shadow

Улуу жол башчы В. И. Ленин негиздеген Коммунисттик идеология Библия менен Курандын негизинде түзүлүп, Манас баатырдын осуяттарын толугу менен камтыган. Улуу Манастын осуяттары Коммунисттик партия аркылуу Кытай өлкөсүнө жеткен үчүн кытайлар бөлүнбөй-жарылбай, кыргыздардай болуп чачырабай, Коммунисттик партиянын жетегинде дүркүрөп өнүгүүдө. Ал эми бизде болсо, В. И. Ленин менен иши жок чала сабат кыргыз президенттери капиталисттердин жетегинде калышып, Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, А. Атамбаев, С. Жээнбековду НАТОнун мүчөсү болгон Германиянын канцлери А. Меркель чүлүктөп алган. Кыскасы, Манас баатырдын урпактарын А. Гитлердин неберелеринен болгон А. Меркель көзөмөлдөп турат. Эл аралык жолугушууларда В. В. Путин менен Си Цзиньпин Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей сыпайыланып турушса, А. Меркель баарын обработкадан өткөзүп, баштарын айландырып, «антташып-шерттешип» дегендей убадаларын алып койгон.

Убадага бек турган кыргыз президенттери аны көргөндө «у нас парламентаризм!» деп мылжыйып турушканын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Демек, Улуу Манастын осуяты «бөлүнбө кыргыз бөлүнбө» деп турса Германиялык куу катындын жетегинде жүрүшкөн кыргыз президенттери кыргыз элин 200–300 партияга чачыратып, «парламенттик башкаруу» деп жүздөгөн коррупционерлерге башкартып, кичинекей Кыргызстанды чачыратып жок кылууга алып баратышат. А. Гитлер жок кыла албаган мамлекетти анын небереси бир ок чыгарбай туруп куулук менен жок кылгысы келет. Социализмге каршы түзүлгөн НАТОнун мүчөсү катары Кыргызстандын бүгүнкү оор абалына аябай ыраазы болсо, анын түзүп берген коррупциялык системасын ишке ашырып келатышкан кыргыз президенттери андан бетер ыраазы. Анткени, жогоруда айтылган Социалисттик система, Коммунисттик идеология, Манастын осуяттары болгондо Кыргызстан Кытай сыяктуу өнүгүп, кыргыз президенттери Бийлик, Байлык, Акчадан куржалак калышмак.

Кыргыз президенттери Кыргызстанды жеке менчигиндей башкарып, жеке менчигиндей пайдаланган үчүн жеп-жуткан байлыктары астрономиялык миллиарддар менен саналып сан жетпей калган. Бүгүнкү коррупция менен «күрөшүп» жаткан президент С. Жээнбеков патриот кыргыздар өтө албаган 9%дык барьерди дагы 10%га көтөрүп, парламентке чогулуп келишкен коррупционерлерди чогуусу менен камаса болмок. Бирок парламентке чогулгандар коррупциялык бийликтин тизмесиндеги өз адамдар болгондуктан аларга тийүүгө болбойт. Ишеничтүү адамдардан түзүлгөн чөнтөк парламент президентти экинчи мөөнөткө калтыра алган.

Ошентип, бийлик, байлык, акча үчүн күрөш жүрүп, талаш-тартыш, тирешүүлөр болуп жаткан Кыргызстанда кайдагы өнүгүүнү айтабыз. Жыйынтыгында, өзүн-өзү актабаган мамлекеттик башкаруу системасы (президенттик-парламенттик) толугу менен жараксыз экени 30 жылдан бери далилденип бүттү. Жараксыз эле эмес, кыргыз мамлекетине жана кыргыз элине канча зыян алып келди? Миллиарддаган жоготуулар триллионго чаап кетти. Кыргыз элинин көргөн азап-тозоктору айтып бүткүс. Ал эми президенттер үчүн, парламент үчүн, бүгүнкү система миллиондоп-миллиарддап пайда берди. Коррупция менен мафияны Бейишке чыгарса, Кыргызстанды, кыргыз элин Тозокко алып келди. Ошондуктан коррупция менен мафияны гүлдөткөн парламенттик башкаруу системасы жеке менчик партиялары менен жоюлушу керек. Президент С. Жээнбеков Т. Усубалиев сыяктуу ЦК Компартиянын биринчи секретары болуп, илгерки системага кайтып келсек Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөт. Кыргыз эли бир гана Коммунисттик партияга бириккенде көмүскө экономика, коррупция, мафия, контрабанда, уурулук, кылмыштуулук, алдамчылык, саясий сойкулук, жана башкалары баары жок болуп тазалануу процесси башталат. «Социализм- прежде всего учет и контроль» дегендей кыргыз эли өздөрү көзөмөл жүргүзүшүп, баардык тармактарда мыйзамдуулукту орнотушат. Коммунисттик идеология, Манастын осуяттары, кыргыз элинин Улуттук баалуулуктары биригип Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айлантат. Президент С. Жээнбеков өтүп кеткен эки жыл эмес эки айдын ичинде саясий реформаларды жүргүзүп койгондо, бүгүнкүдөй 3,5,7,9,10% деген башаламандыктар болмок эмес. Кыргыз коомчулугун жийиркенткен үч-төрт адамдын кызыкчылыгы үчүн кыргыз эли үч-төрт партияга добуш берип, ошол үч-төрт шылуундун өз адамдарын шайлап бериши керек экен. Мурда 5–6 адамдын жеке менчик партиялары башкарса, бүгүн 3–4 шылуундун өз адамдары башкарып Кыргызстанды көк-бөрүнүн улагына айлантып алышты. Мындай макоолукту токтотуш үчүн бир гана Коммунисттик партияга биригип, коррупцияга аралашпаган таза адамдарды, жаштарды, эл ичинен суурулуп чыккан мекенчил-патриотторду шайлаш керек. Президенттин айланасындагы көмүскө кожоюндар баш болгон коррупция менен мафия майда бөрүлөр болушса, АКШ, Кытай сыяктуу чоң бөрүлөр кичинекей Кыргызстанды жутуп койгонго даяр. Ошондуктан, кыргыз эли чачырап, кыргыз мамлекети жок боло элегинде Коммунисттик партияга биригүү керек. Бирок «кландар жүргөн жерде чөп чыкпайт» дегендей бүгүнкү кландарга акча гана керек! Президенттин айланасындагы көмүскө кожоюндардын бирөөсү парламентти көзөмөлдөсө, экинчиси Бажы, Салык тармактарын мыкчып алган. Депутаттын орду миллион доллар болсо көмүскө кожоюн канча миллион доллар чогултат? Бажы, Салык боюнча «мамлекетке түшпөй калды» деген акчалар кимдин чөнтөгүнө түшөт?

Андан сырткары ар кандай проекттерге коротулган акчалар он эсе-жүз эсе көбүртүлүп-жабыртылганы кийин казылып чыгат эмеспи. Үй-бүлөлүк кландык башкаруу системасы орнотулган Кыргызстанда мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук жоголуп башаламандык өкүм сүрүүдө. Кооз сөздөр менен, алдамчылык менен, ошондой эле коркутуп-үркүтүү жолу менен кыргыз элин башкаруу мүмкүн эместигин көрүүдөбүз. Президенттин парламент менен өкмөттүн коррупциялык иштерин көрмөксөн-билмексен болуп жүрө бергени, ал тургай аларды колдоп койгула деп суранып турганы С. Жээнбековдун кечирилгис катачылыгы болду. Булардын бирин-бири колдоп турганы, жаап-жашырып турганы, анан барып элге жакпаган иштер менен шугулданганы кимге керек? Албетте, биринчиден кландарга пайдалуу болсо, экинчиден чет элдик капиталисттерге жана Кытай өлкөсүнө абдан керек. Башаламан саясат, өнүкпөгөн экономика, жакырчылыкка баткан кыргыз эли, айласыздан алыскы өлкөлөргө чачырап кетишкен кыргыздар жана башка көптөгөн көйгөйлөр Кыргызстанды аты бар, заты жок өлкөгө айлантты. Президенттин ордунда

В. В. Путин, Си-Цзиньпин, Ж. Токаев, Ш. Мирзиёев сыяктуу президент болгондо Кыргызстанды эки жыл эмес эки айда оңдоп чыгышмак. Бүгүнкү президенттик-парламенттик башкаруу системасы дегенибиз райондун деңгээлиндеги үч-төрт адамдын өзүм билемдиги болуп калды. Акаев менен Бакиевдин жолун улап, алардан он эсе ашып түшкөн парламенттин шылуундары, президенттин жакын адамдары Кыргызстанды пулдап ийгенден кайра тартпай калышты. Россия, Кытай, эл аралык коомчулук, инвесторлор Кыргызстанды мамлекет катары санабай калганы байкалууда. Президент С. Жээнбеков чачырап кеткен кыргыз элин бириктирип, Кыргызстанды 30 жыл мурдагы калыбына келтирбесе болбой калды.

Зарлык Дыйканбаев

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *