бөлүштүргөн компанияларга арзан баада берип жатпайбы…” деген сөздөр айтылат. Бир жагынан жумушчулардын күйүп айтканы дагы туура. Мындан сырткары, кыш мезгилинде “Кыргызнефтегаз” ААК өндүргөн баасы 7 сом болгон газ жетиштүү болбой калганда, “Газпром Кыргызстандан” 17 сомдон газ алууга туура келип жатат. Ушул маселе дагы заводдун ишмердүүлүгүнө таасир берүүдө.

— Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жакшы долбоорлорго насыя берет эмеспи. Ал фондго кайрылган жоксуңарбы?

— Өзүбүз жакшы долбоор иштеп чыктык. Биздин колба чыгарган мешибиз 6 айдын ичинде эле планды аткарып, 6 ай токтоп турат. Жаңы иштеп чыгарган долбоор боюнча 6 айды айнек идиштерин чыгарчу өндүрүш кылмакпыз. Долбоор менен Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна кайрылганыбызда, “Долбооруңар аябай жакшы экен, бизге жакты. Бирок, силердин статусуңар туура келбей жатат” деген жооп болду. Заводго керектүү болгон насыяны алуу үчүн статусубузду аныкташыбыз керек болуп жатат. Өкмөттүн токтому болсо жардам бере аласыңарбы?- десек, “Ал дагы биздин ички мыйзамдарга туура келбейт. Биз банкрот болгон ишканаларга насыя бере албайбыз” дешти. Ушундай көйгөйлөр болуп жатат. Заводдун келечегин бүгүн чечпесек, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

Маектешкен

Наралы Асанбаев

“Жаңы Ордо” гезити, №3, (655), 21-февраль, 2020-жыл

 

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *