shadow

Бекболот Талгарбеков. Башынан, өзгөчө саясаттагы жолунда ак менен караны, чындык менен жалганды, саткындык менен эки жүздүүлүктү көп өткөргөн бул адам жакында 3-мартта 65 жашты арытып отурат. Биз бул сапар кеп кезеги келгендиктен мындай инсан тууралуу катардагы карапайым жарандарыбыздан баштап, коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуу инсандарга дейре каарманыбыз жөнүндө болгону суроо салдык. “Бекболот Талгарбеков деген ким?” — деп. Кызыгы, сурамжылоого катышкан респонденттерибиздин баарысы биздин каарман жөнүндө адилеттүү пикирлерин “алтын шилекейлерин” чачыратуу менен ортого салышты. Биз алардын болгонун болгондой кылып алдыңарга тартуу эттик. Баса, Бекболот мырзанын өздүк майрамына биздин гезиттин атынан да куттук айтмакчыбыз! Жаштан-жашка толуп, бар болуңуз кыргыздын кырааны?!

Кайрат ЭРАЛИЕВ, классташы:

— Бекем экөөбүз тээ бала күнүбүздөн чогуу өстүк. Силер сөз кылып жаткан каарманыңар менин бир класста чогуу окуган классташым, жакын досум болот. Эми досум жөнүндө сөз кылсак кептин учугу түгөнбөйт. Андан көрө мен ток этер жерлерине гана токтолоюн. Бекболот өзү башкарманын баласы болот. Бирок, 7 жашына чейин тоодо өскөн. Ошондуктанбы, ал кийин да чыйрак болуп чоңойду. Мектептеги окуучулук кезинде абдан жакшы окуду. Мектепти бүткүчө староста, ошол мезгилдегилердин термини менен айтканда “класском” болчу. Биздин мектептин окуу, тарбия процесстеринде коомдук иштерге активдүү катышып, анын аркасында окуучулар арасында алгачкылардан болуп ошондо эле тээ “Артекке” барып келген. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, Беке досум СССР Жогорку Советинин Президиумунун секретары Михаил Георгадзенин колунан “Артыкчылык” медалын алган. Ал андай сыйлыкка Кыргыз ССРинин пионерлер арасынан биринчи жана жалгыз өзү татыктуу болгон. Турмуштун кызыгын карасаңар, ошол убакта мугалимдердин арасынан Социалисттик эмгектин баатыры наамын алгачкы болуп агайыбыз Көкөбай Мамбеталиев алса, анын окуучусу Бекболот Талгарбеков алгачкы болуп артыкчылык медаль алган. Көкөбай агайыбыз Бекболот менен Калгожо Аскаров экөөнү ар убак сыймыктуу шакирттери катары баса белгилеп алып жүрөр эле. Мектепте жүрүп сакманга барганда жетишкендиктерди багындырган. Бекем экөөбүздүн балалык кезибизде көп жакшы ирмемдер эсте калды. Дегинкиси ал ошондо эле тирикараак, тың, дилгир болчу. Ошондой сапаттары менен кийин ал бир катар бийиктиктерди багындырды. Биздин, элибиздин төбөсү көрүнгөн сыймыктуу инсанына айланды. Башынан турмуштун оош-кыйыштарын, жакшы-жаманды, ак менен караны көп өткөргөн теңтушум бүгүн ал баралына келген барчын сымал болуп-толуп турат. Мен мындай атактуу инсандын классташы, жакын досу болгонума сыймыктанам.

Адылбек КАЗИЕВ, курсташы:

— Бекболот Талгарбековду студент кезинен гана эмес, тээ мектептеги кезегинен бери жакшы билем. Бекем мектептеги окуучулук мезгилинде эле баардык жагынан үлгүлүү жүрүш-турушунун аркасында жогорку сыйлыктарды багындырып турду. Университеттин босогосун аттап, экономикалык факультетте окуп жүргөндөн тартып жакшы окуп, анын окууга болгон дилгирлиги баардык студенттерге үлгү эле. Өзгөчө математикага абдан кызыгуу менен аралашып, бул предметтен астына киши салган жок. Жогорку математиканы ошол кездеги матфакта окуган студенттерден да жакшы билээр эле. Таңгалычтуу жагдай, ал сабакка келбей калган күндөрү да кийинкиде ошол тапшырманы келгендерибизден жакшы айтып берип баарыбызды суктандырчу. Бекем табиятынан өз алдынча иштегенди абдан жакшы билет. Студенттер, алтургай бизди окуткан мугалимдер арасында кадыр-баркы бийик болду. Университеттин экономика бөлүмүн кызыл диплом менен бүтүрдү. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, союз учурунда “Кыргызстан Ленин комсомолунун лауреаты” — деген жаштар үчүн эң жогорку сыйлык бар болчу. Ага талапкерлер баардык тармактардан көрсөтүлчү. Өндүрүштө иштегендер, технарлар, филолог, тарыхчылар ж. б. алышчу. Бирок, Кыргызстандын тарыхында экономисттердин ичинен ошол сыйлыкты жалгыз ушул Бекболот Талгарбеков алган. Уюштургуч сапаттары менен баарыбыздан ошондо эле өзгөчөлөнүп турчу. Ошол сапаттары азыр деле калды. Кийин окууну аяктаган соң Илимдер академиясында иштеп калды. Группалашымда бир өзгөчө сапат бар. Ал аналитикалык ой жүгүртүүсү. Мында бир нерсени же айталы кайсы бир жагдайды талдоо абдан өнүккөн. Ошондой сапаттары менен Бекем кезегинде Кыргызстандын айыл чарбасына чоң реформа жасады. Андан кийин, азыр деле Талгарбековдой бирөө реформа жасай алдыбы? Айрым түшүнүгү тарлар атайылап, карасанатайлык менен “Талгарбеков айыл чарбасын талкалаган” — деген бир беткей пикирлерди айтышат. Аныгында андай эмес. Тескерисинче бул инсан талкаланып бараткан айыл чарбасын элдин пайдаланышына жол ачып берген. Бекболот түзүп берген жер реформасын аягына мына али күнчө чыга албай жүрүшөт.

Качкынбай КАДЫРКУЛОВ, айыл чарба адиси:

— Өткөн кылымдын 1990-жылдары Бекболот Талгарбеков айыл реформасын жүргүзүү ишин баштаганда аны он пайыздай прогрессивдүү адамдар гана колдогон. Айрымдарын атап өтөйүн: Алар — Сопубек Бегалиев, Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Госпландын төрагасы (1968–1991-жж.), Таштанбек Акматов жана Керимбүбү Шопокова, Социалисттик эмгектин эки жолкудан Баатырлары, Турдакун Усубалиев, Кыргыз ССР КП БК биринчи секретары (1961–1985-жж.), Бекмамат Осмонов, легендарлуу парламенттин депутаты, облаким ж. б. Компартиянын залкар инсандарынын эркиндикке жана менчикке багыт алган айыл реформасын дароо колдоого алышканы — бул феноменалдык көрүнүш.

Ал эми учурда элибиз Акаев-Талгарбековдун агрардык реформасы туура болгонуна толук ынанышты. Ушундай тарыхый өзгөрүүлөр үчүн опол тоодой эмгек жасаган Бекболот Талгарбеков кыргыз элибиздин улуу алкышына татыктуу!

Нурмамбет ТОКТОМАТОВ, коомдук ишмер:

— Бекболот Талгарбеков көп кырдуу, жогорку деңгээлдеги инсан. Мындай инсанга 5–10 мүнөттө же аз көлөмдө макала жазып, анын бейнесин ачып бериш мүмкүн эмес. Мен болгону Бекболот жөнүндөгү 3 аспектини гана айтып берейин. Биринчиси, Талгарбеков реформатор. Экинчиси, ал жетекчи. Үчүнчүсү, Талгарбеков абдан кыйын убакытта Жалал-Абад облусунун губернатору катары кандай иштерди аркалаганын азын-оолак болсо да айтпасам болбойт. 1990-жылдары мен Борбордук комитетте иштейт элем. Ошол мезгилде өлкөбүздөгү жоон топ жаштардын реформа кылуу боюнча демилгелүү тобу бар эле. Ошолордун алдыңкы сабында Бекболот жүрдү. Анын өзгөчө идея, реформаторлук көз караштарын Акаев байкап, өкмөт курамына иштөөгө чакырган. Аскар Акаев ошол кездеги системага көптөгөн жаңылыктарды киргизип, эл ичинде аты-жыты белгилүү адамдарды өкмөт курамына тарткан. Ошолордун катарында Талгарбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу катары гана иштеген. Ошол милдетин аткаруучу катары ал Кыргызстандын айыл чарба системасына чоң реформа жасап кетти. Анын ысымы өлкө тарыхында чыныгы реформатор катары кала берет. Кийин Бекемди президент Жалал-Абад облусунун губернатору кылып дайындаган. Ал жактан да облустун тарыхынан ар бир жетекчинин ийне-жибине чейин изилдеп, облустагы баардык региондорду кыдырып, чет мамлекеттен атайын адистерди чакыруу менен семинарларды өткөрүп, аймактагы дыйкан-фермерлерди чет мамлекеттерге байма-бай окууга жөнөтүп турду. Ошол мезгилде өлкө аймагы боюнча Жалал-Абад облусу реформага жол ачкан, жаңылануу реформасы жүрүп жаткан аймак катары аты чыгып турган. Ошондой изги иштер аткарылып турган учурда облустун Сузак районунда табият кырсыгы орун алып, түнү менен каптаган сел 35 миң калк жашаган аймактагы элдердин үйлөрүн бир түндө каптап, алып кетти. Элестеткилечи, 35 миң калк жашаган үйлөр бир түндө суунун астында калкып калганын? Сузакта табияттын ошондой кырсыгы орун алган убакта борбордук бийлик мени аталган аймактын акими кылып жөнөтүштү. Ага чейин мен облус губернатору Бекболот Талгарбеков менен сый мамиледе жүргөн адам болгонбуз. Мен Талгарбековдун иш билгилигине дал ошол Сузак районунун акими болуп турган учурумда дагы бир ирет ынандым. Элестеткилечи, 10 миңден ашуун адам үй-жайсыз калып калды. Ошондо президент Аскар Акаев Сузактагы элге барып алардын көзүнчө “жолдош Талгарбеков менен Токтоматов, экөөңөргө 6 айлык мөөнөт берем. 6 айдын ичинде жабыр тарткандардын баарысынын үйлөрүн тургузуп, жаңылашыңар керек” — деген тапшырмасын койгон. Ошондо Талгарбековдун уюштуруучулук жөндөмүнө таң бергем. Эл ошондо Сузактагы бир участокко күндүр-түндүр эмгек кылган Бекболот Талгарбековдун ысымын өздөрү эле ыйгарып алышкан. Мен көп эле губернаторлорду көрдүм, бирок, Талгарбековдой иш билги, уюштургуч жөндөмү күчтүү жетекчини көргөн жокмун.

Тойгонбек КАЛМАТОВ, коомдук ишмер:

— Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Бекболот Талгарбеков боюнча пикир айтуу бир эсе жеңил болсо, бир эсе татаал. Талгарбековдун басып өткөн жолу, иштеген иштери боюнча кайчы пикир көпчүлүктүн бир тобуна жагып, анын абдан жакшы иштегендигин баса белгилешсе, экинчи жагы “колхоз-совхоздордун жоюлушуна Талгарбеков себепкер болгон” — деген пикирлерди айтып жүрүшөт. Копол болсо дагы айтайын, элибиздин “бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт” — деген макалын билесиңер да. Дегеним, ошол сын-пикир айткандар аны жакындан билишпей, иштеген иштерине туура сын-пикир айтышпай, бир беткей пикир айтышса, анын эмгектерин жактыргандар Бекболоттун ишине эмоционалдуу баа беришкени абдан өкүнүчтүү. Мен Талгарбековду айыл чарба министрлигине орун басар болуп келгенден тарта билчүмүн. Кийинчерээк ал Жалал-Абад облусуна губернатор болуп баргандан тарта жакындан жакшы билип, бирге иштешип, үзөңгүлөш жүргөндүгүбүздөн улам аны башкаларга караганда жакшы билем. Ал мүнөзүндө токтоо, таза, так, өз ишинде аракетчил, өтө принциптүү, чыгармачыл инсандардын бири. Досторду, тилектештерди, устатын сатпаган өтө туруктуу сапаты бар. Кимдир бирөөгө баа берсе анын кызматына, ээлеген даражасына эмес, акыл-жөндөмдүүлүгүнө, тажрыйбасына, саясаттагы туруктуу мүнөзүнө карата баа берген инсан. Жазма иштеринде өзүнүн сабаттуулугун далилдей алгандыгы менен айырмаланат. Мындай мүнөздөмө азыркы учурда сейрек гана инсандарда кездешүүчү сапат. Кыргыздын байлыгын тоноп, бийликтин коррупциялык, мафиялык тобун түзгөн Атамбаевдин доорундагы кылынган кылмыштардын бетин ачууда Бекболот эбегейсиз эмгек кылганы талашсыз маселе. Алмаз Атамбаев президент учурунда ал башкаларга окшоп колтукка башын катпастан элдин камын, мекендин келечеги үчүн өзүнүн белсемдүү салымдарын жасады. Атамбаев президент кезинде Бекболот Талгарбеков маалымат каражаттарына абдан чоң далилдүү фактыларга бай макалаларды чыгарып турду. Атамбаевдин коррупциялык кланынын бетин ачып, 2016-жылы “Элдик парламент” — деген коомдук уюм түзүп, курамына мамлекетчил, коррупцияга, криминалга аралашпаган, таза инсандарды топтоого аракет жасаган. Алардын катарында мен дагы бар болчумун. Анын коррупцияга каршы элдин, мекендин кызыкчылыгын коргоп чыкканы көпчүлүктүн эсинде. Атамбаев башында турган бандиттик клан өздөрүнүн ыплас кылмыш иштеринен коркуп, “Элдик парламенттин” түзүлгөнүнө бир айга жетип-жетпеген аралыкта “булар бийликти күч менен басып алган жатышат” — деген сандырак жарлык тагышып, бешөөбүздү түрмөгө отургузушту. Мыйзамды тебелеп-тепсөө менен сот процесстерин өткөрүшүп, “Элдик парламенттин” мүчөлөрүн “кылмышсыз-кылмыштуу” — деп чыгарышкан. “Элдик парламент” өз учурунда Атамбаев жана анын кылмыштуу тобунун элге, мамлекетке жасаган кылмыштарын тизмектешип, жумурай-журтка чоң кайрылуу менен чыгышкан. Кезегиндеги эски бийлик Талгарбековго окшогон инсандардын айтып-жазгандарына кулак салып, жыйынтык чыгарышса мүмкүн Атамбаев режиминин түрмөдө отурган өкүлдөрү азыркыдай татаал тагдырга туш келишпейт беле деген ой келет. Соңку сөзүм: Бекболот Талгарбеков изденген, тынып-тынбаган элим-жерим деп күйүп-бышкан, чоң тамгадагы инсандардын бири. Ал үй-бүлөсүнө кожоюн, балдарына ата катары туура тарбия-таалим берген иш-аракеттери колдоого гана татыктуу. Бир жөнөкөй сөз, Талгарбековго окшогон чыгаан уулдарыбыз кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин келечегине изденүү менен аракет кылышкан инсандарыбыз көбүрөөк болсо элибиздин тагдыры ошончолук бийик болот. Бекболот саясатта, айыл чарбасында, өндүрүштө болсун кыргыз элине дагы да көбүрөөк кызмат кыла турган мамлекетчил кадрлардын бири экени талашсыз.

Дүйшөк Мамбетөмүров, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Жолдор ар кыл: түптүзү, бузулган бар,

Тагдыр ар кыл: майышкан учурлар бар.

Заман оомал — чындыгың чырт деп сынып,

Заң-законуң уруучу кусурлар бар…

Ак ийилип, солкулдап, бирок сынбай,

Адилдикти туу кылып тутунган бар!!!

Бар болуңуз Бекболот байке!

Наралы АСАНБАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №4 (656), 28-февраль, 2020-жыл

 

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *