shadow

Биз жогоруда Медетхан Шеримкулов кайра куруунун башында эле борбордогу кыргыз тилдүү мектептерди көбөйтүү үчүн күрөшө баштаганын жазганбыз. Ошондой алгачкы мектептердин бири № 67 мектеп болуп калды. Абдан өжөрлөнгөн, көздөгөнүнөн кайтпаган аракеттердин натыйжасында гана, идеология маселелерин тейлеген секретардын түздөн-түз көзөмөлү астында, борбордун дал чок ортосунда — Токтогул көчөсүндө — жаңы заманбап мектептин имараты курулуп бүткөрүлдү.

Бул мектеп № 5 мектептен кийинки борбордогу экинчи кыргыз тилдүү мектеп болуп калды. Башкача айтканда, тээ 30-жылдарда ачылган мектептен бери — жарым кылымча убакыт өтсө да, бул иш колго алынбай келген. Борбордогу улуттук духта ой жүгүртө башташкан жаштардын бул окуяга чексиз кубанычка батышканын айтып олтуруунун кажети деле жок!

Анан кантишмек эле. Азыркы кезде демейки көрүнүштөргө айланган маселелер ал кезде эбегейсиз чоң энергияны талап кылган эмгектен кийин гана мүмкүнчүлүк ачылчу. Ал учурда бардык тармактарда жана бардык деңгээлде орусташтыруу саясаты жүргөн. Орус тилине байланыштуу бардык нерселерди көкөлөтүп, жогору баалоо өкүм сүрүп, ошонун айынан дээрлик бүт союздук республикаларда улуттук тилдер артка сүрүлүп калган.

Балким, Грузия менен Армения гана байыркы жазмаларына ээ болушкандыктан улам, жана да бул республикалардагы орус тилдүү калктын абдан аздыгынан улам (жалпы саны 3 пайыздын тегерегинде гана!), өз эне тилдеринин мамлекеттик статусун сактап кала алышкан.

А эң кайгылуусу — тилди начар билгенден улам, шаардык жаштар улуттук каада-салттардан, нарк-насилдерден алыстай башташкан. Бир улуттун өкүлдөрүнүн “кыргыз” жана “киргиз” болуп бөлүнүп калышканы да ушундан улам башталган. Кайра куруу доорунда гана бул жарааттын ички ириңи ачыкка чыгып, оорулуу маселеге айланган.

Медетхан Шеримкулов бул сыяктуу улуттук маселелердин учугун көзөмөлүнөн чыгарбай, өнүгүү тенденцияларына көз салып турган. Башка союздук республикаларда деле Кыргызстандагыдай окуялар орун алган. Айырмасы — биринде көбүрөөк, экинчисинде азыраак дегендей. Жазуучулар Союзунан кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусун ыйгаруу жөнүндө кат келип түшкөн соң, Медетхан Шеримкулов бул маселе боюнча кадырлуу адамдардан турган чоң комиссияны түздү.

Ал комиссия курамына республикадагы көп улуттуу илим өкүлдөрүнүн эң алдыңкылары кирген. Таанымал тарыхчы-профессор Виктор Шерстобитов, окумуштуу-юрист Леонид Левитин (ал кийин президент Аскар Акаевдин кеңешчиси болгон), окумуштуу-философ Айнура Элебаева, академик-тилчи Бүбүйна Орузбаева, таанымал жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Камбаралы Бобулов жана да республикага таанылган тилчи-окумуштуулар бар эле.

Тез эле коомдук угуулар башталып, тилди өнүктүрүү боюнча комиссия иштеп чыккан программа кеңири талкууга алынды. Тек гана, ал талкуулар абдан курч өттү деп айтуу — аздык кылат. Талкуулар коомчулуктагы абдан катуу талаштын чордонуна айланды. Ал талкууларда ошол мезгилдеги коомдогу карама-кашылыктуу кырдаалдын өзү таасын чагылышып, көрүнүп турган. Медетхан Шеримкулов алгач башталышында бул маселе ушунчалык оор чыңалууну жаратат деп ойлогон да эмес болчу. Буга борбордо жашаган, орус тилдүү калктын каршы чыгышы себеп болду.

Борбордогу ири заводдордо жана ишканаларда өткөн талкуулар Медетхан Шеримкуловдун эсинде өзгөчө сакталып калды. В. И. Ленин атындагы заводдо 20 миң жумушчу, М. В. Фрунзе атындагы заводдо он беш миң адам эмгектенчү. Ал эми сегиз миң адамдан турган Электрондук-эсептөөчү заводдун коллективиндеги талкуу ачык эле каршылыкка туш болду. Муну да түшүнсө болот. Анткени, шаардагы ири заводдордо жамааттын 99,9 пайызын орус тилдүү калктар түзчү, түпкү улуттан чыккан адистер абдан сейрек кездешчү. Дагы бир терс жагдай буга кошумча болду. Адегенде коомчулуктун катуу колдоосу менен башталган кайра куруу андан ары өнүкпөй, элдин арасында терс маанайлар жарала баштаган… Саясий системанын кыйрашынын эң алгачкы белгилери пайда болгон. Дароо эле кайра куруунун тарапкерлери жана каршылаштары ачыкка чыгышып, эки агымга бөлүнүштү. Алардын талашы ошол кездеги системаны сактап калуу, же талкалап жок кылуу тегерегинде болуп жаткандай таасир калтырчу болду. Такыр башка маселелерди деле ушул өңүттөн кароого өтүштү. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо ушул мезгилге туш келди!..

Медетхан Шеримкулов дайыма ошол коомдук кагылышуулардын чордонунда болуп, талаш-тартыштарды жөнгө салууга далалат жасады. Борбордук Комитеттин башка жетекчилери ар кандай шылтоолорду бетке кармашып, андай курч же жагымсыз жолугушуулардан жалтактап, качып турушчу болгон. Анын үстүнө, коомдогу мамилелер да таанылгыс болуп өзгөрдү. Эл мурдагыдай бийлик алдында үн катпай, жогортон түшкөн бардык чечимдерге урматтоо менен караганын токтотту. Тескерисинче, эл топтолгон жыйындарда азыркы саясатты, бийлик башындагыларды сындап, сөгүү адатка айланды. Ошондуктан, эл менен тил табышуу мурдагыдан да алда канча оор болуп калган мезгил орноду.

Аткарыла турган иш-чаралардын маңызын түшүндүрүш үчүн аябагандай зор сабырдуулук талап кылынды. Башынан эле чыдамкай, оор салмактуу Медетхан Шеримкулов андай тосмолордон өтүүнүн жолун таап жатты. Кээде бул абдан катуу кыйынчылыктар менен коштолуп, ал тургай, талкууга катышып жатышкандардын айрымдарынын тайкы, калыссыз чабуулдарына кабылса дагы, мамлекеттик тилдин маңызы улутчулдукка эч коошпой тургандыгын түшүндүрүүнү уланта берди. Бул ар бир элдин маңдайына жазган, табияттан берилген укук-шыбагасы экенин туюндурду!

Арийне, баары эле аны туура түшүнө алышкан жок. “Сага Сталин жок болуп турат!” — деп, заводдо бир согуш жана эмгек ветераны, орус элинин өкүлү ачык эле опузалады. Дагы бир өзгөчөлүгү — мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамды киргизүүгө дал ушул улуу муундагы жана орто муундагы адамдар көбүрөөк каршы чыгышты. Жашыраактары четте пассивдүү байкоо салып турушкандай болушту.

Медетхан Шеримкулов ал абышкалардын жана ветерандардын мындай катуу каршы чыгышканын да түшүнө турган. Алар үчүн коомдо болуп жаткан жаңы өзгөрүүлөрдүн баары тең саясий түзүлүшкө, өз эмгеги менен курган коомго — Советтик системага каршы чыккандай туюлганы анык!

Бирок, баарынан да эсте калганы жана чектен чыкканы — ЭВМ заводунун директору Валерий Глушичтин сөзү болду. Анын сөзүнүн кыскача мааниси бул: кыргыздарды орустар эл катары сактап калды. Кыргыздар революцияга чейин туберкулез, сифилис сыяктуу ар түркүн жугуштуу оорулар менен оорушуп, биротоло жок болуп бара жатышкан. Мына, эми аларды эл катары сактап калышкан орустарга жана Cовет өкмөтүнө кыргыздар ушинтип “ыраазычылык” айтып жатышат!

Глушич айткан сөздөр уу-дуу болгон элдин жапырт колдоосу менен коштолду. Ал Кыргызстан Борбордук Комитетинин секретарын алдын ала эскертип, бул айтканы өзүнүн сөзү эместигин белгиледи: “Бул цифралар менен фактыларды мен Кыргызстан Борбордук Комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиевдин китептеринен жазып алдым!”

Ошентип, мурунку биринчи секретардын Москванын көзүн карап жүргүзгөн саясаты ал өзү кызматтан кеткенден кийин, беш жылдан соң жагымсыз жаңырык болуп, кайра келгендей болду…

Бул сөз эми эле жүйөөлүү аргументтерге ынанып, мамлекеттик тилди киргизүүнүн зарылдыгына макул боло баштаган орус тилдүү чоң коллективди кайра эле тигил жээкке сүрүп чыгарып таштагансыды. Валерий Глушич өзүнүн абдан эмоционалдуу, тенденциялуу сөзү менен каршылыкты ого бетер күчөтүп жиберди. Медетхан Шеримкулов кайра сөз алып, баарын кайра баштан сабырдуулук менен түшүндүрө баштады. Глушич келтирген цифралар менен фактылар талкууланып жаткан мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбооруна эч тиешеси жок экенин далилдеди!

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫН КАБЫЛ АЛУУ

Ошентсе да, талкуулар канчалык курч мүнөздө, катуу каршылыктар менен өткөнүнө карабастан, Медетхан Шеримкулов тарабынан түзүлгөн комиссия узакка созулган жана да эбегейсиз, түйшүктүү эмгекти талап кылган аракеттердин аркасында максатка жетишти. Ал талкуулардын жыйынтыгы боюнча Компартиянын идеология боюнча секретары Медетхан Шеримкулов бул мыйзам долбоорун Кыргыз ССР Жогорку Советинин кароосуна алып чыкты.

Республикалык парламенттин кезексиз сессиясы бар болгону эки күнгө созулду. 22–23-сентябрда кыргыз улутунун тарыхындагы тагдыр чечүүчү — “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Медетхан Шеримкулов сессияда бул маселе боюнча доклад жасады.

Андан соң кызуу талкуулар башталды. Сессиядагы талкууда республика прокурору Геннадий Иванцовдун сөзү терс маанайда болду. Мурда эле ал өзүнүн шовинисттиги менен таанылгандыктан, мамлекеттик тилди кабыл алуунун зарылдыгы жок дегенин эч ким уккан жок.

Талкууну жыйынтыктап жатып, Медетхан Шеримкулов байыркы кыргыз элин өлбөс куш — жомоктогу өрттөлгөн күлдөн кайра жарала берчү Феникс менен — салыштырды: “Бүгүн биз өтө маанилүү ишти жыйынтыктап жатабыз. Узак убакыт бою уланган бул иш ушул жерде катышып олтургандардын көбүнөн албан эмгекти, мээнеткечтикти талап кылды. “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча добуш берүү алдында депутаттарга бир өтүнүч менен кайрылгым келет. Бул Мыйзамды иштеп чыгууга абдан көп сандагы адамдар катышышты. Алардын мээнеткеч эмгегин, жана да мыйзам долбоору боюнча жалпы элдик талкуунун жыйынтыгын эске алып, добуш берүүдө акыл-эсиңиздер менен кеңешип туруп, калыс, адилет баа берүүңүздөрдү суранамын.

Биз кабыл алып жаткан Мыйзам — кыргыз элинин тагдыры, анын келечеги. Кыргыз элинин миңдеген жылдардагы тарыхында көккө сабалап учкан да, тээ түпкүргө карай сокку алган учурлар да болду. Бирок, ал дайыма күлдөн жаралган Феникс куштай болуп, кайра жаңырып чыгып келген. Улуу Октябрь жаркын өзгөрүүлөрдү баштаган бурулуш болуп калды. Бүгүнкү кайра куруу учурунда биздин элдин тагдыры дагы бир жолу улуу бурулуш алдында турат. Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгаруу жөнүндө мыйзам кыргыз элинин тарыхындагы кайра жаралуу болуп калат.

Жолдош депутаттар, ак дилдүү бололук, табиятында терең интернационалдуулук жана патриоттулукту камтыган, достукту барктаган, эмгекчил элдин маданиятынын, тарыхынын, салттарынын кайра жаралышына жардам берүү үчүн колдон келгендин баарын жасайлык”.

1989-жылдын 23-сентярбында, кечке жуук кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору депутаттар тарабынан бир ооздон кабыл алынды!

Мамасалы

АПЫШЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *