shadow

— Жакындан бери биздин өлкөнүн маалымат каражаттары каргашалуу июнь окуясы тууралу ар кандай пикирлерди ачыкташты. Алардын катарында Убактылуу Өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева да өз пикирин билдирди. Он жыл мурун болгон июнь окуясын ал «атайын уюштурулган» деп жатат. Эгер анын уюштурулганын Роза айым билсе, анда эмне үчүн ал ким аны уюштурганын маалкатып айтпай жатат деп ойлойсуз?

— Р. Отунбаеванын маалкатып жатканы, чындыктын бетин ачкандан жалтанып же коркуп жатканы деп баалайм. Бирок аны уюштурган ким экенин билиш оңой. Себеби ал коогалаңдын чыгышына ошондо ким кызыктар болсо, себепкери да ошол болоору бышык.

— Ким кызыкдар болгон деп ойлойсуз?

— Кызыкдар ошондо Атамбаев болгон. Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси катары, кырдаал курчуганда тиешелүү чара көрбөй, Отунбаеванын өзү да Атамбаевге окшоп, анын себепкери болуп калган.

— Муну далилдеп бересизби?.

— Совет доорунан бери биздин өлкөнү бир жакшы салт коштоп келатат. Өлкө башчы бизде кезеги менен түштүктөн түндүккө, түндүктөн түштүккө өтүп турат. Бакиев тактан кулагандан кийин кезек түндүккө келген. Убактылуу Өкмөттүн курамында ошондо түндүктөн бул бийликке ылайыктуу Отунбаева менен эле Атамбаев экөө болгон. Ошол курамда саясый салмагы башкалардыкынан кыйла оор түштүктүк Бекназаров менен Текебаев экөө тең Отунбаевага ыкташкандыктан, Убактылуу Өкмөттүн башына Отунбаева отуруп, Президент болуп шайланууга анын шансы Атамбаевдикине караганда күчөп кеткен. Атамбаев үчүн Президент болуп шайлануу ошондо акыркы шанс болгондуктан, Отунбаеваны оюндан чыгарыш үчүн ал жашыруун жолугушууларга өткөн.

— Буга кандай далилдер бар?

— Биринчи далил. Кадыржан Батыров, И. Абдирасилов, Салахуддинов сыяктуу өзбектердин лидерлери менен Атамбаев жашыруун жолугуп турганын К. Батыров ачыка чыгарганын билесиз. Эмне үчүн Атамбаев буга барган? Себеби ал унуткан эмес, Масалиевге түштүктө элдин нааразычылыгын курчутуш үчүн жыйырма жыл мурун да саясатчылар өзбектерди колдонгон. Атамбаевдин ыктаганын сезип, К. Батыров ошондо түштүктө өзбектердин тил, автономия, кадр маселелерин эл алдында көтөрүп чыкканда, буга каршы Отунбаева чара көрбөй, түштүктүк кыргыздардын өзбектерге жана Отунбаеванын өзүнө нааразычылыгын курчутуп жиберген.

Экинчи далил.

Түштүктө улуттар аралык каршылык күчөгөндө, каяка кеткенин эч кимге айтпай, Атамбаев өлкөдөн бир жума жоголуп кеткен деп Отунбаеванын да, Текебаевдин да, Бекназаровдун да айткандарын биздин массалык маалымат каражаттар белгилеген. Туурабы? Атамбаев сырттан келип анан бир аз өткөндөн кийин, Атамбаевдин колдоосунан дем кирген өзбектердин лидерлери, түштүктө мыкаачылыкты баштап жиберип, кыргыздарды айла жок өзбектерге каршы көтөрүлүүгө мажбур кылышкан. Туурабы? Ошондуктан каргашалуу июнь окуясынын чыгышынын негизги себепкери Атамбаев деп айтса болот.

Ушул эки далилдин негизинде бир пикир туулат. Бир жума өлкөдөн жоголуп кеткенде, Атамбаев Россияга барып, ал жерде бийликтин бир таасирлүү өкүлү менен жашыруун жолуккан. Ага ал түштүктө курчуй баштаган кырдаалды, Отунбаева өлкөнү башкара албай калды деген таризде баяндап, анан өзү Россия менен кызматташууга кепилдик берүүгө даяр экенин билгизген. Атамбаевдин маалыматы, сунушу көңүл бураарлык болгондуктан, атайын кызматта турган өздөрүнүн кесипкөй адамдарын ал түштүккө жөнөткөн. Эгер андай болбосо, славян тектүү делген шектүү адамдар, тополоң башталган күнү тополоңдун ичинен байкалган деп биздин массалык маалымат каражаттар жазмак эмес. Алардын ошондо тополоңдун арасында жүргөнүн Р. Отунбаева бүгүн маалкатып, июнь окуясы атайын уюштурулган деп жатат. Отунбаева жаңылышат. Славян тектүү делген шектүү адамдар ошондо өзбектерди колдоо же аларды кыргыздар менен кагыштыруу үчүн келген эмес. Алар өзүн таңуулап Россияга жашыруун барган Атамбаевдин түштүктө колдоосу бар же жок экенин аныкташ үчүн келишкен. Ошондуктан Россия бийлигине шек келтирүү туура эмес. Себеби эл кимди колдосо, Россия бийлиги ошол инсан менен кызматташа берери бизге так белгилүү да.

— Далилдериңиз негиздүү экен. Россия боюнча жаңылыштык дегениңиз да түшүнүктүү. Анда эмне үчүн Атамбаевди күнөөкөр деп атагандан Р. Отунбаева жалтанып жатат деп ойлойсуз?

— Роза Отунбаева эч качан Атамбаевди айыптай албайт. Анткени бул каргашалуу окуя ал өзү Убактылуу Өкмөттү башкарып турган кезде болгон. Эгер ал Атамбаевди айыптаса, Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси катары анын өзүнө күнөө тагылат. Себеби түштүктө өзбектер менен кыргыздардын ортосунда улуттар аралык каршылык күч алганы тууралуу ага түштүктөн тынбай маалыматтар келип турган. Аны басаңдатуу же токтотуу боюнча Р. Отунбаева чара көргөн эмес. Буга атайын кызматтын өкүлдөрүнүн борбордук бийликке жөнөтүп турган маалыматтары далил боло алат.

Тыянак.

Өзбектердин лидерлери менен жашыруун жолугуп, аларга дем берип, июнь окуясынын чыгышына Атамбаев себепкер болсо, түштүктө курчуп жаткан кырдаалды жөнгө салуу боюнча Отунбаева тиешелүү чара көрбөй, ушул кандуу окуянын чыгышына ал да Атамбаевге окшоп себепкер болуп калган.

— Каргашалуу июнь окуясы боюнча буларга же саясый, же укуктук баа бериле элек. Жабылуу аяк, жабылуу боюнча калып калбайбы?

— Булар бийликте турганда чындыктын бетин эч кимге ачтырган эмес. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» деп бекер айткан эмес экен биздин ата-бабалар. Булардын былыгы эми чыга баштады. Ошондуктан эртели-кеч буларга баа берилет.

— «Жоо кеткенден кийин, кылычыңды ташка чап» деп да айтышкан эмеспи биздин ата-бабалар. Каргашалуу июнь окуясына Сиз себепкер жана күнөөлү деп жаткан Атамбаев менен Отунбаева дагы кырк жыл жашайбы-жокпу, бир Кудайдын өзү билет. Ошондуктан көзү барында аларга күнөө тагылса туура болмок да. Буга кандай дейсиз?

— Мен да ушундай пикирдемин. Бирок Сиз бир нерсени унутпаңыз. Каргашалуу июнь окуясын иликтеген Киммо Килльюнендин Эл аралык комиссиясы, ошол түштүктө болгон мыкаачылыкты «преступление против человечности» деп корутунду чыгарып, биздин Убактылуу Өкмөттүн чекесине өчпөс «эн» басып кеткен. Мындай күнөөнүн «срок давности» деген макамы жок. Ошондуктан Килльюненге булар «нон гранта» жарыялаган. Анан жазадан өздөрүн калкалаш үчүн, өздөрү башкарган Убактылуу Өкмөттүн мучөсү А. Эркебаевди баш кылып комиссия түзүп, июнь каргашасы боюнча өздөрүнө өздөрү жумшак баа берген. Эркебаевдин комиссиясы чыгарган корутундуга нааразычылык чыккандыктан, Т. Калматов жетектеген коомдук иликтөө кайра башталып, көп өтпөй Т. Калматов менен ошол иликтөөнү уюштурган Б. Талгарбеков камака алынышкан. Элден жашыргыс ушул үч факт, июнь окуясындагы чындыктын бетин ачканга ким кызыкдар эмес экенин так көрсөтүп турат. Бирок бейкүнөө пенденин Кудайга үнү жетет деген чын экен. Бүгүн жабылуу аяк, жабылуу бойдон турса да, июнь окуясында каза болгон 446 (айрым маалыматтар боюнча 474) адамдын, жана ошондо жоголуп, сөөктөрү табылбай калган дагы 57 адамдын каргышы, алардын жакындарынын кайгы-муңу, наалаты текке кеткен жок. Атамбаев бүгүн камакта. Отунбаева болсо жылаңачтанган чет элдик аялдардын, жумшак айтканда, уят жерлерин жактап оокат кылып калды.

— Бир кишинин ажалына себепкер болгон адам бизде жок дегенде он жылга кесилет. Жарым миңден ашык адамдын ажалына себепкер болгон Отунбаева кесилмек турсун, мамлекет каржылаган жан сакчылардын коштоосунда беймарал жүрөт. Буга кандай дейсиз?

— Мен деле муну көрүп турам. Бирок аны соттош үчүн, июнь окуясы боюнча биринчи ага саясый баа берилип, ошонун негизинде ал «экс» деген макамынан ажыратылса, сакчылар андан алынып, ага укуктук баа берүүгө жол ачылат. Бул тууралуу Сиздин жазгандарыңызды мен мурда окугам. Сиздин айткан пикирлериңизге мен толук кошулам. Отунбаевага саясый баа берүүнү эртеңге калтырбаш керек.

— Далилдериңз калетсиз экенин түшүнүп турам. Ошондой болсо да мен дагы бир суроо узатайын. Р. Отунбаева, мен билгенден, Сиздин коллегаңыз болгон. Ыраспы? Мындай оор сөз менен Сиз аны таарынтып албайспы?

— Мен кимдир бирөөнү же Отунбаеваны табалаш үчүн минтип айткан жерим жок да. Р. Отунбаева менин коллегам эле эмес, учурунда жакын адамым да болгону чын. Мисалы, ал менин үй-бүлөөмдүн жакшылыгында, мени коштоп тээ алыскы чет мамлекеттерге чейин барып жүргөн адам. Бирок биз жакынбыз деп эле чындыкты айткандан жалтана берсек, анда кантип биз акыйкатты өз өлкөбүзгө орнотобуз. «Платон мне друг, но истина дороже» деген пикирди мен да, Сиз да, башкалар да ыйык тутсак гана өлкөбүз, коомубуз, элибиз өнүгөт. Ошондуктан «өлсөң да чыныңды айтып өл» дешкен да биздин ата-бабалар.

— Рахмат, Сиздин бул кулак какты кылган далилдериңиз кыргыз элинин да, кыргыз бийлигинин да көз жаздымында калбастыр.

Маектешкен

Бекен Назаралиев

“Жаңы Ордо” гезити, №10 (662),  19-июнь, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *